Австралия (australis латын сөзүнөн — «түштүк») — Жердин Чыгыш жана Түштүк жарым шарларында жайгашкан, ошондой эле, планетадагы эң кичинекей жана эң кургакчыл континент. Материктин бүт аймагы Австралия мамлекетинин негизги бөлүгүн түзөт. Австралия жана Океания дүйнө бөлүгүнө кирет.
Австралияны «жашыл континент» деп дагы аташат, бул аталыш кайдан чыккан жана эмне үчүн мындай аталып калгандыгы туураалуу так түшүндүрмө жок, кээ бирлери мунун олимпиада оюндарындагы шакекчелердин түсү менен байланыштырат, кээ бирлери Европалыктар Австралияга келгенде жашыл булуңуна туш келип ушундай аталган дешет. Тагдыры таң калтырган укмуштуу материк! Муну европалыктардын Америкадан бир кыйла кеч ачкандыгы таң калтырбайт. Алыскы Австралияны өздөштүргөндөрдүн арасында Англиядан сүргүнгө айдалган кылмышкерлердин болгондугу да таңдантпайт. Жок! Анын адамды таң калтырган окуясы алда канча эрте, Австралия тегерегиндеги аралдары менен бирге башка кургактыктан бөлүнгөн кезде — болжолу менен 100 млн жыл мурда башталган. Бул жер үстүндө сүт эмүүчүлөр пайда болуп, бирок алардын көпчүлүгү өздөрүнүн түпкү теги — кескелдириктерге окшоп жумуртка тууган мезгил. Балдарын жетилбеген, араң жан абалында, бирок тирүү тууган. Мындай араң жан байкуштар энелеринен бөлөк жашай алышпасы өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Ошондуктан алар энелеринин курсагындагы баштыкчада сүт ээмп, өсүп жетилишкен. Австралиянын токойлорун жана саванналарын баштыкчалуулар (илимпоздор бул жаныбарларды ушинтип аташкан) түбөлүккө ээлешет.
Мында баштыкчан карышкыр да, даракта жашоочу баштыкчан кичинекей аюу — коала да, баштыкчан тыйын чычкан менен келемиш да жашайт. Бирок Австралиянын негизги баштыкчан жаныбары — кенгуру (бөрсө). Илимпоздор мындан миллиондогон жылдар мурун толук бойдон кырылып жок болду деп эсептешкен жумуртка туугуч жаныбарлар да ушул жерден табылган. Ал — өрдөк тумшук жана ехидна (денеси тикендүү кичине жаныбар). Мына ошондуктан Австралия көп учурда казылма жаныбарлардын музейи деп да аталат.
Австралия куштар да көп. Эң чоңу — эму төө кушу. Эң коозу — күн желесиндей кулпунган бейиш кушу. Эң кызыктуусу — шылдыңчы куш. Тармал тоту куштар топ-топ болуп учуп жүрүшөт. Австралияда белгилүү насос-дарак — токой алпы — эвкалипт өсөт, анын жалбырагы абага жыпар жыт чыгарат. Австралиянын созулуп жаткан саванналары менен чөлдөрүнүн чет-жакалары тикендүү калың бадал — скрэбдер менен капталган. Австралияда суусу көп чоң өзөндөр жок. Эң эле ири дарыясы — Муррей. Анын куймасы Дарлинг кургакчылыкта соолуп калат.
Сугатты талап кылган көптөгөн кургак жерлер ушул мезгилге чейин жеткиликтүү өздөштүрүлбөгөндүктөн аларга калк дээрлик отурукташкан эмес. Австралияда сугат маселеси — эң маанилүү маселелердин бири. Австралияда тоолор көп, бирок алар анча бийик эмес. Пайдалуу кендерден: алтын, күмүш, жез, темир кендери, таш көмүр ж. б. бар. Булардын көбү ар дайым чет өлкөлөргө ташылып кетет. Австралиянын башка өлкөлөргө сатуу үчүн жөнөткөн негизги товары — айыл-чарба өндүрүмдөрү. Кой чарбасын өнүктүрүү боюнча бир кезде дүйнөдө 1-орунда турчу. Ал Европа, Азия жана Американын көп өлкөлөрүн мыкты жүн менен камсыз кылат.
Австралияга отурукташып, аны өздөштүргөн көптөгөн англис колониячылары жергиликтүү элди дээрлик кырып жок кылышкан. Жергиликтүү адамдар четтен келе жаткандардын кемеси горизонттон көрүнөр замат «куи-и!» деп бекеринен жээкке жар салып кыйкырышкан эмес. Бул коркунучтун белгиси жана жардамга чакырууну билдирген чуу. Бирок келгиндердин замбиректерине алар балык уулоочу дегелери менен мергенчилик бумерангдарынан башка кайсы куралдарын каршы коё алмак? Колониячылар Австралиянын жергиликтүү калкын алдап тузакка түшүрүшүп, атып өлтүрүшкөн. Ууланган тамак-аш беришип, бетпактык менен кырып, чөлдөргө сүрүп, аларды ачарчылыктан кырылууга дуушар кылышкан. Азыр (2008) Австралиянын жергиликтүү калкынан болгону 50 миңдей гана адам калган.
Австралия материгин бир гана мамлекет — Австралия ээлейт. Австралиялыктар негизинен англистердин тукумдары, алар англис тилинде сүйлөшөт. Австралиялыктар айыл чарбасында, шахталарда жана кен чыгуучу жерлерде, металлургия заводдорунда, кездеме токуучу жана бут кийим тигүүчү фабрикаларда иштешет.
Австралия башка жерлерден алыс болгондугуна байланыштуу, башкаларына караганда кеч ачылган. Австралиянын ачылышы Американы ачкандан жүз жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин болгон. Голландиялык деңиз сүзүүчү Виллем Янсзон 1606-жылы кайсы бир жаңы жерди тапкан (Кейп-Йорк жарым аралын).
Христофор Колумб сыяктуу эле В. Янсзон өмүрүнүн акырына чейин жаңы материкти ачканын билген эмес.
1770-жылы Джеймс Кук Австралиянын чыгыш жээгине жакындап, расмий версия боюнча аны ачкан делет.
Материктин аталышынын келип чыгышы антика мезгилинде эле географтардын оюнда түштүк жарым шарда анын кыйла бөлүгүн ээлеген гипотезалык кургактык бар экендиги жөнүндөгү туруктуу ишеними калыптангандыгына байланыштуу болгон. Материк карталарда ар кандай аталган: Белгисиз Жер (Terra Incognita), Белгисиз Түштүк Жер (Terra Australis Incognita), Түштүк Жер (Terra Australis). Голландиялык деңиз сүзүүчүлөрү XVII кылымда материкти издеп, заманбап Австралиянын аймагын ачып, аны, алгач Зёйланд, андан соң Жаңы Голландия аталган Түштүк материктен бөлүшкөн. 1772-1775-жылдары Джеймс Куктун экинчи дүйнө бойлой саякатынын натыйжасында орто түштүк кеңдиктерде Түштүк материк жок экени белгилүү болгондо, жана түштүк кеңдиктерде жок деп Кук ката эсептегендей, карталардагы кадыресе болуп калган Australis аталышы «бош» болгон. Муну англиялык деңиз саякатчысы Мэтью Флиндерс пайдаланып, 1814-жылы Жаңы Голландияны Терра-Австралис же Австралия деп атоону сунуштаган. Бирок, анын сунушу дароо кабыл алынбай, 1817-жылы гана Түштүк Уэльстин губернатору Лаклан Маккуори расмий документтерде «Австралия» атын колдоно баштаган жана Британ империясынын колониялар боюнча иштеринин Министрлигине бул аталышты сунуштап, 1824-жылы бул иш ишке ашкан.
Австралия — аянты 7 659 861 км² (кургактыктын 5%) болгон Түштүк жарым шардагы континент. Континенттин түндүктөн түштүккө чейинки узундугу болжолдуу 3,2 миң км, батыштан чыгышка чейинки жазылыгы — болжолдуу 4000 км, жээк сызыгынын узундугу (аралдарын кошпогондо) — 35 877 км.
Австралиянын Түштүк-Чыгыш жээктери Тынч океандын Тасман деңизи, Чыгыш жээгин Коралл деңизи чулгайт. Түндүк, батыш жана түштүк жээктерин — Инди океаны, анын ичинде Тимор жана Арафурс деңиздери. Австралияга жакын жерде Жаңы Гвинея жана Тасмания ири аралдары жайгашкан. Австралиянын түндүк-чыгыш жээгин бойлой, дүйнөдөгү эң чоң коралл рифи — Чоң Тосмо Риф 2000 кмден ашык узундукта созулуп жатат.
Түздүктөр үстөмдүк кылат. Жер бетинин 95 % жакыны деңиз деңгээлинен 600 мден ашпайт. Батыш-Австралиялык бөксө тоолору — орточо бийиктиги көтөрүңкү кырлары менен 400-500 метр: чыгышында — Масгрейв тоолору (жогорку чекити — Вудрофф тоосу, 1440 м) жана Мак-Доннелл кыркасы (жогорку чекити — Зил тоосу, 1511 м), түндүгүндө — Хамерсли жалпак чокулуу кумдуу кырка (жогорку чекити — Мехарри тоосу, 1251 м), түштүк-батышында — Дарлинг кыркасы (жогорку чекити — Кук тоосу, 571 м). Деңиз деңгээлинен 100 м бийиктикке жеткен борбордук ойдуң. Эң төмөнкү чекити — Эйр көлүнүн аймагында, деңиз деңгээлинен 16 м төмөн. Түштүк-чыгышында — Маунт-Лофти кыркасы. Чоң Суу бөлүүчү кырка, орто бийиктиктүү, жалпак чокулар менен, батышында чукул дөңсөөлөргө өтүүчү чокулар (даунс). Австралия Альпыларынын түштүгүндөгү жогорку чекит — Косцюшко тоосу, 2228 м.
Континенттин негизинде Жердин Түштүк жарым шарындагы Гондвана материгинин бөлүгү болгон эски Австралиялык платформа жатат.
Австралия түрдүү пайдалуу кендерге бай. Акыркы 10—15 жылда (2020) ачылган минералдык кендердин ачылышы материкти дүйнөдөгү запастары, ошондой эле, темир, бокситтер, коргошун-цинк сыяктуу кендерди казып алуу боюнча биринчи орундардын бирине жылдырды.
XX кылымдын 60-жылдарында өздөштүрүлө баштаган Австралиянын эң ири темир кендери материктин түндүк-батышындагы Хамерсли кыркасынын аймагында орун алган (Маунт-Ньюмен, Маунт-Голдсуэрта ж. б. кендери). Темир кени Түштүк Австралия штатында да Мидлбэк кыркаларында (Айрон-Кноб жана башкалар) бар.
Полиметаллдардын (коргошун, күмүш жана жез аралаш цинк) ири кендери Жаңы Түштүк Уэльс штатынын батыш чөлдүү бөлүгүндө орун алган — Брокен-Хилл кени. Түстүү металлдарды (жез, коргошун, цинк) казып алуунун маанилүү борбору Маунт-Айза кенинин жанында (Квинсленд штаты). Жез кендери Теннант-Крике (Түндүк Аймак) жана башка жерлерде бар.
Алтындын негизги кору кембрийге чейинки түпкүрлөрдүн кырларында жана материктин түштүк-батышындагы (Батыш Австралия штаты) Калгурли, Кулгарди, Норсмен, Уилуна, ошондой эле Квинсленд шаарларынын аймактарында топтолгон. Майдараак кендер дээрлик бардык штаттарда кездешет.
Бокситтер Кейп-Йорк (Уэйп кени) жана Арнем-Ленд (Гов кени) жарым аралдарында, ошондой эле, түштүк-батыштагы Дарлинг кыркасында (Джаррадейл кени) жатат.
Курамында марганец камтылган кендер континенттин түндүк-батышында орун алган — Пилбара аймагы. Уран кендери материктин ар кайсы жерлеринде табылган: түндүгүндө (Арнем-Ленд жарым аралы) — Саут жана Ист-Аллигейтор дарыяларынан анча алыс эмес жерде, Түштүк Австралия штатында — Фром көлүнүн жанында, Квинсленд штатында — Мэри-Катлин кени, ошондой эле континенттин батыш бөлүгүндө — Йиллирри кени.
Таш көмүрдүн негизги кендери материктин чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Кокстолуучу жана кокстолбогон таш көмүрдүн эң ири кендери Ньюкасл, Литгоу (Жаңы Түштүк Уэльс штаты), Коллинсвилл, Блэр-Атол, Блафф, Баралаба жана Моура-Кианга (Квинсленд штаты) шаарларында казылат.
Геологиялык издөөлөр тарабынан Австралиялык материктин тереңинде жана жээктердеги шелфтерде нефтинин жана табигый газдын чоң кендери бар экени аныкталган. Нефть, Квинсленд штатында (Муни, Олтон, Беннет кендери), материктин түндүк-батышындагы Барроу аралында, ошондой эле, Виктория штатынын түштүк жээгинин континенталдык шелфинде (Кингфиш кени) табылып, казылып алынууда. Газдын (Ранкен ири кени) жана нефтинин кени материктин түндүк-батыш жээктериндеги шелфинде табылган.
Австралияда хромдун ири кендери дагы бар (Квинсленд штаты), Гингин, Донгара, Мандарра шаарлары (Батыш Австралия), Марлин (Виктория штаты).
Металл эмес пайдалуу кендерден сапаты жана өнөр-жайлык пайдаланылышы боюнча айырмаланган түрдүү чопо, кум, акиташ, асбест, ошондой эле, слюда кендери кездешет. Асыл опалдарга бай.
Австралияда мыйзам ченемдүүлүк иретинде тропикалык, субэкватордук жана субтропикалык табигый алкактарга мүнөздүү болгон бардык топурактардын түрлөрү бар.
Түндүктөгү нымдуу тропикалык токойлор аймагында кызыл топурактар көп кездешет, булар түштүктү карай нымдуу саванналарда кызыл-кочкул, күрөң топурактарга жана кургак саванналарда боз-күрөң топурактарга алмашат. Чиринди, анча-мынча фосфор жана калий камтыган кызыл-кочкул жана күрөң топурактар айыл-чарбалык пайдаланууда баалуу келет. Кызыл-кочкул топурактар аймагынын чегинде Австралиянын негизги буудай айдоо жерлери жайгашкан.
Жасалма сугат жана жер семирткичтерди көп колдонуу өнүккөн борбордук түздүктөрдүн чет жакаларында (мисалы, Муррея бассейнинде), боз топурактуу жерлерде жүзүм, мөмөлүү дарактар, тоют өсүмдүктөрүн өстүрүшөт.
Ички чөлдүү аймактарды айланта курчаган чөптөр, бадал-жыгачтуу каптамдар өскөн жарым чөлдүү жана өзгөчө талаалуу аймактарында боз топурактуу талаа топурактары көп. Кубаты анча эмес. Алардын курамында чиринди жана фосфордун камтылышы аз болуп, койлорго жана ири мүйүздүү малдарга жайыт катары колдонууда дагы фосфордук жер семирткичтерди талап кылат.
Континенттин суу ресурстары аз. Австралия дарыяга эң жакыр континент. Чоң Суу Бөлүүчү кырканын капталдарынан аккан дарыялар — кыска, башаттарында кууш капчыгайлар аркылуу агат. Бул жерде алар толугу менен ГЭСтерди куруу үчүн колдонула алат, кээ бир жерлеринде жарым-жартылай колдонулууда. Дарыялар, жээк түздүктөргө чыкканда агымы басаңдап, тереңдиги жогорулайт.
Алардын көбү ооз бөлүктөрүндө ири океан кемелерине да жеткиликтүү. Бул дарыялардын агып чыгуу көлөмү жана режими ар кандай жана жаан-чачындардан көз каранды.
Чоң Суу Бөлүүчү кырканын батыш капталдарында ички түздүктөр аркылуу жүрүүчү дарыялар башат алат. Косцюшко тоосунун аймагында Австралиянын эң узун дарыясы — Муррей башталат (2375 км). Тоолордо анын эң ири куймалары дагы жаралат — Маррамбиджи (1485 км), Дарлинг (1472 км), Гоулберн жана кээ бир башкалары.
Муррей дарыясынын жана анын айрыктарынын азыктандырылышы негизинен жаан-чачындык жана азыраак деңгээлде карлык. Бул дарыялар көбүнчө жайдын башында, тоолордо кар эригенде толот. Өтө тайыз болуп калган кургак мезгилде, Муррейдин кээ бир куймалары өзүнчө көлмөлөргө айланат. Туруктуу агымды (өтө кургакчыл жылдардан тышкары) Муррей менен Маррамбиджи гана сактайт. Ал гана эмес, Австралияда узундугу боюнча үчүнчү орундагы Дарлинг дарыясы жайкы кургак мезгилде кумга сиңип, Муррейге жетпей калат. Муррей системасынын дээрлик бардык дарыяларында суу сактагычтар жана убактылуу бөгөөлдөр курулган, буларда кирген суулар чогултулуп, талаа, бакча жана жайыт сугаттарында пайдаланылат.
Австралиянын түндүк жана батыш жээктеринин дарыялары тайыз жана салыштырмалуу чоң эмес. Алардын эң узуну — Флиндерс — Карпентария булуңуна куят. Бул дарыялар жамгыр менен азыктанып, суусунун көлөмү жылдын ар кайсы мезгилдеринде абдан өзгөрүп турат.
Куперс-Крик (Барку), Дайамантина сыяктуу агымы материктин ичине багытталган дарыялар туруктуу агып чыгышы гана жок болболтон, так көрүнгөн туруктуу суу сайы да жок. Австралияда мындай убактылуу дарыяларды «крик» (англисче creek) деп аташат. Булар кыска мөөнөттүү нөшөр учурунда гана сууга толот. Жамгырдан көп өтпөй дарыянын нугу көбүнчө так формасы жок кайра эле кургак кумдуу көңдөйгө айланат.
Австралиянын көлдөрүнүн көбү, дарыялар сыяктуу, жамгыр суусу менен азыктанат. Көлдөрдүн туруктуу деңгээли да, агымы да жок. Жайында көлдөр соолуп, тайыз туздуу ойдуңдарга айланат. Түбүндөгү туз катмары кээде 1,5 мге чейин жетет.
Австралияны курчаган деңиздерде деңиз жаныбарлары, балык кармалат. Деңиз сууларында жегенге жарамдуу устрица өстүрүлөт. Түндүк жана түндүк-чыгыш жылуу жээк сууларында деңиз трепангдар, крокодилдер жана берметчил-моллюскалар өстүрүлөт. Булардын жасалма өстүрүүнүн негизги борбору Коберг (Арнем-Ленд) жарым аралынын аймагында орун алган. Дал ушул жерде, Арафур деңизинин жана Ван-Димен булуңунун жылуу сууларында жаан-чачынды түзүү боюнча атайын тажрыйбалар өткөрүлгөн. Бул тажрыйбалар австралиялык компаниянын жана япониялык адистердин катышуусу менен жүргүзүлгөн. Япониянын жээктерине караганда түндүк Австралиянын жээктеринде өстүрүлгөн берметчил-моллюскалар чоңураак бермет берээри жана кыска убакытта жетилүүсү аныкталган. Учурда (2022) берметчил-моллюскаларды өстүрүү түндүк жана жарым-жартылай түндүк-чыгыш жээктерде кеңири жайылган.
Саны жана өлчөмү боюнча кыйла чоң болгон Австралиянын көлдөрү жылдын көпчүлүк мезгилинде саз болуп турат. Спенсер булуңунан (булуң менен кошулбастан) түндүктү карай кумдуу дөбөлөр менен курчалган Торренс көлү жатат, мунун айланта узундугу 225 км. Андан дагы түндүгүрөөк, океан деңгээлинен 12 метр төмөндүктө, эң ири Эйр көлү бар, андан чыгышты карай Грегори көлү, бул көл кургакчылыктын натыйжасында бир нече көлдөргө бөлүнүшү мүмкүн. Торренс көлүнөн батышты карай 115 метр бийиктикте тайпак тоолор арасында Гэрднер чоң көлү бар, мунун өлчөмү болжолдуу айланасындагы сансыз көп майда көлдөрдүн суммасына барабар, көл туздуу келип, жакынкы мезгилде эле деңиз суусунан ажыраган деп жоромолдонот. Материктин түштүк жээги дагы деле акырындан деңиз суусунан көтөрүлүп жатат деген белгилер бар.
Австралиялык континент Түштүк жарым шардын негизги үч жылуу климаттык алкактарынын чегинде жайгашкан: субэкватордук (түндүгүндө), тропиктик (борбордук бөлүгүндө), субтропиктик (түштүгүндө). Тасманиянын анча чоң эмес гана бөлүгү мелүүн зонада жатат.
Негизинен, күндүн радиациясы чоң болгон тропикалык жана субтропикалык кеңдиктерте жаткан Австралиялык материк катуу ысыйт. Жээк сызыгынын булуң-буйткалуулугу жана четки бөлүктөрүнүн көтөрүңкү болушунан улам материкти курчаган деңиздердин таасири ички бөлүктөрүндө төмөн.
Австралия — Жердин эң кургакчыл континенти, жана анын табиятына мүнөздүү белгиси — чөлдөрдүн көптүгү, булар кеңири аймактарды ээлеп, дээрлик 2,5 миң км созулат, Инди океанынын жээктеринен Чоң Суу Бөлүүчү кырканын тоо этектерине чейин.
Континенттин түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүгүнө мүнөздүү субэкватордук климат температуранын бир калыптуулугу (жылы бою абанын орточо температурасы 23—24 °C) жана жаан-чачындын көп болушу менен айырмаланат (1000ден 1500 ммге чейин, кээ бир жерлерде 2000 мм ашык). Жаан-чачынды бул жерге нымдуу түндүк-батыш муссону алып келип, негизинен жайында жаайт. Кышында, кургак мезгилде жамгыр кээде гана жаайт. Бул мезгилде материктин ички бөлүгүнөн кургак жана ысык шамал согуп турат, кээде булар кургактыкка алып келет.
Австралиядагы тропикалык алкакта климаттын эки негизги түрү түзүлөт: тропикалык нымдуу жана кургак тропикалык. Нымдуу тропикалык климат Австралиянын чыгыш бөлүгүнө мүнөздүү, бул аймак түштүк-чыгыш пассаттык шамалдар зонасына кирет. Бул шамалдар Тынч океандан материкке нымга каныккан аба массаларын алып келет. Ошондуктан, жээк түздүктөрүнүн жана Чоң Суу Бөлүүчү кырканын чыгыш капталдары жакшы нымдашып (орточо 1000ден 1500 ммге чейин жаан-чачын түшөт), жылуу, жумшак климатка ээ (Сиднейдеги эң жылуу айдын температурасы — 22—25 °C, ал эми эң муздагы — 11,5—13 °C [плюс градус]). Тынч океандан келүүчү нымдуу аба массалары Чоң Суу бөлүүчү кырка чегинен өтүп, жолдо бир топ нымдуулукту жоготот, ошондуктан жаан-чачын тоо кыркаларынын батыш капталдарына жана тоо этектерине гана түшөт.
Материктин борбордук жана батыш бөлүгүнө тропикалык чөлдүү климат мүнөздүү. Жайында (эске салсак, австралиядагы жай мезгили декабрь — февраль айларында) орточо температуралар 30 °C чейин көтөрүлөт, кээде андан дагы жогору, ал эми кышында (июнь — август) орточо 10—15 °C төмөндөйт. Австралиянын эң ысык жери — түндүк-батышы, мында Чоң Кумдуу чөлдө жайы бою температура 35 °C же андан дагы жогорку көрсөткүчтө кармалат. Кыш мезгилинде, анча-мынча төмөндөйт (болжолду 20—25 ° C чейин). Материктин борборунда, Алис-Спрингс шаарынын аймагында, жайкы мезгилде күндүзгү температура 45 °C көтөрүлөт, түн ичинде нөл же андан төмөн түшөт (−4 — −6 °C).
Австралиянын болжолдуу аянтынын жарымын ээлеген борбордук жана батыш бөлүктөрү жылына орточо 250—300 мм жаан-чачын алат, Эйр көлүнүн аймагында — 200 мм төмөн; бирок, ушул анча маанилүү эмес жаан-чачындар дагы бирдей эмес түшөт. Кээде бир нече жылдар бою такыр жамгыр жаабайт, кээде эки-үч күндө жаайт, айрым учурларда бир нече саатта жылдык жаан-чачын көлөмү жаап коёт. Суунун бир канча бөлүгү сууну жакшы өткөрүүчү топурак аркылуу тереңдикке сиңип, өсүмдүктөр үчүн жеткиликсиз болуп калат, дагы бир бөлүгү күндүн ысык нурлары алдында бууланып кетип, топурактын өйдөңкү катмары дээрлик кургак калат.
Субтропикалык алкак чегинде климаттын үч түрү белгиленет: жер ортолук деңиздик, субтропиктик континенттик жана нымдуу субтропиктик.
Жер ортолук деңиздик климат Австралиянын түштүк-батыш бөлүгүнө мүнөздүү. Аталышы айтып тургандай эле, климат европалык жер ортолук деңиздик климат менен окшош — Испания жана Түштүк Франция. Жайы ысык жана шартка ылайык кургак, кышы жылуу жана нымдуу. Жыл мезгилдери боюнча температуранын салыштырмалуу анча чоң эмес өзгөрүүлөрү (январь — 23—27 °C, июнь — 12—14 °C), жаан-чачындын жетишээрлик саны (500дөн 1000 ммге чейин) байкалат.
Континенталдык субтропиктик алкак Чоң Австралиялык булуңга кошулган түштүк бөлүгүн камтыйт, ал өзүнө Аделаид шаарынын чет жакаларын жана бир аз чыгышты карай созулуп, Жаңы Түштүк Уэльс штатынын батыш аймактарын камтыйт. Бул климаттын негизги мүнөздөмөлөрү — жаан-чачындын анча көп эместиги жана салыштырмалуу жылдык температуранын чоң термелүүлөрү.
Нымдуу субтропиктик алкак климаты өзүнүн чегине бүткүл Виктория штатын жана Жаңы Түштүк Уэльс штатынын түштүк-батыш тоо этек бөлүктөрүн камтыйт. Жалпысынан бул алкактын бардыгы жумшак климат жана кыйла жаан-чачындын (500дөн 600 ммге чейин) болушу менен айырмаланат, көбүнчө жээк бөлүктөрдө (жаан-чачындын континенттин тереңине кирүүсү менен саны азаят). Жайында температура орточо 20—24 ° C чейин көтөрүлөт, бирок, кышында бир топ төмөндөйт — 8—10 ° C (плюс) чейин. Материктин бул бөлүгүнүн климаты мөмө жемиш бактарын, түрдүү жашылчаларды жана тоют чөптөрдү өстүрүү үчүн жагымдуу. Бирок, жакшы түшүм алуу үчүн жасалма сугат колдонулат, анткени, жайында топурактагы нымдуулук жетишсиз болот. Бул жерлерде сүт багытындагы мал жана койлор багылат (тоют чөптөрүнө мал жаюуу).
Ысык климат, жаан-чачындын аздыгы жана бирдей эмес жаашы материктин көпчүлүк бөлүгүндө (аймагынын 60 %) океанга суунун агып чыгышы дээрлик жок, болсо дагы сейрек жана убактылуу тармактарга гана ээ. Башка бир дагы континентте Австралиядагыдай ички суулардын начар өнүккөн тармагы жок. Континенттин бардык дарыяларынын жылдык агымы болгону 350 км³.
Австралиялык материк жер шарынын башка бөлүктөрүнөн бор доорунун ортосунан баштап изоляцияда болгондуктан өсүмдүктөр дүйнөсү өтө башкалардан айырмаланып турат. 12 миң жогорку өсүмдүктөр түрүнөн 9 миңден ашыгы — эндемиктер, башкача айтканда Австралияда гана өсөт. Эндемиктердин арасында — Австралиянын өсүмдүктөр бүлөсүнө типтүү келген эвкалипттердин жана акациялардын көптөгөн түрлөрү бар. Ошол эле убакта, бул жерде Түштүк Америкага (мисалы, түштүк бук), Түштүк Африкага (протея бүлөсүнүн өкүлдөрү) жана Малай аралдарынын архипелагына таандык (фикус, панданус ж. б.) өсүмдүктөр кездешет. Бул, көптөгөн миллион жыл мурун материктер арасында кургактыктагы байланыштары болгондугун күбөлөндүрөт.
Австралиянын көпчүлүк аймагы чукул кургакчылдыгы менен айырмалангандыгына байланыштуу, флорасында кургактыкты жакшы көргөн өсүмдүктөр үстөмдүк кылат: өзгөчө дан өсүмдүктөрү, эвкалипттер, чатырлуу акациялар, суккуленттик дарактар (бөтөлкө дарагы ж. б.). Бул жамааттарга таандык дарактар кубаттуу тамыр системасына ээ, алар жерге 10—20, кээде 30 метрлик тереңдикке жайылат, буга ылайык, алар насос сыяктуу тереңдиктеги нымдуулукту сиңирип алышат. Дарактардын кууш жана кургак жалбырактары көбүнчө күңүрт боз-жашыл түскө боёлгон. Айрымдарынын жалбырактары суунун бууланып кетишин азайтуу максатында күнгө кыры менен карап турат.
Континенттин четки түндүгүндө жана түкдүк-батышында ысык болуп, жылуу түндүк-батыш муссондор нымдуулукту ташып келгенине байланыштуу, тропикалык жаан-чачындык токойлор өсөт. Алардын курамында кууш жана узун жалбырактуу гигант эвкалипттер, фикустар, пальмалар, панданустар басымдуулук кылат. Дарактардын жыш жалбырактары жерди көлөкө кылып, дээрлик асманды жаап турат. Жээктердин кээ бир жерлеринде бамбуктун бадалдары кездешет. Жээктери түз жана балырлуу келген жерлерде мангр өсүмдүктөрү өнүккөн.
Жаан-чачындык токойлор кууш галерея түрүндө материктин ичин көздөй салыштырмалуу анча чоң эмес аралыкка дарыяларды бойлой кирет. Түштүктү карай тереңдеген сайын климат кургак болуп, чөлдөрдүн ысык деми күчтүүрөөк сезиле баштайт. Токой каптамы акырындан суюла баштайт. Эвкалипттер жана чатырлуу акациялар топ-топ өсөт. Бул кеңдик багытта созулган тропикалык токойлордон түштүгүрөөк багытта жайгашкан нымдуу саванналар аймагы. Көрүнүшү боюнча сейрек дарактардан турган саванна топтору парктарды элестетет. Бадалдык жаш өсүүлөр байкалбайт. Токойлошкон саванналар — койлор жана ири мүйүздүү мал үчүн жакшы жайыт.
Өтө ысык жана кургак болгон материк бөлүктөрүнүн борбордук чөлдөрү үчүн жыш, дээрлик киши өткүс, жапыз, негизинен эвкалипт жана акациялардан турган тикендер менен мүнөздүү. Австралияда бул бадалдарды скрэб аташат. Кээ бир жерлерде скрэб, кеңири, өсүмдүк өспөгөн же ак топурактуу чөлдөр менен алмашат, кээ бир жерлерде — бийик чымдуу дан өсүмдүктөр (спинифекс) менен алмашат.
Жаан-чачын көп жааган Чоң Суу Бөлүүчү кырканын чыгыш жана түштүк-чыгыш капталдары жыш тропикалык жана субтропикалык түбөлүк жашыл токойлор менен капталган. Австралиянын бардык жериндегидей эле, бул токойлордо эвкалипттер көп. Эвкалипттер өнөр жайлык мааниже баалуу дарактар. Бул дарактар жыгачы катуу дарактардын арасында бийиктиги боюнча теңдеши жок; булардын кээ бир түрлөрүнүн бийиктиги 100 м, диаметри 10 м чейин жетет. Эвкалип токойлорундагы жыгачтын өсүүсү чоң болгондуктан, булар өтө өндүрүмдүү келет. Токойлордо дарак сымал кырк муун жана папоротниктер көп, булардын бийиктиги 10—20 м жетет. Дарак сымал папоротниктер өзүнүн чокуларында ири куш жүнү сыяктуу (2 м чейин) баштары бар. Өзүнүн ачык жана жаңы жашылдуулугу менен булар эвкалипт токойлорунун күңүрт-жашыл пейзажын анчан-мынча жандандырып турат. Тоолордун жогору жагында дамарр-кызыл карагай жана буктардын аралашмасы байкалат.
Бул токойлордогу бадалдуу жана чөптүү каптамдар ар түрдүү жана жыш. Ошодой эле, бул токойлордун нымдуулугу азыраак жерлеринде экинчи катмарды чөптүү дарактар калыптандырат.
Материктин түштүк-батышында токойлор Дарлинг кыркасынын деңизге караган батыш капталдарын каптайт. Бул токойлор дээрлик толугу менен кыйла бийтиктерге жеткен эвкалипттерден турат. Эндемикалык түрлөр бул жерде өзгөчө көп. Эвкалипттерден тышкары, бөтөлкө дарактар кеңири тараган. Булар оригиналдуу бөтөлкө сыяктуу сөңгөккө ээ, түп жагы жоон келип, өйдө карай ичкерип кетет. Жамгырлуу мезгилдерде дарактын сөңгөгүндө суунун кыйла кору чогулуп, кургакчыл мезгилде дарак тарабынан керектелет. Бул токойлордун жаш дарактар аймагында түркүн түстүү боёкторго боёлгон бадалдары жана чөптөрү көп.
Жалпысынан Австралиянын токой ресурстары көп эмес. Токойлордун жалпы аянты 1970-жылдардын аягында континенттин жалпы аянтынын 5,6 % түзгөн, анын ичинде жумшак жыгачка ээ болгон атайын отургузулган токойлор да бар (негизинен нурлуу кызыл карагай).
Биринчи колонисттер материкте Европага мүнөздүү өсүмдүктөр түрлөрүн табышкан эмес. Австралияга дарактардын, бадалдардын жана чөптөрдүн европалык жана башка түрлөрү алынып келинген. Бул жерде маданий жүзүм, пахта, дан өсүмдүктөрү (буудай, арпа, сулу, күрүч, жүгөрү ж. б.), жашылчалар, көптөгөн мөмө жемиштүү дарактар жакшы өсүп кеткен.
Австралиянын жана ага таандык аралдардын жаныбарлар дүйнөсүнүн кайталангыс өзгөчөлүгү өзгөчө Австралиялык зоогеографиялык аймакты белгилөөгө мүмкүндүк берет. Бул континентте жана ага таандык аралдарда жашаган сүт эмүүчүлөрдүн 379 түрү, канаттуулар — 974, сойлоп жүрүүчүлөр — 420, жана амфибиялардын 120 түрү белгилүү. Сүт эмүүчүлөрдүн 83 %, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 89 %, балыктардын жана курт-кумурскалардын 90 % жана амфибиялардын (жерде-сууда жашоочулардын) 93 % Австралия үчүн эндемикалык болуп саналат.
Австралиянын фаунасы өзүнө болжолдуу 200 000 жаныбарлардын түрлөрүн камтыйт, булардын арасында көпчүлүгү уникалдуу.
Австралиянын фаунасы 379 сүт эмүүчүлөр түрүн, анын ичинде 159 баштыкчалуулар, 76 кол канаттуулар жана 69 кемирүүчүлөрдү камтыйт. Материк үчүн эндемикалуу деп саналган бир нече түркүм жана тукумдар бар:
Австралиянын символу болуп калган баштыкчалуу кенгуру жаныбары. Австралияга келген биринчи саякатчылар жергиликтүү жашоочудан «мунун аты ким?» деп сураганда, жергиликтүү тургун өзүнүн тилинде «түшүнбөдүм» же «kangaroo» деп жооп берген экен, ушундан улам аталышы кенгуру болуп калган деген версия бар, албетте бул такталбаган маалымат, ошондой болсо да, ушинтип айтып келишет.
Австралияда канаттуулардын 800дөн ашык түрү жашайт, алардын 350 бул географиялык аймактын эндемиктери (Эму, Лиракуйруктар), анын ичинде Жаңы Гвинея, Жаңы Каледония (Кагу) жана Жаңы Зеландия (Киви).
Австралиянын фаунасында сойлоочулардын 950дөн ашык түрү бар.
Австралияда куйругу жана буту жок амфибиялар берилген эмес. Австралия түрлөрү үчүн куйруктуу амфибиялардын 216 жана 1 интродуцияланган (интродуция — адам тарабынан атайын же кокус көчүрүлгөн кайсы бир жаныбардын түрү) (Bufo marinus) тукум бар.
Австралиянын жана айланасындагы сууларда балыктардын 4400 ашык түрлөрү табылган, алардын 90 % эндемиктер. Бирок, 170 түрү гана тузсуз сууда жашоочулар.
Австралиядагы 200 000 жаныбар түрүнүн дээрлик 96 % омурткасыздууларга, 90 % курт-кумурскалар жана моллюскаларга туура келет.
Курт-кумурскалардын арасында эң көп ар түрдүүлүккө катуу канаттуулар ээ, булар Австралияда 28 000 түрлөр менен берилген (негизинен Scarabaeoidea жана Curculionoidea бүлө үстүндөгүлөр). Кабырчык канаттуу курт-кумурскалар (Lepidoptera) түркүмү 20 816 түр менен берилген, жаргак канаттуулар түркүмү (Hymenoptera) — 12 781 түр (анын ичинде кумурскалар — 1275 түр жана түрчөлөр). Эки же кош канаттуулар түркүмү (Diptera, чиркейлер жана чымындар) — 7786 түр.
Австралиядагы кенелердин фаунасы (Acari) 240 бүлөнүн 2700 түрүн камтыйт (түркүмдөр боюнча: Astigmata — 330 түр, Oribatida — 330, Prostigmata — 1270, Ixodida — 80, Holothyrida — 3, Mesostigmata — 675). Эң чоң бүлөлөр: Atopomelidae (98 түр), Steganacaridae (63), Eriophyidae (49), Trombiculidae (114), Tetranychidae (54), Frythraeidae (102), Ixodidae (68), Laelapidae (147), Phytoseiidae (109) жана Rhinonyssidae (90).
Австралия көптөгөн эндемикалык жөргөмүш сымалдуулар менен белгилүү.