Козу карын — макромицет козу карындарынын жемиштүү денечелеринин жалпы жайылма аталышы. Замамбап илимдер түшүнүгүнө ылайык, козун карындар өз алдынча Fungi (латынча) тирүү табият падышалыгына таандык.
Козу карындардын чоң мөмө денечелүүлөрү жогорку козу карындар падышачалыгына кирип, анда аскомицет (Ascomycota) жана базидиомицет (Basidiomycota) аталган эки бөлүм белгиленет. Практикалык жактан жегиликтүү, жегиликтүү эмес жана уулу козу карындар болуп айырмаланат.
Козу карын катары, түрдүү микроорганизмдерден, көбүнчө ачыткылар (сахаромицеттер) жана кычкыл сүт бактерияларынан турган килкилдек массаларды эсептешет. Булардын жардамы менен суусундуктарды жасашат, мисалы, сыра, айран ж.б.у.с.
Козу карын менен кошо көп учурда анын түбү — ичке узун жипчелери да жулунуп чыгат. Ушул ичке жипчелер анын өзөгү, негизги бөлүгү болуп саналат. Ал эми биз демейде козу карын деп атаган бөлүгү — ушул өсүмдүктүн мөмөсү гана. Мына дарактын түбүнө козу карын өсүп чыкты. Анын өсүп чыкканына бир гана күн болду. Ал эми дарак болсо көп жылдан бери турат. Козу карындын түбүнүн жашы да дарак менен тең, экөө чогуу өсүп келатышат.
Көп учурда козу карындын түбү дарак тамырынын учуна чырмалып алат. Бул экөөнө тең ыңгайлуу. Дарактын тамырлары бөлүп чыгарган кант — козу карындын даяр азыгы. Козу карын топуракты пайдалуу бөлүктөргө ажыратып, алар менен даракты жабдыйт. Ар кайсы козу карын ар башка дарак менен достошот.
Кайың менен - кайынчылдар жана ак козу карындар, байтерек менен - байтерекчилдер, жер жаңгак менен - түлкүдөйлөр. Биз токойдон терген козу карындарды гана козукарын десек жаңылабыз. Мисалы, нандагы көк дат козу карынга окшойбу? Окшобосо да, бул козу карын. Ал — көзгө көрүнбөгөн өтө ичке жана узун жипчелердин жыйындысы.
Мындай козу карындардын ичинде башка өсүмдүктөргө жабышып, алардын эсебинен күн көргөн мителери, эң бекем устундарды чиритип, дарактарды кууратып, үйлөрдү бузган талкалагычтары да аз эмес.
Козу карындар латынча Fungi же Mycota. Эукариотикалык организмдерди бириктирген, өзүнө өсүмдүктөрдүн дагы, жаныбарлардын дагы белгилерин камтыган тирүү табият падышалыгы. Козу карындарды өсүмдүк же жаныбар деп айтууга болбойт. Козу карындарды ботаниканын бөлүмү болгон «микология» илими изилдейт, анткени мурда козу карындар өсүмдүктөр падышалыгына таандык деп эсептешчү.
Козу карындардын өзүнчө падышалык катары түшүнүгү илимде 1970-жылдары калыптанган, бирок, бул падышалыкты өзүнчө бөлүп кароо керек экендигин 1831-жылы Э. Фрис сунуштаган. Ал эми Карл Линней болсо козу карындарды өсүмдүктөр падышалыгына киргизүүдөгү күмөндүгүн өзүнүн «Табият системасында» билдирген.
20-кылымдын экинчи жарымында козу карындардын полифилетизми тууралуу түшүнүк калыптанган. 20-кылымдын аягында генетика, цитология жана биохимия тууралуу маалыматтар чогулуп, бул организмдер тобун бир нече өз ара тектеш бутактарга бөлүү мүмкүндүгү жаралып, козу карындар падышалыгына киргизген. Ошентип, 21-кылымдын башында «козу карын» термини бир маанисиз болуп калат.
Тар мааниде, биологиялык көз карашта, козу карын — таксон, башкача айтканда тирүү табият падышалыгынын бири. Эски, кеңири маанисинде бул термин таксон маанисин жоготуп, экологиялык-трофикалык топту билдирет.
Козу карындардын биологиялык жана экологиялык ар түрдүүлүгү өтө чоң. Заманбап баалоо менен Жер планетасында 100 миңден 250 миңге чейин, ал эми кээ бир маалыматтар боюнча 1,5 миллион түрлөрү бар. 2008-жылдын маалыматы боюнча Fungi падышалыгында 36 класс, 140 түзүлүш, 560 түркүм, 8283 колдонулуучу уруулук аталыштар жана 5101 уруулук синоним, 97861 түркүм тизмектелген.
Козу карындардын табияттагы жана адам баласынын чарбасындагы ролун баалоо татаал. Алар бардык экологиялык тармактарда бар — сууда, кургакта, топуракта жана мүмкүн болгон башка субстраттарда. Редуцент болуп, биосфера экологиясында мүмкүн болгон органикалык материалдарды чиритип, түшүмдүү топуракты калыптандырууда мааниси зор.
Козу карындардын жамааттардын өз ара катышуучуларынын арасындагы симбиотикалык (мутуалисттик) ролу чоң. Жогорку өсүмдүктөр менен болгон симбиотикалык мамилелер белгилүү, балырлар жана цианобактериялар — эңилчек, курт-кумурскалар менен, неокаллимаст түзүлүшүнүн өкүлдөрү кепшөөчүлөрдүн тамак сиңирүү системасынын милдеттүү түрдө болуучу компоненти.
Адам тарабынан азык катары, айыл-чарбада, медициналык максаттарда активдүү колдонулат. Жегиликтүү козу карындар дүйнө элдердин улуттук тамак-аштарынын бир бөлүгүн ээлейт. Ал эми өнөр жай масштабында козу карындарды өстүрүү көптөгөн өлкөлөрдө өнүккөн.
Экинчи жагынан козу карындар зыян келтириши да мүмкүн. Фитопатогендик козу карындар айыл-чарба өсүмдүктөрүн, жыгач көчөттөрүн жана токойлорду эпифитотияга (өсүмдүктөрдүн инфекциялык оорусу) алып келиши мүмкүн. Жаныбарлар жана адамдарды болсо түрдүү ооруларга чалдыктырып, өлүмгө да учуратышы мүмкүн.
Орус тилинде козу карындардын өкүлдөрү да, «козу карын» да күндөлүк турмушта бир сөз менен эле атап келишет. Көптөгөн тилдерде илимий түшүнүгүн белгилөө үчүн түрдүү сөздөр бар, бирок көп учурда латын тилинен алынган аталышы колдонулат.
Мисалы англис тилинде козу карын түрлөрүн fungus деп, күнумдүк турмушта – mushroom же toadstool дешет. Орус, украин тилинде козу карындын аталышы – гриб, Белорусда – грыб, польск тилинде – grzyb, чехтерде - hřib, словактар - hríb аталып, славян тилидериндеги - gribъ дегенден чыгат, этимологиялык жактан бул жаатта талаш-тартыштар бар.
Дагы бир көз карашта, жогоруда берилген аныктама этиш сөз катары – gribati «казуу», же итеративдүү grebti - «күрөө» дегенди билдирет. Ушундай этимологиялык жактан козу карын – «үзүп алуучу, жерден чыккан» деп түшүндүрүлөт.
Экинчи ой жүгуртүүлөр боюнча – gribъ сөзү – glei - былжыр деген сөздөн келген. Бул версиянын критиктери ал фонетикалык жактан туура эмес дешет.
Үчүнчү версия да фонетикалык жактан дал келбейт, gribъ сөзү, gъrbъ сөзү менен байланышып бүкүр дегенди билдирет.
Кээ бир орус жана украин элдеринин айтымдарында, козу карындарды (губы) ооз, б. а украин тилинде салыштырмалуу (гриб - трутовик) ооз козу карын катары атап келишет, бирок мындай аталыш көбүнчө элдик аталыштарга таандык.
Француз тилинде айтылган – шампиньон (champignon), эски француз тилин champignuel (canpegneus) түздөн-түз – «айыл аймагынын өндүрүмү» дегенди билдирет. Айыл-чарба француз тилинде campagne же эски латын тилинен алганда campania сөзүнөн келген. Champignon сөзү кээ бир башка тилдерден алынып, мисалы, азыркы испан тилинде (champiñón), орус тилинде шапиньон деп белгиленет.
Англис тилиндеги mashroom (эскиче формасы mushrom, muscheron, mousheroms, musserouns ж. б.) көбүнчө жегиликтүү козу карынды түшүндүрөт, бирок мындай атоо менен каалаган макромицеттерди атаганына байланыштуу француз тилинин mousseron тилинен чыккан, ал болсо өз учурунда козун карындарына мүнөздүү жашоо аймагы - мохту билдирет (фр. mousse — «мох»). Мунун кеч жана эрте латын тектүү сөздөрүн жоромолдоо версиялары да бар.
«Уу козун карын», «поганка» кээде каалаган козу карын англисче - toadstool аталып, сөзмө-сөз «Кур бака отургучу» дегенди түшүндүрөт; ушуга окшош терминдер нидерлан, немис тилдеринде да бар: нидерландча padde(n)stoel, немисче Krötenschwamm, сөзмө-сөз «баканын эрини». Бака менен байланыштуу уу козу карындардын аталыштары башка европа тилдеринде да бар.
Toadstool сөзүнүн келип чыгуусу боюнча эки жоромол бар: 1) Уу бакалар (же байыркы заманда уулуу деп эсептелген) менен салыштыруу, 2)Немисче todesstuhl «өлүмгө учуратуучу стул» фоно-семантикалык шайкештиги.
Этномиколог Р. Уоссондун сунушу боюнча бакалар менен салыштыруу жерде жүрүүчүлөр жана голлюциногендик козу карындар бутпарастык ырым-жырымдарда колдонгондугунан пайда болгон.
Англис тилинин ар кайсы диалекттеринде mushroom менен toadstoolдун маани мамилелештиги ар кандай. АКШда toadstool уу козу карындарды билдирип, Улуу Британияда каалаганы үчүн mushroom - жегиликтүү toadstool.
Немистердин Pilz («козу карын») латын тилинин boletus чыккан (Байыркы Римде боровик эмес, цезарь козу карынын ушинтип аташкан). Немистин Schwamm («губка») даракта өсүүчү козу карындарды белгилөө үчүн колдонулат (синоними Baumpilz сөзмөз-сөз «дарак козу карыны»).
Козу карындардын биринчи таксономикалык классификациясы мөмөлүү денелердин анатомиясынын маалыматтарында негизделген, бирок бул тышкы белгилердин негизинде түрлөрдүн реалдуу окшоштугун айтуу кыйын болгон. Ушул себептен 19-кылымдын ортосунда микроскоптук түзүлүшүн эске алуучу системадар пайда болгон.
Бирок, түрдүү таксондор ортосундагы түрдөш, тектеш байланыштарды толук эске алган табигый системаны түзүү мүмкүндүгү 20-кылымдын акыркы чейрегинде гана геносистематика жана молекулярдык филогенетиканын (ДНКны изилдөөгө негизделген ыкма) жаралышы менен пайда болгон.
21-кылымдын башында козу карындардын баардык таксономикалык классификациясы кайрадан карап чыгылат.
Спораларды чыгаруучу микроскопиялык органдардын түзүлүшүнүн негизинде жогорку козу карындар эки бөлүмгө бөлүнөт — аскомицеттер же баштыкчалуу козу карындар жана базидиомицеттер же базидиалдык козу карындар.
Аскомицеттерде споралар баштыкча же аска аталган атайын клеткалардын ичинде жаралат, базидиалдык козу карындарда споралардын калыптанышы базидия аталган тышкы түзүмүндө жаралат.
Баштыкчалуу макромицеттин көп бөлүгү пецицомицет классына кирет. Бул класска бир нече түркүмдөр (орточо 20) менен бөлүнүүчү бир ирет кирип, алардын арасында козу карын чогултуучуларга жакшы белгилүү болгон сморчок, лопасттык жана трюффельдик өкүлдөр бар. Кээ бир аймактарда (Түндүк Африка, Түштүк-Батыш Азия) терфезий түркүмүнө кирген «чөл трюффелдери» суроо-талапка ээ.
Базидиалдык макромицеттер, анын ичинде белгилүү калпактуу козу карындар Agaricomycotina бөлүмчөсүнө таандык. 20-кылымдын аягынан баштап бул козу карындардын системасы кайра каралып, генетикалык маалыматтарды эске алуу менен буларда маанилүү өзгөрүүлөр жүрүп, мөмөлүү денелер белгилеринин классфикациясынан окумуштуулар баш тартышат.
Мисалы, жер дүлөй (дождевик) козу карындары пластиналуу козун карындардын жакын түркүмдөрү болуп чыга келип, шампиньон түркүмүнө киргизилген; башка гастеромицеттер жана кээ бир пластиналуу козу карындар белотовду козу карындар иретине кирген, мурда буга түтүктүү козу карындар гана таандык болгон.
Таксономиялык систематикадан тышкары, генетикалык тектештигин эске албаган башка негизде негизделген классификациалоонун ыкмалары бар.
Козу карындардын түрдүү топторун экологиялык негизде, географиялык жайылуусу менен бөлүшөт; көптөгөн эскирген түзүлүшү жана экологиялык белгилери боюнча бири-бирине окшош таксондор экоморф аталган спецификалык топ катарында каралуусу уланууда.
Козукарындар дегенде калпакча, шляпа формасы эске келет, бирок булардын формалары ар түрдүү болот:
Козу карындар бири-бири менен чырмалышкан микроскопиялык жипчелерди элестеткен (гифтер) жана ар кандай субстраттарды, мисалы жыгачты, жер кыртыштын ичине кире өскөн мицелийде өсүп чыгышат.
Мөмөлүү дененин калыптанып өсүүсү үчүн өзгөчө тышкы чөйрөнүн шарттары талап кылынат — субстрат жана абанын температурасы, нымдуулугу, симбионт организмдердин болушу (дарактар жана башка өсүмдүктөр менен симбиоздо жашаган микориздик козу карындар үчүн бул абдан маанилүү).
Ар бир түргө өзүнүн мөмөлөнүү шарттары мүнөздүү, ушуга байланыштуу козу карындар токойлордун, өсүмдүктөрдүн түрдүү коомунда, белгилүү бир мезгилде пайда болушуп, өсүүсү аба ырайынын шартынан өтө көз каранды.
Баштыкчалуу козу карындардын мөмөлүү денесинин калыптануусу мицелийдеги өзгөчө аскогендик гифтердин пайда болуусунан башталат. Бул гифтер интенсивдүү өсүп, мөмө денени жана спораларды алып жүрүүчү түзүмдү — баштыкчаны калыптандырат.
Базидиалдык козу карындардын мицелийинде алгач примордий аталган, 1-2 милиметрден ашпаган түйүлдүктөр калыптанат. Примордийлер ыңгайлуу шарттар түзүлмөйүнчө көп мезгилге чейин өнүкпөй жата беришет, ыңгайы келгенде тез эле мөмө дене болуп чыгат. Адатта, мөмө дене бир нече күн, кээде бир нече саат гана жашайт, андан соң споралар калыптанганда чирийт.
Ошондой эле көпкө жашоочу козу карындар да бар, алар жыгач сымал катуу конситенцияда болушуп, бир нече жыл өсүп, жыл шакекчелерин пайда кылышат. Мындай мөмө денелер көптөгөн трутовик түрүндөгүлөрүнө мүнөздүү.
Мөмө денелерин ачык жана жабык деп айырмалашат. Жабык мөмө денелүү козу карындардын спора алып жүрүүчү катмары мөмө дененин ичинде жайгашып, ал бышып жетилгенде, толук же жарым-жартылай бузулганда гана жайылат.
Ачык формадагы козу карындарда гимений аталган спора алып жүрүүчү жука катмар сыртында жайгашып, жетилишине жараша бөлүнүп чыгат.
Баштыкчалуу козу карындардын жабык түрүндөгү мөмө денесин клейстотеция, ал эми ачык түрүн - апотеция аташат. Клейстотециялар негизи микроскопиялык өлчөмдө болуп, буларды калыптандыруучу козу карындарды макромицеттерге кошпойт. Бирок, бир нече сантиметр келген гигант клейстотециялар да болот, мисалы, жегиликтүү эмес «бугу трюфелдери», же бүртүктүү элафомицес.
Чыныгы трюфелдер сыртынан клейстотецияларга окшош, бирок алардын мөмө денелери алгач ачык түзүмдө калыптанып, андан кийин жабык болуп калат, башкача айтканда түрүн өзгөрткөн апотецияларды элестетет.
Башка апотециялар диск, табак же чөйчөк формасында болуп, ушундан улам буларды дискомицеттер дешет. Мөмө денесинин калыптандыруу ыкмасы боюнча дискомицеттерге трюфелдерди да, сморчок жана гельвелл козу карындары да таандык, бирок алардын формасы диск өңдүүлөрдөн айырмаланып турат.
Диск өңдүү козу карындардын гименийи дискинин өйдөңкү бетинде же ачык чөйчөгүнүн ичинде, сморчок жана строчоктордо калпак аталган өйдөңкү жагынын тышкы бетинде, бирок бул козу карында калпакчалууларга кирбейт.
Мөмө денесинин жабык түрдүү болгондордун базидиомицеттери — гастеромицет, ал эми ачыктары гименомицет аталат.
Мисалы, сыроежка, ак, грузди, кайыңчы, жана башка козу карындар иштетилгенден кийин тамак-ашка колдонулат. Тамак-ашка колдонуу максатында козу карындарды айыл-чарба өсүмдүгү катары өстүрүп, же табигый шартта өскөн жеринен чогултушат.
Козу карын чогултуу көптөгөн өлкөлөрдө популярдуу эс алуунун түрү болуп келет. Тамак-аш өнөр жайында түрдүү микроскопиялык козу карындарды да колдонушат: көптөгөн ачыткылар уксуз, алкоголь жана түрдүү спирт ичимдиктерин даярдоодо чоң мааниге ээ, мисалы, вино, арак, сыра, кымыз, айран, йогурт, ошондой эле нан жабуу ж.б.
Көгөртүүчү козу карындар байыртан эле сырларды (камамбер, рокфор), винолордун кээ бир сортторун (херес) даярдоодо колдонулат. Козу карындарда хитин көп болгону менен, сиңимдүүлүк баалуулугу анча чоң эмес, организм аларды жакшы сиңирбейт.
Бирок козу карындардын азык баалуулугу алардын сиңимдүүлүгүндө эмес, жогорку жыпар жыт жана даам сапаттарында, ошондуктан буларды татымалдарда кургатылган, туздалган, маринаддалган, жана күкүм түрүндө колдонушат.
Көптөгөн чымын кыргычтар (мухомор) уу болгонуна байланыштуу азык катары колдонулбайт. Адамдын организмине токсиндер зыян келтирип, жаш балдарга абдан коркунучтуу.
Кээ бир козу карындардын түрлөрү маанилүү заттарды чыгарат (анын ичинде антибиотиктер). Мындай козу карындардан жасалган препараттар медицинада кеңири колдонулат. Мисалы, чыгыш медицинасында рейши (ганодерма), шиитаке, кордицепс ж.б. Элдик медицинада ак, весёлка, кээ бир трутовиктерден жасалган препараттар. Официалдуу препараттардын тизмесинде козу карындан жасалган дарылар көп:
Козу карындардын кээ бир түрлөрү психоактивдүү заттарды камтып, психоделикалык эффектке ээ. Буга себептүү байыркы адамдар түрдүү ырым-жырымдарда колдонгон.
Микромицеттер негизиндеги препараттар. Көптөгөн козу карындар метаболиттер же түздөн-түз ууландыруу аркылуу башка организмдер менен аракеттенише алат. Айыл-чарбасындагы пестицид препараттар зыяндуу өсүмдүктөр, курт-кумурскалардын саны азайтууда алмаштыргыс.
Биопестицид катары мисалы, энтомопатогендик козу карындар иштетилет. Ал эми чымын кыргыч (мухомор) инсектицид катары иштетилет.
Патогендик козу карындар өсүмдүктөргө зыян келтирип, түшүмдүүлүктү азайтат. Жаныбарлар жана адамдарда дерматоз, чачтар, тырмактар, дем алуу жана жыныс органдарынын, ооз көңдөйүнүн ооруларына алып келет. Андан тышкары жем-чөпкө кирип кетүүсү менен малдын микотоксиндер менен ууланышына (микотоксикоз) алып келет.