Түп — айыл, Ысык-Көл облусунун, Түп районунун административдик борбору. Түп айыл аймагынын административдик борбору, аймакка Бирлик, Шаты айылдары кирет.
Түп айылы | |
---|---|
Түп айылы Кыргызстандын картасында |
|
Координаттар | 42°43′48″ түн. кең. 78°21′36″ чыг. уз. |
Өлкө | Кыргызстан |
Облус | Ысык-Көл |
Айыл аймак | Түп |
Негизделиши | 1869 |
Муруңку аталышы | Преображенское |
Бийиктиги (деңиз деңгээлинен, эң бийик жери) | 1770 м |
Саат алкагы | UTC+6:00 |
Унаа багыты | Оң жагынан |
Калкы | 12 335 (2021) |
Телефон коду | +996 3945 |
Автомобиль коду | I |
СОАТЕ код | 41702 225 889 01 0 |
Каракол шаарынан 26,1 км түндүктө, Балыкчы темир жол станциясынан 194 км аралыкта жайгашкан. Калкы 12 335 (2021); негизинен мал чарбасы, жер иштетүүдө эмгектенишет.
2 орто мектеп, райондук оорукана, райондук байланыш бөлүмү, төрөт үйү, дарыкана, 2 бала бакча жана башкалар бар. В. М. Кайкиндин бюсту, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Айылдын алгачкы негизги планын (архитектор айыл Н. Марченко) 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш долбоорлоо институту иштеп чыккан. Турак жай жана өндүрүштүк зоналарга Бишкек - Каракол авто жолу аркылуу бөлүнөт. Турак жайлар кварталдарга бөлүнүп курулган. Боромбай (мурдагы Ленин) көчөсү - негизги көчө болуп эсептелет.
Анын кенен бульвары коомдук курулуштарды бириктирет. Коомдук борбор авто жолуна жакын жайгашкан. Жер титирөөнүн залалдарын жоюу максатында 1978-жылы Түп айлында 1-кезектеги имараттарды куруу схемасын (архитекторлору - Н. В. Карпенко, Е. Н. Афонина, О. Г. Самойленко) Кыргыз мамлекеттик курулуш долбоорлоо институту иштеп чыккан. Айыл аймагын функциялык зоналарга бөлүүнү жакшыртуу; көчө тармактарын өркүндөтүү жана айылдын борборунун маанисин жогорулатуу жолу менен айылдын планын жаңылоо курулуш системасында негизги орунду ээлейт. Айылдын негизги композициялык огу Боромбай көчөсү саналат. Аны бойлой коомдук имараттар комплекси курулат да парк менен бирге айылдын структуралык негизин түзөт.
Анын айланасына турак жайлар жайгашат. Айыл абатталып, жашылдандырылат. Түп аңчылык заказниги. Түп районундагы Түп суусунун алабында, Каркыра өрөөнүндө жайгашкан. Аксай-Булак суусунун чатынан Түп жана Жыргалаң сууларынын суу бөлгүчтөрүнө чейинки аянтты ээлейт; 1976-жылы элик, доңуз, бугуну коргоо үчүн уюшулган. Мында Борбор Азия бакасы, жөнөкөй кур бака (лат. Rana temporaria), наардуу даракчы сойлок, алай жайдак көзү, калкан тумшук, момолой, жер түрткүч, кекилик, чил, бөдөнө, көгүчкөн, зоо көгүчкөнү, кара карлыгач жана башкалар мекендейт. Суулардын жайылмаларында жылкычы чымчык, чулдук, суучул кара; карагай токоюнда күрөң тиш коён, ак тиш коён, кызыл чыйпылдак чычкан, токой чычканы, тянь-шань токой момолою, тянь-шань чычканчасы, аюу, түлкү, арыс; тоолорунда аркар, тоо эчки, мадыл, илбирс кездешет. Заказниктин аймагында ар түркүн чөптүү шалбаа, алтыгана, арча, шилби, четин, табылгы, ит мурун өсөт; түндүк капталында карагай токою бар. Аянты 15,0 миң га.
Түп районунда, Түп суусунун ортоңку бөлүгүндө, «Санташ» суусунун аймагында жайгашкан. 1975-жылы төшөлмө арчаны (бадал арча) коргоо үчүн уюшулган. Андан башка тал, көк жалбырактуу төө куйрук, бөрү карагат, чычырканак, шилби, ит мурун, табылгы; чөп өсүмдүктөрдөн ичке жалбырактуу жылган, сойломо буудайык, коңур баш, эстрагон, катуу түктүү каз маңдай, сары мыя, көзөнөкчөлүү сары чай чөп, түркстан ыраңы жана башкалар өсөт. Аянты 100 га.
Ысык-Көлдүн чыгышындагы ири булуң. Түп айылынан 3 км батыш тарапта. Узундугу 18—20 км. Жазылыгы кире беришинде 6,6 км, төрүндө 1,2км. Жээк сызыгынын узундугу 103,44 км. Булуң көп сандаган буйткалар менен колтуктарды пайда кылган агын суу өрөөндөрү менен тилмеленген.
21 булуң-буйтка бар; ирилери: Кутургу, Күрмөнтү, Кош-Сары-Булак, Сары-Булуң жана башкалар. Таманын дээрлик кара баткак каптап 20 м тереңдикке чейин хара балыры өсөт, жээк тилкеси менен буйткалардын төр жагы рдест жана башка биомассаларга бай. Булуңга Түп суусу куят. Түп булуңунун тунуктугу чыгыш бөлүгүндө 0,3—0,5 м, ачык бөлүгүндө 2—3 м, кире беришинде 8—10 метрге жетет. Түп булуңу Ысык-Көлдүн кышында тоңуучу бирден бир бөлүгү, ноябрдын аягында тоңуп, апрелдин башында муздан арылат. Жайында суусунун темпрасы 22—26°Сге жетет.
Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө. Түндүгүнөн Күнгөй Ала-Тоо, түштүгүнөн Тасма тоосу менен чектешет. Башталышы (Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында) узундугу 50—55 км, туурасы 3-4 км келген кууш капчыгай. Өрөөндүн аянты 1180 чарчы/км, жазылыгы чыгышында 5-7 км, батышында 25-30 км. Таманынын жазылыгы 50-100 метрден 10-15 кмга чейин, бийиктиги 1606 метрден 4000 мге чейин өзгөрөт.
Баш жагы тик капталдуу зоокалуу келип, тепши сымал, орто бөлүгү жайыгыраак келип, малга жайлуу, төмөнкү бөлүгү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтө ыңгайлуу. Түп өрөөнү эрозиядан пайда болгон; гранит, конгломерат, кумдук жана башка тектерден турат. Климаты континенттик, июлдун орточо температурасы түзөң бөлүгүндө 15—20°С, тоолуу жеринде 10—15°С, январдыкы -5°С... -15°Сге чейин, жылдык жаан-чачыны 500—700 мм. Ири суулары: Түп, Табылгыты, Кең-Суу, Талды-Суу, Шаты, Көөчү жана башкалар Күрөң-тоо, тоо-шалбаа топурагы басымдуу. Түздүк бөлүгүндө өзөндү бойлой тал токою, 2500 мден 3000 метрге чейин карагай токою өсөт. Күнгөй беттерди арча ээлеген. Өрөөндө Түп, Талды-Суу, Сары-Тологой, Сан-Таш, Токтоян, Долон жана башка айылдар жайгашкан.
Түп районуна караштуу Түп суусу Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталып, Ысык-Көлдүн Түп булуңуна куят, узундугу 120 км; алабынын аянты 1180 чарчы/км. Ири куймалары: Кең-Суу, Чоң-Таш, Көөчү, Шаты, Талды-Суу, Корумду, Табылгыты жана башкалар. Негизинен кар, мөңгү, жамгыр сууларынан куралат.
Суусу апрелде кирип, май айында ташкындап, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 10,6 м/сек. Суусу сугатка пайдаланылат. Жээгинде Сан-Таш, Сары-Тологой, Түп, Токтоян жана башкалар айылдар жайгашкан. Өрөөндөгү айдоо аянттарды суу менен камсыз кылуу үчүн жалпы чыгымы 3,80 метр/куб/сек болгон 6 канал курулган.