Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

От

Баш барак | Бул ким, ал эмне | От

От — көрүнүктүү диапазондо нурлануу жана жылуулук энергиясынын бөлүнүп чыгуусу менен коштолгон интенсивдүү кычкылдануу процесси (күйүү).

Илимде — кийинкидей натыйжаларда бөлүнүп чыгуучу ысык газдардын жыйындысы:

Жыгач отундун күйүүсү
Жыгач отундун күйүүсү

От деген эмне? От күйүү процессинин негизги фазасы болуп, башка күйүүчү материалдарга тийгенде көбөйүү касиетине ээ. Бирок, химиялык заттардын арасында жалынсыз күйгөн четтөөлөр бар. Оттун жеке температурасы отун катары кызмат кылган заттан жана кычкылданткычтын басымынан көз каранды. Түсү күйүүчү материалдан жана анын тазалыгынан көз каранды. Мисалы, көмүр кычкыл газы бар ачык асманда жакма оттун же шамдын жалыны саргыч түстө, көмүртектен салыштырмалуу тазалары — кызыл, эң тазасы — көк.

Оттун пайда болуусу жана өчүп калбоосу үчүн үч компонент талып кылынат:

  1. күйүүчү отун,
  2. процесстин өтүүсүнө мүмкүндүк берген кычкылдаткыч,
  3. температура.

Отундун ролунда көптөгөн заттар болушу. Кычкылданткыч катары көбүнчө кычкылтек болот, бирок, башка элементтер дагы болушу мүмкүн, мисалы, хлор же фтор. Суу фтор атмосферасында күңүрт кызгылт көк түстө күйөт (ооба, суу дагы күйөт), ошону менен бирге суу отун катары кызмат кылат, күйүүнүн натыйжасында кычкылтек бөлүнүп чыгат. Башкача айтканда, кычкылданткыч болбосо зат (тело) күйбөйт. Эгер затка (телого) ысытуу аркылуу молекула аралык байланыштан ашып түшкөн энергия берсек, анда ал күйүүчү түзүмдөргө бөлүнүп кетет. Мисалы, жыгачты абасы жок мейкиндикте ысытканда алгач ал жыгач көмүрүнө жана чайырга, андан соң күйүүчү газдар — көмүр суутектерине бөлүнөт.

Оттун күйүүсүн кармоочу үчүнчү компонент — температура, ал кычкылданткычтардын жана отундун касиеттери менен аныкталат. Ошентип, үч фактордун бирөөсү гана жок болсо, от жаралбайт.

Жалпы маалымат

Отту дегеле тажабай карай берүүгө болот. Мүмкүн бул биздин ата-бабаларыбыздан калган мурас болсо керек. Аларга от кандайдыр бир табышмактуу, жандуу нерсе болуп көрүнгөн. Отту колго үйрөтүшүп, өздөрүнүн турак жайына киргизип алышкан. От адамдын жашоо үчүн күрөшүндөгү эң кымбаттуу жардамчысы болгон. Отко тамак бышырып, суукта жылынышкан, жырткыч айбандарды от менен коркутуп качырышкан. Отко сыйынышып, ал жөнүндө легендаларды айтышкан. Бирок от адамдар үчүн коркунучтуу да болгон.

Алоолонуп катуу күйгөн өрт адамдардын кыйраткыч ырайымсыз жоосуна айланып, бүтүндөй шаарларды жок кылган. Отту толук баш ийдирүү үчүн анын сырын билүү керек болгон. Акыр-аягында анын жашыруун сырлары да белгилүү болду. Келгиле, күйүп жаткан отту тегеректей отуруп карап көрөлү. Мына, отко салынган бутак чытырап күйүп, кышылдай баштады. Демек жыгачтагы суу бууланууда.

Андан кийин бутак карарып күйө баштайт. Адегенде аябай түтөйт, качан гана жалындап жакшы күйгөндө түтүн жокко эсе болуп калат. Кандай кубулуш болуп атат? Отко салынган жыгач күйүп, көмүртек жана суутектен турган учма заттар (алар органикалык заттар деп аталат) бөлүнүп чыгат. Жогорку температурада алар кычкылтек менен биригип, химиктер айткандай кычкылдануу реакциясы жүрөт. Натыйжада көмүр кычкыл газы, суу пайда болуп, жылуулук бөлүнүп чыгат. Бирок, органикалык заттар адегенде эле толук кычкылданбайт, ошондуктан от жакшы күйө электе ыштын көптөгөн майда бөлүкчөлөрү бөлүнүп чыгат. Качан гана алар ысыганда жаркырап жалын пайда кылат.

Ал эми муздаганда суунун буусу менен кошо түтүндү пайда кылат. Жыгач болсо күйүп, андан учма заттар ажырап бөлүнүп чыккандан кийин карарып көмүр боло баштайт. Таш көмүр катуу ысыган учурда кычкылтек менен кошулат да, күйө баштайт. Ысык күчөгөндөн күчөп отуруп, майда ыш толук күйгөндүктөн түтүн чыкпай калат. Тутандырыктын үстүнө салынган көмүр ушинтип күйөт. Адамдарды жылуулук менен камсыз кылыш үчүн аябагандай көп өлчөмдөгү отун талап кылынат. Терең шахталар менен карьерден казылып алынган ташкөмүр адамдын негизги отундарынын бири.

Нефть скважиналарынан деңиздей чалкыган нефть сордурулуп алынат. Мунун баары бизди жылытууга гана керек кылынбайт. Электр станциялардын мештерине жагылат. Отун кыймылдаткычтарды, реактивдуу кыймылдаткычтарда күйгүзүлөт. Демек, оттун күчү автомобилди да, учакты да, космос кемесин да кыймылга келтирет. Ал эми энергиянын булагы — кычкылдануу — кандайдыр бир зат менен кычкылтек биригүүчү химиялык реакция. Ырас, кычкылданганда ар дайым эле от күйүп, түтүн чыга бербейт. Себеби, биринчиден, кычкылтек менен күйбөй турган заттар да биригет.

Мисалы, дат басуу — темирдин кычкылдануусунун натыйжасы. Экинчиден, кычкылдануу өтө жай жүрөт жана эч нерсе менен тутанып күйүшү мүмкүн эмес. Бул да түтүнсүз, жалынсыз, ышсыз, көзгө көрүнбөгөн, бирок жылуулук берүүчү от болуп эсептелет.

Тарыхы

От жонундо маалымат палеолит дооруна таандык, жана отту алуу ыкмасынын ачылышы эрте палеолиттеги таштарды иштетүүнүн натыйжасы болгон. Синантроп тарабынан оттуу колдонуусу так аныкталган. Алгач, от учуп жүргөн тажатма курт-кумурскалардан арылуу үчүн түтүнү колдонулган, андан кийин гана байыркы адамдар оттун кулинариялык функциясын өздөштүргөн: биринчи кезекте азыкты түтүнгө ыштоо, андан кийин ачык отто куйкалоо жана ысык күлгө бышыруу, ал эми неолит доорунда (керамикалык идиштер пайда болгондо) кайнатуу ыкмасы өздөштүрүлгөн. Кулинариялык функциясы менен катары оттун жылытуучу жана жарык берүүчү касиети ачылып, акыркысы чайырланган факелдердин ойлоп табылышына алып келген. От коломто катары алгачкы адамдардын топ мүчөлөрүнүн консолидациясына (көбүнчө диний боёкторго ээ болгон) жана алардагы жеке менчик түшүнүгүнүн пайда болуусуна өбөлгө түзгөн. Ошондой эле, неолит доорунда от чопону күйгүзүп катырууда, металлдарды эритүүдө жана аймактарды айдоо аянттарына даярдоодо кеңири колдонула баштаган. Цивилизациянын өнүгүүсүндө от жок кылуучу курал (грек оту, кызарган өзөк, от бүрккүч, Молотов коктейли) жана маалымат берүү каражат катары пайдаланылган.

Байыркы адамдар жана от
Байыркы адамдар жана от

«...Отту сүрүү аркылуу чыгаруу, адамга табияттын белгилүү бир күчтөрүнүн алдында үстөмдүк кылууга мүмкүндүк берген жана ошонусу менен адамды жаныбарлар дүйнөсүнөн биротоло бөлгөн» — Ф. Энгельс, «Анти-Дюринг».

Алуу ыкмалары

Алгачкы коомдо отту алуунун кийинкидей ыкмалары колдонулган:

Кийин ширеңкелер жана оттуктар кеңири жайылган.

Химиялык оттуктар

Биринчи химиялык ыкма менен от алуу немец химиги Дёберейнер тарабынан ачылган катализ эле. Өзүнүн ачылышынын негизинде ал тиричилик эмес колдонууга багытталган аспап жасап, аны «суутек оттугу» же «Дёберейнер оттугу» атаган. Мунун жакшыртылган түрү айтылуу Кипп аппараты. Албетте, ширеңкелер, суюк отундуу оттуктар (бензин, газ негизинде) да жаралган.

Күйүүчү жана күйбөөчү материалдар

Күйүүчү заттар же материалдар — күйүү режиминде кычкылданткыч (аба кычкылтеги) менен аракеттене алган заттар (материалдар). Күйүмдүүлүгү боюнча заттар (материалдар) үч топко бөлүнөт:

  • күйбөгөн заттар жана материалдар — абада өз алдынча күйбөгөн заттар жана материалдар;
  • начар күйүүчү заттар жана материалдар — абада кошумча күйүү энергиясын бергенде күйө алган бирок, энергияны алып салганда өз алдынча күйө албаган материалдар;
  • күйүүчү заттар — от алдырганда өз алдынча күйгөн же өзүнөн-өзү от алган материалдар.
  • Күйүчү заттар — шарттуу түшүнүк анткени, стандарттык ыкмадан айырмаланган режимдерде, күйбөгөн жана начар күйгөн заттар күйүүчү зат болгону сейрек эмес.

    Күйүүчү заттардын арасында түрдүү агрегаттык абалдардагы материалдар болот: газ, буу, суюк, катуу заттар, аэрозолдор.

    Аскер ишиндеги оттун мааниси

    Аскер ишинде от менен ок атуунун мааниси зор, жана бул ыкма бүгүнкү күнгө чейин колдонулат. Кадимки ок атуучу куралдар оттун жардамы менен ишке ашырылат. Тагыраак, айтканда ок дарынын жарылуусунан жана газдардын кысылуусунан. От менен ок атуучу курал деген түшүнүк биринчи ок атуучу куралдар биликтүү болгонунан жаралган. Алгач, биликти күйгүзөт дагы бутаны мээлейт, билик күйүп ок дарыга жеткенде жарылуу болот дагы ок куралдын оозунан чыгат. Учурда дээрлик бардык ок атуучу куралдар, ракеталар оттун жардамы аркылуу өз функциясын аткарат. Куралдардан тышкары аскер техникасы, деги эле заманбап техниканын көпчүлүгү ичинен күйүүчү кыймылдаткычтар менен жабдылып, оттун күйүүсү менен иштейт.

    Космосто ок атуу

    Космосто аба жок болгонуна карабастан ок атуу мүмкүн, анткени, күйүүгө зарыл болгон кычкылтек ок дарынын курамында болот. Бирок, космосто ок атууну ыңгайлуу деп айтууга кыйын, жана куралды кардиналдуу өзгөртүүсүз курал тез эле жарактан чыгат. Мунун себеби, куралдын кыймылдуу тетиктериндеги майлар абанын жоктугунан тез эле бууланын кургап, вакуум шартында иштебей калат же сынат. Андан тышкары, ок атуучуга куралдын артка тебүү импульсу таасир этет.

    Динде жана мифологияда

    Отко бир катар мифологияда чоң маани берилет. Грек жана рим мифологияларында от менен бир нече кудай окшоштурулат (Гефест, Прометей, Веста, Гестия, ж. б.), байыркы индиялык мифологияда от элеси катары Агни болгон, кельт мифологиясында от кудай айымы — Бригид. Зороастризмде от ыйык табигый кубулуш жана кудайлык адилеттүүлүк элеси Арта болуп саналат. Түндүк элдерде от аял образында — «эне», «коломто кожойкеси» ж. б. менен берилген, якуттарда жана буряттарда — эркек «кожоюн» образында. Орто кылымдык мистицизмде саламандралар отто жашаган, оттун төмөнкү периштелери болгон.

    Суу, жер, жана аба менен бир катар от төрт табигый кубулуштардын (орусча стихия) бири катары саналат (алгачкы элементтер) жана буга ылайык маанилүү ролду ээлеген, өзгөчө антика философиясында, мисалы, Гераклитте, ошондой эле алхимияда. Батыш астрологияда от элементи Кой, Арстан жана Жаачы зодиакалдык белгилери менен байланыштуу, булардын доминанты — оттун ордосу болгон Күн. Кытай астрологиясында от — беш табият кубулуштарынын бири болуп, Марс планетасы, ци энергиясы, түштүк, жай, кызыл түс, ачуу даам жана чукул, күйгүзүүчү жыт, 7 саны, жылаан («сы») жана жылкынын («у») жердик «бутактары», 3- жана 4-асман түркүктөрү («бин», «дин») менен байланыштырылган, анын ичинде 6 жана 7 менен аяктаган жылдар менен салыштырылган.

    Түркүн улуттарда өзүнүн сыйкыр мааниси от менен байланышкан тумарларды кездештирүүгө болот.

    Христианчылыкта от тозок жана шайтан менен ассоциацияланат бирок, Кудай менен ассоциацияланган жакшылык алып келүүчү, такыба от дагы бар.

    Байыркы грек мифологиясындагы Зевс Прометейдин адамдарга отту уурдап бергени үчүн биринчи аял — Пандораны жараткан.

    Эреже катары көптөгөн мифологияларда ажыдаар оозу менен от бүркүйт. Бул элес көптөгөн компьютердик фэнтези оюндарда өз ордун тапкан. Ошондой эле, башка заманбап маданияттарда мисалы, фантастикалык кинофильмдерде.

    Кыргыздарда

    Кыргыздар арчадан от жагып табынган, аны касиет көргөн. Айрыкча, жазында, жаңы жыл келгенде оттон балдарды секиртишип, жамандыктан тазалашкан. Бекеринен бабаларыбыз От Эне - үйдүн ыйыгы, ой, дене, дилди тазартат, оору сыркоодон колдойт деген. Үй ээси — от агасы, журт ээсин — от башы дешкен. Бейтап адамдарды от менен аластап дарылашкан. Жаңы келинди адеп «От эне жалгай көр» деп отко май чачып, отко жүгүнтүп, отко киргизет.

    Бабалар очоктон аттабаган, суу төкпөгөн жана түкүрүп, акарат кылбаган. Наристе жаңы төрөлгөндө үйдөн от беришкен эмес. Жолоочуну, ооруп калгандарды, жоодон келгендерди от менен аластаган. Байыркы бабалар жылкыны дарт чалса, Камбар Атанын тукумун алоолото жаккан эки оттун ортосунан айдап өткөргөн. От жамандыкты айдап кетет, кудурети күчтүү, тазартат дешкен. Элде баласыз өткөн ата-эненин «оту, коломтосу өчтү» дешсе, өтө заардуу каргыш айтканда, «отуң өчүп калсын!» деген. Боз үйдө от жагып отурганда олуя карыя «Оттун түтүнү бийикке, тогуз кабат Көк Теңирге кетти, ысыгы жети кабат Жер Энеге жетти» деп айтчу. Эл калкалаган От эне деген сөздүн чыгышында жабык сыр, терең ой бар. Ал эми отко байланышкан канча ырым-жырым, накыл сөз, макал-лакап, ыр, тилектер эл ичинде айтылат:

    Отко сыйын,
    Отту теппе,
    шамалды сөкпө.

    От дегенден ооз күйбөйт.
    Очокту аттаба.
    Отту бутуң менен ичкертпе.

    Отко түкүрбө,
    Отту тегеренбе.

    Отко жакын ыш күйөт,
    Энеге жакын кыз күйөт.

    Намаз шамдан кийин үйдөгү отту талаага алып чыкпа.

    От менен суу — тили жок жоо,
    Оттун күлүн тебелебе, сапырба.

    Түнү чок алба

    Энесайлык кыргыздар биринчи болуп оттук ташты таап, тиричиликке колдонушкан. Кыргыздардыкынан бөлөк жерде бул сыяктуу таштар жок дешкен жолоочулар. Байыркы кыргыздардын чыракты, отту таң атканча өчүрүшпөгөнүнө караганда, анын сыйкырдуу ишеними, ыйык мааниси да болушу ыктымал. Кыргыздардан от жагылган үйгө асмандан кут түшөт деген ишеними болгон. Бабалар От энеге алкыш айтышкан:

    «Бай сабааны туттурган,
    Байгер журтту журттаткан.
    Улуу сабаа туттурган,
    Узун желе буулаткан,
    Ысык-Көлгө түшүргөн,
    Киндик кескен От энем.
    Күкүрт таштын башынан,
    Күркүрөп күйгөн От эне.
    Күн аяздын жеринен,
    Күбүнүп күйгөн От эне.
    Оттун башы обо күл,
    Анын байын байлайлык,
    Отуз эки Ак буркан
    Анын жайын жайлайлык».

    Тирүү организмге таасири

    Ачык от менен байланыш болгондо түрдүү татаалдыктагы күйүктөр жаралат. Ошондой эле, оттун күйүүсүндө (өзгөчө жабык имараттарда, бөлмөлөрдө) күйүү өндүрүмдөрүнө уулануу мүмкүн. Жабык имараттарда оттун температурасы 200 °С жана андан дагы ашык болушу мүмкүн, мындай учурда организм термалдык соккуга дуушар болот.

    Оттун организмге таасир этүү мүнөзү боюнча — жалпы жана аймактык деп бөлүштүрүлөт. Аймактык таасир этүүдө дененин (кыска мөөнөттүү таасир этүү) анча чоң эмес бөлүктөрү күйүктүн өнүгүүсү менен жабыркайт, жалпы учурда (оттун чордонунда калууда) — дененин кыйла көп бөлүктөрү жабыркап, өмүргө коркунуч жараткан абалдар (күйүк оорусу) өнүгөт.

    Көзөмөлдөнбөгөн күйүү процесси

    Кайсы бир аймакта көзөмөлдөнбөгөн же башкарылгыс оттун күйүү процесси өрт аталат. Өрт от менен эле коркунуч жаратпастан, күйүү өндүрүмдөрү (түтүн, газ) менен дагы коркунуч жаратат (караңыз: Тиричилик коопсуздугу). Өрт отун жана кычкылданткыч жетишээрлик болгон дээрлик каалаган жерде пайда болушу мүмкүн. Өрттүн себептери кээде жарылуунун же от коюуунун натыйжасында болот. Кээде кичинекей балдар, алкоголдук абалдагы адамдардын, ал гана эмес үй жаныбарларынын себебинен (сенсордук жылыткычтардын үстүнөн мышык же чычкан басып өткөндө пайда болгон өрт заманбап себептерге кирет) дагы өрт чыгат. Түрдүү техникалардын ичинен чыккан өрт дагы сейрек эмес. Ал эми табигый өрт катары токойлордогу күйүүлөрдү айтса болот.

    Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1940, Өзгөртүлгөн: 2024-03-14, Тарыхы
    Талкулоо Оңдоо/Толуктоо