Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыш келе жатат, көмүр алуудагы кеңештер.

Баобаб

Бул дарак 4-5 миң жыл жашаганына карабастан анча бийик өспөйт, бийиктиги - 18-25 м. Бирок анын жоондугу таң каларлык: сөңгөгүнүн жоондугу 25 метрге жетет! Баобабды кучактоо үчүн бир класстын окуучулары бүт кол кармашып курчоосу керек болор эле. Тоодой баобабдан, томуктай отун чыкпайт, - дейт африкалыктар. Бул кандай? Мындай зор жыгачтан көп отун даярдоого болотко! Бирок ал отундан пайда жок, анткени баобаб жыгачы күйбөйт. Анын башка өзгөчөлүктөрү да бар. Мисалы, баобабдын жалбырагы кышында эмес, жайында түшөт.

Баобаб өскөн Африкада жай өтө ысык болот. Ал эми жалбырактар нымды бууландырат. Ошондуктан баобаб нымдан көп ажырабоо үчүн ысык кезде түшүрөт. Ал эми жаан-чачын маалы башталуучу кыш мезгилинде кайрадан жалбырак жамынып, жазылыгы 20 смге чейин жетүүчү ири, ак гүлдөрү ачылат. Баобабдын мөмөсү сүйрү келип, жумшак бөлүгү ширелүү, даамдуу, аны жесе болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 761, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо/Пикирлер