Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кене

Баш барак | Жаныбарлар | Кене

Кене же кенелер (латынча Acari) — жөргөмүш сымалдуулар классынын (Arachnida) муунак буттуулар классчасындагы хелицердик кан ичүүчү жандыктар же жаныбарлар (курт-кумурска деп саналбайт).

Мазмуну
Кене
Dermatophagoides Pteronyssinus (иллюстрация)
Dermatophagoides Pteronyssinus (иллюстрация)
Илимий классификациясы
ДоменЭукариоттор
ПадышалыкЖаныбарлар
ТүркүмМуунак буттуулар
КлассЖөргөмүш сымалдуулар
Кичи классКенелер
Эл аралык илимий аталышы
Acari Leach, 1817
Чоң түркүмдөр
  • Акариформные клещи
  • Паразитиформные клещи
  • ITIS: 733321
  • NCBI: 6933
  • EOL: 2586535
  • FW: 155665

Бул макала «жалпы кенелер жөнүндө», ал эми адамга көбүрөөк жабышкан иксода (ixodidae) түркүмүндөгү кенелер тууралуу өзүнчө макала берилмекчи.

Жалпы маалымат

Кенелер качан жана кандай учурда пайда болгону жөнүндө так маалымат жок. Бирок, булар өзүнүн классындагы эң көп болгон топ: 54 миңден ашык түрлөрү баяндалган, анын ичинде казылып алынгандары 144. Кенелердин мындай көбөйүүсү алардын тарыхый өнүгүүсүндөгү микроскопиялык майда өлчөмдөргө ээ болушу менен байланыштуу, себеби мындай өлчөм аларга өсүмдүктөрдүн чирип бараткан калдыктарына бай жердин үстүңкү катмарын өздөштүрүүгө мүмкүндүк берген. Бир кененин жашоосу 2-5 жылга чейин созулушу мүмкүн.

Кенелерди изилдөөчү зоологиянын бөлүмү акарология аталат (байыркы грекче ἄκαρι — кене).

Кенелер дээрлик бардык жердей жашашат: топуракта, өсүмдүктөрдө, жаныбарларда. Кээ бир түрлөрү сууда дагы жашайт, көпчүлүгү — чириткич катары топуракта, башкалары — галлдарды (чокмор баш сымал дөмпөктөр) калыптандыруу менен өсүмдүктөрдө, үчүнчүлөрү болсо — жырткычтар жана мителер болуп саналат. Акыркысына бал аарысынын коркунучтуу митеси саналган Varroa түрү, ошондой эле адамдын котур кенелери кирет. Кенелердин көпчүлүгү адам үчүн зыянсыз бирок, кээ бирлери аллергия менен байланыштуу жана ооруларды жуктурушу мүмкүн, мисалы иксоддук кенелер (латынча Ixodidae). Адамдарда эң көп жайылган оору түрү — кене энцефалити, мындан адам мыйып болушу же өлүмгө учурашы мүмкүн.

Ixodidae түркүмүндөгү кене (иллюстрация)
Иксода (Ixodidae) түркүмүндөгү кене (иллюстрация)

Баяндалышы

Кенелердин көпчүлүгү майда жана микроскопиялык өлчөмгө ээ: 0,08 ммден (80 микрометр) бир нече ондук милиметрге (0,1—0,9 мм) чейин (мисалы, топурак кенелер, өсүмдүк менен азыктануучу кенелер, аары трахеясынын мителери жана сүт эмүүчүлөрдүн тери кенелери), биринчи миллиметрге жеткендери сейрек. Кээ бир канга тойгон мите ургаачыларынын өлчөмү 20—30 мм чейин жетет. Тулку бою бүтүн же жөргөмүштүн курсагы жана башына туура келген эки бөлүктүү болушу мүмкүн, мындай учурда башы менен курсагынын чеги денесинин алдыңкы бөлүгүнө жакыныраак өтөт. Негизинен көпчүлүгүндө 6 түгөй коштондуга ээ, алардын арткы 4 түгөйү көпчүлүк бойго жеткендеринде — буттары саналат (личинкалары шартка ылайык алты буттуу, жетилген кенелердики 8 бут). Бутунун муундары: жамбашча (орусча тазик), ойнок (орусча вертлуг), саны, тизе, балтырча жана чеңгелчеден (орусча лапка) турат. Чеңгелчеси (уч мууну, орусча лапка) негизинен тырмакчалар жана сабактуу соргучтар (орусча присоска) менен куралданган. Эң алдыңкы коштонду түгөйү (жөнөкөй сөз менен айтканда колдору) — хелицер аталат, алар кыпчыгыч сымалдуу (балким «клещи» деп орусча аталышы ушундан улам келсе керек) (кемирүүчү) же сайуучу-кесүүчү ооз түзүмүн калыптандырат. Экинчи жуп — педипальптар, булар дагы ооз органдарынын комплексине кирет. Эң жөнөкөй кенелерде булар эркин турат, бирок типтүү учурда негиздери жана хелицерлери менен жана денесинин кээ бир башка бөлүктөрү менен жупташып тулку боюна кыймылдуу муун болуп «башын» калыптандырат. Педипальптарынын учтары сыйпалагычтын жана кармагычтын ролун аткарат. Көздөрүнүн саны адатта 4, бирок ар башка түрлөрүнүн көздөрүнүн саны нөлдөн бешке чейин. Кээ бир түркүмдөрдүн өкүлдөрүнүн денеси жумшак, терилүү хитин каптамдары менен, башкалары катуу калканча же чопкут менен корголгон.

Салыштырмалуу көп эмес саны гана мителерге же адам ооруларын алып жүрүүчүлөргө кирет, бирок мите эмес формалары да, көп учурда теринин дүүлүгүүсүн чакырат. Түрлөрүнүн көпчүлүгү — эркин жашаган сапрофагдар же жырткычтар. Чирип бараткан органика менен азыктанышып, булар сөөлжылан сыяктуу топурак гумусун калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт. Кээ бир кенелер маданий өсүмдүктөрдүн ширеси менен азыктанышып, айыл-чарбада зыянкеч катары саналат.

Аргас (Argasidae) чоң тукум өкүлдөрүндө омовампиризм көрүнүшү кездешет, мында ач кене канга тойгон кенеге кол салып, ичкен каны менен азыктанат. Кенелер чөптөрдө, анча бийик эмес өсүмдүктөрдө, ошондой эле бийик эмес дарактарда дагы болушу мүмкүн.

Классификациясы

Кенелердин филогенези түрдүү дебаттарга кабылып келет. Алардын классификациясын иреттөө үчүн бир нече таксономиялык схемалар сунушталган. Мисалы, «A Manual of Acarology» (2009) үчүнчү басылмасында кенелер 2 чоң түркүмгө топтоштурулуп, 6 түркүмгө кийинкидей бөлүнгөн:

2004-жылы өткөрүлгөн генетикалык изилдөө калыптанып калган кенелерди классификациялоо түзүмүнүн өзгөрүшүнө алып келип, Parasitiformes чоң түркүмчөсүнүн абалы төмөндөтүлүп, түркүм болуп калган.

Дагы бир классификациялоо системасы (Harvey M. S., 2002) Acari түркүмчөсү өзүнө үч чоң түркүмчөнү (Opilioacariformes, Parasitiformes, Acariformes), 350дөн ашык түрдү, болжолдуу 4000дей тукумдарды жана 48 миң түрлөрдү камтыйт деп постулаттайт.

2011-жылы баяндалган кенелердин жалпы саны 54617 түрдү түзгөн, анын ичинде казылып алынганы 144 (Zhang et al., 2011):

Кээ бир заманбап изилдөөчүлөр Acari түрүн — полифилетикалык топко таандык жана кээ бир кенелерди (иксоддук) башка кенелерге караганда (акариформалуу) жалган чаяндарга жакын деп санашат. 2010-жылдагы Dabert et al эмгегиндеги молекулярдык маалыматын колдонууда Acariformes — эже-сиңдилик Solifugae тобуна жакын, ал эми Parasitiformes филогенетикалык жактан Pseudoscorpionida жакыныраак экенин көрсөткөн (төмөндөгү кладограмманы караңыз).

Dabert et al эмгегиндеги кладограмма
Dabert et al эмгегиндеги кладограмма

Мааниси

Кенелер адам баласынын жана үй жаныбарларынын ооруларын чакырат — акариаздарды, ошондой эле, тиштөө аркылуу трансмиссивдик ооруларды жуктуруп, маданий өсүмдүктөрдү зыянга учуратат.

Бирок, табиятта кенелер дагы маанилүү, жана Жерде жашаган кенелердин бардыгын оору жугузуучу, кан соргуч мителер деп саноо туура эмес. Кенелер ондогон миллион жыл жашап келет жана бул мезгил аралыгында алар табигый тандоо процессинде жана түрдүү ооруларга туруктуулукту өнүктүрүүдө көптөгөн жаныбарлар үчүн маанилүү ролду ойногон.

Кенелер көптөгөн канаттуулардын жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн азык чынжырынын бөлүгү болуп, кээ бир курт-кумурскалардын кайсы бир өнүгүү баскычынын негизи боло алат. Ошондой эле, кенелердин көптөгөн түрлөрү көпчүлүк микроорганизмдердин, вирустардын жана бактериялардын ээси же алып жүрүүчүсү болот, ал эми мындан жаралган оорулар табигый тең салмактуулукту сактоодо маанилүү.

Жашоо цикли

Кененин жашоо цикли пассивдүү жумуртка жана үч активдүү баскычтан турат, активдүү баскычтары кийинкидей:

Өнүгүүсүнүн ар бир активдүү баскычында кене бир гана жолу азыктанат. Курсагы тойгондо жабышкан жеринен түшүп, ыңгайлуу, оолак жерге жашынып калат. Ал жактан айлана-чөйрөнүн шартына жараша 1 айдан 9 айга чейинки мезгилде кененин кийинки баскычына өнүгүүсү жүрөт, эгер сөз жумурткасы жөнүндө болуп жатса анда эмбрионалдык өнүгүү болот.

Кенелердин жашоо цикли
Кенелердин жашоо цикли

Личинкалар

Жумурткадан чыккан личинкалардын өлчөмү 1 мм чейин, үч түгөй буттуу жана боз-сары түстө болот. Бир жумурткалар топтомундагы личинкалар дароо ар кайсы жактарга чачырап кетпестен, жумурткадан чыккан жердин айланасында топтошуп алып потенциалдуу курмандыгына аңчылык кылат. Ошондуктан, бир жерден түрдүү жаныбарлар бир нече ондогон кичинекей кенелерди жабыштырып алышы мүмкүн. Кененин личинкасы нымдуулукка жана температурага өтө сезимтал келет, буга ылайык алар жерге жакын, 10 см ашпаган бийиктиктерде болушат. Дал ушундай бийиктиктеги деңгээлде алар өзүнүн курсагын тойгузуучуларды, башкача айтканда майда жаныбарларды, кемирүүчүлөрдү жана канаттууларды табышат. Адамга дагы кене личинкасы тарабынан тиштелип калуу тобокели жок эмес.

Личинкаларынын ооз органдары алсыз жана кичинекей болгондуктан териге жабышып азыктануу үчүн алар теринин эң жука жана жакшы кан айлануу аймагын тандашат. Орточо 2 күндөн 8 күнгө чейин созулган азыктануу мезгилинде личинканын өлчөмү 10 эсе чоңоёт дагы, андан соң жаныбар терисинен түшүп, ыңгайлуу жер таап, 1ден 8 айга чейинки мезгилде нимфага айланат.

Нимфалар

Личинкаларга караганда лимфаларды байкоо оңой, анткени алардын өңү күңүрт келип, өлчөмү чоңураак — болжолдуу 1,5 мм. Булардын буттары 4 түгөйдөн турат. Кене нимфалары чоңураак жаныбарларга жабышып алып азыктанат: майда кемирүүчү, канаттуу жана кескелдириктерден баштап, чоңураак келген кирпи, элик, ит, адамдарга чейин. Нимфага азыктануу үчүн 2ден 8 күнгө чейинки убакыт талап кылынат, бул мезгилде булардын өлчөмү 10-20 эсе чоңоёт. Курсагы тойгон нимфалар жыныстык жетилүү баскычына чейинки өнүгүүсү токой төшөлмөсүндө, чөптөрдүн арасында 1-7 ай жүрөт.

Жетилген кенелер

Жетилген кенелер ургаачы жана эркек болуп бөлүнөт. Өлчөмү боюнча ургаачылар чоңураак келип (болжолдуу 3 мм), кызыл-күрөң түстө. Далысындагы калканчасы эркетеринен айырмаланып анча чоң эмес жана далысынын бардыгын жаппайт. Денесинин мындай түзүлүшү табиятынан эле ургаачыларына көбүрөөк өлчөмдө кандын зарылдыгы менен түшүндүрүлөт анткени, алардын денесинде миңдеген жумурталар жаралып, ошонун баары денесине батышы керек. Шартка ылайык кенелердин ургаачылары гана орто жана ири өлчөмдөгү жаныбарларга кол салат, анын ичинде адамдарга дагы. Эркектери өлчөмү боюнча ургаачыларынан кичирээк, болжолдуу 2 мм, алардын далысынын калканчасы денесинин өйдөңкү бөлүгүн бүтүн каптайт. Ушундан улам эркектеринин түсү каралжын, боз- жана кара-күрөң келет. Эркектери дагы жаныбарларды активдүү издеп, бирок, негизинен азык катары эмес, ургаачысы менен жупташуу үчүн аңчылык кылат. Ошондуктан, булар өтө сейрек жана узак эмес азыктанышат — 5 мүнөттөн 2 саатка чейин.

Көбөйүүсү

Жупташуу көбүнчө азыктандыруучу жаныбар денесинде жүрөт. Эркектери бир нече ургаачыларын уруктандыра алат, андан кийин өлүп калышат. Эркетери канга муктаждыгы жоктугунан улам оорулардын козгогучтарын алып жүрүүчү катары коркунуч жаратпайт. Ал эми ургаачылары жумурткаларынын жетилиши жана личинкаларынын өнүгүүсү үчүн көп өлчөмдөгү кан талап кылынат. Жупташкандан кийин канга тойгон ургаачысы жаныбардан түшүп, жерде жашырынып калат, ал жактан кан организмге толук сиңип, жумурткалар жетилип, жетилген жумурткалар ташталат. Бир ургаачы кене 1000-2000 жумуртка ташташы мүмкүн. Таштагандан кийин өзү өлөт. Негизинен жумурткалар күзүндө ташталат. Жазында алардан личинкалар чыгат дагы цикл кайталанат.

Активдүүлүгү

Кыргызстандын аймагында кенелердин активдүүлүгү күн жылып баштаганда башталат — апрель айынан октябрдын аягына чейин. Бирок, кыш жылуу болгон жылдары март, ал гана эмес февраль айларында дагы кезиктирүүгө мүмкүн, албетте, жазындагыдай көп санда эмес.

Кенелердин активдүүлүгү
Кенелердин активдүүлүгү

Кеңири таралган иксод түрүндөгү кенелер орточо күнүмдүк температура +8 көтөрүлгөндө азык болуучу жаныбарды издей баштайт. Жаздын экинчи жарымында көптөгөн жаныбарлар жана канаттуулардын активдүүлүгү күчөйт, буга жараша кенелер дагы көбөйөт. Ixodes ricinus аталыган ит кенелеринин активдүүлүгүнүн туу чокусу жайдын аягы, күздүн башына туура келет.

Кыймыл-аракети

Кенелер дээрлик горизонталдуу түрдө жүрүшпөйт, негизинен өсүмдүктөр аркылуу өйдө жана ылдыйды карай кыймылдайт. Көбүнчө жерден 10-70 см бийиктикте кездешет. Жетилген кенелер 1-1,2 метр бийиктикке чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Ылдыйкы буттары менен өсүмдүк сабактарына же жалбырактарга жабышып, алдыңкы колдорун созуп курмандыгын күтүп отура берет. Алдыңкы колдорунда абанын термелүүсүн, жылуулук кыймылдарын жана көмүр кычкыл газын сезе турган органдар жайгашкан.

Кенелер суу ичпегендиктен, суу балансын абадагы нымдуулуктан толуктайт, ал эми өсүмдүк сабагында көпкө туруу менен организми суусузданганына байланыштуу булар мезгил-мезгили менен жерге түшүп суу балансын калыбына келтирүүгө аргасыз. Көпчүлүк кенелер азыктанууга жаныбар таппай калат, мындай учурда алар эмки мезгилге чейин «кышкы уйкуга» кириши мүмкүн.

Кене чакканда эмне кылуу керек

Кене денеге кирип кеткен болсо, аны өз алдынча сууруп чыгуудан мурда оорукана жакын болсо дарыгерлерге көрсөтүү абзель. Дарыгерлер кенени тез жана зыянсыз алып беришет. Өз алдынча денеден сууруп чыгууда өтө этият жана кылдат болуу керек, эгер кененин башы териде калып калса, ал жак ириңдеп кетиши толук мүмкүн.

Эгер медицина кызматкерлерине кайрылуу мүмкүн эмес болсо, аны өз алдынча алып салуу керек. Кене териде канчалык көп убакыт болсо ошончолук оору жугузуу ыктымалдыгы көбөйөт. Кенени жип менен же атайын кене алып чыгуучу илмек менен алуу сунушталат. Кенени алуу алгоритми кийинкидей:

Кенеден коргонуу

Кенеден сактануу чаралары чагууну жана инфекцияларды жуктурууну алдын алуу үчүн бир нече кийинкидей аракеттерди талап кылат:

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-05-31, Көрүүлөр: 1006, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо