Ысык-көл району — Ысык-Көл облусуна таандык болгон Кыргызстандын административдик аймагы. 1930-жылдарда уюшулган. Батышынан Тоң, чыгышынан Түп райондору, түндүгүнөн Кемин району жана Казак Республикасы менен чектешип, түштүгүнөн Ысык-Көл чулгайт.
Борбору Чолпон-Ата шаары. Райондун аймагында 12 айыл аймак, 30 айыл бар. Төмөндө айылдар жана айыл аймактар берилмекчи (2023).
Көл өрөөнүнүн түндүк бөлүгүн, Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталын ээлейт. Жеринин бети тоолу, тоо этеги адырлуу болуп, көл жээгиндеги түздүктөргө туура келет. Эң бийик жери 4770 м. Чок-Тал чокусу болуп саналат. Кең байлыктары: молибден, вольфрам, жез, курулуш материалдары, минералдуу суулар, дары баткактар ошондой эле Кичи-Ак-Суу, Долоноту, Карагай-Булак, Чок-Тал, Чолпон-Ата, Чоң-өрүктү, Тору-Айгыр ж. б. суулар агат. Жаныбарлар дүйнөсү ар түрдүү: кыргоол, коён, саздак жерлерди ак кытан жана токой чулдугу мекендейт.
Токойлорунда түлкү, элик, сүлөөсүн, аюу, карышкыр, кашкулак, тоолорунда тоо теке, илбирс, аркар, улар ж. б. учурайт. Күз мезгилинде Казакстандан, Сибирден көп суучул куштар (ак куу, каз, өрдөк) келип Ысык-Көлдө кышташат.
Көлдүн жээк бөлүктөрүн Ысык-Көл мамлекеттик коругу ээлейт. Ысык-Көл районунун экономикалык негизин курорт чарбасы жана айыл чарбасы түзөт. Райондо механикалаштырылган токой чарбасы жана калкты турмуш тиричилик жактан тейлөөчү кичи ишканалар жана кооперативдер бар. Балыкчылык өнүккөн. Уян жана чала уян жүндүү кой, уй, жылкы багылат. Дан эгиндери, тоют өсүмдүктөрү, картошка, жашылча айдалат. Ошондой эле асыл тукум таза кандуу жылкы багылат. Ысык-Көл облусу боюнча бардык курорт-дарылоо мекемелеринин 80 пайызы ушул райондун аймагында жайгашкан.