Бакма өрдөктөр даамдуу эти, жумшак мамык жүнү, катуу тал канаттары менен бааланат. Бизде бакма өрдөктөрдүн көптөгөн породалары багылат. Айрыкча Москва ак өрдөгү, пекин ак өрдөгү, украин боз өрдөгү жана Харьков ак төш кара өрдөктөрү белгилүү. Өрдөктөр - суучул канаттуулар, ошондуктан алар жылдын жылуу мезгилинде жасалма көлмөлөрдөн, көлдөрдөн жана шалы талааларынан өздөрү жем таап жеп, суу ичине чанда гана чумкушат. Куйругун соройто, башы менен гана чумкуп, калак тумшугу менен суу түбүнөн азыгын алып жейт. Качан гана көлмөлөр тоңгон мезгилде өрдөктөрдү үйдө тамак-аш калдыктары, дан жана башкалар менен багышат. Өрдөктөрдү багып өстүрүү пайдалуу. Алар бат жетилет, 70 күндүн ичинде салмагы 3-4 килограммга чейин жетет. Бакма өрдөктөр жапайы өрдөктөн келип чыккан.

Кайырма, сонолор башка жапайы өрдөктөр (боз өрдөк, кыл куйрук өрдөк, калак тумшук өрдөк, чүрөк, чыбырчык өрдөк) сыяктуу эле көлмөлөрдө жашайт. Европанын, Азиянын, Түштүк Американын дээрлик бардык өлкөлөрүндө уялайт. Жапайы өрдөктүн ургаачысы - соносу эрте жазда 8, 11 жумуртка тууйт. Балапандары жумурткадан чыгып кургаары менен эле кургакта тез жөргөлөп, сууда сүзөт, чумкуй да алат. Жапайы өрдөк негизинен суу өсүмдүктөрү, курт-кумурска, моллюскалар менен азыктанат.

Өрдөк


Бакма өрдөктөр даамдуу эти, жумшак мамык жүнү, катуу тал канаттары менен бааланат. Бизде бакма өрдөктөрдүн көптөгөн породалары багылат. Айрыкча Москва ак өрдөгү, пекин ак өрдөгү, украин боз өрдөгү жана Харьков ак төш кара өрдөктөрү белгилүү. Өрдөктөр - суучул канаттуулар, ошондуктан алар жылдын жылуу мезгилинде жасалма көлмөлөрдөн, көлдөрдөн жана шалы талааларынан өздөрү жем таап жеп, суу ичине чанда гана чумкушат. Куйругун соройто, башы менен гана чумкуп, калак тумшугу менен суу түбүнөн азыгын алып жейт. Качан гана көлмөлөр тоңгон мезгилде өрдөктөрдү үйдө тамак-аш калдыктары, дан жана башкалар менен багышат. Өрдөктөрдү багып өстүрүү пайдалуу. Алар бат жетилет, 70 күндүн ичинде салмагы 3-4 килограммга чейин жетет. Бакма өрдөктөр жапайы өрдөктөн келип чыккан. Кайырма, сонолор башка жапайы өрдөктөр (боз өрдөк,…
Макала көлөмү орточо: 1 барак (А4)

Макала менен таанышуу үчүн баалар, 24 саатка (1 суткага) мүмкүндүк - 100 сом, 1 жумага - 200сом, 30 күнгө - 500 сом. Мүмкүндүк бардык макалаларга ачылат. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан маалымат менен тез таанышуу үчүн 0704286361 вотсап номерине жазыңыз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1330, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22