Аккуу - алп жана күчтүү куштардын бири, ал байыртадан эле сулуулук менен сүйүүнүн, тазалык менен назиктиктин символу катары айтылып келет. Аккуу жомоктордо жана дастандарда да даңазаланган. Аккуунун өлүмү тууралуу уламыш да бар. Ал сайроочу куштарга кирбейт. Ышылдак аккуу каркылдай алат, ал эми күркүлдөк аккуу сурнай үнүндөй салтанаттуу үн салат. Аккуунун үнүн жазында түндүктү көздөй учуп өткөндө угуу өтө жагымдуу. Апрелдин көпкөк асманында аккуулардын учуп бара жатышы - эсте каларлык ажайып көрүнүш. Түнт токойдогу обочо көлмөдө сүзүп жүргөн аккуу андан да кооз, сулуу көрүнөт. Ал сууда жеңил каалгып сүзүп баратканда алдындагы сууда анын сөлөкөтү чагылып, сүзүп баратып чукул бурулганда артында жылтырак толкун калат, сууга чумкуганда сууну шарпылдата чайпалтат, канатын күүлөп, абаны как жара көккө көтөрүлөт. Аккуу обочо, адам бара алгыс көлдөргө, жыш камышка уя салат.
Бул өтө сезимтал, сак куш. Балапандарын ата-энеси биргелешип чоңойтот. Аккуу колго тез үйрөнөт, зоологиялык бакта Австралия кара куусу менен ынтымактуу жашай берет. Аккуу - кооз жана азыр сейрек кездешүүчү табияттын сулуулугу, ага анчылык кылууга Кыргызстанда тыюу салынган.