Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Театр деген эмне

Театр (грекче θέατρον — негизги мааниси — көргөзмө үчүн жер, андан кийин — көргөзмө, θεάομαι сөзүнөн — көрүү, кароо) — түрдүү искусстволордун (адабият, музыка, хореография, вокал, көркөм сүрөт искусствосу ж. б.) синтезин түшүндүргөн искусствонун көргөзмө түрү.

Театр жеке спецификага ээ, алар: чындыкты, конфликтти, мүнөздөрдү чагылдыруу, ошондой эле аларды трактовкалоо жана баалоо, тигил же бул идеяны ырастоо бул жерде драмалык иш-аракеттер менен ишке ашырылат, жана анын негизги алып жүрүүчүсү — актёр болот.

Театр деген эмне? Силер театрга көп эле жолу барып анын көшөгөсүнүн ачылышын чыдамсыздык менен күткөндүрсүңөр. Акыры көшөгө ачылып, сахна көрүнөт да, көз алдыңарда башкача бир турмуш башталат. Силер аргасыздан спектаклдин каармандары менен кошо кубанып же кайгырып, өзүңөрдү болуп жаткан окуя менен аралап жүргөндөй сезесиңер. Театр деп спектакль коюлуучу имарат гана аталбайт.

Театр — искусствонун өзгөчө түрү. Театр өнөрү кандайдыр бир окуяны турмушта болуп жаткандай көрсөтөт. Ал Байыркы Грецияда жаралган. Адегенде ал жүзүм терүү бүткөнгө арналган салтанаттуу майрамдык оюн катары коюлган. Андан бери театр аябай өзгөрдү, бирок ал бардык мезгилде адамдардын турмушунда маанилүү орунду ээлеп келген. Ал адам акылынын жетиктигин, анын күчтүү жана терең сезимдерин даңазалаган.

Театр жонундо маалыматты улай, кыргыз театрынын тарыхы 1925-жылы Пишпек педтехникумунун алдында уюшулган драма ийриминен башталат. Бул ийримде композитор А. Малдыбаев, драматург К. Жантөшев, Р. Шүкүрбеков, К. Маликов, артисттер А. Куттубаев, С. Күмүшалиевалар сахна ишмердигин башташып, кийин кыргыз профессионал театрынын өнүгүшүнө кыйла салым кошушкан.

Көрүүчүнү өзүнө тарткан театр оюну - спектакль кандайча даярдалат? Жазуучу-драматург өзү аралашып жүргөн турмуштан байкаган кандайдыр бир жаңы, маанилүү жагдай жөнүндө башкаларга айтып берүүнү максат кылат. Ал пьеса - трагедия, комедия же драма жазат. Пьеса театрга берилет, ал жерде актёрлор пьесага катышуучулардын (кейипкерлердин) ролун өз ара бөлүштүрүп алышат. Анан репетиция - болочок спектаклди даярдоо башталат. Режиссёр спектаклди даярдоонун бардык жүрүшүнө жетекчилик кылат, чыгармачыл коллективдин күчүн топтоштурат.

Театр тууралуу тушунук же маалымат билип алуу абдан жакшы. Сүрөтчү тарткан сүрөт боюнча сахна жасалгаланат, кийим-кечек тигилет. Композитор спектакль үчүн музыка жазат, аны театр оркестринин музыканттары аткарат. Жарык кылуучу сахнаны жарык кылат. Көрдүңөрбү, спектаклди даярдоого канча адам катышат экен.

Биздин өлкөдө театрлар көп, алар жалаң эле чоңдор үчүн эмес. Балдар үчүн да театрлар бар. Эгер силер өзүңөрдүн сүйүктүү каармандарыңарды көргүңөр келсе, алардын сөзүн угуп, укмуштуу окуяларына күбө болууну кааласаңар куурчак театрына баргыла. Байыркы грек театрларында актёрлор беткап кийип ойношкон. Алар боюн узартуу үчүн буттарына бийик тамандуу бут кийим — котурн кийишкен. 16-18-кылымдарда Италияда беткап комедиясы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

Жайгаштыруу: 2018-07-19, Көрүүлөр: 10079, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-07-30
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо