Нарын облусу — Кыргызстандын борбордук бөлүгүндөгү административдик аймак. Ички Тянь-Шан тоолорунун өрөөндөрүн жана каптал беттерин ээлейт. Кыргызстандын эң чоң облусу, ошол эле убакта калк эң аз отурукташкан.
Кыргызстандын түштүк-чыгышында жайгашып, Нарын облусу официалдуу түрдө 1970-жылдын 11-декабрында негизделип, Кыргыз Республикасынын борбордук бөлүгүн ээлейт. Алгачкы жолу 1939-жылдын 21-ноябрында Тянь-Шань облусу болуп негизделген. Түштүгүнөн — Кытай, түштүк-батышынан Ош жана Жалал-абад облустары, түндүгүнөн — Чүй облусу, түндүк-чыгышынан жана чыгышынан Ысык-Көл облусу менен чектешет. Аянты 44 160 чарчы км (анын ичинде аянты 283 чарчы км болгон Соң-Көл көлү дагы). Болжолдуу Кыргызстандын төртөн бир бөлүгүн түзөт. Калктын орточо жыштыгы 1 чарчы километрге 7 адам туура келет. Ошондой эле, Нарын облусу өлкөнүн суу запастарын көпчүлүгүн ээлейт. Аталышы кыргыздын Нарын тамагына байланыштуу делет.
Нарын облусу | |
---|---|
Нарын облусунун желеги (25-декабрь, 2015-жыл) | Нарын облусунун герби (24-декабрь, 2015-жыл) |
Өлкө | Кыргызстан |
Административдик борбору | Нарын шаары |
Аянты | 44 160 км2 |
Калкынын саны | 312 068 адам (2024, январь) |
Стационардык телефон коду | +996 3722 |
Нарын шаарындагы архитектуралык жасалга
1944-жылы Нарын облусунда Куланак жана Чолпон райондору калыптанып, 1958-жылы Куланак району, 1956-жылы Чолпон району жоюлган.
1962-жылдын 30-декабрында Тянь-Шан облусу жоюлган. Облусту түзгөн райондор Кыргыз ССРинин түздөн-түз баш ийүүсүнө өткөн. Ошону менен бирге Жумгал жана Тогуз-Торо райондору жоюлган.
Кайрадан Нарын облусу болуп 1970-жылдын 11-декабрында калыптанып, өзүнө Нарын шаарын жана Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Корчкор, Тогуз-Торо жана Тянь-Шан райондорун камтыган. 1988-жылдын 5-октябрында Кыргыз ССРинин аймактык бөлүштүрүүсүн чоңойтууда Ысык-Көл облусу менен бириктирилип, акыркысынын аталышын алган. Ошону менен бирге Тогуз-Торо району Ош облусунун курамына берилген.
1990-жылдын 14-декабрында «Кыргыз ССРинин облустук бөлүштүрүүсүн жакшыртуу жана жаңы облустарды калыптандыруу» мыйзамына ылайык кайрадан Нарын облусу болуп калыптанган.
1992-жылдын 5-мартында Жумгал районунун Суусамыр айылдын кеңешинен Суусамыр району негизделген (борбору Суусамыр айылы), ал эки жылдан кийин, тагыраагы 1994-жылдын 28-майында Чүй облусунун курамына берилген.
2004-жылдын 24-июнунда Тянь-Шан району Нарын болуп аты өзгөртүлүп, ал эми облустун борбору Нарын шаары, Нарын районунун курамынан чыгарылып, облустук баш ийүүгө өткөн.
Нарын облусу 5 район жана 1 облустук башкаруудагы шаардан турат:
Облуста бир шаар, 63 айыл аймагы жана 144 айыл пунтулары бар (2024, январь). Калкынын саны 312 068 адам, анын ичинде: Нарын шаары — 42 364, Ак-Талаа району — 34 694, Ат-Башы району — 61 907, Жумгал району — 49 237, Кочкор району — 70 184, Нарын району — 53 682 (2024). Административдик борбору — Нарын шаары.
Нарын облусу — кыргыздардын XV —XVIII кылымдарда Алтай жана Энесайдан көчүп келгенден бери облустун көпчүлүгүн кыргыздар түзүп келет.
2024-жылдын 1-январына карата облуста 312,1 миң жашоочу болгон. Облус бийик тоолуу аймак болуп, калк жайгашуунун жыштыгы төмөн (1 км2 ~ 7 адам). Облуска жогорку төрөмдүүлүк, төмөн өлүмдүүлүк, жогорку табигый өсүү жана миграциянын жогорку деңгээли мүнөздүү.
Нарын облусун моноэтникалык деп койсо да болот, анткени калкынын көбүн кыргыздар түзөт. Бирок, жыл өткөн сайын бул көрсөткүч өзгөрүүдө. Облус калкынын этникалык курамы кийинкидей:
1989-жыл году | % | 1999 | % | 2009 | % | |
---|---|---|---|---|---|---|
бардыгы | 247 931 | 100,00% | 249 115 | 100,00% | 257 768 | 100,00% |
Кыргыздар | 240 726 | 97,09% | 245 924 | 98,72% | 255 799 | 99,24% |
Өзбектер | 1 345 | 0,54% | 863 | 0,35% | 568 | 0,22% |
Дунгандар | 492 | 0,20% | 399 | 0,16% | 429 | 0,17% |
Уйгурлар | 609 | 0,25% | 527 | 0,21% | 339 | 0,13% |
Казактар | 470 | 0,19% | 294 | 0,12% | 215 | 0,08% |
Орустар | 2 919 | 1,18% | 647 | 0,26% | 157 | 0,06% |
Татарлар | 406 | 0,16% | 252 | 0,10% | 153 | 0,06% |
Украиндер | 362 | 0,15% | 63 | 0,03% | 23 | 0,01% |
Түрктөр | 2 | 0,00% | 30 | 0,01% | 15 | 0,01% |
Түркмөндөр | 31 | 0,01% | 16 | 0,01% | 12 | 0,00% |
Башкырлар | 34 | 0,01% | 14 | 0,01% | 8 | 0,00% |
Немистер | 68 | 0,03% | 19 | 0,01% | 2 | 0,00% |
башкалар | 467 | 0,19% | 67 | 0,03% | 48 | 0,02% |
Нарын облусунда төрөлгөн белгилүү адамдардын айрымдары: Омуралиев Кенжебек, Чолпонбек Базарбаев, Муратбек Рыскулов, Калый Молдобасанов, Карпек Курманов ж. б.
Облус тоолуу аймакта жайгашканына байланыштуу, рельефи татаал келип, аймактын 95% деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте, аймактын 70% тоо кыркалары ээлейт. Алардын эң ирилери: Какшаал (узундугу 582 км созулган эң ири тоо кыркасы, Кытай жана Кыргызстанды бөлүп турат), Ат-Башы, Нарын, Жетим, Молдо-Тоо, Суусамыр.
Облустагы тоо системасы өзүнө бийик (Ак-Сай, Арпа, Ат-Башы-Каракоюн, Чатыр-Көл, Соң-Көл) жана орто тоолуу (Джумгал, Кочкор, Миң-Куш, Орто Нарын) субкеңдиктүү созулган тоо ойдуңдарынын кезектешүүсүн, ошондой эле, аны курчаган, Молдо-Тоо, Джумгал-Тоо, Ат-Башы, Жаман-Тоо, Нарын-Тоо, Соң-Көл Тоо, Торугарт-Тоо, Какшаал-Тоо кыркаларынан турган тоо системасын камтыйт.
Ойдуңдардын түбүнүн абсолюттук бийиктиги ар кандай: бийик тоолуу өрөөндөрдө деңиз деңгээлинен 3000 метрден 3800 метрге чейин, орто тоолуу аймактарда — 1500 метрден 2600 метрге чейин. Кыркалардын орточо бийиктиги 3600 метрден 4500 метрге чейин вариацияланат. Өзүнчө чокулардын чекиттери 5100 метрден жогору. Эң бийик жери — Данкова чокусу (5982 метр). Тоо кыркалары көптөгөн өрөөндөр менен бөлүнүп турат.
Тоо арасындагы өрөөндөр өз ара каньон сымал терең капчыгайлар менен кошулган (диагоналдуу кошулмалар менен бөлүнгөн) аймактарды элестетет. Чыгыштан батышты карай рельефтин бөлүк-бөлүк болуусу күчөйт. Облустун чыгыш бөлүгү жантайма-дөңсөөлүү мөңгүлүү бийик тоолуу көлдөрү бар сырт беттердин өнүгүүсү менен мүнөздөлөт. Рельефтин бийиктиктик алкатуулугу бир нече табигый алкактарды калыптандырат: чөл жана жарым чөлдөн тарта альпы алкактарына чейин.
Өрөөндөрдүн ириси — Нарын өрөөнү. Ак-Шыйрак тоо кыркасы Нарын өрөөнүн экиге бөлүп турат: Алабуга жана Тогуз-Торо болуп. Ат-Башы тоо кыркасынын түштүгүндө Аксай жана Чатыр-Көл өрөөндөрү жайгашкан, батышында Арпа өрөөнү. Байбиче-Тоо, Жаман-Тоо, Ак-Шыйрак, Ала-Мышык тоолоруна чукул жантаймалар, кыска капчыгайлар мүнөздүү. Облустун түндүгүндө Кара-Жорго, Соң-Көл, Кабак, Жумгал тоо кыркалары жана тоо аралык Жумгал, Кочкор өрөөндөрү орун алган.
Нарын облусунун негизги дарыялары катары Сыр-Дарыя бассейнинин дарыялары саналат, алар: Чоң Нарын жана Кичи Нарын дарыялары, алардын кошулуусунан пайда болгон Нарын дарыясы, ошондой эле, анын сол куймалары; Ат-Башы, Терек, Жаман-Даван, Ала-Буга дарыялары; оң куймалары Он-Арча, Көкжерти, Көкөмерен жана анын кумасы Жумгал дарыясы. Чу дарыясынын бассейниндеги дарыялар: Кочкор, Кара-Кужур, Чыгыш Сеок жана Каракол, Жоон-Арык. Кошумча Тарим бассейнинин дарыясы — Ак-Сай. Нарын облусунун аймагында эки ири көл бар: Соң-Көл жана Чатыр-Көл. Булар, тектоникалык чуңкурларда жайгашкан.
Айтылгандай эле суулары Сырдарыя, Тарима, Чу бассейнинин дарыяларына жана Чатыр-Көл көлүнө куят. Эң ири Нарын дарыясы, облус аймагындагы узундугу 400 км ашык. Нарын дарыясынын негизги булактары Чоң жана Кичи Нарын, Он-Арча, Ат-Башы, Алабуга, Көк-Ирим, Көкөмерен суулары. Чу дарыясы Жоон-Арык жана Кочкор дарыяларынын кошулуусунан пайда болот.
Нарын дарыясы Кыргызстан жана Өзбекстандын аймактары аркылуу өтөт. Кара-Дарыя менен кошулуп Сырдарыяны түзөт. Дарыянын узундугу 807 км (облус ичинде 400 км), бассейн аянты 59,9 миң чарчы км. Таш-Көмүр, Нарын, Үч коргон шаарлары аркылуу өтөт. Баш жагында аянты 91023,5 гектар болгон Нарын мамлекеттик коругу орун алган. Нарын дарыясынын болжолдуу 15% Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат, калганы Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өтөт. Жылпы суу энергиясынын запасы боюнча Волга дарыясына жакын, Волга дарыясы 6,20 млн киловатт, Нарындыкы 5,94 млн киловатт.
Соң-Көл Ысык-Көлдөн кийинки Кыргызстандын ири көлдөрүнүн экинчиси, деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашып, узундугу 29 км, туурасы 18 км түзөт. Максималдуу тереңдиги 13,2 метр. Суунун орточо температурасы -3,5 градус, жайкысын 11 градуска чейин жылып, кышкысын -20 чейин муздайт. Көлдө сентябрь айынан июньга чейин муз тоңуп турат. 1959-жылга чейин көлдө бир дагы балык жок эле, андан кийин биологдор атайын балыктын чабактарын көлгө коё беришкен.
Кыргызстандын бардык суу запастары Нарын облусунда чогулгандай. Чатыр-Көл дагы Кыргызстандын ири көлдөрүнүн катарына кирип, Ак-Сай өрөөнүндө деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте, Кытай чек арасынын жанында орун алган. Тереңдиги 16,5 метр, ал эми суунун температурасы июль-август айларында 6-16 °C айланасында. Торугартка бараткан туристтер көлдүн жээгине көп токтошот. Көлдүн айланасындагы жер кыртышы саздак.
Нарын облусунун түштүк-чыгыш жагында теги муз-мөңгүлүү, бийик тоолуу Көл-Суу көлү орун алган. Көлдүн өңү ачык көк, жашыл сыяктуу болуп, айланасындагы тоолор менен мыкты түстүү айкалышта. Бир караганда голивуд кинотасмаларындагы көлдөрдөй өтө сырдуу жана мистикалык көрүнүшкө ээ. Көл уранды түрдө болуп, тоо жарларынын ортосунда пайда болгон. Тоолор тосуп турганына байланыштуу, көлдүн аркы жээги көрүнбөйт, ал үчүн кайык же кеме менен сүзүп өтүш керек. Көлдүн узундугу 9 км, туурасы 500метрден 2 км чейин. Көл-Суу кээде жоголуп, кээде пайда болуп калат, ушуга байланыштуу муну сырдуу көл деп дагы айтышат. Көлгө жетүү өтө татаал.
Нарын облусунун өсүмдүктөр дүйнөсү ар түрдүү. Тоо боорлорунда тик ландшафт алкактары байкалат. Тоо чөлдөрүнүн жана жарым чөлдөрүнүн алкактары өрөөндөрдүн түп жагында, тоо этектеринде, дарыялардын жээк аймактарын, Чатыр-Көл көлүнүн төмөнкү бөлүктөрүн ээлейт. Облуста реликтүү сейрек Тянь-Шань көк карагайы жана туркестан арчасы өсөт. Чычырканак, эфедра, чөп чай, тегерек баш чөп, валериана өсүмдүктөрү аз эмес. Өсүмдүктөрдүн арасынан шыбак, эрмендер басымдуулук кылып, кез-кез бетеге, амаранта, эфемерлер, тугай токойлору бар. Соң-Көл ойдуңу жана кээ бир бийик тоолуу өрөөндөр тоо-талаа алкагына таандык. Бул жерде тоо чөлдөрү, талаалары жайылып, мында бетеге, тарак баш, кобрезия, шыбак жана эфемерлер басымдуу. Тоо боорлору, айланасындагы өрөөндөр субальп алкагына тиешелүү. Тоо шалбаа жер кыртышында субальп шалбалуу өсүмдүктөр бар. Токойлор жана бадалдар облустун 3 пайызын ээлейт. Алар ийне жалбырактуу жана тугай токойлору болуп бөлүнөт (тугай бул эмне? тактоо керек).
Нарын өзүнүн түрдүү фаунасы менен да айырмаланат. Облуста сейрек канаттуулар жана жаныбарлар да мекендешет алар: кара кунас, ителги, бүркүт, көк жору, тоо каз, талаа бүркүтү, суу бүркүт, аркар, кызыл карышкыр, жейрен, аюу, сүлөөсүн, ак илбирс ж. б. Булардын айрымдары кызыл китепке киргизилген, мисалы, илбирс (Panthera uncia), тоо каз (Anser indicus).
Облустун климаты континенталдуу, кышы суук жана узак. Сутка ичинде температуранын чукул өзгөрүүлөрү мүнөздүү, жайкысын да үшүк жүрүшү мүмкүн. Орточо жылдык жаан-чачындар түздүктөрдө 200-300мм түзүп, тоолордо кичине көбүрөөк. Жаан көп жааган мезгил жаздын экинчи, жана жайдын биринчи жарымына туура келет. Бул учурда жылдык жаан-чачындын 30-60% түшөт. Өрөөндөрдө жаандын көлөмү батыштан, чыгышты карай көбөйөт. Кардын жалпы орточо калыңдыгы Нарын жана Жумгал өрөөндөрүндө 15-20см түзөт, ал эми Арпа өрөөнүндө 60см чейин жетет. Албетте тоолордо 2-3метр калыңдыктагы карлар түшөт бирок мындай кар бардык жакка тегиз түшпөйт. Кочкор өрөөнүндө катуу шамалдын айынан кар азыраак.
Климаттык аймакташтыруу боюнча Нарын облусу Ички Тянь-Шанда орун алган. Ички Тянь-Шанды шарттуу түрдө үч бөлүккө бөлүүгө болот: түндүк, борбордук жана түштүк-чыгыш.
Түндүк бөлүгү өзүнө бийиктиктерде жайгашкан жана өзүнө гана таандык климатке ээ болгон Кочкор жана Соң-Көл ойдуңдарын камтыйт. Кочкор ойдуңу кургакчыл климат менен айырмаланат, өзгөчө жылдын муздак мезгилинде, мында ага жылдык жаан-чачындын 10% гана туура келет. Жылдык жаан-чачындын саны — 200 мм. Жаан-чачындардын көпчүлүгү май айында, эң азы декабрь, январь, февраль айларында болот. Кышкы кар каптамынын орточо бийиктиги 10 см төмөн, ойдуңдун төмөнкү бөлүгүндө кыштын 50% учурлардында дээрлик кар жаабайт. Абанын орточо жылдык температурасы -4 °C. Кышы суук, узактыгы 120-130 күндү түзөт. Орточо минималдуу температура -19 °C, абсолюттук минимум -36 °C. Орточо суткалык температурасы +10 °C жогору болгон жылуу мезгилдин узактыгы 130-135 күн. Айрым жылдары июндун ортосунда жана августтун аягында үшүк жүрүүлөр байкалат. Июль айынын орточо температурасы +16 °C, орточо максималдуу температура +24 °C, абсолюттук максимум +35 °C.
Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан Соң-Көл ойдуңу муздак, мелүүн-нымдуу климат менен айырмаланат. Кышы суук, кардуу. Кар каптамы 180-200 күн жатат, айырым жерлерде анын калыңдыгы 1 метрге чейин жетет. Абанын орточо минималдуу температурасы -28...-30 °C. +10 °C жогору болгон абанын орточо туруктуу температуралык мезгили дээрлик жокко эсе.
Ички Тянь-Шандын борбордук бөлүгү өзүнө Нарын жана Ат-Башы ойдуңдарын камтыйт. Нарын ойдуңу — Ички Тянь-Шандын эң ириси. Түбүнүн деңиз деңгээлинен бийиктиги чыгышында — 2200 метр, батышында — 1500 метр. Жетишээрлик нымдуу климаты менен айырмаланат. Жаан-чачындардын жылдык саны 270-280 мм, алардын 75% жылуу мезгилде жаайт. Жаан-чачындардын максимуму май-июнь айларына туура келет, минимуму — январь-декабрь айларында. Кышы аз кардуу, кар каптамынын орточо калыңдыгы 24-27 см, кардын турушунун узактыгы 115-120 күн.
Абанын орточо жылдык температурасы 2-3 °C жылуу. Кыш 140-150 күнгө созулат. Январдын орточо температурасы -17 °C, орточо минималдуу температура -22 °C, абсолюттук минимум 38 °C. Күнүмдүк орточо температурасы 10 °C болгон эң жылуу мезгилдин узактыгы 154-152 күн, төмөнкү аймактагы үшүксүз мезгилдин узактыгы 120-150 күн, бийиктиктерде 80-90 күн. Июлдун орточо температурасы +17 °C, орточо максималдуусу +24 °C, абсолюттук максимум +35 °C.
Ат-башы ойдуңу деңиз деңгээлинен 2000-2400 метр бийиктикте жайгашкан. Климаттык шарттар Нарын ойдуңуна окшошуп кетет бирок, төмөнүрөөк температуралары менен айырмаланат. Деңиз деңгээлинен 2000-2200 мерт бийиктикте жайгашкан ойдуңдун төмөнкү аймактарында жылына 280-350 мм жаан-чачын түшөт, 2500-3000 метр бийиктиктерде жылдык жаан-чачындардын саны 400-450 ммге чейин жогорулайт. Булардын 75% жылдын жылуу мезгилдеринде жаайт. Максимуму июнь айына туура келет, минимуму — декабрь, январь айларында. Кар каптамы 100-120 күндөй турат, орточо калыңдыгы 30-40 см. Абанын жылдык орточо температурасы +1°C. Кышы суук жана узак, орточо 145-150 күн. Январдын орточо температурасы -19...-20 °C, орточо минималдуу температура -25 °C, абсолюттук минимум -44 °C түзөт. Абанын орточо күнүмдүк температурасы +10 °C болгон эң жылуу мезгилдин узактыгы 130 күндүн айланасында созулат, үшүксүз күндөр 116нын айланасында. Июль аянын орточо температурасы +15...+16 °C, орточо максималдуу температура +24 °C, абсолюттук максимум +36 °C.
Ички Тянь-Шандын чыгыш бөлүгү Ак-Сай жана Арпа өрөөндөрүн бириктирет. Ак-Сай жана Арпа өрөөндөрү бийик тоолуу сырт түздүктөрүн элестетет. Четки чекиттеринин абсолюттук бийиктиктери деңиз деңгээлинен 2750-3800 метр. Өрөөндөрдүн климаттык шарттарын муздак деп мүнөздөөгө болот бирок, Арпанын климаты салыштырмалуу жумшагыраак. Жаан-чачындын жылдык саны 170 ммден 400 ммге чейин. Деңиз деңгээлинен 3000-3135 метр бийиктикте жайгашкан Арпа, Ак-Сай метеостанцияларынын аймагында жаан-чачындардын саны 257-263 мм түзөт. Кышы мелүүн кардуу, кар каптамынын калыңдыгы 25-35 см, каптамдын туруу мезгилинин узактыгы 145-150 күн.
Абанын орточо жылдык температурасы -5...-8 °C. Кышы катаал. Ак-Сай өрөөнү Кыргызстандын «муздак уюлу» деп саналат. Суук мезгилдин узактыгы 198-200 күн. Январдын орточо температурасы -23...-29 °C, орточо минималдуу температура -32...-36 °C, абсолюттук минимум -52...-54 °C. Арпа өрөөнүндөгү орточо күнүмдүк температурасы 10 °C жогору болгон жылуу мезгилдин узактыгы 20-23 күндү түзөт, Ак-Сайда дээрлик жокко эсе. Июлдун орточо температурасы +8...+10 °C, орточо максималдуу температура +16...+18 °C, абсолюттук максимум +28...+30 °C.
Облус аймагы кен байлыктарга бай келип, Жетим темир кени Орто Азияда жападан жалгыз кен. Ошондой эле, нефелиндик сиенит, коргошун, цинк жана алтын кендери бар. Кочкор өрөөнүндө ири туз таштарынын кени жайгашкан. Түрдүү курулуш кендери дагы аз эмес алар: чопо, кум, шагыл, гравий, мрамор. Термалдык жана минералдык булактар бар. Мындан тышкары Каракече, Миң-Куш көмүр кендери орун алган.
Нарын облусу саякаттоо үчүн идеалдуу жер: треккинг, вело-мото туризм, рафтинг, авто унаа саякаты. Облустун ачык кеңдиктери, анча чоң эмес калк жайгашуусу туристтерге ыңгайлуу. СССР убагында Нарындын көпчүлүк аймагы табиятты коргоо максатында туристтерге жабык болчу. Ушул себептүү учурда облус эко туризм үчүн өтө ыңгайлуу. Нарын облусунда бийиктиги 3000 метрден кем эмес, бийик тоолуу көлдөр, ошондой эле Нарын облусунун өрөөндөрүн бириктирип турган кооз жана татаал ашуулары менен белгилүү.
Дал ушул Нарын облусунда акыркы 300 жылда анча өзгөрбөгөн, чыныгы көчмөн кыргыздардын жашоо-тиричилиги менен таанышса болот. Тарыхый жана маданий эстеликтер анча көп эмес, булардын ичинен эң белгилүүсү Таш-Рабат.
Орто Азиядагы эң ири тарыхый кербен сарай саналган Таш-Рабат XV кылымда Орто Азиядан Кытайга баруучу Улуу Жибек жолунда курулган. Ал жер башка өлкөлөрдөн келген соодагерлердин, көпөстөрдүн, элчилердин, саякатчылардын туруктуу сарайы эле. Таш-Рабат өзүнүн чоңдугу менен гана эмес, курулуш татаалдыгы менен да айырмаланат.
Нарын облусу көлдөр, коруктар, капчыгайлар жана тоолорго бай, деги эле жаратылыштын табигый кол тийбеген көрүнүштөрүнө ээ. Мындан тышкары суулары, жалпысынан табияты менен өзүнө туристтерди тартып келет. Бийик тоолуу көлдөр Соң-Көл, Көл-Суу, Чатыр-Көл туристтер арасында өтө популярдуу. Облуста Тянь-Шандын эң чоң суусу Нарын дарыясы башталат.
Кышкысын абанын температурасы -40 °C чейин жетет, бирок, жайкысын салкын, жана эс алууга жагымдуу. Мында адамдар түрдүү боз үйлөрдө, ыңгайлуу коттедждерде эс алууну жактырышып. Сууларынан кайыктар менен агып түшүп (рафтинг), жайлоолорунда ат же жөө жүрүштөр аркылуу эс алышат (тревел жана турлар).
Эс алуучулар көбүрөөк келген жерлер: Соң-Көл көлү, акыркы убакта өзүнүн көркөм түсү менен атагы чыккан Көл-Суу көлү, мындан тышкары Кербен-Сарай, Таш-Рабат, Кара-Кече капчыгайы, Чатыр-Көл көлү, Көкөмерен капчыгайы, Кол-Үкөк көлү, Чоң-Туз шахтасы, Кочкордогу ысык булак, Нарын коругу, Кошой-Коргон шаар чалдыбары, Орто-Токой суу сактагычы жана башкалар бар.
Бийик тоолор, көк шиберлер, бийик аскалар жана ашуулар, таза аба, мунун баары Нарын облусунун табиятына таандык. Мындан улам көчмөн кыргыз элинин көбү мал-жандарын ушундай табиятта багып келишет, а эми табигый жашоо өзүнө түрдүү туристтерди дайыма кызыктырып келген.
Нарын облусу кеңири жана бийик тоолуу аймак. Аймактын 70% ашыгын тоо кыркалары ээлейт, алардын ичинде Тянь-Шандын ири кыркасы саналган Какшаал-Тоону айтууга болот. Мындан тышкары кийинкидей тоо кыркалары бар: Ат-Башы, Молдо-Тоо, Нарын-Тоо, Суусамыр-Тоо ж. б. Булардын орточо бийиктиги деңиз деңгээлинен 3000-4000 метрди түзөт. Кыркалар тоо аралык өрөөндөр менен бөлүнгөн, алардын белгилүүлөрү: Ак-Сай, Арпа, Кочкор өрөөндөрү. Мындай табият туризм жана эс алуу үчүн мыкты шарттады түзөт. Албетте, эс алууда Нарындын кыраан кышын эстен чыгарбоо зарыл. Облустун түштүк бөлүгү Кыргызстандын эң муздак жери саналат.