Материк же континент (латынча continens - көлөмдөөчү, үзгүлтүксүз) - көпчүлүк аймагы океан менен капталбаган, ал эми чет жакасы деңиз деңгээлинен төмөн турган жер кыртышынын ири массиви. Көбүнчө континент термини колдонулат, бирок материк термини дагы аз эмес пайдаланылат.
Материктердин аталыштары жана орточо аянттары | |
---|---|
Аталышы | Аянты (миллион чарчы км менен) |
Евразия | 53,6 |
Африка | 30,3 |
Түндүк Америка | 24,36 |
Түштүк америка | 17,8 |
Антарктида | 14,1 |
Австралия | 7,66 |
Жалпы аянт | 147,71 (жердин аянты 510,1 жер бетинин орточо 28,9% түзөт) |
Геологиялык мааниде континент континенталдык типтеги кыртыштын ири блогуна туура келип, кургактыктан тышкары өзүнө таандык материктик чет-жакаларды, шельфти (материктин суу астындагы чет жакасынын аймагы) жана андагы аралдарды камтыйт. Континенттердин көрүнүшү геологиялык убакытта өзгөрөт. Жердеги мурдагы доорлордун материктери палеоконтиненттер аталат.
«Континент» түшүнүгүнө жакын же теңдеш болгон термин «материк» айтылат.
Материк - деңиздер жана океандар менен жуулган (чулганган), кургактыктын кеңири мейкиндиги. Материк - геологиялык түшүнүк. Кургактыктагы материктер ортосундагы чек моюнчалар аркылуу өтөт. Панама моюнчасы Түндүк жана Түштүк Америка аркылуу жана Суэцк моюнчасы Африка менен Евразия аркылуу. Материктердин саны алты:
Геологияда материкке анын суу астындагы аймагы, анда жайгашкан аралдар дагы таандык. Тектоникалык көз карашта материктер - жер кыртышынын континенталдык түзүмүндөгү литосферанын аймактары.
Ошондой эле «дүйнө бөлүктөрү» аталган маданий-тарыхый түшүнүк дагы бар. Евразия материгинде эки дүйнө бөлүгү жайгашкан - Европа жана Азия, ал эми Америка дүйнө бөлүгү өзүнө Түндүк жана Түштүк Америка эки материгин камтыйт. Жер шарында 6 дүйнө бөлүгү бар:
Кээде Океания жана Арктиканы өзүнчө дүйнө бөлүктөрү катары белгилешет.
Европа жана Азиянын чек арасы түндүгүнөн түштүктү карай Урал тоолору, андан соң Эмба дарыясы аркылуу Каспий деңисине чейин, Кавказдан түндүгүрөөк - Кума жана Маныч дарыялары аркылуу Азов деңизине чейин, андан кийин Кара, Мрамор жана Жер ортолук деңиздер менен өтөт. Бул баяндалган чек талашсыз эмес, дүйнөдө кабыл алынган виранттардын бири гана.
Дүйнөдө жерлерди материктерге жана дүйнө бөлүктөрүнө бөлүүнүн бир нече салттары бар.
Түстөр менен түрдүү маданияттардагы континенттердеги кургактыктын бөлүктөрү белгиленген
Негизги магала — Евразия
Евразия - Жердеги эң чоң, жана төрт океан менен жуулучу (чулгануучу) жалгыз материк: түштүгүнөн - Индия, түндүгүнөн - Түндүк Муз, батышынан Атлантика, чыгышынан Тынч океан. Континен Түндүк жарым шарда 9° жана 169° батыш узундукта жайгашкан, ошону менен бирге Евразиянын аралдарынын бөлүгү Түштүк жарым шарда орун алган. Континенталдык Евразиянын көпчүлүк бөлүгү Чыгыш жарым шарда жайгашып, материктин батыш жана чыгыш учтары Батыш жарым шарда орун алган. Батыштан Чыгышты карай 16 миң чакырымга, ал эми Түндүктөн Түштүктү карай 8 миң чакырымга созулат, аянты 53,6 миллион чарчы чакырым. Планетанын бардык кургактыгынын үчтөн бирин ээлейт. Евразиянын аралдарынын аянты 2,75 миллион чарчы чакырымга жакындап келе жатат.
Өзүнө эки дүйнө бөлүгүн камтыйт: Европа жана Азия. Европа жана Азиянын чек аралары Урал тоолорунун чыгыш капчыгайлары, Урал, Эмба дарыялары, Каспий деңизинин түндүк-батыш жээктери, Кума дарыясы, Кума-Маныч чуңкуру, Маныч дарыясы, Кара деңиздин чыгыш жээктери, Кара деңинздин түштүк жээги Босфор кысыгы менен, Мрамор деңизи, Дарданелла кысыгы, Эгей жана Жер Ортолук деңиздер, Гибралтар кысыктары аркылуу өтөт. Бул бөлүштүрүү тарыхый жактан калыптанган. Табигый жактан Европа менен Азиянын ортосунда чукул өзгөрө турган чек ара жок. Континент кургактыктын тектоникалык консолидацияланган жана көптөгөн климаттык процесстердин биримдиги менен үзгүлтүксүз бириктирилген.
Африка менен болгон кургактагы чек Суэцк моюнчасы аркылуу өтөт.
Түндүк Америка - Батыш жарым шардын түндүгүндө жайгашкан континенттердин бири. Түндүк Америка батышнан Тынч океан жана Беринг деңизи, Аляска жана Калифорний булуңдары, чыгышынан Атлантикалык океан жана Лабрадор, Кариб деңиздери, Ыйык Лаврентий жана Мексика булуңдары, түндүгүнөн Түндүк Муз океаны, Бофорта, Баффинг деңиздери, Гренландия жана Гудзон булуңдары менен жуулат. Батышынан континент Евразиядан Беринг кысыгы менен бөлүнгөн. Түштүгүндө Түндүк жана Түштүк Американын чек арасы Панама моюнчасы аркылуу өтөт.
Түндүк Американын курамына көптөгөн аралдар дагы кирет: Гренландия, Канада Арктикалык архипелагы, Алеут аралдары, Ванкувер аралы, Александр архипелагы ж.б. Аянты боюнча континенттер арасында Түндүк Америка 3-орунда, анын аянты аралдары менен алганда 24,25 миллион чарчы чакырым, аралдарсыз - 20,36 миллион ч/ч.
Түштүк Америка - Батыш жана Түштүк жарым шарларда жайгашкан Американын түштүк континенти, ошондой болсо да, бөлүкчөлөрү Түндүк жарым шарда орун алган. Батышынан Тынч, чыгышынан Атлантикалык океан менен жуулуп, түндүгүнөн Түндүк Америка менен чектелет, Америкалар ортосундагы чек Панама моюнчасы жана Кариб деңизи аркылуу өтөт.
Түштүк Американын курамына дагы аралдар таандык, алардын көпчүлүгү континенттин өлкөлөрүнө тиешелүү. Кариб аймактары Түндүк Америкага таандык. Кариб деңизи менен чектеш Түштүк Американын өлкөлөрү, анын ичинде Колумбия, Венесуэла, Гайана, Суринам жана Француз Гвианалары - Түштүк Карибдик Америка аталышта белгилүү.
Түштүк Америкадагы маанилүү дарыя системаларына Амазонка, Ориноко жана Пираналар кирет, алардын жалпы бассейни 7 млн ч/чакырымды түзөт. Көпчүлүк көлдөрү Анд тоо системасында жайгашкан, алардын эң ириси жана эң бийик деңиз жүрүүчү көлү Титикака, Боливия менен Перунун чек арасында. Аянты боюнча эң чоң көл Венесуэлладагы Маракайбо, планетадагы эң байыркы көл деп дагы саналат.
Түштүк Америкада дүйнөдөгү эң бийик Анхель шаркыратмасы жайгашкан. Ошондой эле эң кубаттуу шаркытма Игуасу дагы бар. Түштүк Американын аянты 17,8 млн чарчы чакырым, континенттер арасында 4-орун.
Африка аянты боюнча Евразиядан кийинки экинчи материк, түндүгүнөн Жер ортолук деңиз, түндүк-чыгышынан - Кызыл деңиз, Атлантика океаны - батышынан жана Инди океаны менен чыгыш жана түштүгүнөн жуулат. Африка деп дүйнө бөлүгү дагы аталат, ага Африка материги жана ага таандык аралдар кирет.
Африка континенти экваторду жана бир нече климаттык аймактарды кесип өтөт, түндүк субтропикалык климат алкагынан түштүк субторипикалык климат алкагына чейин созулган жалгыз континент. Туруктуу жаан-чачындын жана сугаруунун жоктугунан, ошондой эле мөңгүлөрдүн же суу түшүрүүчү тоо системаларынын аздыгынан, климатты табигый жөнгө салуу материк жээктеринен башка жерлерде байкалбайт. Африканын аянты аралдары менен алганда орточо 30,3 млн чарчы чакырым, аралдарсыз 29,2 млн ч/ч, бул кургактыктын 20,4% түзөт.
Австралия - Жердин Чыгыш жана Түштүк жарым шарларында жайгашкан. Материктин бардык аймагы Австралиялык бирикме мамлекетинин негизги бөлүгү болуп саналат. Материк Австралия жана Океания дүйнө бөлүктөрүнө таандык. Түндүк жана чыгыш жээктери Тынч океандын деңиздери чулгайт: Арафур, Коралл, Тасман, Тимор деңиздери; батыш жана түштүгүнөн - Индия океаны. Австралиянын жанында Жаңы Гвинея жана Тасмания ири аралдары орун алган. Түндүк-чыгыш жээктерин жээктей 2000 чакырымдан ашык аралыкта Чоң Барьер Рифи аталган дүйнөдөгү эң чоң коралл рифтери созулуп жатат. Австралия Жердеги эң кичинекей континент, анын аянты 7,66 млн чарчы/ч, кургактыктын орточо 5% ээлейт.
Антарктида - Жердин эң түштүк жагында, анын борбору болжолдуу түштүк географиялык уюл менен дал келет. Актарктиданы Түштүк океандын суулары чуулгайт. Антарктида деп дүйнө бөлүгүн да аташат, буга Антарктида материги жана ага таандык аралдар тиешелүү.
Антарктида эң жогору жайгашкан материк, орточо деңиз деңгээлинен бийиктиги 2040 метр. Материкте планета мөңгүлөрүнүн орточо 85% жайгашкан. Антарктидада туруктуу калк жок, бирок, түрдүү мамлекеттерге таандык жана континенттин өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө арналган 50дөн ашык илимий станциялар бар (2019).
Материктин дээрлик толугу мөңгү менен капталган, алардын орточо калыңдыгы 2500 метрди түзөт. Андан тышкары муз астындагы көлдөр дагы бар (140тан ашык), алардын эң ириси россиялык окумуштуулар тарабынан 1990-жылдары ачылган Восток көлү.
Антарктиданын аянты орточо 14,1 млн чарчы/чакырым, кургактыктын 10,5% ээлеп, континенттер арасында 5-орунда.
Кенорленд - геофизиктердин ою боюнча неоархейде (орточо 2,75 миллиард жыл мурун) болгон гипотезалык суперконтинент. Аталышы кенорандык бүктөлгүчтүк фазасынан келип чыккан. Кенорленд төмөнкү кеңдиктерде жайгашкандыгын палеомагниттик изилдөөлөр көрсөткөн.
Нуна (Колумбия, Хадсонленд) - 1,8 - 1,5 млрд жыл мурун болгон гипотезалык суперконтинент. Бул материктин болгондугу тууралуу божомолду 2002-жылы Дж. Роджерс жана М. Сантош тарабынан көрсөтүлгөн. Нунанын жашоо мезгили палеопротерозой дооруна туура келип, аны божомолдуу эң картаң суперконтинент кылат. Ал Лаврентий, Фенносарматия, Украин калканы, Амазония, Австралия жана балким, Сибирь, Сино-Кореялык, Калахария платформалары аталган эрте континенттер курамына кирген, байыркы платолор платформасынан турат. Колумбия (Нуна) континентинин болгондугу геологиялык жана палеомагниттик маалыматтарга негизделген.
Родиния - болжолдуу протерозойдо (докембрия зонасы) болгон гипотезалык суперконтинент. 1,1 миллиард жыл мурун пайда болуп, 750 млн жыл мурда чачылып же бөлүнүп кеткен. Ал убакта Жер жалгыз бир гигант кургактыктан жана Мировия атлаган бир гигант океандан турган. Родиния көп учурда эң байыркы белгилүү суперконтинент эсептелинет, бирок анын орду жана сүрөттөлүшү дагы деле талаштуу. Родинийдин чачылышынан (бөлүнүшүнөн) кийин континенттер дагы бир жолу Пангея суперконтинент болуп биригет, анан кайра бөлүнөт.
Лавруссия (Еврамерика) - каледон орогенез мезгилинде Түндүк-Америкалык (байыркы континен Лаврентий) жана Чыгыш-Европалык (байыркы Балтика континенти) платформалардын коллизиясында (кагылышуусунда) калыптанган палеозойдук суперконтинент. Каледония, «Байыркы кызыл материк» (англисче Old Red Continent), «Байыркы кызыл кум таш материк» (Old Red Sandstone Continent) аталыштар менен дагы белгилүү. Перм мезгилинде Пагея менен кошулуп, анын түзүүчү бөлүгү болуп калган. Пангеянын бөлүнүүсүнөн кийин Лавразиянын бөлүгү болуп, палеогенде чачыраган.
Палеогеографияда Гондвана - көп мезгилге чейин Түштүк уюлдун айланасында локалдашкан, өзүнө дээрлик бүтүн кургактыкты камтыган, орточо 750-530 млн жыл мурун пайда болгон байыркы суперконтинент. Биздин убакта түштүк жарым шарда жайгашкан (Африка, Түштүк Америка, Антарктида, Австралия), ошондой эле түндүк жарым шарга жылып, Евразия материгинин бөлүгү болуп калган Индостан жана Авария тектоникалык блоктору Гондвананын бөлүктөрү болгон. Эрте палеозойдо Гондвана акырындык менен түндүккө жылып отуруп, көмүр-таш мезгилинде (360 млн жыл мурун) түндүк америкалык скандинавия материги менен кошулуп, гиганттык Пангея протоконтинентин түзгөн. Андан соң юр доорунун мезгилинде (орточо 180 млн жыл мурун) Пангея кайрадан Гондвана жана Лавразия түндүк континентине бөлүнүп, аларды Тетис океаны бөлүп турган. 30 млн жыл өткөндөн кийин, ошол эле юр доорунда Гондвана акырындык менен жаңы (учурдагы) континенттерге бөлүнө баштаган. Бор доорунун аягында, башкача айтканда 70-80 миллион жыл мурда Гондвана заманбап Африка, Түштүк Америка, Австралия, Антарктида жана Индостан жарым аралдарына толук бөлүнгөн.
Пангея (байыркы грекче - бардык жер) - палеозой мезгилинде жаралган протоконтинентке Альфред Вегенер тарабынан берилген аталыш. Пангеяны палеозойдун силурий мезгилинен эрте мезозойго чейин чулгаган гигант океан Панталас (байыркы грекче бардык деңиз) аталышка ээ болгон. Пангея перм мезгилинде калыптанып, триастын аягында эки континентке бөлүнүп кеткен (200-210 млн жыл мурун): түндүгү - Лавразия жана түштүгү - Гондвана. Пангеянын байыркы континенттерден калыптануу процессинде, алардын кагылышкан жерлеринде тоо системалары пайда болуп, кээ бирлери (мисалы, Урал, Аппалачи) бүгүнкү күнгө чейин болгон. Бул эрте тоолор салыштырмалуу жаш тоолор системасынан улуу (Европадагы Альп, Түндүк Америкадагы Кордильер, Түштүк Америкадагы Анд же Азиядагы Гималай). Миллиондогон жылдардагы эрозиянын айынан Урал жана Аппалачи тоолору - тегизделип, анча бийик эмес болуп калган.
Казакстания - Лавруссия жана Сибирь платформа ортосунда орун алган орто палеозой континенти. Ал Тургай ийилүүсүнөн жана Туран ойдуңунан Гоби, Такла-Макана чөлдөрүнө чейин созулат.
Лавразия - кеч мезозой доорунда Пангея протоконтинентинин түндүк сыныгы катары болгон ири континент. Бүгүнкү күндө түндүк жарым шардын континенттерин (Евразия, Түндүк Америка) түзгөн үч аймактын көпчүлүгүн бириктирген, жана алар өз убагында 135-200 млн жыл мурда бөлүнүп кеткен.
100-200 млн жылдан кийин континенттер кайрадан суперконтинентке биригет деген божомолдуу континент. Бул биригүүнүн Пангея Ультима, Жаңы Пангея жана Амазия аталыштагы мүмкүн болгон түрдүү сценарийлери болжомолдонууда.
Учурда дээрлик толук сууга чөмүлгөн гипотезалык континент. Австралиядан 60-85 млн жыл мурун жана Антарктидадан 130-85 млн жыл мурун бөлүнүп кеткен. Балким 23 млн жыл мурун толук чөккөн.