Түп району


Түп району — Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун чыгышында жайгашкан административдик аймак (бирдик). 1935-жылдын 8-февралында (кээ бир маалыматтар боюнча 1934-жыл) негизделген. Административдик борбору — Түп айылы. 1962-жылы Түп районуна Каракол (Пржевальск) району бириктирилген. Кийинчерээк кайрадан өзүнчө район болгон.

Мазмуну
Түп району
Түп районунун герби
Түп районунун герби
Координаттар42°43′25″ түн. кең. 78°21′41″ чыг. уз.
ӨлкөКыргызстан
ОблусЫсык-Көл облусу
Админ. борборТүп айылы
Негизделиши8-февраль, 1935-жыл
Аянты2121 км²
Саат алкагыUTC+6
Калкы62,4 миң (2019)
УлуттарКыргыздар — 87,7 %, казактар — 6,2 %, орустар — 4,4 %
Конфессиялармусулмандар, христиандар
Кылмыштуулук (10 миң адамга)43,3 (2019)
Түп району Кыргызстандын картасында
Түп району Кыргызстандын картасында

Түндүгүнөн, түндүк-чыгышынан Казакстан, батышынан Ысык-Көл району, түштүгүнөн, түштүк-чыгышынан Ак-Суу району менен чектешет. Батышынан Ысык-Көл чулгайт. Аянты 2,1 миң чарчы/км. Калкы 62,4 миң адам (2019). Райондо 13 айыл аймагы, 36 айыл бар (2021). Борбору Түп айылы.

Табияты

Район негизинен Түп өрөөнүн жана Күнгөй Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүнүн түштүк капталын ээлейт. Түндүгүндө Тасма дөңсөөсү жайгашкан. Климаты континенттик, кышы өтө суук эмес, жайы салкын, райондун климатына «санташ» шамалынын (өзгөчө кыш айларында) таасири чоң. Июлдун орточо температурасы 17 — 20°С, январдыкы -5 ... -15°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500—700 мм.

Түп районунун эски картасы
Түп районунун эски картасы

Негизги суулары: Түп (жогорку агымы Ак-Суу районуна караштуу) жана анын куймалары Шаты, Талды-Суу, Кең-Суу, Чоң-Бет, Табылгыты, Капа-Булак жана башкалар. Топурагы жана өсүмдүгү бийиктик алкактуулук мыйзам ченемине ылайык таралган. Өрөөн бөлүгүндө (2100 метрге чейин) күрөң жана коңур, андан жогору кара топурактуу. Түздүктөрдө талаа жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү басымдуу, тоо капталдарында карагай, арча жана бадал өсөт. Андан жогору, 3200—3300 метрден баштап альп шалбаасы, ал эми 3500—3600 метрден — кардуу тилке жатат. Түп булуңунан балык кармалат. Жээк түздүктөрдө кыргоол, коён, ошондой эле байырлаштырылган уссури жанаты жана ондатр бар. Суучул куштардан ак кытан, токой чулдугу, куу, каз, өрдөк жана башкалар кыштайт.

Токойлорунда элик, арыс, аюу, карышкыр, кашкулак жана башкалар, тоолорунда тоо эчки, илбирс, аркар, андан башка улар, таз кара, бүркүт кездешет. Тоо-талаа шалбааларында суур көп. Калкы. Негизинен кыргыз, орус, казак, украин жана башкалар жашайт. Калкынын көбү Ысык-Көлдү бойлой отурукташкан. Орточо жыштыгы 1 кмга 27,5 киши.

Чарбасы

Райондо айыл чарба өнүккөн. Күрмөнтү цемент кыш заводдору, Түп нан заводу, турмуш тиричилик жактан тейлөө комбинаты иштейт.

Райондо 4 фермердик чарба, түрдүү акционердик коомдор бар (2009). Айыл чарба дүң продукциясынын 56% мал чарбасынан алынат. 1993-жылы айыл чарбага жарактуу жери 159,4 га, анын ичинде айдоо 51,2 миң га жайыт 105 миң га көп жылдык өсүмдүктөр 0,5 миң га, чабынды 4,3 миң гектарынын айдоо аянтынын 42% (21,1 миң га) сугарылат. Дан эгиндери (26,9 миң га тоют өсүмдүктөрү 20,8 миң га картөшкө 1,2миң га), жашылча 0,17 миң га айдалат. 1993-жылы райондун чарбаларында 655,1 миң центнер буудай, 190,2 миң ц. картөшкө, 60,4 миң ц. жашылча, 6,1 миң ц. мөмө-жемиш жыйналган. Мөмө дарактары, карагай жана башкалар отургузулган. 1992-жылы 142,2 миң кой, эчки, 27,6 миң уй, 5,5 миң чочко, 5,7 миң жылкы, 10,1 миң үй кушу болгон.

1992-жылы 5,1 миң тонна эт (тирүүлөй салмак), 18,6 миң т. сүт, 449 т. жүн мамлекетке тапшырылган.

Райондун аймагы аркылуу Бишкек - Каракол авто жолу өтөт. Элге билим берүү, маданият, саламаттык сактоо. 1992-93-окуу жылында 30 жалпы билим берүүчү мектепте 13,3 миң окуучу окуган; 1140 мугалим (913 жогорку билимдүү) иштеген. 15 мектепке чейинки балдар мекемелеринде 1178 бала тарбияланган. Айыл чарба техникуму, борбордук китепкана жана анын 35 бөлүмү, 27 клуб бар. Райондук «Каркыра» гезити чыгат.

5 оорукана, бейтапкана, 5 участкалык оорукана бар, айылдарда ФАП бар.

Айылдары

Райондун борбору Түп айылы.

Ак-Булуң

Ак-Булуң айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Түптөн 15 км аралыкта турат. Калкы 820 (1993). Ысык-Көл айыл чарба техникуму, «Ак-Булуң» сөөк-учук санаторийи, орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, бала бакча, китепкана бар.

Арал

Миң-Булак айыл аймагынын борбору 1929-жылы негизделген. Райондун борбору Түптөн 22,5 км чыгыш тарапта. Облустун борбору Каракол шаарынан 40 км. Калкы 1187 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, айылдык дарылоо амбулаториясы, бала бакча, клуб бар.

Балбай

Балбай (мурунку Сары-Булак) Сары-Булак айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Түптөн 9,3 км, Каракол шаарынан 36,1 км, Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда жайгашкан. Калкы 1866 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар.

Бирлик

Түп айылдык кеңешине караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 10,1 км чыгыш тарапта. Калкы 1076 (1993). Орто мектеп, клуб, бала бакча, китепкана бар.

Долон

Арал айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 15,3 км чыгыш тарапта. Каракол шаарынан 32,8 км. Калкы 726 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар.

Жылуу-Булак

Чоң-Таш айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 29,8 км чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 56,5 км. Калкы 1100 (1993). Орто мектеп, медпункт бар.

Ичке-Суу

Талды-Суу айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 12,7 км түндүк тарапта, Каракол шаарынан 39,4 км. Калкы 888 (1993). Орто мектеп, бала бакча бар.

Карасаев

Карасаев (мурунку Тасма), Карасаев атындагы айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 25,7 км чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 43,2 км. Калкы 1424 (1993). Орто мектеп, китепкана, оорукана, фельдшер-акушердик пункт бар.

Кара-Чуңкур

Санташ айыл аймагынын борбору Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 29 км чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 51 км. Калкы 1469 (1993). Участкалык оорукана, орто мектеп, китепкана бар.

Каркыра

Сан-Таш айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 55 км чыгыш тарапта. Каракол шаарынан 77 км. Калкы 339 (1993). Башталгыч мектеп, китепкана бар.

Кең-Суу

Сан-Таш айыл аймагына караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 35,7 км чыгыш тарапта. Каракол шаарынан 53 км. Калкы 1520 (1993). Негизги мектеп, медпункт бар.

Кичи-Өрүктү

Кутургу айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 35,7 км батыш тарапта, Каракол шаарынан 62,3 км. Калкы 941 (1993). Китепкана, клуб бар.

Корумду

Талды-Суу айыл аймагына караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 22 км түндүк-чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 48,7 км. Калкы 1348 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар.

Кош-Дөбө

Арал айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 18,4 км чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 35,8 км. 1923-жылы негизделген. Калкы 344 (1993).

Көөчү

Талды-Суу айыл аймагына караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 19,7 км түндүк-чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 46,5 км. Калкы 1575 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, клуб бар.

Кутургу

Кутургу айыл аймагынын борбору Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Туптөн 23,6 км батыш тарапта, Каракол шаарынан 50,4 км. Калкы 1787 (1993). Орто мектеп, балдар бакчасы, китепкана, маданият үйү, оорукана, амбулатория, дарыкана, турмуш тиричилик жактан тейлөө үйү, суу тегирмен бар.

Күрмөнтү

Сары-Булак айыл аймагына караштуу айыл. Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 12,7 км түндүк-чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 39,4 км. Калкы 2599 (1993). Орто мектеп, оорукана, амбулатория, дарыкана, байланыш бөлүмү, балдар комбинаты бар. Күрмөнтү цемент элдик-акционердик коому (мурунку Күрмөнтү цемент заводу), Күрмөнтү кыш элдик-акционердик коому (мурунку Күрмөнтү кыш заводу) иштейт.

Миң-Булак

Арал айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 20,6 км чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 38,2 км. 1922-жылы негизделген. Калкы 501 (1993), негизинен мал чарбасында, картөшкө өстүрүүдө эмгектенишет. Клуб бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Михайловка

Михайловка (Сары-Көл), Михайловка айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 16,7 км түштүк тарапта. Каракол шаарынан 16,2 км. Калкы 3963 (1993). Орто мектеп, балдар бакчасы, оорукана, маданият үйү, кийим тигүүчү ишкананалар бар.

Ой-Булак

Кутургу айыл аймагына караштуу айыл. Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 27,1 км батыш тарапта, Каракол шаарынан 53,9 км. Калкы 572 (1993). Китепкана, клуб бар. Айылда Советтер Союзунун Баатыры К. Үсөнбеков туулган.

Ой-Тал

Кутургу айыл аймагына караштуу айыл. Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 33 км батыш тарапта, Каракол шаарынан 59,6 км. Калкы 860 (1993). Орто мектеп, байланыш бөлүмү, балдар бакчасы, китепкана, клуб, фельдшер-акушердик пункт бар.

Сары-Булуң

Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 8 км, Каракол шаарынан 20 км. Калкы 504 (1993).

Санташ

Аты уйкаш айыл аймагына караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 33,1 км чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 59,8 км. Калкы 288 (1993). Орто мектеп, амбулатория, оорукана бар.

Сары-Дөбө

Арал айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 18,4 км чыгыш тарапта. Калкы 1351 (1993). Орто мектеп, клуб, турмуш тиричилик жактан тейлөө үйү, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт бар.

Сары-Тологой

Сан-Таш айыл аймагына караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 41,5 км чыгыш тарапта. Калкы 1003 (1993). Негизги мектеп, фельдшер-акушердик пункт бар. Айылда Кыргыз Республикасынын эл артисти айыл Жанкорозова туулган.

Талды-Суу

Талды-Суу айыл аймагына караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 16,7 км түндүк-чыгыш тарапта. Калкы 3766 (1993). Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, турмуш тиричилик комбинаты, колбаса жасоочу цех, участкалык оорукана, дарыкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Тасма

Карасаев айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 25,8 км чыгыш тарапта. Калкы 1424 (1993), негизинен мал чарбасында эмгектенишет. Орто мектеп, участкалык оорукана, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар.

Тогуз-Булак

Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 10 км, Каракол шаарынан 20 км. Калкы 1302 (1993). Орто мектеп бар.

Токтоян

Карасаев атындагы айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түп айылынан 32,7 км чыгыш тарапта. Каракол шаарынан 50,2 км. Калкы 1200 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана бар.

Фрунзе

Ак-Булуң айыл аймагына караштуу айыл. Балыкчы - Каракол авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түп айылынан 18,4 км батыш тарапта. 1930-жылы негизделген. Калкы 860 (1993). Негизги мектеп, фельдшер-акушердик пункт бар.

Чоң-Таш

Чоң-Таш айыл аймагына караштуу айыл. Түп - Каркыра авто жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Түптөн 26,6 км чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 53,3 км, Балыкчы темир жол станциясынан 220 км. Калкы 965 (1993), негизинен мал чарбасында эмгектенишет. Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, М. Элебаевдин үй музейи, китепкана бар. Айылда кыргыз эл жазуучусу, акын М. Элебаев туулган.

Чоң-Тогузбай

Карасаев атындагы айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 28,2 км чыгыш тарапта, Каракол шаарынан 45,5 км. Калкы 780 (1993). Орто мектеп, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, аралаш дүкөн бар.

Шаты

Түп айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 10,3 км түндүк тарапта, Каракол шаарынан 36,9 км, Балыкчы темир жол станциясынан 193 км. Калкы 1176 (1993).

Ынтымак

Ысык-Көл айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 35 км түштүк-батыш тарапта. Калкы 544 (1993).

Ысык-Көл

Ысык-Көл айыл аймагына караштуу айыл. Райондун борбору Түптөн 35 км түндүк-батыш тарапта. Калкы 2202 (1993). Орто мектеп, «Маяк» пульмонологиялык санаторийи, кесиптик техникалык окуу жайы бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Ирригациялык курулмалары

Түп району сууну 24,8 миң га жерине суу Чыгыш Шинаты, Ак-Булак, Күрмөнтү, Чоң-Сары-Булак, Кичи-Сары-Булак, Шаты, Ичке-Суу, Көөчү, Батыш Корумду, Чыгыш Корумду, Чоң-Таш, Жылуу-Булак, Батыш Кең-Суу, Чыгыш Кең-Суу, Табылгыты, Кара-Суу, Түп, Жыргалаң сууларынын сугат системалары аркылуу жеткирилет (1993). Чарба аралык каналдардын узундугу 118,3 км. Мындагы гидротехникалык курулмалар 68, гидрокүзөттөр 66. Ири каналдары: Түп, Комсомол. Түп башкы каналы 1985-жылы реконструкцияланган, узундугу 28 км, суу өткөрүмдүүлүгү секундасына 15 м, 27 автоматтык жапкыч менен жабдылган.

6,8 миң га жерди суу менен камсыз кылат. Комсомол каналы сууну Жыргалаң суусунун төмөнкү агымына орнотулган «Тепке» насос станциясынан (5 агрегаттан турат) алат; суу (80 м бийиктикке көтөрүлөт) өткөрүмдүүлүгү 6 м/сек; 5,5 миң га жерди суу менен камсыз кылат. Сугатта «фрегат», «Волжанка» жамгырлатма машиналары, «Интерсигма» насос станциясы пайдаланылат. 2 жамгырлатма машина «Победа» колхозунун 800 га, мамлекеттик атайы чарбанын 750 га жерин сугарат. Түп районунун ирригациялык курулмалары райондук сугат тармактар башкармасына (Түп айылы, 1993-жылы бардыгы 92 киши, анын ичинде 32 инженер, 8 гидротехник, 22 көзөмөлдөгүч, 8 электр-моторчу иштеген) карайт.

2021-08-13 127 Өлкөлөр жана шаарлар Жыргалбекова С. 2021-08-13