Күн нуру океан, деңиз, өзөн, көлмөлөрдүн бетин жылытканда суу көзгө көрүнбөгөн тунук сууга айланат. Ал жылуу аба агымы менен жогору карай көтөрүлөт. Бийиктиктеги аба жер бетине жакын абадан муздак. Ошондуктан буу бул жерде коюуланып майда суу тамчыларына айланат. Ошол тамчылар жерде турган бизге жел айдаган булут болуп көрүнөт. Бул майда тамчылар бири-бири менен кошулуп ири жана оор тамчыларга айланат да, жерге ак жаан же нөшөр болуп жаайт. Жайдын ысык күнүндө суунун буусу жылуу аба агымы менен кошо 7-9 чакырым бийиктикке көтөрүлүшү мүмкүн. Атмосферанын бийик катмарында температура абдан төмөн -40 -50 градус суук. Ал жакта суу тамчылары тоңуп, тоголок муз - мөндүр пайда болот да муздак нөшөр менен кошо жерге жаайт.
Кышында жердин түндүк жана мелүүн аймактарында шамал булуттарды жылуу океан менен деңизден кургактыкты көздөй айдайт. Кургактыктын үстүндө булуттар акырындап муздап, аларда эң майда жеңил кристаллчалар пайда болот. Кристаллчалардын сыртына суу бууларынын улам жаңы бөлүкчөлөрү жабышып муздайт. Ошентип муздун татаал кристаллдары түзүлөт. Биз аны кар деп атайбыз. Бирок суу буусу бийик көтөрүлбөй жер бетинде муздашы мүмкүн. Жайкы аптаптуу күндөн кийин кеч киргенде абада суунун буусу арбын топтолот.
Шалбаа, саздын, өзөн жана көлдөрдүн үстүндө аба салкыныраак болгондуктан, мындай жерлерде боз туман пайда болот. Туман төмөндөгөндө жалбырактар менен чөптөргө шүүдүрүм түшөт. Кышында катуу суукта дарактардын сөңгөгү, бутактары, үйлөрдүн дубалдары абдан муздайт. Эгер шамал ал жерге нымдуураак жана жылуураак аба айдап келсе, дарак, дубал, электр зымдарын кыроо басат. Кыроо да кар. Бирок ал абада эмес, нерселердин беттеринде пайда болот.