TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ысык кол облусу

"Ысык кол облусу" Кыргызстандын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. 1939-жылы 21-ноябрда түзүлгөн. 1959-жылы 27-январда жоюлуп, кайра 1970-жылы 11-декабрда уюшулган. 1988-жылы 5-октябрда Ысык-Көл облусуна Нарын облусу бириктирилип, 1990-жылы 14-декабрда алар кайра бөлүнгөн. Борбору - Каракол шаары. Курамында 5 район, (Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ысык-Көл), 3 шаар (Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата), 5 шаарча (Ак-Булак, Жыргалаң, Кажы-Сай, Орто-Токой, Пристань - Пржевальск), 58 айыл өкмөтү жана 181 айыл бар. Түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Казакстан, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Кытай, батышынан жана түштүк-батышынан Нарын облусу, түндүк-батышынан Чүй облусу менен чектешет. Аянты 43,1 миң чарчы чакырым (республиканын аянтынын 21,6%). Калкы 413,1 миң (1999-жылкы эл каттоодо, республиканын калкынын 8,6%).

Макала мазмуну

Калкы. Облустун калкы (413,1 миң 1999-жылдын март айындагы эл каттоо) республиканын калкынын 8,6%ын түзөт; анын 125,4 миңи шаарларда (жалпы калктын 30,4%), 287,7 миңи (69,6%) айылдарда турушат. Көп улуттуу, көбү кыргыздар (79,4%), калгандары орус (13,2%), украин (0,6%), казак (1,7%), өзбек (0,8%), татар (0,7%), уйгур (0,1%), дуңган (0,7%) ж.б. 1 чарчы чакырым жерге - 10 адам (республикада 24) туура келет, ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө, айрыкча анын чыгыш бөлүгүндө бул көрсөткүч 45-60 адамга жетет. Шаарлары: Каракол (1999-ж. эл каттоодо 64,3 миң адам жашаган), Балыкчы (41,3 миң), Чолпон-Ата (8,9 миң); шаарчалары Кажы-Сай (4,4 миң), Пристань-Пржевальск (3,4 миң), Жыргалаң (1,4 миң), Ак-Булак (1,1 миң), Орто-Токой (0,6 миң).

Калк көп жашаган ири айылдары: Кызыл-Суу (13,1 миң адам), Түп (11,3 миң), Бөкөнбаев (10,9 миң), Теплоключенка (10,6 миң), Ананьев (7,8 миң), Бостери (6,8 миң), Саруу (6,2 миң), Барскон (6,1 миң), Григорьевка (5,2 миң), Даркан (5,0 миң адам).

Жалпы калктын 38,4%ын (158,7 миң адам) иш курагына жете элек жаштар, 50,9%ын (210,0 миң) эмгекке жарактуу жаштагылар, калган 10,7%ын (44,3 миң) картаң адамдар түзөт. Калктын миграциясы 2000-жылы облуска келгендердин саны 2378 адам, кеткендер 5073 адам болуп, облустун калкы 2695 адамга азайган. Азайгандардын ичинен 1627 адам республиканын башка региондоруна, айрыкча Бишкек шаарына же Чүй облусуна, 1019 адам КМШнын мамлекеттерине, 49 адам алыскы чет өлкөлөргө кетишкен.

[ushka=seredina]

Экономикасы. Ысык-Көл облусу республикада экономикалык жактан орто деңгээлде өнүккөн, табигый шарты жана байлыктары менен өзгөчөлөнүп турган аймак. Региондун башкы байлыгы - тоңбогон Ысык-Көл, анын деңиз суусуна каныккан жагымдуу абасы, көл жээгиндеги куму, көптөгөн жылуу жана минералдуу суулары, ошондой эле дартка даба болуучу ылайлары, көл жээгинде курулган санаторийлер, келечектүү курорттук жана рекреациялык ресурстары. Азыр облуста "Көгүлтүр Ысык-Көл", "Чолпон-Ата", "Ысык-Көл", "Жыргалаң", "Жети-Өгүз", "Тамга", "Ак-Суу" ж.б. санаторий-курорттор менен катар көптөгөн эс алуу үйлөрү, пансионаттар, балдардын эс алуу лагерлери, туристгик жана альпинисттик базалар иштеп (2000-ж. бардыгы 89), аларда жылына 150 миңден ашык киши эс алып, дарыланышат.

Ысык-Көл облусунда рекреация чарбасы (эс алуу жана дарыланууну уюштуруу) анын ичинен туризм келечекте экономикасынын негизги, адистешкен тармагына айланып, көл кылаасы дүйнөлүк деңгээлдеги курорттук аймак болууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бул жерде жаратылыштын кооздугу жана байлыгы жетиштүү. Өнөр жай, айыл чарба, курулуш, транспорт ж.б. экономикалык тармактар келечекте облустун рекреациялык комплексин тейлөөгө ылайыкташып өнүктүрүлмөкчү. Чет өлкөлүк инвестицияларды таап, өндүрүшкө жаңы технологияны киргизип, региондун экономикалык жана социалдык деңгээлин жогорулатуу үчүн облустун борборунда 1994-ж. "Каракол" эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) уюшулган. "Каракол" ЭЭАсында субъект катары 135 ишкана катталган, 95и иштөөдө (2000). Ушул ишканаларда 780 адам эмгектенишет. Алардын ичинде 4 чет өлкө менен бирге уюшулган "Универсал" (кыргыз-орус фирмасы), "Улар" (кыргыз-казак ишканасы), "Саки" (кыргыз-америкалык ортоктош ишкана) ж.б. Ушулардын ичинен "Саки" ортоктош ишканасы гана инвестициясынын көлөмү жагынан маанилүү. "Каракол" ЭЭАна кирген ишканалар эл керектөөчү товарларды чыгарууда жана аларды сатууда, айыл чарба сырьёлорун (чийки зат) кайра иштетүүдө жана туристтик жүрүштөрдү уюштурууда кайсы бир деңгээлде аткарышканына карабастан бул ЭЭА "Ысык кол облусу" экономикасынын өсүшүнө кошкон салымы али төмөн. 1999-ж. ЭЭАда 22,2 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, Каракол шаарынын өнөр жайынын 12%ын араң түзгөн.

Базар экономикасына өтүү процессинде чарба жүргүзүүдө менчиктин көп түрлөрү пайда болду 2000-ж. облуста статистикалык бирдиктин жалпы мамлекеттик регистрине киргизилген ээлик кылуучу субьекттердин (юридикалык жактардын) саны 2705 (анын ичинен иштеп жатканы 1356) ишканага жеткен. Анын ичинен мамлекеттик менчиктегиси - 495 (290), коммуналык - 273 (215), жеке менчике - 1937 (851) тиешелүү болгон. Ишканалардын түрлөрү боюнча 2705тин ичинен чакан ишканалар - 2042 (888), орточолору - 438 (302) жана ирилери - 225 (166) болгон. Жогорудагы юридикалык жактардын ишканаларынан башка облуста жеке ишкердикте катталган жана иштеп жатышкан мекеме, ишканалардын саны арбын. 2000-ж. бир эле айыл чарба тармагында жеке ишкердиктегилердин башкача айтканда дыйкандардын (фермерлердин) саны 5 минден ашкан.

1999-ж. Ысык-Көл облусунун өнөр жайында өзүнчө баланета катталган 56 ишканада 3,9 миң жумушчу (республиканын 5,3%) иштеп, 256,4 млн сомдук продукция өндүргөн. Бул жерде Кум-Төр алтын кен казган ишканалардын иши эсепке алынган жок. Өнөр жайдын негизги тармактарына тамак-аш (жалпы өнөр жайдын 34,2% продукциясын өндүргөн), ун тартуу жана жем чыгаруу (33,4%), машина куруу (11,8%), отун өнөр (7,0%) кирет.

2000-ж. алар чыгарган негизги продукциялар: көмүр 35,2 миң тонна (республикада казып алынган көмүрдүн 8,4%), электр плиткалары 20,2 миң даана (90,6%), электр жылыткычтар 710 даана (53,5%), цемент 1,5 миң (0,3%), акиташ 6,7 миң тонна (83,8%), ун 44,8 миң тонна (15,9%), мал майы 13,6 тонна (11,7%), быштак жана сүзмө 723,5 тонна (41,5%), арак жана спирт 138,6 миң дал (10,1%) ж.б. Өнөр жайдын ири ишканалары: Балыкчыдагы "Ысык-Көл дан азык" акционердик коому (57,5 миң сомдун продукция чыгарган), "Бакай-Көл" биргелешкен ишкана (33,7 миң сом), "Ак-Жалга" АК (29,0 миң), "Алтын Дан" мамлекеттик акционердик коом (23,4 миң), "Ысык-Көл электр" АК (14,9 миң), "Улан" АК (13,2 миң), "Кара-кол - Дан-Азык" АК (12,5 миң), "Күрмөнтү цемент" МАК (12,2 миң сом).

Облуста тоо-кен өнөр жайынын келечеги кең, Сары-Жаз дарыясынын алабында алтын, калай, жез, коргошун, полиметалл, фольфрам, тантал, ниобит, молибден ж.б. металлдардын кендери табылган. Сары-Жаз калай кенинин базасында калай кен ылгоо комбинаты курулууда. Алтын кенин казып алуучу Кум-Төр комбинаты 1996-жылдын аягынан ишке киришти. Кум-Төр алтын кени облустун Жети-Өгүз районунун сыртында деңиз деңгээлинен 3500-4150 м бийиктикте жайгашкан. Кенди "Камеко" корпорациясынын (Канада) "Кумтөр Оперейтинг компани" компаниясы казат жана ылгайт.

Облустун айыл чарба тармагында 2000-жылдын башында, 56 дыйкан чарба коллективи, 16 айыл чарба кооперативи, 1 акционердик коом жана 4907 жеке дыйкан (фермер) чарба иштеген. Айыл чарба өндүрүшү дыйканчылыкта дан, картөшкө, мөмө-жемиш өстүрүүгө, мал чарбасында кой, уй, жана жылкы багууга адистешкен. 2000-ж. жалпы айыл чарба тармагында 71,6 миңдей адам эмгектенип, 5673,1 млн сомдук айыл чарба азык-түлүгү өндүрүлгөн (республиканын 13,7%). Айыл чарбага жарактуу жери 1590,5 миң га (облустун жалпы аянтынын 36,9%ы), анын 11,6%ы айдоо жер (184,8 миң га), 0,3% көп жыддык мөмө-жемиш жана башка дарактар (4,6 миң га), 0,8% чабынды (12,0 миң га), 77,2%ы жайыт (1387,7 миң га).

Облуста эгин эгилген жердин жалпы аянты 2000-ж. 187,1 миң гектарды (республикадагы эгиндин 15,4%и) түзгөн, анын 111,6 миң гектары же 59,7%ине дан, 24,1 миң гектарына же 12,9%не картөшкө, 4,9 миң гектарга же 2,6%ине техникалык өсүмдүктөрү, 3,2 миң гектарга же 1,7% жашылча, 43,3 миң гектарына же 23,1%ине тоют өсүмдүктөрү эгилген. Мөмө-жемиш бактары 7,5 миң га жерди (республиканын 15,4%) ээлейт. 2000-ж. 275,0 миң тоннадан (республикадагы дандын 17,5%), 391,2 миң тонна картөшкө (37,4%), 44,4 миң тонна жашылча (5,9%) жана 32,2 миң тонна мөмө-жемиш (20,0%) алынган.

Облустун түрдүү менчиктеги бардык чарбаларында 2001-жылдын январына 121,0 миң уй (республикадагы уйдун 12,8%), 615,0 миң кой-эчки (16,2%), чочко 15,0 миң (14,8%), 597 миң жылкы (16,9%), 325,5 миң үй куштары (10,6%) болгон. Алардан 2000-ж. тирүү салмакта эсеп-тегенде 43,4 миң тонна (республиканын 12,5%), 140,1 миң тонна чийки сүт (12,5%), физикалык салмактагы 2,1 миң тонна жүн (17,9%), 9,1 млн даана жумуртка (4,5%) өндүрүлгөн.

Транспорту. Облуста автомобиль, темир, аба жана суу жолдору бар. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 6796 чакырым (2000), анын 1645 чакырым эл аралык, 2514 чакырым республикалык мааниде, облустук жана жергиликтүү маанидеги жолунун узундугу 2637 чакырым. Жолдун 80%нан көбү асфальт төшөлгөн. Негизги автомобиль жолу Ысык-Көлдүн жээгин айланта курулган Балыкчы - Чолпон-Ата - Түп - Каракол - Кызыл-Суу - Бөкөнбаев - Балыкчы (жалпы узундуту 450 чакырым) автомагистралы түзөт. Бул жол аркылуу облустун дээрлик бардык калктуу пункттары байланышып, негизги жүктөрү жана жүргүнчүлөрү ташылат. Облустун батышында Балыкчы шаары аркылуу Бишкек - Токмок - Балыкчы - Нарын - Торугарт жолу, чыгышында Түп - Талды-Суу - Кеген (Казакстан) жолу кетет. Көлдүн жээгин сырт менен байланыштырып турган Барскон - Кара-Сай - Ак-Шыйрак - Эңилчек - Каракол автомобиль жолунун алтын, түстүү металл курулуш материалдар ж.б. кен байлыктарын өздүштүрүүдө, ошондой эле жайкы жайыттарды пайдаланууда мааниси чоң. Облуста жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууда автомобиль транспортунун мааниси зор. 2000-ж. автомобилдер менен 4,6 млн тонна жүк ташылып (республиканын 12,6%ы), жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү 375,5 млн жүргүнчү км (8,6%) болгон.

Балыкчы шаарына чейин темир жол жетет. Бул жолдун башка аймактар жана мамлекеттер менен экономикалык байланыш түзүүдө орчундуу мааниси бар. Республиканын башка аймактарынан айырмаланып, облуста суу жол транспорту бар. Негизинен эл чарба жүктөрү ташылат. Суу жол транспортунун келечеги кең.

Аба жол транспорту жүргүнчүлөрдү жана почта жүктөрүн ташууда маанилүү. Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында аэропорттор бар. Аба жолу Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Баткен жана коңшу Өзбекстандын борбору Ташкен жана Казакстандын мурунку борбору Алматы менен байланыштырат.

Маданий турмушу. Облуста 1999/2000-окуу жылында 2 жогорку окуу жайында бардыгы болуп 9367 студент окушуп, 577 окутуучулар иштешкен. Алардын ичинен экөөсү илимдин доктору, 50 илимдин кандидаттары. Облустун 6 атайын орто окуу жайында 1791 студент окуп, 211 окутуучу иштешсе, 9 кесиптик окуу жайларында (ПТУ) 2035 окуучу билим алышкан. Региондун жалпы билим берүүчү 190 мектебинде 98,3 миндей окуучу окуп, 7471 мугалим иштеген. Облуста 2 жатак-мектеп, сабактарды тереңдетип окуткан 8 мектеп, 2 гимназия, 4 лицей болгон. Жалпы мектептердин көпчүлүгүндө информатика кабинеттери иштейт. Мектептерде окуулар кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Облуста 155 китепкана (1559 миң нуска китеп), драма театр (Каракол), бир нече театрлар, райондук, айылдык маданият үйлөрү мамлекеттик музейлер Каракол тарыхый-жерге таануу музейи, Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданият корук музейи, Чолпон-Атадагы Казак элинин белгилүү уулу Мухтар Ауэзовдун үй-музей ж.б. болгон. Облустук, райондук, жана шаардык бир нече гезиттер чыгып турат.

1981-жылдан "Ысык-Көл" радиостанциясы (кыргыз, орус тилинде) иштейт. 1992-ж. алгачкы телекөрсөтүү эфирге чыккан. Радиоберүүлөрдүн көлөмү 3,5 сааты (негизинен кыргыз тилинде жана бир программа орус тилинде), түстүү телекөрсөтүүнүн көлөмү 1,5 сааты (кыргыз тилинде) түзгөн, учурда санариптик телекөрсөтүү киргенине байланыштуу бул көрсөткүчтөр бир кыйла көп.

"Ысык кол облусу" 3560 орундуу (10 миң адамга 85 орун) 36 ооруканада түрдүү адистеги 1235 врач (10 миң адамга 29 врач) жана 3764 медициналык орто билимдүү кызматкер (10 миң адамга 89 медицина кызматкер) иштешкен (1999).

Облуста байыркы археологиялык эстеликтерден палеолит дооруна (б.з.ч. 6-4-миң жылдык) таандык байыркы көчмөндөрдүн аска бетине тарткан сүрөттөрү (Сары-Жаз сыртында), алгачкы темир доорундагы (б.з.ч. 7-к. - б.з.ч. 5-к.) сак-усун көчмөндөрүнүн эстеликтери (Балыкчыдан Чолпон-Атага чейин, Ала-Баш тоосу ж.б.), байыркы буюм-тайым чогундулары (Таштак, Кырчын, Челпек коло буюмдары), байыркы түрк эстеликтеринен 6-10-кга таандык балбалдар (Ысык-Көл чөлкөмүнүн бардык аймактарында), шаар чалдыбарлары (Барскон, Даркан, Тоң, Бар-Булак, Бостери, Түп ж.б.) ж.б. сакталган. Археологиялык эстеликтер цивилизациянын өнүгүшүнөн, жергиликтүү уруулардын басып өткөн тарыхый жолунан, көл боюнун Чыгыш, Батыш (Улуу Жибек жолу аркылуу) менен болгон соода-экономикалык маданий байланыштарынан кабар берет.

Ысык кол облусу жонундо маалыматтар болсо пикир калтырып жазып койгула, көп түкүрсө Ысык-көл болот дегендей :)

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-07-18, Көрүүлөр: 13566, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-07-18
Талкулоо/Пикирлер