Ак-Cуу району — Ысык-Көл облусуна караштуу район, 1973-жылдын 13-апрелинде уюшулган. Түндүгүнөн Түп району, батышы менен түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Жети-Өгүз району, түндүк-чыгышынан Казакстан жана түштүк-чыгышынан Кытай Эл Республикасы менен чектешет.
Аянты 10,1 миң чарчы/км. Калкы 58,3 миң (1993). Райондо 13 айыл өкмөтү, 45 айыл, 1 шаар тибиндеги айыл бар. Аймагында Каракол ш., Жыргалаң жана Пристань-Пржевальск шаарчалары жайгашкан.
Ак-Суу району | |
---|---|
Координаталар | 42°29′ түндүк кеңдик жана 78°24′ чыгыш узундук |
Өлкө | Кыргызстан |
Облус | Ысык-Көл облусу |
Адм. борбор | Ак-Суу айылы |
Абалы | Облусттук район |
Негизделиши | 13-апрель, 1973-жыл |
Аянты | 9917 чарчы км |
Саат алкагы | UTC+6 |
Калкы | 63 686 адам (2009) |
Калкы | 63 686 адам (2009) |
Конфессиялар | мусулмандар, христиандар |
Жеринин бети тоолуу; Кан-Теңир тоо тоомунун (Жеңиш чокусу, бийикт, 7439 м) батыш бөлүгүн, Сары-Жаз суусунун алабын, Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүн, Тасма дөңсөөсүнүн чыгыш капталын (бийиктиги 1800—2400 м) жана Жыргалаң өрөөнүн ээлейт. Кен байлыктардан көмүр, коргошун, калай, кайнатма туз, курулуш материалдары бар. Минералдуу ысык сууларга (Алтын-Арашан, Ак-Суу, Жыргалаң) бай.
Климаты мелүүн континенттик (Ак-Суу сырттарында кескин континенттик). Июлдун орточо температурасы 14—17 °С, январдыкы —5 ... —7°Сге чейин (сырттарында июлдуку 10,8°С, январдыкы —19,6°Сге чейин). Жылдык жаан-чачыны 450—700 мм (сырттарында 250 мм). Кан-Теңир тоо тоому мөңгүлүү (ирилери: түндүк жана түштүк Эңилчек, Кайыңды жана башкалар). Ири суулары: Сары-Жаз, Жыргалаң, Түргөн-Ак-Суу, Каракол жана башкалар Тоолорунда көл (Мерцебахер жана башкалар) көп. Кыртышы 2400 м бийиктикке чейин ачык жана кара коңур топурактуу, андан жогору тоолуу талаа кара топурагы таралган.
Тоо этектери күр топурактуу. Сугат жана кайрак жер дыйканчылыгы өнүккөн. 2000—3000 м бийикте карагай токою жана бадал өсөт; субальп шалбаасы чабынды жана жайыт катары пайдаланылат. 2500—3000 метрден жогору альп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт.
3500—4000 м бийиктикте түбөлүк кар жана мөңгү жатат. Тоолору жайыт, өрөөнү кыштоо катары пайдаланылат. Жаныбарлары: тоо эчки, бугу, аюу, доңуз, илбирс, карышкыр, суур, түлкү, кашкулак, коён; куштардан: кыргоол, маңка каз, кекилик, бүркүт жана башкалар кездешет.
Калкы көп улуттуу. Негизинен кыргыз (2009-жылдагы эл каттоо боюнча 88,5 % же 56369 адам), орус, калмак, украин, өзбек, уйгур, казак, дуңган жана башкалар жашайт. Калк райондун түндүк (түзөң) бөлүгүндө жышыраак. Орточо жыштык 1 чарчы км 1 жерге 7 киши. Шаар калкы негизинен Жыргалаң жана Пристань-Пржевальск шаарчасында топтолгон.
Эл чарбасынын негизин айыл чарба түзөт. Өнөр жай анча өнүккөн эмес. Райондун аймагында жергиликтүү маанидеги «Жыргалаң» шахтасы, Каракол механикалаштырылган токой чарбасы жана турмуш тиричилик жактан тейлөө комбинаты бар. Калай, коргошун жана башка түстүү металл кендери чыгат. Табигый климаттык шарттары уяң жана чала уяң жүндүү кой, эт-сүт багытындагы уй, жылкы, аары, үй куш чарбаларын өнүктүрүүгө; картөшкө, эгин жана тоют өсүмдүктөрүнөн мол түшүм алууга ыңгайлуу. Райондо айыл чарбасынан алынган дүң өндүрүмүнүн 57,0 % мал чарбасы берет. Облуста алынган жалпы айыл чарба дүң өндүрүмүнүн 11,4 % райондун үлүшүнө таандык. Райондо 2 колхоз, 10 совхоз, 3 адистештирилген чарба бар. 1993-жылы райондо айыл чарбага жарактуу 349,5 миң га жери (райондун жеринин 35,2 %), анын 46,6 миң гектары айдоо (райондун айыл чарба жеринин 13,4 %), 13 миң га көп жылдык мөмө-жемиш өсүмдүктөр, 2,9 миң га чабынды, 28 миң га жайыт болгон. Дан эгиндери 13,6 миң га (айдоо аянтынын 38,4 %), тоют өсүмдүктөрү 86 миң га (55 %) жерге эгилет (1993).
Картөшкө (1,9 миң га), жашылча (26 га) айдалат. 1992-жылы райондун чарбалары 56,3 миң тонна эгин, 27,1 миң т картөшкө өстүрүшкөн. 1993-жылы 1-январга карата коомдук чарбаларда 191,2 миң — кой, эчки, 22,6 миң — уй (сааны 6,3 миң), 4,8 миң — жылкы, 2,0 миң — чочко, 15,6 миң — үй куштары болгон.
Райондо автомобиль транспортуна негизги роль таандык. Каракол аэропорту бар. Элге билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо, 1992/93 окуу жылында 36 жалпы билим берүүчү мектепте (Каракол шаарынан башка) 12793төн ашык окуучу окуган; 1 кесиптик техникалык окуу жайы иштейт. 28 бала бакча үйлөрүндө 2,5 миң бала тарбияланган. 1993-жылы Ак-Суу борборлоштурулган китепканасы (39,2 бөлүмү бар), маданият үйү иштеген. Райондук «Мезгил жарчысы» гезити кыргыз, орус тилинде чыгат (1993). Райондук оорукана (бейтапканасы менен), 3 участкалык оорукана, балдардын неврологиялык санаторийи (105 орундуу) жана башкалар медициналык-санаториялык мекемелер, Ак-Суу курорту бар.
Ак-Суу айылы. Калкы 58,3 миң (1993).
Ак-Булак — Ак-Булуң айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 34 км чыгыш тарапта. 1924-жылы негизделген. Калкы 1604 (1993). Орто мектеп, клуб, фельдшер-акушердик пункт бар.
Ак-Булуң аты уйкаш айыл кеңешинин борбору Каракол-Жыргалаң авто жолунун боюнда жайгашкан. Ак-Суу айылынан 35 км чыгыш тарапта. 1922-жылы негизделген. Калкы 1740 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, санитария врачтык амбулатория, фельдшер-акушердик пункт, Ыбырай Тумановдун үй музейи бар.
Бирлик — Челпек айыл кеңешине караштуу айыл. «Челпек» агрофирмасынын (1991-жылга чейин «Ысык-Көл» тажрыйба селекция станциясы деп аталган) аймагында. Ак-Суу айылынан 15 км батыш тарапта, Каракол шаарынан 4 км. Калкы 125 (1993).
Боз-Булуң — Бөрү-Баш айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 18 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 998 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, бала бакча бар.
Боз-Учук — аты уйкаш айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 21 км чыгыш тарапта. Каракол шаарынан 31 км. Калкы 3050 (1993). Орто мектеп, участкалык оорукана, фельдшер-акушердик пункт, дарыкана, кийим тигүү комбинатынын бөлүмү, Боз-Учук соода-өндүрүш фирмасы, сүт заводунун бөлүмү, «Алтын-Булак» дарылоочу жайы, маданият үйү, клуб бар.
Бөрү-Баш — аты уйкаш айыл кеңешинин борбору. Ак-Суу айылынан 15 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 1577 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, маданият үйү, бала бакча бар. Айылда Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Абдулаев туулган.
Бурма-Суу — Челпек айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 14 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 1368 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, клуб бар.
Жаңы-Арык — Кара-Жал айыл кеңешине караштуу айыл. Каракол шаарынын түндүк-чыгышында, Каракол-Балыкчы авто жолунун боюнда жайгашкан. Ак-Суу айылынан 14 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 1368(1993). Орто мектеп, клуб бар.
Жергез — Кереге-Таш айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 20 км чыгыш тарапта. Калкы 748 (1993). Китепкана бар.
Жол-Колот — Октябрь айыл кеңешине караштуу айыл. Каракол шаарынын түштүк четинде орун алган. Теплоключенка (Ак-Суу) айылынан 8 км батыш тарапта. Калкы 2189 (1993). Орто мектеп, клуб бар.
Жылдыз — Каракол айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айлынан 28 км түндүк тарапта. Калкы 685 (1993). Негизги мектеп, бала бакча, клуб, китепкана бар.
3ындан — Ак-Булуң айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 35 км чыгыш тарапта. Калкы 950 (1993). Мектеп, бала бакча, клуб бар.
Ичке-Жергез — Боз-Учук айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 20 км чыгыш тарапта. Калкы 2000 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, бала бакча бар. Айылда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Ж. Үмөтов, Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Кадыров туулган.
Кайырма-Арык — Кереге-Таш айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 12 км чыгыш тарапта жайгашкан. Калкы 1070 (1993). Орто мектеп, бала бакча, бар.
Кара-Жал — аты уйкаш айыл кеңешинин борбору. Ак-Суу айылынан 12 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 125 (1993).
Каракол — аты уйкаш айыл кеңешинин борбору. Ак-Суу айылынан 18 км түндүк тарапта. Калкы 1660(1993). Орто мектеп, оорукана (70 орундуу), дарыкана, фельдшер-акушердик пункт, маданият үйү, китепкана, тери иштетүүчү жеке ишканасы бар.
Кара-Кыз (2010-жылга чейин Пионер) — Кереге-Таш айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 15 км чыгыш тарапта. Калкы 325 (1993).
Качыбек (муруңку Раздольный) — Ак-Чий (муруңку Соколовка) айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 25 км түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 790 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, клуб бар.
Кереге-Таш — аты уйкаш айыл кеңешинин борбору. Ак-Суу айылынан 3 км чыгыш тарапта жайгашкан. Калкы 2410 (1993). Орто мектеп, бала бакча, китепкана, маданият үйү бар. Айылда Кыдыр аке, академик жылы Алышбаев туулган.
Курбу — Каракол айыл кеңешине караштуу айыл. Райондун борборунан 25 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 670 (1993). Негизги мектеп, клуб, китепкана бар.
Кызыл-Кыя — Ак-Чий айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 30 км түндүк-чыгыш тарапта.
Лесной — Ак-Суу айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айлынан 2 км түштүк тарапта. Каракол шаарынан 9 км чыгыш тарапта.
Маман — Октябрь айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 6 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 1700 (1993). Орто мектеп, бала бакча, АТС, клуб, турмуш тиричилик жактан тейлөө бөлүмчөсү бар.
Орлиный (Чолок) — аты уйкаш айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 19 км түндүк тарапта. 1911-жылы негизделген. Калкы 800 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар. Орлиный айылында Социалисттик Эмгектин Баатыры Т. А. Довгаль туулган.
Отрадный — аты уйкаш айыл кеңешинин борбору. Ак-Суу айылынан 24 км түндүк-чыгыш тарапта. 1911-жылы негизделген. Калкы 1712 (1993). Айылда орто мектеп, маданият үйү, китепкана, бейтапкана, бала бакча бар.
Отуз-Уул — Кара-Жал айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 7 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 1000 (1993). Орто мектеп, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар. Советтик Союздун Баатыры Ж. Асаналиев атындагы орто мектеп жана көчө бар.
Сары-Камыш — Кереге-Таш айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 7 км чыгыш тарапта. Калкы 1640 (1993). Орто мектеп, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт, клуб, китепкана бар.
Совет — Ак-Чий айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 48 км түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 732 (1993). Айылда негизги мектеп, бала бакча, медпункт, клуб, китепкана бар.
Соколовка — Ак-Чий айыл кеңешинин борбору (1993-жылдан). Ак-Суу айылынан 30 км түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 1336 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, санитария врачтык амбулатория, китепкана, клуб бар.
Таш-Кыя — Челпек айыл кеңешине караштуу айыл. Каракол шаарына туташ жайгашкан. Ак-Суу айылынан 13 км түштүк-батыш тарапта. Калкы 1513 (1993). Башталгыч мектеп бар.
Тегизчил — Кара-Жал айыл кеңешинин борбору Каракол - Түп авто жолунун чыгыш тарабында жайгашкан. Ак-Суу айылынан 11 км түндүк-батыш тарапта. 1910-жылы негизделген. Калкы 1200 (1993). Орто мектеп, токой чарбасы, «Жыргалаң» санаторийи, фельдшер-акушердик пункт, бейтапкана, маданият үйү, клуб бар.
Тепке — аты уйкаш айыл кеңешинин борбору, 1987-жылы уюшулган. Ак-Суу айылынан 28 км түндүк тарапта. Калкы 810 (1993). Орто мектеп, клуб, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, бала бакча бар. Айылда Кыргыз эл жазуучусу К. Жантөшев.
Үч-Кайнар — Кара-Жал айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 7 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 890 (1993). Бала бакча, китепкана бар.
Челпек — аты уйкаш айыл кеңешинин борбору. Челпек айылы 1884-жылы негизделген. Ак-Суу айылынан 15 км батыш тарапта, Каракол шаарынан 4 км. Калкы 1500 (1993). Орто мектеп, клуб, санитария врачтык амбулатория, бут кийим, кийим тигүүчү цехтер, арак-вино заводу, тери цехи, зоналык агрохимлаборатория бар.
Черик — Бөрү-Баш айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 20 км батыш тарапта.
Чолпон — Каракол айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 21 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 1340 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, клуб бар.
Шапак — Отрадный айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 26 км түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 816 (1993). Орто мектеп, клуб, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар. Айылдын батышындагы көрүстөнгө 1992-жылы Шапак баатырдын күмбөзү салынган.
Энчилеш — Боз-Учук айыл кеңешине караштуу айыл. Ак-Суу айылынан 30 км чыгыш тарапта. 1900-жылы негизделген. Калкы 1003 (1993). Орто мектеп, китепкана, бала бакча жана айылдын аймагындагы Боз-Учук капчыгайында «Алтын-Булак» жылуу суусу бар.
Эңилчек — Аты уйкаш айыл кеңешинин борбору Сары-Жаз өрөөнүндө, Эңилчек суусунун Сары-Жазга куйган жерине жакын жайгашкан. Ак-Суу айылынан 165 км түштүк-чыгыш тарапта. Калкы 1358 (1993). Орто мектеп, китепкана, амбулатория бар.
Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Алмалы жана Алтын Арашан сууларынын өрөөндөрүнөн орун алган, Ак-Суу районунун аймагында. Чыгышынан Ичке-Жергез, Буркан, батышынан Каракол, Жыланды тоолору менен чектешет. Узундугу 60 км, туурасы 0,02— 2,5км, орточо бийиктиги 2000—3900 м. жогорку бөлүгү мөңгүлүү, зоолуу, ортосу кенен, төмөн жагы кууш капчыгай.
Гранит, кумдук, акиташ тектеринен турат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы —5°С ... —9°С, июлдуку 20-25°Сдей. Жылдык жаан-чачыны 500-800 мм. Мөңгүлөрү: Кашка-Суу, Алтын Арашан, Ашуу-Суу, Алмалы жана башкалар Ири суулары: Алтын-Арашан, Алмалы жана алардын куймалары: Ашуу-Суу, Кашка Суу, Шаркыратма, Айланма. Кыртышы боз, күрөң жана шалбаа топурактуу. Өсүмдүктөрдөн карагай, арча, табылгы, четин, шилби, терек, тал, ит мурун жана бадал өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарлары: тоо эчки, түлкү, карышкыр, аюу, кашкулак, илбирс, суур, чөө; куштардан: алагүү, көк көгүчкөн, кекилик, улар, чил, карга, жору, бүркүт, кузгун, бактек жана башкалар кездешет. Жайыт катары пайдаланылат. Ак-Суу өрөөнүндө ысык булактар жайгашкандыктан Ак-Суу суусунун жээгинде курорт жана эмгекчилер эс алуучу жайлар бар.
1973-жылы Түп сугат тармактар башкармасынын базасында түзүлгөн. 1993-жылы райондун 42716 га жери, анын ичинде 2 колхоздун, 10 совхоздун жери жалпы узундугу 958 км каналдардын жана 561 гидротехникалык курулмалардын (анын ичинде 9 гидравликалык автоматтык жапкыч) жардамы менен сугарылат. Эң ири сугат системалары Каракол, Ак-Суу-Арашан, Түргөн, Жыргалаң, Кургак-Арал сууларына, ошондой эле Кереге-Таш, Сары-Камыш, Чоң-Жергез, Ичке-Жергез, Боз-Учук, Челпек айылдарындагы кичине сууларга курулган.
Жылына сугатка 450 млн метр/куб суу чыгымдалат. Эң ири каналы - Комсомол (Жыргалаң суусунан башталат, узундугу 72 км, чыгымы 14 м/сек). Ирригациялык курулмалар райондук сугат тармактар башкармасына (Теплоключенка [Ак-Суу] айылында) карайт. 115 киши иштейт (1993).
Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жашаган бугу уруусу Россиянын курамына бириктирилгенден кийин россиялык колониалдык администрация 1864-жылы Ак-Суунун боюна курган. Өрөөндү колониялаштыруунун алгачкы таяныч пункту болгон. Анда туруктуу гарнизон кармалган.
Чеп Ысык-Көл уездин башкаруу борборуна айланган. 1868-жылдан анын айланасына келгин дыйкандар отурукташа баштаган. 1869-жылы жайында Каракол шаары негизделип, ушул эле жылдын күзүндө Ак-Суу чебиндеги гарнизон Караколго көчүрүлгөн. Ушундан тарта Каракол Ысык-Көл уездинин борборуна айланат да, Ак-Суу чеби өз маанисин жоготот. Чептин айланасында Теплоключенка (Ак-Суу) айылы өсүп чыккан.