Жайлоо


Кыргыздар илгертен мал баккан көчмөн эл болгон. Кышкысын тоо этегиндеги кары азыраак, буйтка жерлерде кыштап чыгышкан. Кар кетип, жерге чөп чыкканда, кыштоодон жазгы жайытка - жакыныраак белестерге көчүп чыгышчу. Ал эми жаздоонун чөбү саргая баштаганда тоо арасындагы алыскы жайыттарга - жайлоого көчүп кетишчү. Бул мезгилде жайлоого кеткен жолдор маараган кой-эчкиге, мөөрөгөн уйга, туйлаган жылкыга толгон. Жайлоо берекеси төгүлгөн мезгил июндан - сентябрь айынын ортосуна чейин. Аба таза, күн салкын.

Сыдырым жел согуп, тунук кашка суулар мөлтүрөйт, туш тарап көк жамынып турат. Эл жайлоого андагы чөп жетилерде көчүп барат, оту азая баштаганда кайра кайтат. Жайлоо - мал үчүн абдан мыкты жайыт. Жайылган мал даң салып, чөптүн күчтүүлүгүнөн бат ирденип семирет. Ошол алган азыгы күз, кыш айларында да салмагын жоготпой турушка кубат болот. Жайлоодо чөптүн аш болумдуу түрлөрү көп. Сабагы дандуу ак сокто, кыяк, сабиз чөп, түлкү куйрук, ичке жалбырактуу жылгын малды бат семиртет.

Көп жайлоолордо көбүнчө жыты аңкыган бетеге, тулаң жана шыбак өсөт. Кыргызстанда Арпа, Аксай, Сырт, Чоңалай, Суусамыр, Соңкөл, Кара-кужур, Каркыра, Чаткал, Көк ойрок, Көгарт деген атактуу жайлоолор бар. Муруңку учурда жайлоого жетүү кыйын болгон. Жалгыз аяк жол менен кээде тик өйдө, кээде сыйгалак ылдый жүрүп олтуруп, араң дегенде жетишчү. Азыр бут жетпей калган жайлоо жок. Жол салынып, машиналар зуулдап каттайт. Кыштоо менен жайлоонун арасы алыс болбой, күн сайын барып-келип туруу жеңилдеди. Жайлоо - табигат тартуулаган байлык.

Бирок ал кандай жаралса ошол бойдон өзгөрбөй тура бербейт. Ошондуктан жайлоону туура пайдаланууга, көркүн сактоого аракет кылуу зарыл.

2016-05-22 9647 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22