Башкалары жуушап жаткан кезде бироо бийик асканын башында күзөттө туруп, кооптуу бир нерсени сезгенде шак эткендей дабыш чыгарып, качкыла деген белги берүүчү бир кайберен бар. Анын эркеги тоо теке, ургаачысы тоо эчки деп аталат. Тоо текелер - көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбарлар уруусу. Денесинин узундугу 160 сантиметрге, бийиктиги 100 сантиметрге, салмагы 100 килограммга чейин жетет. Эчкисинин да, текесинин да кылыч сыяктуу кайкы мүйүзү бар. Текеси ири, мүйүзү чоң, узундугу 130 сантиметрге жетет, ээгинде сакалы бар. Ал эми эчкисинин мүйүзү кичирээк, желини эки үрптүү. Жүнү кылчыктуу, түбүндө тыбыты болот.10 түрү Европа, Африка, Азия, анын ичинде Казакстан, Кыргызстандын тоолорунда таралган. Алар аскалуу бийик тоолордо үйүр-үйүр болуп жашашат. Аска, жарларга оной чыгып, шамдагай кыймылдайт. Жыт алды дегиче болду, дароо эле көздөн кайым болуп кетет. Ошондуктан карышкыр, илбирс сыяктуу жырткычтарга оңой менен жем болбойт. Too эчки чөп, бадал жалбырактары менен азыктанат.
Жай мезгилинде тоолордун тээ бийик капталдарында оттошсо, кыштын кыраан чилдесинде төмөнүрөөк жайылат. Too эчкинин өңү боз келип, түн ичинде, эртең менен, түштөн кийинки салкында оттойт. Алар эки-үч жашында үйүргө кошулат. Эчкиси беш ай көтөрүп, май-июнь айында жалкы же эгиз улак тууйт. Too эчкинин эти даамдуу болуп, аңчылык көбөйгөндүктөн, алардын саны жылдан-жылга азайып бара жатат. Ошондуктан анчылык кылуу чектелген, айрым жерлерде алар корукка алынган. Биз көрүп жүргөн бакма эчки тоо эчкиден келип чыккан.