Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Китепкана

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Китепкана

Китепкана (грекче βιβλίον «китеп» + θήκη «сактоочу жай») — басылмаларды жана жазмаларды коомдук колдонуу үчүн чогулткан жана сактаган, ошондой эле маалымат-библиографиялык иш алып барган мекеме.

Мазмуну
Китепкана
А. Осмонов атындагу улуттук китепкана
А. Осмонов атындагы улуттук китепкана
Алып баруучу ишКитепкана иши жүргүзүү, калктын сабаттуулугун жогорулатуу
Камтыйткитепканалык фонд
Китепкана күнү27-май

Жалпы маалымат

Учурда (2023), санариптештирилген китептердин саны күндөн-күнгө көбөйүп, электрондук сактоо түзүлүштөрүндө сакталууда, кээ бир китептер кагаз түрүндө дээрлик басылбай калды. Ошондой болсо дагы, кагаз китептер дагы деле көптүк кылып келет.

Эми китепкана тууралуу жөнөкөй сөз менен түшүндүрүүгө аракет кылалы. Сиз бир курдашыңыздыкына мейманга келдиңиз дейли. Ал: Азыр мен сага китепканамды көрсөтөмүн, — дейт да, Сизди китептер тизилип турган шкафга же текчеге ээрчитип келет. Бүгүн мен китепканага барбасамбы — деп, Сиз да китепканы көздөй жөнөйсүңөр. Эгер Сиз Москвага барсаңыз бир нече имаратты көрөсүз. Ал бүтүндөй бир кварталды ээлеген китепкана. Бул китепкананын ичин бүт кыдырып чыгуу үчүн бир нече саат убакыт керек.

Ал үчүн лифт менен көтөрүлүп, тепкич менен төмөн түшүп, коридор аркылуу басууга туура келет. Китептер коюлган миңдеген текчелерди, китептерди окуу залына ташып келүүчү кыйма-чийме поезд жолдорун жана башка көптөгөн нерселерди көрөсүз. Анда китеп бир нече миллиондоп саналат. Бул — дүйнө жүзүндөгү эң чоң китепканалардын бири. Ушул зор китепкана — китептердин бүтүндөй бир шаары да, Сиз келип көнүп калган китепкана да, үйүңөрдөгү китеп тизилип турган текче да бир гана сөз менен «китепкана» деп аталышы бекеринен эмес.

Китепкана — бир же бир нече адамдын, чогултуп-сактаган китептерин топтоо. Адамдар китепти жакшы көрүп чогултат, камкордук менен сакташат. Китепкана миңдеген жылдардан бери бар. Китепканада китеп ушунчалык көп болгондуктан, алардын арасынан керектүү китепти табуу оңойго турбайт. Ошол учурда көрсөткүчтөр — каталогдор жардамга келет. Ал бардык китепканаларда бар. Узун кутуларда картачалар турат. Ар бир картачада китептин аты жана анын авторунун фамилиясы жазылган. Бурчунда белгиси бар. Анда тамга менен цифралар жазылган, ал шифр деп аталат. Шифр — текчеде турган китептин кыскартылган дареги.

Китепканачы шифрди карап, китепти кайсы текчеден, кайсы орундан издөөнү дароо билет. Айтмакчы, китепкана жумушчусун — китепканачы дейбиз. Эгерде Сиз китепканага али каттала элек болсоңуз барып сөзсүз катталуу керек. Катталган соң каталогдорду пайдалана билүүнү үйрөнүү зарыл, эгерде Сиз китепти али чогулта элек болсоңуз, китеп чогултуу ишин азыртан башта, маанисиз кагаз китепби же электрондукбу. Ошондо Сиздин да өз китепканаңыз болот. Топтогон китептериңизди иреттүү кармагыдай болгула. Кимдир бирөөнүн китебин алсаңыз, аны кайтарып берүүнү унутпагыла.

Сиз да өз китебиңизди кимге окуганга бергениңизди эсиңизден чыгарбагыла. Бирок, китептериңизди жолдошторуңузга сөзсүз берип тургудай болгула. Китепкана темасында чоң бир дилбаян жазса да болчудай.

Китепканадагы китеп жана китеп текчелер
Китепканадагы китеп жана китеп текчелер

Тарыхы

Биринчи китепканалар байыркы Чыгышта пайда болгон. Негизинен, биринчи китепкана деп болжолдуу биздин заманга чейин 2500 жыл мурун шумердик Ниппур шаарында табылган чопо такталардын жыйнагын аташат. Египеттик Фиванын (Байыркы Египет борбор шаарларынын биринин грекче аталышы) жанындагы күмбөздөрдүн биринде II өтмө мезгилге таандык (б. з. ч. XVIII—XVII кылымдар), ичинде папирустар бар куту табылган. Рамсес II Жаңы падышалык доорунда болсо 20 000 жакын папирус чогултулган. Эң белгилүү байыркы чыгыштык китепкана — биздин заманга чейинки VII кылымдык Ниневиядагы ассириялык падыша Ашшурбанипалдын сарайынан алынган шынаа формалуу жазуулар камтылган такталар жыйнагы болгон. Такталардын негизги бөлүгү юридикалык маалыматтарды камтыган. Ал эми Байыркы Грецияда биринчи коомдук китепкана тиран Клеарх тарабынан Гераклеяда негизделген. (б. з. ч IV кылым).

Ири антикалык китептүүлүк борбору катары Александриялык китепкана болгон. Ал биздин заманга чейин III кылымда Птолемей I тарабынан түзүлүп, бүткүл эллинисттик дүйнөнүн билим алуу борбору саналган. Александриялык китепкана mouseĩon (музей) комплексинин бөлүгү болгон. Комплекс өзүнө жашоого ылайыкташкан бөлмөлөрдү, ашканаларды, окуу бөлмөлөрүн, ботаникалык жана зоологиялык бакчаларды, обсерваторияны жана китепкананы камтыган. Кийинчерээк буга медициналык жана астрономиялык аспаптар, жаныбарлардын жасалма сөлөкөттөрү, статуялар жана бюсттар кошулуп, алар билим алуу үчүн колдонулган. Музей (mouseĩon) комплексине Чиркөөдөгү (антикалык китепканалардын дээрлик бардыгы чиркөө алдында болгон) 200 000 папирус жана Мектептеги 700 000 документ кирген. Музей жана Александриялык китепкананын көпчүлүк бөлүгү болжолдуу биздин замандын 270-жылдары талкаланган.

Орто кылымдарда китеп очогу катары монастырдык китепканалар саналган, мында скрипториялар (кол жазмаларды кайра жазуучу жер) иштеген. Скрипторияларда Ыйык жазуулар гана эмес Чиркөө Аталарынын дилбаяндары, антикалык авторлордун чыгармалары дагы көчүрүлгөн. Ренессанс мезгилинде Кайра жаралуу доорунун ишмерлери монастырларда сакталып калган грек жана латын тексттерине аңчылык кылган десек дагы болот. Манускрипттердин кымбаттыгынан жана аларды даярдоо эмгекти көп талап кылгандыктан, китептерди, китепкана текчелерине чынжыр менен бекитип-байлап коюшкан.

Басуучу станоктун ойлоп табылышы жана китеп басуунун өнүгүүсү китепкана жүзүнө жана ишмердүүлүгүнө чоң өзгөрүүлөрдү алып келип, алар архивдерден мурдагыдан дагы көбүрөөк айырмалана баштаган. Китепкана фонддору тез өсүп, Жаңы мезгилдеги сабаттуулуктун жайылышы менен китепканага келген окурмандардын саны дагы өскөн.

Бүгүнкү күндө дүйнө китепканасында болжолдуу 130 миллиондой өзүнчө аталыштагы китептер бар деп жоромолдонот (2020).

Тарыхтагы белгилүү китепканалар

Түрлөрү

Кийинкидей китепканалар болот:

Универсалдуу китепканалардын социалдык түрлөрү:

Атайын тармактык китепканалар кийинкидей болот:

Улуттук китепкана мамлекет же ага тиги же бул деңгээлде тиешеси бар жана окурмандар тарабынан суроо-талапка ээ болуп калуу мүмкүндүгүнө ээ, басылып чыккан же чыгарылуучу бардык басма жана чектеш өндүрүмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сакталышынын камсыз кылуу иштерин жүргүзөт. Улуттук китепкананын фондунун толуктугун камсыз кылуу үчүн көптөгөн өлкөлөрдө сөзсүз болуучу экземпляр системасы колдонулат. Кыргызстанда улуттук китепкананын функциясын, Бишкек шаарындагы А. Осмонов атындагы улуттук китепкана жүргүзөт.

Аймактык китепканалар улуттук китепкананын филиалдарынын ролун аткарат, а бул өлкөнүн алыскы аймактары үчүн өзгөчө актуалдуу. Кыргызстанда аймактык китепканалар облустук, шаардык, райондук жана айылдык болуп бөлүнгөн.

Коомдук китепканалар окурмандарды көбүрөөк суроо-талаптуу жана белгилүү басылмалар менен камсыз кылат.

Атайын китепканалар белгилүү бир түрдөгү (ноталык басылмалар, көрүүсү начар же азиз адамдар үчүн басылмалар, мамлекеттик стандарттар, патенттер ж. б.) же темадагы басылмаларды топтойт. Бир катар учурларда атайын китепканалардын зарылдыгы басылмаларды сактоо жана аларды колдонууга байланышкан өзгөчө шарттар менен түшүндүрүлөт, көбүнчө өтө көп сандаган басылмаларды бир имаратта кармоого жана китеп ишмердүүлүгүнү өтө ар түрдүү тармактардагы жогорку квалификациялуу адистер менен камсыз кылууга мүмкүн эместиги менен байланыштуу.

Көрүүсү начал же азиз адамдар үчүн китепкана көзү көрбөгөн же начар көргөн окурмандардын маалыматка мүмкүндүк алуусун камсыз кылат. Мындай китепканалар Брайль рельефтик шрифти менен терилген китептерди жана түрдүү сактоочу түзүлүштөрдө алып жүрүүчү аудио китептерди камтыйт. Мындан тышкары кээ бир китепканалар түрдүү объектилердин келбетин түшүнүүгө мүмкүндүк берген рельефтик-көлөмдүк моделдерге ээ.

Университеттик, институттук, мектептик китепканалар негизинен окуучуларды окуу процессине зарыл болгон китеп менен камсыздоого багытталган жана фондунун курамы боюнча атайын китепканаларга жакын. Ушул эле нерсени ведомстволук китепканалар жөнүндө айтса болот. Бирок, атайын китепканалардан айырмаланып, институттук жана ведомстволук китепканалар коомдук эмес болуп, институтка же ведомствого тиешеси бар гана окурмандарды тейлейт. Бирок, бул негиздин ишке ашырылышы улуттук салттан жана конкреттүү социомаданий шарттардан көз каранды: мисалы, АКШда бир катар университеттик китепканалар өзүнүн фондундагы китептерге мүмкүндүктү бардык каалоочуларга берет.

Ишмердүүлүк

Китепканалардын окурмандарды тейлөө боюнча ишмердүүлүгү эки негизги формада ишке ашырылат. Китепканалык абонемент окурманга басылманы китепканадан алып, белгилүү бир убакытка чейин толук кандуу пайдаланууга укук берет. Башка учурда окурман китеп менен китепкананын ичинде гана таанышууга мүмкүндүгү бар (шартка ылайык атайын окуу залында). Кээ бир китепканаларда бир гана абонемент же окуу залы, башкаларында бул тейлөө формалары айкалышып иштейт, бирок сактоо бирдиктеринин бардыгына эки форма иштетилбеши ыктымал. Китепкананын башка маанилүү мүнөздөмөсү, анын фондунун түзүмү. Көпчүлүк учурда басылмалардын бөлүгү (көбүрөөк суроо-талапка ээ болгондору) ачык түрдө болуп, окурман аны менен түздөн-түз китеп текчесинен тааныша алат, экинчи бөлүгү (көпчүлүгү) китеп сактоочу жайда жайгашып, ал жактан китепкана каталогу боюнча буйрутма берүү аркылуу, бир канча убакыттан кийин гана мүмкүндүк алат.

Кээ бир учурларда, окурмандан атайын сурамды же улуксатты талап кылган, өзгөчө сейрек, эскирген же мамлекеттик сырды камтыган басылмаларды берүүгө чектөөлөр коюлат; СССРде бул тажрыйба кеңири колдонулуп, «атайын сактоо» деген аталышта тарыхта калган.

Көчмө китепканалык пункттар алыскы аймактардагы, карылар үйүндөгү калктын китепке же Интернетке болгон муктаждыктарын жеңилдетет. Китеп же байланыш каражаттарын жеткирүү үчүн автобустар жана автофургондор (англисче bookmobile, испанча bibliobús), ал эми кээ бир өлкөлөрдө жылкы, эшек сыяктуу жаныбарлар пайдаланылат.

Китепкана күнү

Кыргызстан китепканаларынын билим берүүнүн, илимдин, маданияттын, маалыматтын өнүгүүсүнө кошкон чоң салымын жана китепканалардын коомдогу ролун андан ары өнүктүрүү зарылдыгын эске алуу менен КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №308 Токтому менен 27-май Кыргызстан китепканаларынын күнү деп жарыяланган.

Бул дата 1902-жылдын 27-майында Кыргызстандагы биринчи жалпыга жеткиликтүү китепкананын ачылышына байланыштуу.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 041 китепкана бар (2020). Китепкана кызматын жыл сайын 1 миллиондон ашык окурмандар колдонушат. Жалпы Кыргызстан боюнча китепканалык фонд 19 миллиондон ашык китепкана бирдигин түзөт (2022).

Жайгаштыруу: 2018-04-13, Көрүүлөр: 21953, Өзгөртүлгөн: 2023-09-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу