"Балыкчы шаары" 1954-жылдарда уюшулуп, 1989-жылга чейин Рыбачье деп аталган. Ал эми 1989-1992 жылдарда шаар Ысык-Көл болуп, 1992-жылдан тартып Балыкчы деген адепки аты кайтарылган. Ысык-Көлдүн батыш жээгинен орун алган шаар. Бул шаар Кыргызстандагы ири транспорт тоому. Ысык-Көл параходчулугунун пристаны бар; Луговой-Бишкек-Балыкчы темир жолунун аяккы пункту, Балыкчы аркылуу Бишкек, Каракол Нарынга автожолдор өтөт.
Ысык-Көл өрөөнүнүн батыш бөлүгүндөгү бирден бир өнөр жай борбору болуп саналат. Негизги тармактары болуп, машина куруу, тамак-аш, ун-акшак, аралаш тоют даярдоо жана кеме куруу, ремонттоо заводдору (Кыргызстандагы суу транспорту боюнча бирден-бир ишкана) иштеп келген. "Балыкчы шаары" Тамак-аш өнөр жайынан эт комбинаты, нан заводу жана жемиш-шарап-совхоз комбинаттары бар болгон.
Ун-акшак жана аралаш тоют комбинаттары жеке эле шаарды эмес, Ысык-Көл, Нарын облусунун райондорун дагы тейлеген. Балыкчы шаарынын курулуш материал продукциясы жалаң эле Ысык-Көл облусунун эмес, Кыргызстандын башка райондоруна да жиберилген. Шаар автомобиль, темир жол жана суу жолдорунун тоому.
Балыкчы шаары аркылуу Бишкек-Нарын-Атбашы-Торугарт, Бишкек-Каракол (Күнгөй жана Тескей аркылуу) жалпы мамлекеттик мааниси бар жолдор өтөт. Ысык-Көлдө суу транспорту өнүккөн. Кеме жылдын бардык мезгилинде жүк ташыйт. "Балыкчы шаары" 10дон ашык жалпы орто билим 6epүүчү мектептер, кесиптик-техникалык окуу жайы, мектепке чейинки балдар мекемелери, шаардык китепканалары, балдар музыкалык мектеби жана дарылоочу мекемелер менен бейтапканалар орун алган.