Табиятты коргоо

Жаратылышта бардыгы өз ара тыгыз байланышта. Жаратылыштын бир бөлүгү болгон адам да айлана-чөйрөсүндөгү: жер, суу, аба жана бардык тирүү организмдер менен байланышта. Илим бул кылдат байланыштарды өзүбүзгө зыян келтирбегендей этияттык менен изилдеп-үйрөнүүгө жардам берет. Бир кезде бардык жырткычтарды: карышкыр, түлкү, айры куйруктарды аёосуз кырышкан. Бирок карышкыр жок болгон жерде бугулар ооруй баштаган. Түлкү менен жырткыч куштар жок жерде кемирүүчүлөр абдан көбөйүп, эгинге зыян келтиришкен. Кирешенин ордуна чыгаша көбөйдү. Жырткычтар жана алардын жеми өзү менен бирге көп миңдеген жылдан бери жашап келе жатат, бул мезгилдин ичинде ага да, буга да жашоо үчүн зарыл болгон табигый тең салмактуулук калыптанган. Адам мына ушул тең салмактуулук тууралуу унутпоосу зарыл.

Маселен, уу химикаттарды жасашты. Аны учак менен талаага жана бактарга чачса, зыяндуу курт-кумурскалар жок болот. Бирок алар менен кошо пайдалуу айбанаттар да зыянга учурайт. Анткени миңдеген канаттуулар, бугулар, жана башка жандыктар ууланган азыкты жеп, аны менен кошо өлүмгө учурашы ыктымал. Эгер түтүн асманды каптап, абаны булгаса, булганыч суулар дарыяларды булгаса, анда табият гана эмес, адам да жабыр тартышы мүмкүн. Ошондуктан табиятты, тагыраак айтканда, табигый чөйрөнү коргоо баарынан мурда адамды коргоо болуп эсептелет. Бул - келечекти коргоо. Жерде бизден кийинки муундарга калуучу же биздин күнөөбүз менен жок болуучу турмуш тиричиликти коргоо дегенди билдирет. Дүйнөдөгү бардык окумуштуулар бул маселе жөнүндө эбак эле чуу көтөрүшкөн.

Алар адам табиятка абайлап мамиле кылууга тийиш экендигин далилдешкен. Бизде табиятты коргоо боюнча атайын мыйзамдар кабыл алынган. Ар бир адам аны аткарууга милдеттүү. Анткени, кийинки муунга да жашыл өсүмдүктөр, мөлтүр суу, куштардын сайраганы - жердин бардык кооздугу керек. Адам жер шарында жапайы айбанаттардын 270тен ашуун түрүн кырып жиберген. Булар жана жок болуу коркунучуна кабылган айбанаттар. Табиятты коргоонун эл аралык союзунун Сейрек кезигүүчү жана жок болуп бараткан айбанаттардын Кызыл китебине киргизилген. Алар камкордук менен корголууда. Ал тизмеге зыянсыз жана коргоно албаган айбанаттар гана эмес: мында күчтүү керик, шамдагай кара кулак шер да киргизилген.

Ал тургай жолборс да жок болуп баратат. Алар терисинин баалуулугунан гана эмес, адамдар улам жаңы жерди өздөштүрүп, жапайы айбандар жашаган жер улам тарып бара жаткандыктан азаюуда. Мисалы, токойду кыйып жаткан жерде сак кулак керең кур же коркок токой чили уялабайт, кооз кара кур жайылып чыкпайт. Ошондуктан бардык өлкөлөрдө айбанаттарды жана өсүмдүктөрдү кол тийгизбей сактоочу жай - коруктар бар. Коруктарда окумуштуулар табияттын маанилүү мыйзамдарын изилдешет. Коруктан башка жерде да адам жаратылышка сарамжалдуулук менен мамиле кылууга тийиш: өзүнө азык болуучу жана өндүрүшкө керектелүүчү жаратылыш байлыктарын - топурак, токой, балык, канаттуулар, айбанаттарды акыл-эстүүлүк менен үнөмдүү пайдалануу зарыл. Адам жандуу жаратылышты калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө тийиш. Бир гана мисал келтирели. Чоң шаарлардын жанында өсүмдүктөрдүн бир канча түрү таптакыр жоголду, ага туристтер менен дача ээлери күнөөлүү - гүлдү ээн-баштык менен үзүп-тере берүү туура эмес. Ошондуктан силер да ойлонушунар керек!

Жер силерге таандык экенин эсиңерге туткула. Андыктан силер анын кооз бойдон калуусу, андагы айбанаттар менен канаттуулар кемибей, адамдардын жакшы жашоосу үчүн күрөшүңөр керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)