Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сан атооч деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Сан атооч деген эмне

Сан атооч деген эмне, тузулушуно жана маанисине карай кандай болунот, жазуу эрежелери жана башкаларды айтып берууго аракет кылабыз.

Сан атооч жөнүндө түшүнүк - заттын санын, иретин, эсебин билдирген сөз түркүмү сан атооч деп аталат. Сан атооч сөздөр канча? нече? канчанчы? неченчи? канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берет. Сан атооч сөздөр сүйлөм ичинде ээлик, баяндоочтук, айкындоочтук милдетти аткарат. Мисалы: Экөөбүз совхозго бирге бардык (ээси-экөөбүз). Ажардын жашы он үчтөрдө (баяндоочу — он үчтөрдө). Жыйырма беш бешке бөлүнөт (ээси - жыйырма беш, айкындоочу - бешке) ж. б.

Сан атоочтун түзүлүшүнө карай бөлүнүшү
Сан атооч сөздөр түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. Жөнөкөйү бир гана сөздөн, татаалы эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт. Мисалы: Жөнөкөй сан атоочтор: эки, беш, он, миң, миллин. Татаал сан атоочтор: он үч, бир миң тогуз жүз алтымыш сегиз ж.б.

Сан атоочтун маанисине карай бөлүнүшү
Сан атоочтор маанисине карай 6 га бөлүнөт: 1-эсептик сан, 2-иреттик сан, 3-жамдама сан, 4-чамалама сан, 5-топ сан, 6-бөлчөк сан.

Эсептик сан атооч
Заттын санын, эсебин билдирип, канча? нече? деген суроолорго жооп берүүчү сан атоочтор эсептик сан атоочтор деп аталат. Мисалы: бир, отуз, үч жүз миң, миллион, кырк дептер ж.б.

Иреттик сан атооч
Заттын иретин, тартибин, катарын көрсөтүп канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берүүчү сандар иреттик сан атооч деп аталат. Иреттик сан атоочтор эсептик сандарга -ынчы(-нчы) мүчөсү улануу менен түзүлөт. Мисалы: бир + ынчы = биринчи, сегиз + ынчы = сегизинчи ж.б.

Иреттик сандын -ынчы мүчөсүнөн кийин чыгыш жөндөмөнүн -дан мүчөсү уланып айтылганда киринди сөздүк мааниде колдонулат. Мисалы: Менин силерди чакырткан себебим төмөнкүчө: биринчиден, алдыдагы ишти кеңешүү, экинчиден, алтын кушту издеп табуу.

Жамдама сан атооч
Сан менен заттык түшүнүктү жамдап көрсөтүп, канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берүүчү сандар жамдама сан атооч деп аталат. Жамдама сан атоочтор эсептик сандарга -оо, -өө мүчөлөрү улануу менен түзүлөт. Мисалы: бирөө, экөө, алтоо. Жак мүчөлөр уланганда төмөнкүдөй өзгөрөт: бирөөбүз (сүңөр, сүздөр), экөөбүз (сүңөр, сүздөр), алтообуз (суңөр, суздөр) ж. б.

Жамдама сан атоочтор сүйлөм ичинде ээлик, аныктоочтук, толуктоочтук милдетти аткарат. Мисалы: Окугандардан алтоо сыйланды (ээси - алтоо). Үчөөнө ардак грамота берилди (толуктоочу- үчөөнө). Экөөнүн иши жакшы деп бааланды (аныктоочу - экөөнүн).

Чамалама сан атооч
Заттын санын чамалап, болжолдоп көрсөтүүчү сандар чамалама сан атооч деп аталат. Чамалама сан атоочтор төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт.

1.Чамалама сан эсептик сан атоочтордун өз ара айкалышуусу аркылуу жасалат: алты-жети, он-он беш, сексен-токсон, эки жүз - үч жүз ж.б.
2.Эсептик сан атоочторго жакын, чамалуу, ашуун, чакты деген сөздөрдүн өз ара айкалышуусу менен түзүлөт. Мисалы: отузга жакын, кырк чамалуу, жүздөн ашуун, жыйырма чакты.
3.Эсептик сандарга -дай, -ча, -даган мүчөлөр улануу менен түзүлөт. Мисалы: отуздай, кырктай, алтымышча, ондогон.
4.Эсептик сандарга көптүк -лар мүчөсү, көптүк мүчөсүнөн кийин жөндөмө мүчөлөрдүн бири улану менен чамалама сан атооч түзүлөт да, заттык мааниде колдонулат. Мисалы: Анын жашы кырктарга барып калды. Саат бирлерде биз сабактан тарайбыз.

[ushka=seredina]

Топ сан
Заттын санын топ-тобу менен көрсөтүп, канчадан? нечеден? деген суроолорго жооп берүүчү сандар топ сан деп аталат. Кыргыз тилинде топ сандын өзүнө тиешелүү мүчөсү жок, бир же эки кайталанган эсептик сандарга чыгыш жөндөмөсүнүн -дан мүчөсү улануу менен гана жасалат. Мисалы: Алар бештен, биз үчтөнбүз. Айфон сатып алуучулар беш-бештен бөлүнүштү.

Бөлчөк сан
Заттын санын майдалап, бүтүн сан менен бөлүктүн өз ара катышын билдирген сан бөлчөк сан деп аталат. Бөлчөк сан чыгыш жөндөмөсүнүн -дан мүчөсү аркылуу жасалат. Бирок чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (-дан) бөлчөк сандын биринчи бүтүн санына уланып, анын бөлүгүнөн мурун айтылат. Мисалы: экиден бир, бештен үч, ондон эки ж.б.

ЖөндөмөлөрЭсептик санИреттик санБөлчөк санЖамдама сан
Атоочотузтөртүнчүондон бегиүчөө
Иликотуздунтөртүнчүнүнондон бештинүчөөнүн
Барышотузгатөртүнчүгөондон бешкеүчөөнө
Табышотуздутөртүнчүнүондон бештиүчөөнү
Жатышотуздатөртүнчүдөондон бештеүчөөндө
Чыгышотуздантөртүнчүдөнондон бештенүчөөнөн

Сан атоочтун жазуу эрежелери
Сан атооч сөздөр төмөнкүчө жазылат: Жөнөкөй сөздөр айрым жазылат. Мисалы: бир, эки, жыйырма, отуз, кырк ж.б. Төмөнкү эсептик сандарда эки л тамгасы катар жазылат: миллион, миллиард, триллион, триллиард.

Иретти көрсөтүүчү сандар цифра аркылуу берилсе, цифра менен кийинки сөздүн ортосуна дефис коюлуп, -ынчы, -нчы мүчөсү жазылбайт: 5-класс, 1977-жыл, 10-катар. Иреттик сандар рим цифрасы аркылуу берилсе, дефис коюлбай бөлөк жазылат. Мисалы: IV класс, XX кылым, XXV съезд, X глава.

-оо, -өө мүчөсү сан атоочтор менен бирге жазылат да, аягы үндүү менен бүткөн сөздөргө уланганда үндүүнүн бири түшүп калат. Мисалы: эки + өө = экөө, алты + оо = алтоо, жети + өө = жетөө.

Сан атоочтун синтаксистик кызматы

Достор, сан атооч деген эмне аталган макалага тиешелүү ойлор болсо жазып койгула созсүз жооп беребиз.

Булактар:

Жайгаштыруу: 2019-06-19, Көрүүлөр: 113787, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-06-24
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо