Тескей Ала-Тоо — түштүктөн Ысык-Көл ойдуңун камтыган, Кыргызстандын жана жарым-жартылай Казакстандын аймагындагы тоо кыркалары. Географиялык жактан Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун түндүгүндө.
Кыргыз ССРинин карталарында кырка тоо «Терскей Алатау» же «Терскей Ала-Тау» деп аталат. Бул ал кездеги орустардын жазганы болсо керек.
Ала-Тоо кыргызча «ак кар, көк муздуу, төмөн жагы көк шиберлүү, ала-була, түркүн-түстүү» же «карлуу тоолор» же «түбөлүк карлуу тоолор» дегенди билдирет. «Тескей» — «күн тийбеген (көлөкө) тарап» дегенди билдирет — түндүк экспозициянын капталдары.
Тоонун аталышы Ысык-Көл ойдуңунун түндүк бөлүгүндө жайгашкан, түштүк капталдары күн күн чубактуу болгон Күнгөй Ала-Тоо кырка тоосуна карама-каршы коюлат.
Тескей Ала-Тоо Кыргызстандын түндүк-чыгышында жайгашып, түштүктөн Ысык-Көл ойдуңун кошот. Анын кыркасы кеңдик багытта 375 километрге созулуп, Каракол шаарынын түштүк жагындагы жогорку бөлүгүндө деңиз деңгээлинен 5281 метр бийиктикке (Каракол чокусу) жетет. Түштүгүндө Жетим кырка тоосу жатат. Кырканын орточо бийиктиги болжолдуу 4500 м.
Тескей Ала-Тоо Жеңиш жана Хан-Теңири чокуларынын массивинен кийинки Тянь-Шандын экинчи ири мөңгү жаралуу борбору; жалпы аянты 1081 км² болуп, 1100гө жакын мөңгү бар.
Тескей Ала-Тоо мөңгү аянтынын жарымынан бир аз көбү Ысык-Көлгө караган түндүк капталдарына туура келет, мында ири мөңгү түйүндөрү Түргөн-Аксуу, Аксуу, Арашан, Каракол, Жети-Өгүз жана Коңурөлөңдүн дарыяларынын жогорку агымында жайгашкан.
Тескей Ала-Тоодо көптөгөн кооз жерлер бар: Алтын-Арашан, Барскоон, Жети-Өгүз, Каракол. Тескей Ала-Тоо ландшафттардын ар түрдүүлүгү менен көркөм. Бир күндө Ысык-Көлдүн өйдө жагында жайылып жаткан кызыл кумдуу аскаларды, жапайы токойлорду жана карлуу чокуларды көрүүгө болот. Ар бир капчыгай уникалдуу жана кайталангыс.