Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Түштүк Америка

Баш барак | Гео | Түштүк Америка

Түштүк Америка — Батыш жарым шардын түштүгүндө жайгашкан Жер планетасынын алты континентинин (материгинин) бири (караңыз: континент). Батышынан — Тынч океан, чыгышынан — Атлантика, түндүгүнөн — эки Американын ортосундагы табигый чек болгон Кариб деңизи менен чулганат. Материктин түндүк-батышындагы Панама моюнчасы Түштүк Американы Түндүк Америка менен байланыштырат. Эки континент кошулуп Америка дүйнө бөлүгүн түзөт.

Мазмуну
Түштүк Америка
Түштүк Америка
Аянты17 840 000 км²
Калкы438 039 139 адам (2021)
Калк жыштыгы21,4 адам/км²
Жашоочуларынын аталышытүштүк америкалыктар, америкалыктар
Өлкөлөр саны13
Көз каранды мамлекеттер саны3
Тилдерпортугал, испан, англис, нидерланд, индей тилдери
Саат алкактарыUTC-2ден UTC-5 чейин
Ири шаарларСан-Паулу (11,1 млн), Лима (9,6 млн), Богота (7,3 млн), Рио-де-Жанейро (6,1 млн), Сантьяго (5,4 млн), Каракас (3,1 млн), Буэнос-Айрес (3,0 млн), Салвадор (2,9 млн), Бразилиа (2,4 млн), Форталеза (2,4 млн)

Түштүк Американын курамына түрдүү аралдар дагы кирет, алардын көбүнчөсү континенттин өлкөлөрүнө таандык. Кариб деңизи менен чектеш болгон Түштүк Америка өлкөлөрү (анын ичинде Колумбия, Венесуэла, Гайана, Суринам, Француз Гвианасы жана Панама) — Кариб Түштүк Америкасы аталышта белгилүү.

Континенттин аянты — 17,84 млн км² (аянты боюнча континенттер арасында 4-орунда), калкы — 438 039 139 (2021) адам (бул көрсөткүч боюнча дагы 4-орунда).

Түштүк Америка космостон
Түштүк Америка космостон көрүнүшү. Сүрөт булагы — Яндекс карта кызматынан.

Аталышынын келип чыгышы

Континенттин аталышында «Америка» сөзүн Мартин Вальдземюллер, Америго Веспуччи атынын латын вариантын картага түшүрүп жатып биринчилерден болуп колдонгон, ал эми Веспуччи жердин Христофор Колумб тарабынан ачылышы Индияга таандыгы жок, жана бул жер Европалыктарга мурда белгисиз болгон Жаңы Дүйнө деп сунуштаган.

Тарыхы

Континенттин тарыхын шарттуу түрдө үч баскычка бөлүүгө болот. Биринчи — бул автохтондук цивилизациялардын (инк ж. б.) калыптануу, гүлдөө жана түшүү мезгили. Экинчи — бул континенттин көпчүлүк бөлүгү эки европалык өлкөнүн (Испания жана Португалия) көз карандылыгында турган 1500—1800-жылдардагы европалыктардын жеңип алууларынын (Конкиста) жана колонизм мезгили. Салыштырмалуу чоң эмес узактыгына карабастан, дал ушул мезгилде көптөгөн латын америкалык мамлекеттердин тилдери жана маданияттары, экономикасы калыптанып, ошондой эле, мамлекеттүүлүк башаттары түптөлгөн. Гвиан жээгиндеги өлкөлөрдүн тарыхын өзүнчө кароо керек. Гайана, Суринам жана азыраак даражада Француз Гвианасы континенттеги испан жана португал тилдүү өлкөлөрдүн кыйла айырмаланып турган.

Классикалыкка чейинки мезгил

Түштүк Американын аймактарына адамдар тарабынан отурукташуусунун эки версиясы бар. Биринчисине ылайык, отурукташуу Азиядан, тагыраак айтканда заманбап Россиянын Азия аймагынан Беринг кысыгы жана Түндүк Америка аркылуу, бирок, буга археологиялык табылгалардын бардыгы бул теорияга шайкеш келбейт, ушуга байланыштуу «сибирге чейинки» түштүк америкалык аборигендердин болуусу жөнүндөгү теория сунушталган.

Түштүк Америкадагы биринчи айыл-чарба тажрыйбалары биздин заманга чейин 6500 жылдар менен белгиленет, мында Амазониялар банан, картофель жана ачуу кызыл калемпирди иштетишкен.

Түштүк Американын ачылышы

1492-жылы Христофор Колумб Индияга деңиз жолун ачам деп Атлантика океанын кесип өтүп, Чоң Антил аралдарын ачкан. Биринчи экспедициянын артынан экинчиси, анан үчүнчүсү болот. Үчүчнчү экспедицияда өзүнө белгилүү болгон жерлерден түштүгүрөөк жол салып, Тринидад аралын ачып, арал менен белгисиз жээк ортосунда кемесин өткөрөт. Жээк боюндагы суулар дээрлик тунук болгону Испандыктарды таң калтырат. Адмирал күндөлүгүнө кийинкидей жазган: «...мындай кубаттуу дарыя материкте гана боло алмак, түштүктө дагы материк бар».

XV—XVI кылымдардагы Испан экспедициялары

Колумбдун артынан Түштүк Америкага жаңы жерлерди, жаңы байлыктарды, алтын жана баалуу буюмдарды издеп көптөгөн испан экспедициялары жөнөгөн.

Франсиско Орельяндын экспедициясы

1541-жылдын декабрынын аягында бир бригантина (кеме) жана төрт каноэден турган Франсисконун флотилиясы Напо дарыясы аркылуу океанга түшө баштаган. Бир айдан ашык сүзүүдөн кийин «деңиздей жазы» дарыя Амазонкага туш келет. Чыгышты карай жүрүп отурганда испандар индейлердин кыштактарын, көп сандаган сууга кошулуучу агымдарды көрүшкөн. Сыядай кара болгон ири сол агымын алар Рио-Негру аташкан — «кара дарыя». 1542-жылдын августунда гана алар дарыянын деңизге куйган жерине жеткен.

Географиялык изилдөөлөр

Материктин табиятын изилдөөдө немец табигый сынчысы жана географы Александр Гумбольддун ролу чоң, ал Борбордук жана Түштүк Америкада 1799—1804-жылдары саякаттаган. Материктин өзүнчө аймактарын тереңирээк изилдөө XIX кылымда башталган. 1821—1828-жылдары Григорий Иванович Лангсдорф жетектеген орус экспедициясы Бразилиянын ички аймактарын изилдеген. Амазон ойдуңунун геологиялык түзүмдөрү, климаты, өсүмдүктөрү жана жаныбарлары жөнүндө баалуу маалыттарды англис саякатчысы Генри Бейтс 1848—1859-жылдардагы экспедициясында чогулткан.

География

Материктин түндүктөн түштүккө чейинки узундугу 7350 км, батыштан чыгышка чейин 5180 км. Континент түндүк-батышында Колумбия жана Панама чек араларын бойлой Дарьен боштугу менен чектелген, бирок, кээ бир пикирлер боюнча чек ара деп Панама каналы саналат. Геосаясат жана географиялык жактан бүткүл Панама, анын ичинде Панама каналынан чыгышты карай сегмент, негизинен Түндүк жана Борбордук Америкага гана таандык. Түштүк Американын дээрлик бүткүл материктик бөлүгү Түштүкамерикалык плитада жайгашкан.

Түштүк Америкада дүйнөдөгү эң бийик — Анхель (Венесуэла) шаркыратмасы, Гайанадагы эң бийик бир агымдуу шаркыратма (айрыктарга бөлүнбөгөн) — Кайетур, Жердеги суусу көп жана эң узун дарыя — Амазонка, дүйнөдөгү эң узун тоо чынжыры — Анд, абсолюттук бийиктиги боюнча эң бийик жанар тоо — Охос-дель-Саладо (6887 м.) эң бийик тоолу суусу тоңбогон көлү (Мауна-Лоа деңиз түбүнөн эсептегенде эң бийик тоо) менен, эң бийик активдүү жанар тоо — Льюльяйльяко, Антарктиданы эске албаганда Жердеги эң кургак жер — Атакама чөлү, Жердеги эң нымдуу аймактардын бири — Лопес де Микай (Колумбия), Амазонканын эң чоң тропик токою, дүйнөдөгү эң бийик тоолуу кеме сүзүүчү көл — Титикака жайгашкан; жана Антарктидадагы изилдөө станцияларын эске албаганда, дүйнөдөгү эң түштүк калк жайгашкан жер — Пуэрто-Торо-Чили.

Түштүк Америкада дүйнөдөгү эң бийик дүйнө борборлору орун алган: Богота, Кито жана баарынан бийиги Ла-Пас (Боливия). Анд тоосунун эң түштүк бөлүгүндө Түштүк Патагония муз платосу жайгашкан. Түндүк бөлүгүндө бир катар ири мөңгүлөр бар, бирок, түштүк кеңдиктеги 19°-тан 28°-га чейин климат ушунчалык кургакчыл келип, эң жогорку чокуларында дагы туруктуу мөңгү калыптана албайт.

Эң бийик жери — Аконкагуа тоосу, бийиктиги 6962 м. Эң төмөн жери Аргентинадагы Лагуна-дель-Карбон (Көмүр өрөөнү) деңиз деңгээлинен 105 м. төмөн.

Четки чекиттери

Рельеф

Рельефинин мүнөзү боюнча Түштүк Американы Тоолуу Батыш жана Түздүктүү Чыгышка бөлүүгө болот.

Материктин орточо бийиктиги — деңиз деңгээлинен 580 метр. Бүткүл батыш четин бойлой Анд тоо чынжыры созулат. Материктин түндүгүндө Гвиан жалпак тоолору бар, чыгышта — Бразилиялык тоолор, мунун ортосунда Амазон ойдуңу орун алган. Анд тоосунан чыгышты карай, тоо этегиндеги кайкы жерлерде ойдуңдар жатат.

Геологиялык жактан Анд тоолору жакынкы мезгилде эле активдүү жанарлардын аренасы болгон, жана бул активдүүлүк, бүгүнкү күндө дагы кээ бир аймактарында уланууда.

Анд, кайнозой заманында калыптанган (жана бүгүн дагы калыптанууда) тоо чынжырын, Альтиплано жана бир катар ири өрөөндөрдү (мисалы, Рио-Магдалена) түзөт.

Түздүктүү чыгыш

Түздүктүү ойдуңдар — Оринокко, Амазон жана Ла-Плат — материкте кыйла мейкиндиктерди ээлейт. Бул түздүктөрдүн дээрлик жалпак келген бети Аманзонка, Ориноко жана Парананын кеңири, терең дарыя өрөөндөрү менен ири дарыя системаларынын калыптануусуна жагымдуу. Материктин чоң аянтын Гвиан жана Бразилия жалпак тоолору ээлейт. Алар көбүнчө бир нече платолордон турат.

Геология

Праконтинент Пангеянын бөлүнүшүнөн Түштүк Американын аймагы бор заманында Гондвана континентинин курамында Африка, Австралия жана Антарктида менен кошулган, Бор мезгилинин аягында Гондвана бөлүнүп, үчүнчүлүк мезгилдин аягына чейин Түштүк Америка арал болгон. Бул жерде өзгөчө фауна болуп, анда нотоунгуляттар басымдуулук кылган. Түндүк Америка менен моюнча калыптанганда жаңы фаунанын келүүсү жергиликтүү фаунанын дээрлик толук жок болуусуна алып келген.

Климат

Түштүк Америкада 6 климаттык алкак бар: Субэкватордук алкак (2 жолу), Экватордук, Тропикалык, Субтропикалык жана Мелүүн.

Түштүк Американын көпчүлүк бөлүгүндө климат кургак жана нымдуу мезгилдери менен субэкватордук жана тропикалык; Амазон ойдуңунда — экватордук, дайыма нымдуу, материктин түштүгүндө — субтропикалык жана мелүүн. Түшттүк Американын түндүк бөлүгүндөгү түздүктөрдө Түштүк тропикке чейин, жылы бою температура 20—28 °С, түштүгүрөөк январда (жайында) 10 °С чейин төмөндөйт. Июлда (кышында) орточо айлык температуралар Бразилия жалпак тоолорунда 10—16 °С чейин төмөндөйт, Патагония платосунда — 0 °С жана андан дагы төмөн. Андда температура бийиктеген сайын төмөндөйт; бийик тоолуу аймактарында 10 °С ашпайт, кышында үшүк жүрүүлөр сейрек эмес.

Колумбия жана Чилинин түштүк райондорундагы Анддын шамалдуу эмес капталдары көбүрөөк нымдашкан — жылына 5-10 миң мм жаан-чачын.

Анддын түштүк бөлүгүндө жана түндүгүрөөк өзүнчө жанарлуу чокуларда мөңгүлөр кезедешет.

Түштүк Америка — Жердин эң нымдуу материги.

Гидрография

Дарыя системасы

Түштүк Американын маанилүү дарыя системаларына Амазонка, Ориноко жана Парана кирет, булардын жалпы бассейни 9 583 000 км² (Түштүк Американын аянты 17 850 568 км²).

Амазонка дарыясынан көрүнүш
Амазонка дарыясынан көрүнүш

Түштүк Америкада дүйнөдөгү эң бийик шаркыратма — Анхель орун алган. Материкте эң күчтүү шаркыратма да бар (Игуазу).

Анхель шаркыратмасы
Анхель шаркыратмасы

Ири дарыялары:

Көлдөр

Түштүк Американын көпчүлүк көлдөрү Анд тоолорунда жайгашкан, алардын эң бийиги жана кеме жүрүүчүсү саналган — Титикака көлү (Боливия менен Перунун чек арасында). Аянты боюнча эң чоңу Венесуэладагы Маракайбо көлү, ал ошондой эле, планетадагы эң байыркылардын бири.

Ири көлдөр:

Өлкөлөр жана аймактар

Өлкөлөр жана аймактар Аянт (км²) Калк (2008-жылдын 1 июлуна карата) Калк жыштыгы (адам/км²)
Аргентина 2 766 890 40 677 348 14,3
Боливия 1 098 580 8 857 870 8,1
Бразилия 8 514 877 191 908 598 22,0
Венесуэла 912 050 26 414 815 27,8
Гайана 214 970 770 794 3,6
Колумбия 1 138 910 45 013 674 37,7
Парагвай 406 750 6 347 884 15,6
Перу 1 285 220 27 925 628 21,7
Суринам 163 270 438 144 2,7
Уругвай 176 220 3 477 778 19,4
Фолкленд аралдары (Улуу Братиания, Аргентина тарабынан талашылууда) 12 173 2967 0,24
Гвиана (Франция) 91 000 209 000 2,1
Чили 756 950 16 454 143 21,1
Эквадор 283 560 13 927 650 47,1
Түштүк Георгия жана Түштүк Сандвичев Аралдары (Улуу Британия) 3093 20 0
Бардыгы 17 824 513 382 426 293 21,5

Түштүк Георгия жана Түштүк Сандвичев аралдарынын туруктуу калкы жок. Аралдар Улуу Братиниянын ээлигинде, Фолкленд аралдарынын өзүн-өзү башкаруучу деңиз сыртындагы аймактарга таандык.

Демография

Этникалык топтор

Этникалык деңгээлде, Түштүк Американын калкын үч түргө бөлүүгө болот: индейлер, актар жана негроиддер. Колумбия, Эквадор, Парагвай жана Венесуэла сыяктуу өлкөлөрдө демографиялык жактан метистер (испандар менен жергиликтүү калктын никесинен чыккан урпактар) басымдуулук кылат. Эки өлкөдө гана (Перу жана Боливия) индейлер көпчүлүктү кылат. Бразилия, Колумбия жана Венесуэлада кыйла сандагы африка тектүү калк жашайт.

Аргентина, Уругвай, Чили жана Бразилия сыяктуу өлкөлөрдө калктын басымдуу бөлүгү европа тектүү, биринчи экөөсүндө — Испания жана Италиядан чыккандардын уруктары. Бразилиянын түштүгүндө жана түштүк-чыгышында португалия, немец, италия жана испандардын тукумдары.

Чили мамлекети XVIII кылымдын өтүшүндө жана XX кылымдын башында Испания, Германия, Англия, Франция, Италия, Австрия, Швейцария, Скандинавия, Греция жана Хорватиядан келген эмигранттардын толкунун кабыл алган. Бул өлкөдө (Чилиде) ар кандай маалыматтар боюнча 1 600 000ден (калкынын 10 %) 4 500 000 чейин (27 %) Басктардын өлкөсүнөн келгендер жашайт. 1848-жыл немистердин, жана жарым-жартылай француздардын массалык иммиграция жылы болгон, негизинен, мурда буга чейин калк отурукташпаган, бирок, табигый жана пайдалуу кендерге бай өлкөнүн түштүк райондоруна. Немистердин бул иммиграциясы биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштан кийин уланып, бүгүнкү күндө болжолдуу 500 000 чилиликтер немец тектүү. Андан тышкары, Чилинин болжолдуу 5 % — Орто Чыгыштан келген иммигрант-христиандар (палестиндер, сириялыктар, ливандыктар, армяндар). Ошондой эле, Чилинин калкынын болжол менен 3% генетикалык хорваттар. Гректердин тукумдары болжолдуу 100 000ди түзөт, алардын көбүнчөсү Сантьяго жана Антофагастада жашайт. Калктын болжолдуу 5 % — француз тектүү. 600 000ден 800 000ге чейин — италиялыктар.

Немистер Бразилияга негизинен XIX жана XX кылымдардын өтүшүндө саясый-социалдык окуяларга байланыштуу иммиграцияланышкан. Бүгүнкү күндө (2022) бразилиялыктардын болжол менен 10 % (18 млн) немис тектүү. Андан тышкары, Бразилия — этникалык украиндердин эң көп саны жашаган (1 млн) Латын Американын өлкөсү.

Түштүк Америкадагы этникалык азчылыктар дагы Бразилияда арабдар жана япондор, Перуда кытайлар, Гайанада индиялыктар менен берилген.

Демографиялык кризис жана калктын картаюуусу

Түштүк Америка өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан бир катар өлкөлөрдө пайда болгон демографиялык кризис чакырган Жердин калкынын глобалдык демографиялык картаюуу процессинин ичинде (Африкадагы Сахаранын түштүгүрөөк жагынан тышкары). БУУнун 2019-жылдагы маалыматына ылайык Жердин калкынын өсүүсү XXI кылымдын аяк ченинде дээрлик токтойт, мунун себеби, көбүн эсе дүйнөлүк төрөмдүүлүк көрсөткүчүнүн түшүүсүндө жана калктын картаюуусунда. Латын Америка жана Кариб бассейнинин аймактарында 2037-жылы калкынын саны боюнча Европадан озуп өтүүсү күтүлүүдө, ал эми 2058-жылы 768 миллиондук жогорку чегине жетип, кыскара баштайт делет. Латын Америка жана Кариб бассейнинде 50 өлкөнүн ичинен аймакта калктын жарымынын кыскаруусу күтүлүүдө. 1950 жана 2020-жылдар аралыгында төрөмдүүлүктүн жогорураак көрсөткүчүнөн жана салыштырмалуу дүйнө өлкөлөрүнүн жашыраак калкынын айынан дүйнөнүн алты өлкөсүнүн калкы азайган. 1950-жылы Латын Америка жана Кариб бассейнинин аймагы дүйнө калкынын эң жаш калкынын бири болгон; 2100-жылы бул аймакта дүйнөнүн бардык аймактарынан эң картаң калк болоору күтүлүүдө, бул XX кылымда чукул көрүнгөн карама-каршылык. 1950-жылы аймактагы орточо курак 20 гана жашты түзгөн. Жоромолдорго ылайык 2100-жылы бул сандар эки эседен көп жогорулайт — башкача айтканда 49 жашка чейин жетет. Мындай мыйзам ченемдүүлүк аймактын башка өлкөлөрүнө караганда ачык байкалат. Мисалы, 2020-жылы орто курак Бразилияда (33 жаш), Аргентинада (32 жаш) жана Мексикада (29 жаш) көрсөтүлгөн сандардагыдай байкалган, бул АКШдагы орто курактан (38 жаш) алда канча төмөн. Бирок, 2100-жылы бул үч латын америкалык өлкөлөрдүн калкы жоромолдорго ылайык, АКШнын калкынан улуу болот (АКШнын калкы XXI кылымда иммиграциянын эсебинен өсөт делет). Орто курак Бразилияда 51 жашты, Мексикала 49 жашты, Аргентинада 47 жашка жетет, АКШда болсо ал мезгилде орто курак 45 жаш болоорун адистер айтышат. Колумбияда орто жаштын өсүүсү эң күчтүү болот деп жоромолдонот, 1965 жана 2100-жылдар аралыгында — 16дан 52 жашка жетет.

Тилдер

Түштүк Америкада кеңири таралган тилдер — португал жана испан тилдери. Бразилия португал тилинде сүйлөйт, өлкөнүн калкы болсо, континент калкынын (Түштүк Америка) орточо 50 % ээлейт. Испан тили континенттин көпчүлүк өлкөлөрүнүн официалдуу тили. Ошондой эле, Түштүк Америкада башка тилдерде да сүйлөшөт: Суринамда — голландча, Гайанада — англисче, француз Гвианасында — французча.

Жергиликтүү индейлердин тилдерин дагы угуу сейрек эмес: кечуа (Эквадор, Боливия, Перу), гуарани (Парагвай, Боливия), Аймара (Боливия, Перу) жана араукан тили (Чилинин жана Аргентинанын түштүгү). Булардын бардыгы (акыркысынан башкасы) өзүнүн тил ареал өлкөлөрүндө официалдуу макамына ээ.

Түштүк Американын калкынын кыйла бөлүгүн Европадан келгендер түзгөндүктөн, алардын көпчүлүгү бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн тилин сактоодо, мындай тилдердин көбүрөөк жайылгандарына италия жана немец тилдери кирет, булар Аргентина, Бразилия, Уругвай, Венесуэла жана Чили сыяктуу өлкөлөрдө көбүрөөк кездешет.

Түштүк Америкадагы үйрөнүүчү тилдердин эң белгилүүлөрү: анлис, француз, немец жана италиялык тилдер.

ТилАлып жүрүүчүлөрдүн саны (2018)
1испан тили233 600 108
2португал тили191 480 630
3англис тили800 000
4голландия тили510 000
5француз тили230 000

Экономика

2010—2011-кризистен кийинки жылдардагы Латын Америка өлкөлөрүнүн экономикасы олуттуу өсүү темптерин көрсөтүп, орточо дүйнөлүк темптен озуп өткөн. 2010-жылы өсүш 6 %ды түзсө, 2011-жылга болжол 4,7 %ды түзгөн. Түштүк Америка өлкөлөрүндөгү тарыхый жактан калыптанган жогорку инфляция себебинен, пайыздык чендер жогору бойдон калууда, шартка ылайык АКШга салыштырмалуу эки эсе көп. Мисалы, Венесуэлада 22 %, Суринамда 23 % (2019). Чили мамлекетинде гана абал башка, мында 1973-жылы аскер диктатурасы орногондон кийин эркин рынок экономикалык саясаты ишке ашырылып, 1990-жылдардын башында орногон демократиялык башкарууну калыбына келтирүүдөн тарта социалдык чыгымдарды активдүү көбөйтүүдө. Бул экономикалык туруктуулукка жана төмөн пайыздык чендерге алып келген.

Түштүк Америка товарлардын жана жаратылыш ресурстарынын экспортуна таянат. Экспорттун жалпы көлөмү боюнча 137,8 миллиард АКШ доллары менен Бразилия өлкөсү биринчи орунда (дүйнөдөгү жетинчи жана Америкада экинчи эң чоң экономика), андан кийин 58,12 млрд доллар менен Чили жана 46,46 млрд доллар менен Аргентина турат.

Байлар жана кедейлер ортосундагы экономикалык ажырым көпчүлүк түштүк америкалык өлкөлөрдө башка континенттерге караганда чоң деп саналат. Түштүк Американын Венесуэла, Парагвай, Боливия жана башка көптөгөн өлкөлөрүндө 20 % түзгөн байлар, өлкө байлыктарынын 60 % ээлик кылышат, ал эми эң жакыр 20 % түзгөндөр 5 %дан аз байлыкка ээ. Мындай чоң ажырымды көптөгөн түштүк америкалык ири шаарларда көрүүгө болот, мында убактылуу алачыктар жана кедей аймактар асман тиреген көп кабаттуу үйлөрдүн жана апартаменттердин жанында турат.

Туризм

Туризм Түштүк Америкадагы көптөгөн өлкөлөрү үчүн улам маанилүү киреше булагы болуп баратат. Тарыхый эстеликтер, архитектуралык жана табигый кереметтер, азык-түлүк ассортиментинин жана маданий ар түрдүүлүгү, кооз шаарлар, таң калтырган ландшафттар жыл сайын Түштүк Америкага миллиондогон туристтерди тартат. Аймактагы туристтер эң көп барган жерлердин айрымдары: Мачу Пикчу, Рио-де-Жанейро, Сальвадор, Натал, Буэнос-Айрес, Сан-Паулу, Куско, Картахена, Амазония тропикалык токойлору, Анхель шаркыратмасы, Галапагос аралдары, Маргарита аралы, Титикака көлү жана Патагония аймагы.

Маданият

Түштүк Америкалыктардын маданиятына Европа менен болгон тарыхый байланыштар көп таасир эткен, өзгөчө Испания жана Португалия, ошондой эле — Америка Кошмо Штаттарынын массалык маданияты.

Түштүк Америка өлкөлөрүндө музыканын бай салттары бар. Белгилүү жанрлар: Колумбиянын кумбиясы, Бразилиянын самбасы, босса новасы, Аргентина менен Уругвайдын тангосу. Ошондой эле, Нуэва Кансьон элдик коммерциялык эмес жанры да белгилүү, бул музыкалык багыт Аргентина жана Чилиде негизделип, Латын Американын башка бөлүктөрүнө тез тараган. Перу жээгиндеги адамдар гитарада жана кахоне аспабында (урма аспап) түштүк америкалык ритмдердин аралаш стилинде мыкты дуэттерди, триолорду түзүшкөн, мисалы Лима шаарындагы Маринера (Marinera), Пьюра ш. Тондеро (Tondero), XIX кылымда Креоль вальсы же Перу вальсы, жан дүйнөлүк Акьюпан Ярави (Arequipan Yaravi) жана XX кылымда парагвайлык Гуараниялар (Guarania) белгилүү болгон. XX кылымдын аягында британия жана америкалык поп-роктун таасири алдында испан рогу пайда болгон. Бразилия үчүн португалиялык поп-рок мүнөздүү болгон.

Түштүк Американын адабияты бүткүл дүйнөгө, өзгөчө 1960 жана 1970-жылдардагы Латынамерикалык Бум мезгилинде жана Марио Варгас Льоса, Габриэль Гарсиа Маркес, Пабло Неруда, Хорхе Луис Борхес сыяктуу авторлор пайда болгондо атагы чыккан.

Кең этникалык байланыштардан улам Түштүк Американын ашканасы африкалык, америкалык индейлер, азиялык жана европалык элдерден көп нерсени алган. Мисалы, Бразилиянын Баия (португалча Bahia) ашканасы өзүнүн батыш-африкалык түпкүрү менен бегилүү. Аргентиналыктар, чилиликтер, уругвайлыктар, бразилиялыктар жана венесуэлалыктар көбүнчө вино ичүүнү жактырышат, ошол эле учурда, Парагвай, Уругвай, Чилинин жана Бразилиянын түштүк бөлүктөрүндө жашаган адамдар Аргентина менен катар мате суусундугун же анын парагвайлык версиясы теререни жакшы көрүшөт. Писко ичимдиги жүзүмдөн жасалган дистилляцияланган ликёр, Перу жана Чилиде жасалат, бирок, ичимдиктин чыгарылышы боюнча бул өлкөлөр ортосунда кайчы-пикирлер бар. Перу ашканасы өзүнө кытай, япон, испан, африка жана Анд элдеринин ашканаларынын элементтерин камтыйт.

Спорт

Түштүк Америкада спорт маанилүү ролго ээ. Эң белгилүү спорт түрү — футбол, профессионалдык деңгээлде Түштүкамерикалык футбол Конфедерациясы (КОНМЕБОЛ) тарабынан берилген, өз кезегинде бул уюм ФИФАнын курамына кирет жана турнирлерди уюштурат, алардын негизгилери: Америка Кубогу (эл аралык турнир) жана Либертадорес Кубогу (клубтар арасындагы мелдеш). Уругвайда 1930-жылы футбол боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат өткөн, жана Түштүк Америка өлкөлөрүнүн бүткүл тарыхындагы мелдештерде алар 19 мелдештен 9 жолу утуп алышкан (Бразилия 5 жолу, Аргентина жана Уругвай 2 жолудан).

Башка белгилүү спорт түрлөрү: баскетбол, сууда сүзүү жана волейбол. Кээ бир өлкөлөрдө улуттук спорт түрлөрү бар, мисалы, Аргентинадагы пато, Колумбиядагы техо, Чилидеги родео.

Башка спорттун түрлөрү жөнүндө айтсак, Аргентинадагы регби, поло жана хоккейдин, Бразилияда автоспорттун жана Колумбияда велосипед спорттору белгилүү. Аргентина, Чили, Бразилия өлкөлөрү теннис боюнча Чоң шлем турнилеринин чемпиондору болушкан.

Жайгаштыруу: 2022-05-24, Көрүүлөр: 12293, Өзгөртүлгөн: 2022-05-24, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу