Биогеоценоз (грек тилинен βίος — жашоо + γη — Жер + κοινός — жамаат) — бири-бири менен байланышы бар тирүү организмдердин жыйындысы жана бир аймактын айланасындагы чөйрөнүн абиотикалык факторлору — күн нуру, суу, заттардын айлануусу, энергия агымы.
Биогеоценоз өзүн-өзү жөнгө салуучу экологиялык системаны түзүп, андагы органикалык компоненттер (жаныбарлар, өсүмдүктөр) органикалык эместер (суу, топурак) менен ажырагыс байланышта. Мисалы: аккан суунун биогеоценозу же капчыгайдын биогеоценозу.
Биринчиден тамак-аш, азык байланыштары менен байланышы бар тирүү организмдер, алар: продуценттер, консументтер жана редуценттер.
Продуценттер латын тилинен «жаратуучу» деп которулат. Бул органикалык эмес заттардан органикалык заттарды чыгара алган организмдер, башкача айтканда — автотрофттор. Негизинен булар өсүмдүктөр (органикалык заттарды органикалык эмес заттардан фотосинтез аркылуу алат), бирок кээ бир хемотроф-бактериялары күн нурусуз, химиялык синтезге мүмкүндүгү бар. Продуценттер азык чынжырынын биринчи звеносу.
Консументтер латын тилинен «азыктанам, жейм» деп которулат. Консументтер бул — гетеротрофтор, автотрофтор (продуценттер) жараткан даяр органикалык заттар менен азыктануучу организмдер. Редуценттерден айырмаланып консументтер органикалык заттарды органикалык эмес заттарга айланта албайт.
Редуценттер латын тилинен «кайтарам, калыбына келтирем» деп которулат. Булар өлгөн жандыктардын калдыктарын бузуп, аны органикалык эмес кошулмаларга айландырган организмдер (бактериялар, козу карындар).
Мисал: Өсүмдүк (продуцент) өсөт, аны жаныбар жейт (консумент), жаныбар өлгөндө аны бактериялар (редуценттер) органикалык эмес кошулмаларга айлантат, чиритет. Ал органикалык эмес заттардан органикалык заттарды кайрадан өсүмдүктөр чыгарат. Ушинтип чексиз айлана берет.
Биогеоценоздун бул бөлүгү «биоценоз» аталат. Башкача айтканда тирүү система. Мындай организмдерге тирүү эмес табияттын факторлору таасир этет, мисалы: жарык, суу, абанын көлөмү, топурактын жумшактыгы жана андагы туздардын, минералдык заттардын болушу, көмүр кычкыл газы, аба басымы, шамал ж. б.
Айтылгандардын бардыгы биогеоценоздун тирүү эмес бөлүгүнө таандык болуп, ал «экотоп» аталат. Биоценоз менен экотоп экөө биригип «Биогеоценозду» түзөт. Мында:
Биогеоценоздор ар түрдүү болот: эски чириген дүмүр, чалчык, токой, токойдун чети, талаа, кандайдыр бир көлмө, көл, саз, деңиз жээги жана башкалар болушу мүмкүн.
1940-жылдары биогеоценоз жөнүндөгү илим (окуп үйрөнүү) советтик геоботаник, токойчу, эколог жана палеонтолог В. Н. Сукачёв тарабынан СССРде иштелип чыкан.
Биогеоценоз — экосистема менен окшошураак түшүнүктө болгону менен, ал андай эмес. Орус тилдүү илимий адабиятта «биогеоценоз» термини көп убакытка чейин А. Тенсли (1935) тарабынан сунуштаган «экосистема» түшүнүгүн алмаштырып келген.
Көп учурда түрдүк курам жана түрдүк ар башкалык саны боюнча дал келбейт дагы, түрдүк ар башкалык изилденүүчү аймактан түздөн-түз көз каранды.
Бир биогеоценоздон экинчисине мейкиндикте же убакытта өтүү анын бардык компоненттеринин абалдарынын жана касиеттеринин алмашуусу менен коштолот. Натыйжада биогеоценоздук метоболизмдин мүнөзү да алмашат. Биогеоценоздун чектери анын көптөгөн компоненттеринде байкалып, бирок көп учурда алар өсүмдүк жамааттарынын чектери (фитоценоз) менен дал келет. Биогеоценоз калыңдыгы компоненттердин курамы жана абалы, алардын биогеоценоздук иш-аракет шарттары жана натыйжалары жагынан да бир тектүү болбойт. Ал жер үстүндө, жер астында, суу ичиндеги бөлүктөр менен дифференциацияланып (ажыратылып), алар өз ичинен элементардык вертикалдык түзүм — биогоризонтторго бөлүнөт. Алар курамы, түзүмү, тирүү жана сөөктүк компоненттери боюнча өтө спецификалуу келет. Биогеоценоздун горизонталдык бир тектүү эместигин же мозаикалуулугун белгилөө үчүн «биогеоценотикалык парцеллдер» түшүнүгү киргизилген. Биогеоценоз сыяктуу эле жалысынан комлпекстүү түшүнүк. Анткени, парцелланын түзүмүнө зат амашуунун жана энергиянын катышуучулар укугунда өсүмдүктөр, жаныбарлар, микроорганизмдер, топурак, атмосфера кирет.
Биогеоценоздун касиеттеринин бири — анын өзүн-өзү жөнгө салуусу, башкача айтканда өзүнүн түзүмүн белгилүү бир деңгээлде кармап туруусу. Ал заттардын жана энергиянын туруктуу айлануусунун болушу менен ишке ашырылат. Айлануунун туруктуулугу болсо бир нече механизмдер менен камсыздалат, алар:
Ушундай ыкма менен механизмдер өзгөрбөгөн, туруктуу деп аталган биогеоценоздун болуусун камсыз кылат. Көп убакыт күн көрүп келген туруктуу биогеоценоз климакстык делет. Табиятта туруктуу биогеоценоз аз, бирок чыдамдуулары көп. Алар өзгөрүп турат, бирок өзүн-өзү калыбына келтирүү менен баштапкы абалга келе алат.
Биогеоценоздогу организмдердин бирдиктүү жашоосу 6 негизги түрдө болот: