Дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири Арстанбап десек жаңылбайбыз. Жыш токой жамынган тоолору, шылдырап аккан мөлтүр тунук суулары, көңүл сергиткен таза, салкын абасы, буруксуган жыттуу гүлдөрү, дарылык касиетке ээ сансыз чөптөрү, айлананы көркүнө чыгара кубулжутуп сайраган түркүн куштардын үндөрү Арстанбапка ажайып көрк берет. Мына ушундай табигый кооз ажайып жай Кыргызстандын Фергана тоо кыркаларындагы Бабашата бийик тоосунун түштүк этегинен орун алган. Арстанбап - табигый мөмө-жемиш токоюнун мекени. Деңиз деңгээлинен 1500-1800 м бийиктикте. Бийиктен түрмөктөлүш түшкөн шаркыратмалар жаратылыштын ажарын ачып, көркүнө көрк кошконсуйт. Бабашата шаркыратмасы 200 м бийиктен агып түшөт. Табигый мөмө-жемиш токою 37 миң гектар жерди ээлеп, ал бул өрөөнгө көрк гана бербестен, адамга ыракат тартуулайт, анда дарылык касиетке ээ өсүмдүктөр арбын. Арстанбап дүйнөдөгү эң чоң табигый жаңгак токою. Жаңгак дарактарынын бийиктиги 20-25 мге жетет.
Кош түптөнүп, төрт, алты айрык өскөндөрү да бар. Эң эле жарашыктуу, кочкул жашыл жалбырактуу дарактарынын кээсинин бутактары жыш өскөндүктөн чатырга окшоп, күн нурун өткөрбөйт. Жаңгактан жакшы самын, лак, тушь, типографиялык боёктор чыгарылат. Арстанбап жаңгактын кени болуу менен ал негизинен аралаш токой массиви болуп саналат. Анда алма, алча, мисте, бадам, жүзүм, ызырык, карагат, алмурут өсөт. Ал эми жаңгакка жанаша өскөн бадалдар, мырза терек, тал, моюл, кайың, ак чечек, караган, чычырканак, шилби, арча, карагай аралаш токойдун байлыгын түзөт. Түркүн чөггттөрдүн түрлөрү сансыз. Алардын ичинде сейрек учуроочу мароо, жыпар чөп, көк чөп өңдүү дарылык касиетке ээ өсүмдүктөр жолугат. Арстанбапты түрдүү жаныбарлар жана канаттуулар мекендейт. Элик, аркар-кулжа, суусар, чил, кекилик жана күрөң аюу, илбирс, сүлөөсүн, кундуз, ылаачын, шумкар, кыргоол, тоодак, безбелдек уялап, асманда бүркүттөр шаңшып учат.
Булардын көпчүлүгү Кызыл китепке жазылган. Арстанбаптын эл чарбасы үчүн мааниси чоң. 1945-жылы Түштүк Кыргызстандын токойлору Мамлекеттик корук деп жарыялангандан тартып Арстанбапка өзгөчө көңүл бурулуп, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары мында изилдөө иштерин жүргүзө башташты. Арстанбапта токой чарбасы уюштурулуп, бул чарба жыл сайын мамлекетке тонналаган жаңгак, алма, алча, мисте, бал жөнөтүп турат. Токой чарбасында жыгач иштетүүчү цех курулган. Анда түрдүү мебелдер, курулуш материалдары жасалат. Арстанбап туристтердин сүйүктүү жери.
Эс алуучулар үчүн бардык шарттары бар Арстанбап туристтик базасы, Арстанбап пансионаты, спорттук лагерлер курулган.