Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016

Баш барак | Жаңылыктар | Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (англ. World Nomad Games) — этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдештин 2 жолкусу. Мелдешти өткөрүү демилгеси 2012-жылы Түрк Кеңешинин саммитинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 2014-жылы тарыхта биринчи ирет Кыргызстанда өткөрүлгөн. Ал эми 2018-жылы өтүүчү көчмөндөр оюнун Түркия мамлекети Стамбул шаарында өткөрүүгө кызыктар экенин билдирген.

Өткөрүлүүчү спорттун түрлөрү: -Ордо -Ат чабыш -Көк бөрү -Эр эңиш -Жирит -Алыш -Кыргыз күрөшү -Казахша күрөш -Гореш -Гюлеш -Аба күрөшү -Мас-рестлинг -Тогуз коргоол -Мангала -Салттуу жаа атуу -Салбуурун

Максаттар: -Көчмөн элдеринин маданиятын катышуучу-өлкөлөрдүн маданий байланыштары аркылуу бекемдөө менен сактоо жана кайра жаратуу. -Көчмөн элдеринин улуттук спорт оюндарынын түрлөрүн сактоо жана дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү. -Иш-аракети дүйнөдөгү этноспортту өнүктүрүүгө жана жарыялоого багытталган мекемелерди колдоо. Кошумча максат катары уюштуруучу-өлкөнүн туристтик потенциалын көтөрүү.

Биринчин дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргыз Республикасынын Ысык-көл областына караштуу Чолпон-Ата шаарында 2014-жылдын 9-14-сентябрында өткөн. Анда 19 өлкөнүн спортчулары катышкан, алар: Азербайджан, Австрия, Афганистан, Беларусия, Бразилия, Германия, Казахстан, Кыргызстан, Литва, Монголия, Россия, АКШ, Тажикистан, Туркменистан, Турция, Өзбекстан, Франция, Швеция, Түштүк Корея. Спорттук жаатына байланышы бар 771 адам катышып, алардын ичинен 583 спортчулар жана 188 адам машыктыруучу жана калыстар. Ат оюндарына 230 ат колдонулган. Ал эми маданий программаны өткөрүүгө 1200 адам катышкан. ТВ берүүлөр 40 өлкөнү камтып, мүмкүн болгон аудитория 230 000 000 адамды түзгөн.

Оюндар ар түрдүү этно-маданий программалар менен коштолуп, бул оюндардын алкагында боз үйлөр шаарчасы Кырчын жайлоосунда уюшулган. Ошондой эле улуттук спорт программасына кирбей калган башка оюндар көрсөтмө аткаруулар уюшулган.

[ushka=seredina]

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 мамлекеттин миңге жакын спортчу катышат. Катышуучу өлкөлөр: Азербайжан Аргентина Армения АКШ Бангладеш Орусия Башкыртстан Белоруссия Бенин Ботсвана Бразилия Венгрия Гватемала Германия Грузия Жапония Замбия Зимбабве Израиль Индия Индонезия Иран Исландия Италия Казакстан Канада Карачай-Черкисия (Орусия) Кытай Кыргызстан Колумбия Конго Демократиялык Республикасы Конго ДР Латвия Литва Мадагаскар Молдавия Моңголстан Нидерланддар Пакистан Польша Ооганстан Өзбекстан Свазиленд Сербия Словакия Словения Тажикстан Татарстан (Орусия) ТАР (Түштүк Африка Республикасы) Түркмөнстан Түркия Түштүк Корея Украина Уругвай Франция Филиппиндер Финляндия Хакасия (Орусия) Чехия Швейцария Шри-Ланка Эстония

Жайгаштыруу: 2016-09-06, Көрүүлөр: 3360, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо