TYUP.NET
Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жыгач жонундо маалымат

Жыгач жонундо маалымат

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жыгач — бул дарактардын жана бадалдардын сөңгөгүнүн негизин түзгөн катуу материал. Ал клеткалардан туруп, өзүнө целлюлоза, гемицеллюлоза жана лигнин заттарын камтыйт. Жыгач курулушта, эмерек өндүрүүдө, кагаз жасоодо жана башка материалдарды алууда кеңири колдонулат.

Мындан тышкары адам бул материалды отту багынткан байыркы замандан тарта бүгүнкү күнгө чейин отун катары да пайдаланып келет.

Поезд темир жолдо сызып баратат. Жолоочулар терезеден жол боюна көз чаптырышат. Алардын көздөрүнө эмнелер чалдыгат? Тигине, сыртта туташ дубал сымал калың токой созулуп артта калууда. Андан берки телеграф жана телефон мамычалары көзгө илээшпейт. Береги үйлөргө, түрдүү курулуштарга, өзөндөгү көпүрөгө көз токтотуп үлгүрбөйсүң... Мына ушулардын дээрлик бардыгы жыгачтан жасалган. Ал тургай темир жолдун өзүн деле темир-жыгач жол деп айтса болот. Анткени темир, тактап айтканда, болот рельстердин астына жыгач шпалалар төшөлөт эмеспи. Ырас, азыр темир-бетондон куюлган шпалалар көбүрөөк колдонулуп калды.

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Поезд шаарга жакындаган сайын жаңы курулуштар көбүрөөк кезиге баштайт. Кыштан же панелден салынган үйлөрдүн бир топ бөлүктөрү: терезе кашектери, пол, эшик да жыгачтан жасала тургандыгы белгилүү. Адамдар үйлөрүндө жыгач эмеректерди пайдаланышып, газ плитасын жыгач ширеңке менен тутандырышат. Мектепти алалы. Мында окуучулар жыгач тосмолуу тепкич аркылуу көтөрүлүшүп, жыгач паркетти басышат да, жыгач партага келип отурушат, жыгач кутудан жыгач карандашы менен сызгычын алып чыгышат, дептерлерин жана окуу китептерин ачышат... Дептер, окуу китептери да жыгачтан жасалат. Эмне, булар кагаздан жасалат дейсиңерби?

Болуптур, ошондой эле болсун дейли. Бирок кагаз эмнеден жасалат? Ал деле жыгачтан жасалат эмеспи. "Жыгач жонундо маалымат" кызыктуу бекен? анда уланта берели. Кээде дептердин же китептин бетинен чамынды кыпындарды көрүүгө болот. Алар майдаланган жыгачтын күкүмдөрү. Кагаз эле эмес, галош, өчүргүч, балдардын упчулары, ал тургай автомобилдердин дөңгөлөктөрү да жыгачтан жасалат. Бирок булардын жыгачтын эч бир белгисин байкай албайсың.

Анткени адегенде жыгачтын күкүмүнөн заводдо спирт алынат, спирт синтезделип каучукка айландырылат, андан соң каучуктан ар түрдүү резина буюмдар жасалат. Жибек эмнеден жасалат? Эгер жасалма жибек болсо, жыгачтан жасалган жибек деп ишенимдүү айта алабыз. Бир кубометр жыгачтан жүз миң деген метр кооз жибек кездеме алууга болот. Бирок жыгач жибек кездемеге айланганга чейин химиялык заводдо бир нече электен өтөт.

Жыгачтан кант да алууга болот. Ал эми жыгач пластика жөнүндө айтып да кереги жок. Жыгачтан эң сонун пластикаларды жасоого болот! Жупжука жыгач тактайларды бири бирине жасалма чайыр менен жабыштырып, пресстеген соң, жаңы курулуш материалы - жыгач пластика даяр болот. Андан үй эмеректери жасалат. Ошентип, биз металл, темир-бетон жана пластмасса доорунда жашап жаткандыгыбыз менен байыркы замандан бери адам баласына кызмат өтөп келе жаткан жыгачты да унуткан жокпуз. Жыгачтын адамга тийгизе турган пайдасы али көп.

Көрүүлөр: 3942
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.