Окумуштуулар Ысык-Көл жайгашкан жерде мурда шаар болгонун аныкташат, көлдүн түбүнөн байыркы шаардын урандыларын табышкан. Бул Ысык-Көл жөнүндө уламыш мындайча айтылат.
Көлдүн ордунда чоң шаар болгон экен. Шаарды жана анын айланасын ач көз жана залим хан башкарып турган. Шаардын четиндеги бийик асканын үстүндөгү хандын ак сарайы анда кайдан көрүнүп турчу. Хандын байлыгына эсеп жеткис эле, бирок ал мындан да көп болсо деп ойлочу.
Шаардан жогору, чоң дайранын жээгинде жашаган кедейдин чүрөктөй сулуу кызы болуптур. Сулууга көп жигиттер ашык болушат, бирок ал эч кимге макул болбойт, себеби бир түнү уктап жатса, ак боз ат минген жигит ак булут астынан түшүп келет да, колуна шакек салат:
- Мени күт, бул шакек колунда турганда сага эч ким, эч нерсе кыла албайт, - дейт. Кыздын кабары акыры ханга да жетет, «алып келгиле» деп жигиттерин жиберет. Жигиттер кызга: - Хан чакырып жатат, тезинен биз менен жүр, - дешет. Ал макул болбойт, жигиттер кызды күч менен хан сарайына алып келишет. Кыз көзүн ачса, жанында анын жүзүнө, узун жибектей чачтарына, карагаттай көздөрүнө суктанып хан отурат.
Ал кызга кымбат кийимдерди, асыл буюмдарды сунуш кылат Сулуу анын баарынан баш тартат. Анткени, кыз колундагы жалгыз шакекти бүт дүйнөнүн алтын-күмүшүнө да алмаштырбайт болчу, ошондуктан «жок» дегенден башка сөз айтпайт. Жакшылыкча көндүрө албаган хан аны күч менен көндүрмөк болот. Кыз жек көрүндү хан менен жашагандан көрө өлүмдү артык көрөт да терезеден боюн таштайт.
Көз ирмемде сарайдын дубалдары туш-туштан урап, суу куюла баштайт. Суу уламдан-улам көбөйүп, акыры бүт шаарды каптап кетет. Шаардын ордуна кыздын көз жашындай таза жана тунук, жүрөгүндөй жылуу, сулуулугундай кооз көл пайда болот. Көлдүн үстүндөгү толкун кыздын узун чачтарын элестетет.
Жайкы жылуу түндөрдө ай тийип турган көл үстүнөн кыздын үнү угулат дешет. Ал эми тунук суунун астынан байыркы шаардын айрым элестери көрүнөт имиш.