Туризм - француз тилинен которгондо сейилдөө, сапарга чыгуу дегенди билдирет. Эгерде силер ар түрдүү элдердин жашоосу менен таанышып, жаңы аймактарды, байыркы эстеликтерди, көрүнүктүү адамдардын аттары менен байланышкан, белгилүү окуялар болгон тарыхый жерлерди көргүңөр келсе, - жолго чыгасыңар, демек, силер турист болосуңар. Туризм - бүгүнкү күндө адамдардын жашоосунун маанилүү бөлүгүнө айланды. Жылдын төрт мезгилинде мейли, кыш, жаз же күз болбосун миңдеген, миллиондогон туристтер дүйнөнүн төрт тарабына саякатка чыгышууда. Алар жаңы өлкөлөр, элдер, алардын кооз табияты, маданияты, тарыхы менен таанышууга кызыкдар! Кыргызстан - асман тиреген тоолору (аябай катуу айтылган сөз, чындыгында асман тиреген тоолоор гималайда, тагыраак айтканда асман тиребей эле жөн эле турат, болгону эң бийик чоку ошол жакта), бой тиреген карагай токойлору, шаркыратмалары, таза абасы жана суулары, керемет көлдөрү менен миңдеген туристтерди өзүнө тартууда. Өлкөнүн түштүгүндөгү кайталангыс Арстанбап жаңгак токою, Суусамыр жана Соңкөл жайлоосу, ажайып Ысыккөл жана Сарычелек көлдөрү, Улуу Жибек жолунда жайгашкан Сулайман Тоо, Бурана мунарасы, Өзгөн архитектуралык комплекси, Шах-Фазил күмбөзү, Таш-рабат кербен сарайы, Манас күмбөзү сыяктуу тарыхый-архитектуралык эстеликтери туристтердин кызыгуусун жаратып, эл аралык туризмди өнүктүрүүдө зор роль ойнойт. Бул багытта туризмди өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй түрлөрүн: тобокелдүү (экстремалдуу) альпинизм, тоо туризми, рафтинг, спелеология, тоо лыжасы, аңчылык, экотуризм жана башкалар, анын ичинде аңчылык туризмин өнүктүрүүгө басым жасалууда.

Туризмди өнүктүрүү мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү. Андан өлкөбүздүн экономикасын жогорулатуу үчүн каражат табууга болот. Келечекте, Кыргызстан, Египет, Кытай, Франция, Италия өлкөлөрү сыяктуу эл аралык туризмдин маанилүү очокторуна айлануусуна ишенич бар.

Туризм


Туризм - француз тилинен которгондо сейилдөө, сапарга чыгуу дегенди билдирет. Эгерде силер ар түрдүү элдердин жашоосу менен таанышып, жаңы аймактарды, байыркы эстеликтерди, көрүнүктүү адамдардын аттары менен байланышкан, белгилүү окуялар болгон тарыхый жерлерди көргүңөр келсе, - жолго чыгасыңар, демек, силер турист болосуңар. Туризм - бүгүнкү күндө адамдардын жашоосунун маанилүү бөлүгүнө айланды. Жылдын төрт мезгилинде мейли, кыш, жаз же күз болбосун миңдеген, миллиондогон туристтер дүйнөнүн төрт тарабына саякатка чыгышууда. Алар жаңы өлкөлөр, элдер, алардын кооз табияты, маданияты, тарыхы менен таанышууга кызыкдар! Кыргызстан - асман тиреген тоолору (аябай катуу айтылган сөз, чындыгында асман тиреген тоолоор гималайда, тагыраак айтканда асман тиребей эле жөн эле турат, болгону эң бийик чоку ошол жакта),…
Макала көлөмү орточо: 1 барак (А4)

Толук маалымат менен таанышуу, ошондой эле сайттагы бардык макалаларга мүмкүндүк алуу үчүн баалар: 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 9901, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22

Талант
Мыкты, пайдалуу макалалар бар экен