Ысык-Көл — Кыргызстандагы агып чыкпаган эң ири көл, аянты боюнча дүйнөдөгү 30 ири көлдөрдүн катарына кирип, тереңдиги боюнча жетинчи орунда. Республиканын түндүк-чыгыш бөлүгүндө түндүк Тянь-Шандын тоо кыркаларынын ортосунда жайгашкан: Күнгөй-Ала-Тоо жана Тескей Ала-Тоо, деңиз деңгээлинен 1608 м бийиктикте.
Морфометрия | |
---|---|
Абсолюттук бийиктик | 1609 м |
Өлчөмдөрү | 182 × 58 км |
Аянты | 6236 км2 |
Көлөмү | 1738 км3 |
Жээк сызыгы | 688 км |
Эң терең жери | 702 м |
Орточо тереңдиги | 278 м |
Гидрология | |
Минералдашуу түрү | туздуураак |
Туздуулугу | 5,9% |
Бассейн | |
Бассейндин аянты | 15 844 км2 |
Куюуучу суулар | Түп, Жыргалаң, Каракол |
Жайгашуусу | |
Түндүк кеңдик | 42°26′00″ |
Чыгыш узундук | 77°11′00″ |
Өлкө | Кыргызстан |
Облус | Ысык-Көл облусу |
Ысык-Көл — кыргыз элинин бермети деген дагы сөз бар. Ал тоо арасында жайгашкан Ысык-Көлдүн тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык-Көл жылуу көл дегенди билдирип, Туз-Көл деген дага аты болгон имиш. Андан кийин Тимур-ту-Нор деп да аташкан. Бул темирлүү көл дегенди билдирген.
Бир кезде Жыт-Көл деп да аташкан. Ысык-Көлгө жаздын келиши кызыктуу, мында кыштаган ак куулар, кызыл моюн өрдөктөр башка жакка кетишет. Анын ордуна сууда сүзүүчү башка канаттуулар пайда болуп, көл үстү күндүн чагылышынан күмүш түскө боёлуп, ажайып бир көркөмдүктү жаратат.
Келгин куштардын тобун карап отурса, көп нерселерди байкоого болот. Баш-аягы болжолдуу маалыматтар боюнча Ысык-Көлгө 16 түрдүү келгин куштар учуп келишет. Булар уяларды салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат. Башка өлкөлөрдөн туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келип турушат. Көлдө балык өстүрүүчү жана кармоочу чарбалар дагы бар. Алар чабак, осман, маринка жана сазан сыяктуу көп балыктардын түрүн кармашат.
Көл жээги жай мезгилинде жандуу жана көркөм. Түрдүү ооруларды айыктыруучу Жети-Өгүз, Кой-Сары, Ысык-Көл, Ак-Суу сыяктуу курорттор — Ысык-Көлдө. Туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй жана Тескей Ала-Тоо өзүнчө бир көрк берет.
Ысык-Көлдү даңазалап далай акындар жана жазуучулар ырларды, тамшандырган көлөмдүү китептерди, уламыш, жомокторду жаратышткан. Таланттуу акын Алыкул Осмонов үчүн көл түгөнгүс тема болгон. Акын эргип, суктанып, көлдү сүйгөнүн, анын кереметин өзүнүн канаттуу ырларында көрсөтө билген.
Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса, толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун
Кыргыз жеринин жаратылышы абдан кооз. Көк тиреген ак мөңгүлүү чокулар, этеги жапжашыл тоолор, ар түркүн дарактуу токойлор, шаркырап аккан, тунук, кашка суулар жердин көркүн ачат. Мына ушул кооз жерлердин ортосунан орун алган Ысык-Көл ажайып көркөм көрүнөт.
Сакчылардай тегерете курчаган тоолордун этегинде асман менен жерди бириктиргендей, көтөрүңкү болуп, көгөрүп мелмилдеп жаткан Ысык-Көл адамга укмуштуудай таасир калтырат. Бекеринен аны биздин ата-бабабыз ыйык деп атабаса керек, себеби байыркы түрк тилинде ыйык деген сөздүн бир варианты «ысык» деген сөз болгон.
Ысык-Көл Тянь-Шандын Тескей жана Күнгөй Алатоолорунун ортосундагы кеңдикте созулуп жатат. Кыргызстандагы эң ири көл, ошондой эле дүйнөдөгү тоо көлдөрүнүн ирилеринен болуп да эсептелет. Археологиялык изилдөөлөргө караганда алгачкы адамдар Ысык-Көлдө төмөнкү полеолитте эле отурукташа баштаган.
Көлдөн суулар агып чыкпайт дагы ага 80ге чейин салыштырмалуу анча чоң эмес суулар кирет. Дарыялар суусу жаздын аягында жана жайында көп. Алардын ичинен чыгыштан киргендеринин ирилери Түп жана Жыргалаң. Суулардын кубаттануусу эриген кардын суусу көбүрөөк болуп, кар жана мөңгү суулары аралаш. Батыш бөлүгүндө Чу дарыясы көлгө өтө жакын жайгашып, ал Кутемалды каналынын боюнда 6 км узундукта, кээде жазгы суунун деңгээлинин көтөрүлүү учурунда суулардын бир бөлүгүн берет. Ысык-Көлдүн суу деңгээли циклдүү өзгөрөт (кээде көтөрүлөт, кээде түшөт); цикл бир нече он жылда болот. Суунун түсү көгүлтүр, туздуураак (минералдашуусу 5,8-5,9%). Тунуктугу жайында 20 метрге чейин, кышында 47 м.
Көлдүн суу алмашуу мезгили 300 жылдан ашык. Акыркы 200 жылда көлдүн суу деңгээли төмөндөөдө. Деңгээлдин жылдык амплитудасы 10-50 см. Эң төмөн деңгээл февраль-март айларында, жогоркусу - август-сентябрда.
Суунун көлөмү 1738 км3, суу бетинин аянты 6236 км2, орточо тереңдиги - 278м, эң терең жери дээрлик эки эсеге чоң жана 702 м барабар (башка маалыматтар боюнча 668м). Ысык-Көлдүн батыштан чыгышка карай узундугу 182 чак, түштүктөн түндүккө чейин 58 чак.
Жээктер начар бөлүнгөн - болжол менен 20 булуң, бухталар. Маанилүү булуңдар: Балыкчы, Жыргалаң (Пржевальский), Түп жана Покровка. Жээк сызыгынын узундугу - 688 км, кумдуу жээктер басымдуулук кылып, ылай жана таштак жерлер да кеңири таралган. Көлдүн таманы негизинен чопо жана кара ылайдан турат.
Көл суусун ичүүгө жана сугат иштерине колдонууга жараксыз. Хлорид-сульфат-Натрий; СаСО3 жайында кристалдашып, түбүнө тунуу байкалат. Суу массасы эриген кычкылтек менен жакшы каныккан. Фитопланктондун фотосинтезинин айынан 40 метр жана андан терең жакта суу кычкылтек менен өтө каныгат (кээде 128% чейин). Дарылык касиети бар ылайлар бар.
Көл жээгинин климаты мелүүн континенталдуу, жылуу жана кургак. Январдын орточо температурасы: Каракол −6 °C, Чолпон-Ата −3 °C, Тамга −2 °C.
Июлдун орточо температурасы: +17 °C. Жай айларындагы басымдуулук кылган абанын күндүзгү температурасы +20 °C — +23 °C, кээ бир күндөрү +25, кээде +28ге чейин жылыйт. Чагылгандуу жаан көп байкалат (июнь, июлда айына 9-10 күн, жылына орточо Чолпон-Ата аймагында 46 күн). Июль-августтагы көл үстүндөгү суунун орточо температуры 19,5-20,2 °C, январь-февралда 4,1-4,8 °C, кычыраган кыштары булуңдарда гана муз пайда болот. 100 метрден өйдө тереңдикте жылы бою 5,5 °C.
Жаан-чачындын орточо жылдык саны 250 мм. Көлдүн батыш жээгинде минималдуу келип, чыгыш бөлүгүндөгү ойдуңда максималдуу. Суу бетиндеги орточо жылдык буулануу 625-710 мм.
Күн тийүү саатынын саны 2700 түзөт. Салыштыруу үчүн Москвадагы күн тийүү 1700 саатка барабар.
Күтүлбөгөн толкундоолорду алып келүүчү катуу (секундасына 30-40 метр) шамаалдар көп болот. Көлдүн борбордук бөлүгүндө суу куюндар пайда болуп турат. Шамаалдан пайда болгон толкундардын бийиктиги 3,5-4 м.
Кыргызча аталышы «Ысык-Көл», орусча аталышы Иссык-Куль. Кышкысын тоңбогонуна байланыштуу, аты айтып тургандай эле «ысык» же жылуу көл дегенди билдирет. Ойдуңдагы жумшак кыш, кеңири көлөмдөгү суу катмарындагы жылуулук запастары, туздуулугу көлдүн муз каптоосуна жол бербейт. Географ жана топонимист Э. М. Мурзаев көлдүн аталышын хакастардын ызых, ызык («курмандыктуу», «ыйык») сөздөрү менен салыштырат; анын ою боюнча, кыргыздардын көлдүн ыйыктыгын таанып билүүсү жана ага сый мамиле жасоосу байыркы замандан жана бүгүнкү күнгө чейин сакталууда.
Жунгар хандыгынын мезгилинде көлдүн монголдук аталышы Тэмиртунор формасында белгиленген (Ч. Ч. Валиханов 1756-жылдагы мезгилде көлдү ушул аталышта көрсөтүп өткөн).
Адегенде «Чалкыган көл», кийин «Тунук көл» делип аталган. Ысык-Көл жөнүндөгү биринчи эскерүү биздин заманга чейинки 2-кылымдагы кытай жылбаяндарында Же-Хай аталышында кезигип, «жылуу деңиз» дегенди билдирет. Бирок көлдү илимий жактан изилдөө 19-кылымда орус окумуштуулары Ф. Ф. Зибберштейн, П. П. Семёнов, А. Ф. Голубев, И. В. Мушкетов, Л. С. Берг, Н. Г. Кассин, ошондой эле Николай Михайлович Пржевальский тарабынан изилденип, ал көз жумганда Ысык-Көлдүн жээгине сөөгүн коюууну керээз кылган. Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин Ысык-Көлдү изилдөө системалуу жүргүзүлүп, анын жаратылыш өзгөчөлүктөрүнүн мыйзам ченемдери, суусу мурда тузсуз болгондугу аныкталган.
Окумуштуу, саякатчы, изилдөөчү Александр Фёдорович Голубев Ысык-Көлдүн аймактарында астрологиялык аныктамалар менен алектенген биринчи европалык окумуштуу болгон. Акырындык менен көлдүн жээгин бойлоп, Голубев негизги пункттардын географиялык координаттарын так аныктап, анын жардамы менен көлдүн контуру картада так түшүрүлгөн.
2006-жылы Кыргыз Илимдер академиясынын вице-президенти Владимир Плоских жетектеген Кыргыз-Орус Славян университетинин археологиялык экспедициясы көлдүн түбүндө 2,5 миң жыл мурун жашаган белгисиз байыркы цивилизацияны табышкан. Бүгүнкү күндө да Ысык-Көл окумуштуулар тарабынан изилденүүдө.
Ысык-Көлдүн жээгинде өсүмдүктөр жарды келет, жарым чөлдүү. Көлдүн жанында көбүнчө чычырканактар (Hippophaë rhamnoides), ит мурун, бөрү карагат, чие, чекенде өсөт. Кийинки мезгилдерде бүтүндөй көл жээгин жашылдандыруу башталып, дарактар, жемиш бактары отургузулуп өстүрүлүүдө.
Жыгач өсүмдүктөрү негизинен Шренк карагайынын тоолуу токойлору менен берилген. Карагай токойлору негизинен Ысык-Көлгө чектеш тоолуу аймактардын түндүк капталдарында жайылган. 2500 мден ашык бийиктикте тоолуу шалбаа субальп жана альпы формациялары бар.
Булуңдардагы 35-40 метрге чейинки тереңдиктерде латынча Charophyceae аталыштагы балырлар жана рдест өсүмдүктөрү каптайт.
Көлдө 5 түркүмгө таандык балыктардын 21 түрү бар. Алардын 14 түрү эндемикалык (белгилүү бир географиялык аймакка таандык), калгандары башка көлмөлөрдөн алынып келинген. Көк чаар, түрпү, каңылтыр, чабак, жилингир жана башка балыктар бар. Акклиматташкандары ишхан (Армениядагы Севан көлүнүн форели), судак, карп, лещ. Ысык-Көл форелинин айрымдарынын салмагы жыйырма төрт килограммга чейин жетет.
Балыктардын орточо жалпы биомассасынын 90% Ысык-Көл чабагы түзөт (Leuciscus bergi Kashkarov, 1925).
Көлдүн батышында жана булуңдарында жыл сайын 20-65 миң канатуулар кыштайт (кряквалар, гогольдор, кызыл тумшук өрдөк (соно), аккуулар, боз каз, кашкалдактар, чумкугучтар). 1948-жылы куштарды коргоо максатында «Ысык-Көл коругу» уюшулган. Ага 16 миң гектар жер аянты кирген. Жээгинде коён, кыргоолдор, жакын арада эле коё берилген ондатра байыр алып көбөйүүдө.
Деңиз жана тоо климаттарынын сейрек айкалышы көптөгөн эс алуучуларды жана туристтерди тартат. Көл жээгинде «Көгүлтүр Ысык-Көл», «Чолпон-ата», «Ысык-Көл», «Жыргалаң», «Жети өгүз», «Тамга», «Ала-тоо» жана башка ири курорт, санаторий, дем алуу үйлөрү, туристтик базалар бар. Ал эми балдардын санаторийлери, пансионат, эс алуу лагерлери жана эс алуучу жайлары ондоп саналат. Адамдар бул жайларда эс алуу менен катар белгиленген багыттары боюнча көл үстүнө, тоолорго, айрым тарыхый мааниси бар жана башка кооз жайларга саякатка барып турушат.
Ысык-Көл - Кыргызстандагы туризм кирешесинин негизги булагы. Ошого карабастан, Ысык-Көлдүн жээктеринде өздөштүрө элек жерлер бар, алардын ордуна акырындык менен жаңы ыңгайлуу эс алуу жайлары пайда болууда.
Ысык-Көлдөгү туристтер арасында эң популярдуу жерлер Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары, Бостери курорттук айылдары, Сары-Ой, Чок-Тал, Булан-Сөгөттү, Чоң-Сары-Ой, Тамчы, ошондой эле Барскоон, Жети-Өгүз Григориевск жана Семеновск капчыгайлары.
Кумжээк туризми негизинен түндүк жээктеги Тамчы айылынан баштап Корумду айылына чейин топтолгон. Туристтик сезон июнь айынын ортосунан август айынын аягына чейин созулат.
Ысык-Көлгө эс алгандардын көпчүлүгү Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын тургундары.
Көлдө жүк ташуучу жана туристтик кемелер жүрүп турат. Жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме жүрүү өнүккөн. Негизги порттор - Ысык-Көл (Балыкчы) жана Пристань-Пржевальск.
Көлдүн айланасында Каракол, Балыкчы, Чолпон-ата шаарлары жана көптөгөн кыштактар орун алган.
Ысык-көл облусунун Тамчы айылында «Тамчы» аэропорту жайгашкан (мурдагы «Ысык-Көл» аэропорту).
Кыргыз жергесиндеги уникалдуу эң кооз жайы болуп эсептелген Ысык-Көлдүн табиятын, анын суусу менен жээгинин тазалыгын, өсүмдүктөрү менен айбанаттар дүйнөсүн сактап калуу үчүн, аларды андан да кооз абалга келтирүү үчүн көп иштер жүргүзүлүп жатат.
Экологиялык абал жалпысынан жагымдуу. Көл аймагында булгоочу ири өнөр-жай мекемелери жок.
1998-жылдын жайында уу заттарды ташууда, жол кырсыгынын айынан көлгө агып кирүүчү сууга - Барскоон суусуна түрдүү маалыматтар боюнча 0,5ден 1,7 тоннага чейин натрий цианиди төгүлгөн. Жыл сайын авария болгон жерде текшерүүлөр жүргүзүлүп, эч кандай коркунучтар жок экенинин түрдүү көрсөткүчтөр күбөлөндүрүп келет.
Жагымдуу климаты, кооз жаратылышы Ысык-Көлдү курорттук зонага айландырууга негиз болгон.
СССРдин убагында көлдө суу астындагы курал-жарактын сыноолорду өткөрүлгөн. Россиянын аскер-деңиз флотунун «Каракол» («Кой-Сары») сыноо базасы бүгүнкү күнгө чейин бар (2017-жыл).
Ошондой эле өз убагында көл жээгинде Ан-10 учагынын сыноолору өтүп, анда конструктор Олег Константинович Антонов катышкан. Негизинен оор учактын топурак сызыгына конуу мүмкүндүгү текшерилген (бул учурда - таштак конуу сызыгы). Конуулар башка нерселердин катарында кыймылдаткычтын иштебей калуусунун имитациясы менен дагы өткөн. Бул жөнүндө кеңири маалымат конструктордун китебинде жазылган.
2014-жылдын октябрь айында ультрамарафончу Дмитрий Ерохин кыргыз балдар рагы менен күрөшүү фондуна колдоо көрсөтүп, көл жээгин бойлой 350 км чуркаган. Андан тышкары 2016-жылы дүйнөлүк көчмөндөр оюну (англ. World Nomad Games) Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөн.
Көлгө байланыштуу көптөгөн уламыштар бар. Алардын биринде көлдүн түндүк жээгинде чөгүп кеткен армян чүркөөсү болуп, анда апостол Матфейдин күчү бар сыңары. Мисалга алсак, 1375-жылкы Каталон дүйнө картасында Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде крести бар имарат чагылдырылып, жанында төмөнкүдөй жазуу жазылган: «Ысык-Көл аталган жер. Бул жерде армян бир туугандарынын монастыры, Апостол жана Евангелист ыйык Матфейдин сөөгү жайгашкан».
Темирлан Ысык-Көлдүн жээгинде кеминде үч жолу болгон - 1376, 1389 жана 1392-жылдары. Узак убакыт бою жергиликтүү урууларды багындырууга аракет кылып, бирок бардык аракеттер бирдей ийгиликсиз аяктаган: аскерлер жакындаганда, уруулар көчүп кетишчү, аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенде, алар кайрадан кайтып келишчү.
Темирлан дагы бир жүрүшкө чыгып, Ысык-Көлдүн жээгине келет. Аскерлерине бирден таш алып аны бир жерге чогултууга буйрук берет. Таштар чогулуп чоң үймөккө айланат. Жүрүштөн келе жатканда анын канча аскер калгандыгын билгиси келет. Ошентип калган аскерлерине биринчи үймөктөн бирден таш алып экинчи үймөк кылып чогултууга буйрук берет. Экинчи үймөктүн биринчиге караганда алда-канча кичинекей болгонун көрүп кайгыга батат. Үймөк таштар ошол жерде калып Санташ аталат - ал үймөк таштар Ысык-Көлдүн чыгышыраак жактагы Түп районунун Каркыра аймагында жайгашкан. Санташ уламышы
Совет мезгилинде археологдор ал жактагы кургандарды изилдеп, кургандардын бири сак-усун мезгилине таандык көрүстөн болуп чыккан.
Суу баскан шаарлар жана кенчтер жөнүндө бир катар уламыштар бар[1]. Алардын көпчүлүгү реалдуу фактыларга негизделген. Суу астында жүргүзүлгөн казуу иштеринен көлдүн жээгинде бир нече орто кылымдык шаарлар, анын ичинде Усундардын борбору Чигу да суу астында калган.