Жердин ысык жана кургак аймактары чөл деп аталат. Дүйнөдөгү эң зор чөлдөр - Африкадагы Сахара, Австралиядагы Виктория, Түштүк Америкадагы Атакама. Ошондой эле эң чоң кумдуу чөлдөр Орто Азияда жайгашкан. Бул Каракум жана Кызыл-кум чөлдөрү. Чөлдөгү өсүмдүктөр менен жаныбарлар нымдын жетишсиздигине, булутсуз асмандагы күндүн мээ кайнаткан ысыгына, эшилме кумдагы тиричиликке ылайыкташкан. Жайкысын Каракум чөлүндө көлөкө жердеги ысык 50 градуска чейин жетет. Ысыган кумга жумуртка көмүп койсо бышып калат. Бул жерде өсүмдүк кантип өсөт? Чөлдөгү сөксөөл жазы жалбырактуу саябан токойлорго такыр окшобойт.
Сөксөөлдө жалбырактын ордуна кочкул жашыл бутакчалары болот. Жалбырагы канчалык кичине болсо, аларга өтө керектүү ным ошончолук аз бууланат эмеспи. Чөлдөгү көпчүлүк өсүмдүктөр жылдын салкын мезгилинде гана өсөт. Ным көбүрөөк болгон мындай мезгил эрте жазда же кеч күздө болот. Эрте жазда кум дөбөлөр - бархандардын арасындагы ойдуңчалар бир нече жума гүлдөгөн көк чөптүү талаага айланат. Жапыз өскөн жашыл өлөң чөптөргө аралаш чыккан кызыл-тазыл кызгалдактар килемдей көрүнөт.
Бир нече күндөн кийин эле бул жашыл майсаңды ачуу тийген күндүн аптабы күйгүзүп кетет. Бирок өсүмдүктөр ушул кыска убактын ичинде гүлдөп урук чачууга үлгүрөт. Чөлдө жашаган жаныбарлар ысыктан түрдүүчө сактанышат. Алардын көпчүлүгү түн ичинде тиричилик кылат. Күндүзү бул жаныбарлар терең казылган, салкын ийиндерде баш калкалайт.
Күндүзү тиричилик кылгандар да таң эртеден кум ысыганча гана турмуш тиричилигин жасашат. Мына кум дөбөнүн - бархандын кырында катып калгансып кыймылсыз жумуру баш кескелдирик турат. Ал чычайган куйругун улам серпип коюп, азык болуучу майда коңуз, көпөлөктөрдү аңдып отурат. Бир түп бадалга сымбаттуу жылан жашынып калды. Ал кескелдириктин жакын келишин күтүп турат да, курмандыгы жакындап келгенде шап кармап алат. Бекеринен аны ок жылан деп аташпайт. Бархандардын арасындагы жайык кумда ийиндер казылган: бул - чоң чөл чычкандарынын жер астындагы шаарчасы. Бул жерден ири эчки эмээрди - узундугу бир метрден ашкан чөлдөгү эң чоң кескелдирикти кезиктирүүгө болот. Бул чөл крокодили чөл чычкандарына ууга чыгат.
Тез чуркаган ичке буттуу антилопалар - жейрендер текирең-таскак менен бархандардан өтүп, көздөн кайым болду. Аларга суу табуу үчүн узак жол басууга туура келет. Калың өскөн сөксөөлдөрдүн арасынан канаттуулардын үнү тынымсыз угулуп турат. Жазында түндүккө учуп бара жаткан канаттуулардын көпчүлүгү жолдо чөлгө токтоп өтүшөт. Ал эми кара тумшук кызыл таранчы, чыргай булбулу, булдурук чымчыктар балапандарын чыгарышат. Түш ченде чөл каңгырап ээн калган сыяктанат.
Бирок түн кирери менен чөлдөгү тиричилик кайра жанданат. Бархандар аркылуу колуңа чырак алып бассаң, түн ичинде тиричилик кылган жандыктарды көрүүгө болот. Көлөкө сыяктуу барак бут кош аяктар зор арыш менен секирип жүрүшөт, кум үстүндө кара коңуздар жөрмөлөйт, кескелдириктер ары-бери чуркайт. Чөлдүн чополуу жана таштуу жеринде тиричилик азыраак. Катуу жана кургак жер бетинде шыбак же баялыш өсүмдүктөрү сейрек өсөт. Кээ бир кемирүүчүлөр гана таштак топурактан ийин казып алат. Мындай чөлдөрдө өсүмдүк өсүп, жаныбарлар жашабагандай көрүнөт.
Суу чыккан жерден чөл чегине баштайт. Ысык тийген күн аптабында жасалма жол менен сугарылган пахта талаасы жашылданып, дарбыз, коон жана башка жемиштер бышып жетилет. Бул жерлерди сугаруу үчүн, адамдар илгертен бери эле жасалма жол менен сугарууну колдонуп келишкен. Учурда чөлдөрдү өздөштүрүү иши жүрүп жатат. Канал, суу сактагычтарды курууда адамдар түрдүү машиналарды колдонууда. Жыл өткөн сайын чөлдөн өздөштүрүлгөн жерлер көбөйүп, алар адамдарга кызмат кылууда.