Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Антарктида

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Антарктида

Планетабыздагы алты материктин бири. Ал четки түштүктө жайгашкан жана эрибеген калың муз менен капталган. Антарктидада өтө суук, кышында суук кээде 90 градуска чейин жетет. Антарктида жана океандын аны курчап турган бөлүгү (Түштүк уюл тегерегине чейинки) Антарктика деп аталат. Антарктиданы 1820-жылы орустун деңиз саякатчылары Ф. Ф. Беллинсгаузен менен М. П. Лазарев ачкан. Алар Восток жана Мирный деген жел кемелери менен алай-дүлөй шамалдуу толкундарды, муз тоскоолдуктарды жеңип өтүп, Антарктикага кыйынчылык менен жеткен. Мындан миллиондогон жылдар мурун, жерде адам пайда боло электе Антарктида өтө жылуу болгон. Мында тропик токойлору өсүп, өтө зор жаныбарлар жашаган. Бирок түндүктү муз каптаганга чейин эле Антарктида калың муздун астында калган.

Материктин түпкүрүндө темир, алтын, алмаз, түстүү металлдар, таш көмүр сыяктуу пайдалуу кендер бар. Антарктиданын айрым жерлеринде муз астынан кара же күрөң түстүү дөбөчөлөр чыгып турат, аларды сейрек мамык чөп, эңилчек каптаган. Окумуштуулар материктин бир жеринен тоңгон көл табышкан, андагы тунук муз чатырап жарылып кетиптир, эки метр тереңдикте жашыл тартып көлдүн түбү көрүнүп турат. Дагы бир суусу тоңбогон көл табылган. Анын суусу 11 градус жылуу экен. Окумуштуулардын бири ал түгүл тобокелге салып ага чөмүлүп да чыккан.

Көлдөн көз менен көрүүгө болбогон күрөң, кызыл, көк-жашыл түстүү майда балырлар табылган. Алар көл суусун кубултуп, өзгөчө түс берип турат. Антарктиданын түндүк-батышында, Грейам жеринде бирин-серин чөп, гүл өсөт. Демек, муз каптаган Антарктидада да тиричилик бар экен. Деңиз жээктеринде сүйкүмдүү кызык куш - пингвиндер жашайт. Жээкке жакын сууларда киттер, кашалоттор, дельфиндер, түлөндүн бир нече түрү, анын ичинде деңиз пили, деңиз кабыланы деген түрлөрү сүзүп жүрүшөт.

Антарктиданы ар тараптан изилдеп үйрөнүү 1957-1958-жылдары башталган. Антарктида азыркы күндө деле жер шарынын өтө аз изилденген бөлүгү болуп саналат. Дүйнө жүзүндөгү 12 мамлекет Антарктиданы биргелешип изилдөөгө келишим түзүштү. Ар түрдүү улуттагы жүздөгөн окумуштуулар Антарктиданын ар кайсы жерлеринде байкоолорду жүргүзүшүүдө. Учурда 48 илимий станция иштөөдө.

Окумуштуулар жылуу үйлөрдө жашашат, сыртта иштегенде электр жылыткычтуу кийим жана коргоочу беткап (маска) кийип алышат. Мындай маска кийген адам аба чыпкасы аркылуу дем алат. Антарктида бир да мамлекетке таандык эмес. Эл аралык келишим боюнча Антарктидада аскердик максатта эч кандай иш-аракет жасалбоого тийиш. Ал тынчтыктын континенти болуп саналат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 6247, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо