Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү

Баш барак | Адабият | Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү

Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү — тең байланыштагы сөздөр сүйлөмдө бирдей милдет аткарышса, бир өңчөй мүчө деп аталат.

Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү

Маанисине жана сүйлөмдө аткарган кызматына карай сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн төмөндөгүдөй бөлүштүрүүгө болот:

Бир өңчөй ээлер

Сүйлөм тизмегинде атооч жөндөмөдө туруп, бирдей милдет аткаруучу жана бирдей суроого жооп берүүчү мүчөлөр сүйлөмдүн бир өңчөй ээси деп аталат. Азыркы кыргыз тилиндеги бир өңчөй ээ кадимки эле сүйлөмдүн ээси сыяктуу, негизинен, зат атооч, ат атооч, заттык мааниде колдонулган сын атоочтор, сан атоочтор менен атоочтуктар, кыймыл атоочтор жана сырдык сөздөр аркылуу берилет.

1.Зат атоочтор: Батыш, Зарыл, тилмеч Бурмалар кирип келишти. (Т.С.) Кийин Урум менен Турум чоңойгондо, түндүк көтөрүп той жасайт. (К.Ж.)

2.Ат атоочтор: Силер менен биз эмгектүү элдерденбиз. (Т.С.)

3.Заттык маанидеги сын атоочтор: Найза сайчу мыкты да, айла таап, журт багуучу ыктуу да келишкен экен. (К. С.)

4.Сан атоочтор: Он беш жана отуз үчкө калдыксыз бөлүнөт.

5.Атоочтуктар менен кыймыл атоочтор: Коркуу, алдастоо болбой койгон жок. Анын басканы, дем алганы Ажардын кулагына угулду.(К.Б.) Жөнөөчүлөр да, жөнөтүүчүлөр да орундарынан турушту.

6.Заттык маанидеги сырдык сөздөр: Анын бай-байлары да, ой-бойлору да эп экен. Суйломдун бир ончой мучолору

Бир өңчөй баяндоочтор

Сүйлөм тизмегинде бир, же бир нече ээлер менен байланышып, бирдей милдет аткарып, бирдей суроого жооп берип турган бир нече баяндоочтун тобу бир өңчөй баяндоочтор деп аталат. Бир өңчөй баяндоочтор төмөнкү сөз түркүмдөрү аркылуу берилет.

1.Этиш сөздөр аркылуу: Бир кезде Кузъмич айткан айыл өзгөрдү, өстү, жаңырды. (Т.К.) Асмандагы көп жылдыздар Ажарды аяшты, кызганышты. (К.Б.)

[ushka=seredina]

2.Зат атоочтор: Азыркы келишкендер - Өмүрбек, Байыш, Шактыбек. Пахта - биздин кийген киймибиз гана эмес, ал - биздин жеген тамагыбыз, колубуздагы куралыбыз.

3.Сын атоочтор: Алардын жүздөрү жарык, кубанычтуу. (К.Б.) Күзгү буудайлар түшүмдүү, өнүмдүү. Класстардын ичи таза, кенен, жарык.

4.Ат атоочтор: Сүйлөшкөндөр - тиги жана бу. Бүгүнкү чогулушта сүйлөгөндөр - мен, сен, ал.

5.Сан атоочтор: Келе жаткандар - экөө же үчөө. Жуп сандар - сексен жана токсон.

Бир өңчөй аныктоочтор

Сүйлөм тизмегиндеги атоочтордон болгон бардык мүчөлөрдү жандай келип, алардын сапатын, санын жана башка белгилерин, касиеттерин мүнөздөп, аныктап турган сөздөр бир өңчөй аныктоочтор деп аталат. Бир өңчөй аныктоочтордун милдетин төмөнкү сөз түркүмдөр аткарат.

1.Зат атоочтор: Ушул булгаарыдан өтүктүн, маасынын кончу чыгат. (С.С.) Жылкычылар Жолой менен Керездин сөзүнөн шек албады. (К.Ж.)

2.Сын атоочтор: Менин ардактуу асыл конокторум - ушулар. (К.Б.) Ажардын сулуу, сүйкүмдүү, ак жумал өңүн көрүп, Сабитахун мурунтан эле кызыгып жүрө турган. (К.Б.)

3.Ат атоочтор: Алардын жана силердин жасаган ишиңер көңүлгө жагат. Анын жана сенин окууң бирдей эмес, ар башка.

4.Атоочтуктар жана кыймыл атоочтор: Иванды билген, тааныган кыргыздар ага бирдемесин бергиче шашчу. (К.Б.) Колхоздо чөп чабуу, аны үйүү, ачытуу, эгин сугаруу, отоо жумуштары кызуу жүрүп жатпайбы. (К.Б.)

5.Сан атоочтор: Биздин мектептин биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү класстары эртең менен, ал эми бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи класстары түштөн кийин окуйт.

Бир өңчөй толуктоочтор

Сүйлөмдө, көбүнчө этиштик жана атоочтук баяндоочторду жандап келип, бирдей суроого жооп берип турган бир нече толуктоочту бир өңчөй толуктооч дейбиз. Бир өңчөй толуктоочтор төмөнкү сөз түркүмдөрү аркылуу берилет.

1.Зат атоочтор бир өңчөй толуктоочтун милдетин аткарат: Атаң батышта сенин, сага окшогон миңдеген совет элинин балдарынын жыргалдуу турмушун, оюн-күлкүсүн, түн уйкусун сактап, канкор жоо менен катуу салгылашып жатат. (К.Б.) Ага-иниге, жердештерге салам де, куттуу эне! (Т.С.)

2.Сын атоочтор бир өңчөй толуктоочтук милдетти аткарат: Көгүнөн, кызылынан, жашылынан тандап алыңыз.

3.Сан атооч сөздөр бир өңчөй толуктоочтун милдетин аткарат: Күн ысыкта ылаалаган жылкылар, бирден, экиден чубап, суунун боюна кетип жатты.

4.Ат атооч бир өңчөй толуктоочтун милдетин аткарат: - Эми, койсоңчу, өзүңдү да, бизди да кыйнабай. Сен өзүңдү да, мени да ойло. (К.Б.)

5.Атоочтуктар бир өңчөй толуктоочтук милдетти аткарат: Кабарды баргандан, келгенден билдирип тур. Ал уялгандан катуу чуркаган, жүгүргөн болду. Мен көргөнүмдү, укканымды айтам. (К.К.)

6.Кыймыл атоочтор да бир өңчөй толуктоочтук милдетти аткара берет: Ажарга өлүүдөн, болбосо тентип бир жакка кетүүдөн башка эч бир айла калбай калды. (К.Б.)

7.Зат атооч сөздөр менен кээ бир жандооч сөздөр ажырагыс айкашта айтылып, бир өңчөй толуктоочтун милдетин аткарат. Ал бүгүн Аман жана Акмат менен таанышты.

Бир өңчөй бышыктоочтор

Этиштик, сын атоочтук, тактоочтук баяндоочторду, атоочтуктардан, кыймыл атоочтордон болгон сүйлөмдүн бардык мүчөлөрүн жандай келип айтылган жана бирдей суроого жооп берип турган бир нече бышыктооч бир өңчөй бышыктооч деп аталат. Бир өңчөй бышыктоочтор төмөнкү сөз түркүмдөрдөн жасалат.

1.3ат атоочтор: Музейлерге, театрларга бардык, метрону көрдүк. Маңдай жакта кел берилеген Тянь-Шанга, ортодогу көйкөлгөн көлгө, тиги булуңга, машина өткөн кан жолго көзүн талдырды. (Т. С.)

2.Сын атоочтордон: Быйылкы биздин күздүк буудайлар коюу, тегиз жана жакшы чыкты (оозеки кептен). Ал бүгүн өзүн сыпайы, токтоо жана мыкты алып отурду.

3.Сан атоочтордон: Ал катар салынган окшош үйлөрдүн алдына келип токтой калды да, адегенде биринчисине, андан кийин экинчисине, анан үчүнчүсүнө кирмек болду.

4.Тактооч сөздөрдөн: Жакында, алыста, кайда, кайсы жерде жүрсөк да, өз Родинаны эстейбиз. Биздин шартыбыз боюнча жазда, жайда, күзгө маал иш айрыкча күч алат. (А.У.)

5.Чакчылдардан: Ал этегин кымтый уялыңкырап отурду. (К.Ж.) Ал этек-жеңин кымтыланып, көйкөлүп, сыңар тизелеп отурду. (К.Б.)

6.Атоочтуктардан: Ал жөнүндө сабак башталганда, окуганда сүйлөшөрбүз.

Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүнүн тутумдашуу жолдору

Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү бири-бири менен интонация же байламталар аркылуу байланышат. Бир өңчөй мүчөлөр интонация аркылуу төмөнкүдөй тутумдашат: Катуу-Багыт, Какшаал, Улуу-Чаттын тоолорун эки-үч жолу кыдырып чыккан Жолой. (К.Ж.) Аскалуу Ала-Тооңду, көйкөлгөн сонун көлүңдү, меймандос кыргыз элиңди барып, көз менен көргүм келет. (К.Ж.) Бир өңчөй мүчөлөр байламталар аркылуу төмөндөгүдөй тутумдашат: Ажарда ата да, эне да жок. (К.Б.) Данияр менен Жамийла көпкө олтурушту. (Ч. А.) Зыядахан бир топ кыз-келин жана улгайган кемпирлерди ээрчитип келет. (К.Ж.)

Бир өңчөй мүчөлүү сүйлөмдөрдөгү жалпылагыч сөздөр

Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүн бириктирип, жалпылап турган сөздөр жалпылагыч сөздөр деп аталат. Жалпылагыч сөздөр бир өңчөй мүчөлөрдөн мурун келсе жалпылагыч сөздөн кийин кош чекит коюлат, ал эми бир өңчөй мүчөлөрдөн кийин келсе, жалпылагыч сөздөн мурун сызыкча коюлат. Мисалы: Биздин ураан: тынчтык, достук эркиндик. (А. Т.) Илгери үмүт деп көптөн бери жыйнаган жууркан төшөк, идищ-аяк — баарын көтөрүп келип, ал арабага салды. (К. Б.) Мына бул Жеңишбек, тетиги Микола-Аскер — экөө бешик дос болушсун. (Т. С.)

Бир өңчөй мүчөлүү сүйлөмдөгү тыныш белгилер

1.Бир өңчөй мүчөлөр бири-бири менен интонация аркылуу байланышса, анда бир өңчөй мүчөлөрдүн арасы үтүр менен ажыратылат: Жолборс, аюу, карышкыр, түлкү төртөө жолдош болушуп, тапкандарын ортого салышыа, оокат кылууга убадалашты(эл жомогунан).

2.Бир өңчөй мүчөлөр байламталардын жардамы менен өз ара байланышат. Бул учурда төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эске алуу керек.

а)Бир өңчөй мүчөлөрдү жана, менен сыяктуу кайталанбай турган байламталар байланыштырса, анда алардын араларына үтүр коюлбайт: Бул ишке айыптуу - Айыке менен Берен. (К.Ж.)

б)Же, да жана башка байламталар бир өңчөй мүчөлөр менен кошо кайталанып келе беришет. Мындай учурда бир өңчөй мүчөлөр үтүр менен ажыратылат: Жапарды Айша да, Уулжан да чоң кубаныч менен каршы алышты. (К.Б.) Ал күндүз да, түндө да, жайкы ысыкта да, кышкы бороон-чапкында да чек ара күзөткөндөн талбайт.

в)Же, же болбосо деген байламталар кайталанып келсе, бир өңчөй мүчөлөрдүн арасына үтүр коюлат. Сугатка же Бектурсун, же Айша, же Алым барат. Атай окууга же Турцияга, же Америкага барат.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2019-07-05, Көрүүлөр: 213449, Өзгөртүлгөн: 2024-03-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо