Жаз — төрт жыл мезгилдеринин бири, кыш менен жайдын ортосундагы өтмө мезгил. Түндүк жарым шарга жаз келгенде, Түштүк жарым шарда күз жана тескерисинче.
Жаз мезгили – бул баары кыш мезгилинен чарчап, күткөн жыл мезгили. Жаз мезгилин көптөн күттүргөн мезгил деп көп аташат. Жаздын алгачкы белгилери кыш мезгилинин февраль айында эле билине баштаган учурлары болот: күн кичине эле катуураак тийсе салаңдап тоңгон муздар эрип баштайт, тамчылар шаңдуу үн чыгарып, жаз мезгили жакындап келе жаткандыгын эске салат. Мындай көрүнүштөн соң ызгаар болуусу, кар жаашы мүмкүн, бирок жакынкы арада жаз мезгили келип, өзүнүн жылуулугун тартуулап кубантарын баары түшүнүшөт.
Күн асманда узак убакытка кармалып, асман жаркырап, коюу көк түскө бөлөнөт, бардык жерде кар эрип, булактар агып баштайт. Жер дагы эле муздак, ным, тыкыр, а кардын калдыктарынын арасынан эң алгачкы гүлдөрдү же өсүмдүктөрдү көрүүгө болот, мындайлардын бири байчечекей гүлү.
Курт-кумурска кыймылдайт,
Канаттуулар курулдайт.
Элдер кирип кыймылга,
Жаз да келди жалпыга.
(Белгисиз автор)
Токойдо жандануу башталып, айбанаттар кышкы уйкудан ойгонушат, келгин куштар учуп келишет. Тукум улоого ишеничтүү үй керек болгондуктан, бардыгы жайлуу уя салуу, ийин казуу менен алек.
Жаз мезгилинин келиши – жаратылыштын ойгонуусу, активдүү жашоонун башаты. Бүчүр байлап, жарылып, жашыл түстөгү назик жалбыракчалар пайда болот, андан соң алар өтө тез өсөт. Бир жума ичинде бак-дарактардын жазгы шамалга назик шуулдаган жалбырактар менен капталат. Жер бетине өсүмдүктөр чыгып, талааларда гүлдөр жайнап, канаттуулар сайраңдашып үн чыгарып, курт-кумурскалар кыбырап, бардык жерде жашоо байкалат. Адамдар болсо короо-көчөлөрдү тазалап ишембиликтер жанданып, талааларда дыйкандар эгин сээп, күздүн камын көрүшөт. Жылуу кийимдер чечилип, жеңил кийимдер кийилет.
Көпчүлүктүн ою боюнча, жаз мезгили эң таң калычтуу жыл мезгили. Жаздын келүүсү тез жүргөндүктөн, жаратылыштагы өзгөрүүлөр көз алдыбызда жүрөт. Жаздын ар бир күнү эң жылуу жана сүйүктүү жыл мезгили – жайды жакындатат. Жаздын келиши жаңы, таң калычтуу, кубанычтуу бир нерсе келген сезимин тартуулайт, андыктан бардык адамдар мезгилдин келишине сүйүнүшөт.
Жаз мезгили төрт түргө бөлүнөт:
Астрономиялык жаз, жазгы күн-түн теңелүү убагында, 20-мартта (толук жыл алдындагы жылдары 20 же 21-мартта) (түндүк жарым шарда) жана 22 же 23-сентябрда (түштүк жарым шарда) келип, күндүн жайкы турушуна, 21-июнга чейин (толук жыл алдындагы жылдары 20 же 21-июнда) (түндүк жарым шарда) жана 21 же 22-декабрда (түштүк жарым шарда) болот.(Бардык күндөр бүткүл дүйнөлүк убакыт боюнча келтирилди, башка сааттык алкактарда 1 сутка айырма болушу мүмкүн)
Үч айдан турат: Түндүк жарым шарда — март, апрель, май (кыргыз элдик календары боюнча: жалган куран, чын куран, бугу айлары). Түштүк жарым шарда - сентябрь, октябрь, ноябрь (аяк оона, тогуздун айы, жетинин айы). Жаз – өтмө жыл мезгили болгондуктан күн узарып, айлана-чөйрөнүн температурасы жогорулап, тирүү жандыктардын жана өсүмдүктөрдүн жаратылыштык ишмердүүлүгү жанданат.
Кыргызстанда метеорологиялык жаз күндүн орточо температурасы Цельсий боюнча 0 градустан жогорулап баштаганда келген болуп эсептелет.
Кыргызстандын түштүк аймактарында жаз мезгили күз мезгили менен жуурулушат (климаттык кыш мезгили жок, субтропикалык климат). Кыргызстандын ортоңку бөлүгүндө климат жагынан болжол менен март айынын акырында келет. Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүндө климат жагынан март жаз мезгилинин айы болуп саналат. Климаты муздак аймактарда да жаз мезгили күз мезгили менен жуурулушат (субарктикалык климат, климаттык жай мезгили жок).
Фенология деген эмне? Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн климаттык шарттарга байланыштуу мыйзамченемдүүлүктөрүн жана мезгилдүүлүктөрүн изилдөөчү биология илиминин бөлүмү.
Кыргызстанда фенологиялык жаз мезгилин адатта жаратылыштын ойгонуусу: өсүмдүктөрдүн өсүп баштоосу, келгин куштардын учуп келүүсү, жаныбарлардын кышкы уйкудан ойгонуусу менен байланыштырышат.
Жаздын башталуусунун жана бүтүүсүнүн фенологиялык белгилери катары ар башка авторлор тарабынан жыл сайын кайталанып туруучу түрдүү жаратылыш кубулуштары сунушталат. Мисалы, жаздын келүүсүн күн тийип, кар эрүүсү, талаадагы тегиз жааган кардын айрым жерлеринде кургак жердин, жылытылбаган имараттардын чатырларында салаңдап тоңгон муздун, түнкүсүн тоңбогон булактардын пайда болуусу, өсүмдүктөрдүн кайрадан өсүүсү байкалган мезгилден баштап саноо.
Аймактардын жаратылышы ар түрдүү болгондуктан, фенологиялык жаз мезгилинин бир калыптагы, туруктуу белгилери жок. Кар жаабаган жерлерге да, канн тамырдуу өсүмдүктөр жок жерлерге да жаз мезгили келет. Ошондуктан, каралган аймактын же жаратылыш объектинин гана фенологиялык жаз мезгилинин белгилери жөнүндө сөз кылууга мүмкүн.
Түрдүү өлкөлөрдө жазын символу катары ар кандай жаныбарларды же өсүмдүктөрдү колдонушат. Мисалы, Герман өлкөлөрүндө жаздын символу катары коён жана сары нарцисс саналат. Байыркы жана заманбап Грецияда жаздын символу катары кадимки жумуртканы эсептешет. Бул символ ушунчалык байыркы болгондуктан эмне үчүн жумуртка болуп калган эч ким билбейт. Кытайда болсо жаз белгиси катары жашыл ажыдаарды кабыл алышып, жакшылыктын, айкөлдүктүн, өсүп-өнүгүүнүн символу катары карайт. Түсүнүн жашыл болгон — бул бак-дарак стихиясынын түсү, анткени, кытайларда бак-дарак жаштыкка, кубаттуулукка, өнүгүү, өсүүгө жооп берген өзүнчө стихия саналат.
Европалык мистиктер жазга сандык маанини дагы беришип, бул жаңылануу жана кайра жаралууга жооп берген 3 саны. Японияда жарчысы катары кара өрүк жана сакуранын назик гүлдөрү, анткени, дал ушул дарактар алгачкылардан болуп гүлдөшөт. Россия, Белорусия жана Украинада жаз символу деп торгой канаттуусун эсептешет, себеби, бул чымчыктын келүүсү менен жылуу мезгил башталат делет, ошондой эле, кайың дарагы дагы бул сапка кошушат. Англияда айтылуу байчечекей (орусча подснежник) гүлү. Кыргызстанда символ катары Нооруз майрамы саналат.
Түстөр боюнча батыш өлкөлөрүндө, Кытайда, деги эле көпчүлүк өлкөлөрдө, ошондой эле Кыргызстанда дагы жашыл түс жанданып жаткан табияттын, жаздын символу. Байыркы славяндарда бул мезгил кызыл түс менен байланыштуу, мисалы, «весна-красна» деген фразасы белгилүү.
Өсүмдүктөрдөн мимоза, байчечекей, сирень гүлдөрү менен дагы байланыштырышат. Ал эми Чыгыш Жер Ортолук деңиз өлкөлөрүндө бадам гүлү.
Жалпылап айтканда, ар бир өлкөнүн жазды элестеткен өзүнүн өсүмдүктөрү, түрдүү буюмдары, түстөрү жана күндөрү бар.
Албетте, жазында майрамдар дагы көп болот, эң эле белгилүү жана биринчилери бул айымдардын майрамы 8-мартта белгиленет, айымдар өзүлөрү да жаздай жаркын келет эмеспи. Кийинки майрамдар: 3-март Кыргыз Республикасынын желегин кабыл алуу күнү, 5-март Ак калпак күнү, күлкү күнү, эмгекчилер, Улуу Жеңиш, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү, энелер куну, акыркы коңгуроо жана башка ушул сыяктуулар. Кыскасы, жаз мезгили жакшы маанай менен майрамдардын жуурулушкан мезгили десек болот. Дагы кайсы майрамдар бар эле?
Жаз мезгилинде төрөлгөн адамдардын гороскоп белгилери: балыктар, койлор, букачар, айрым эгиздер.
Кыргыз элинде жаз мезгилине байланыштуу көптөгөн макал-лакаптар дагы бар.