Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мөңгү

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Мөңгү

Мөңгү — бул көп жылдар бою жыйналган муз катмары. Ал кышында жааган кардын жайында толук эрибей калып топтоло беришинен пайда болот. Бийик тоолордо, Арктиканын аралдарында жана Антарктидада мөңгүлөр ушинтип пайда болот.

Жайында абанын температурасы нөл градустан жогорулаганда, мөңгүнүн үстүнкү бетиндеги кар эрийт. Акырындык менен эриген кар бири-бири менен өтө бекем бириккен көк муздарга айланат. Бирок бул али туташ мөңгү эмес. Эриген кар көк музга, анан мөңгүгө айланышы үчүн бир гана жаз жетишсиз. Too мөңгүлөрүнүн калыңдыгы 100 метрче, ал эми Антарктида менен Гренландиядагы, Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндөгү мөңгүлөрдүн калыңдыгы 3-4 чакырымга чейин жетет.

Too мөңгүлөрүнүн дүйнөдөгү эң ириси Аляскадагы Хаббар мөңгүсү, анын узундугу 145 чакырым. Биздин өлкөдөгү эң ири мөңгү - Хан-Тенир тоосундагы узундугу 60 чакырымдай келген Эңилчек мөңгүсү. Биздин аймакта мындан башка да көп мөңгүлөр бар. Бардык мөңгүлөр жылат.

Бул музга тиешелүү касиет: муз катмары көбөйүп отуруп, өтө калыңдаган кезде, муз өзүнүн оордук күчүнүн таасири менен жыла баштайт. Кавказ кырка тоолорундагы көпчүлүк мөңгүлөр бир жылда 100 метрдей аралыкка жылат. Ал эми Тянь-Шань жана Памир тоолорундагы ири мөңгүлөр 150-300 метрге чейин жылат. Таштуу босоголорго кезиксе мөңгүлөр жарылып, бөлүктөргө бөлүнүп кетет. Ошентип мөңгүнүн өтүүгө өтө кыйын жана кооптуу жери - муз көчкүсү пайда болот. Эң чоң өлчөмдөгү тоңгон суу сактагыч - мөңгүлөрдүн мааниси зор. Дарыялар мөңгүлөрдөн эриген суулардан башталат.

Биздин тоолордон агып түшкөн көптөгөн дарыялар мөңгү сууларын Кыргызстандын гана эмес Казакстандын жана Өзбекстандын ысык жана кургакчыл аймактарына жеткизет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 10544, Өзгөртүлгөн: 2022-02-03, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо