Кычкылтек (химиялык символу — O, латындын Oxygenium сөзүнөн) — жытсыз, даамсыз, түссүз газ, 16-топтогу химиялык элемент. Атомдук номери — 8. Молекуласы эки атомдон (формуласы O2) турат.
Кычкылтек химиялык жактан активдүү болгон металл эместерге таандык.
Дем алууга жарактуу кычкылтекти — аба дейбиз.
Абанын курамында түссүз, жытсыз жана даамсыз бир газ бар. Ансыз дем алуу мүмкүн эмес, ансыз эч бир зат күйбөйт. Бул — кычкылтек. Бардык жандуу нерселер дем алуу үчүн күн сайын өтө зор өлчөмдө кычкылтек сарптайт.
Ал эми дүйнөдөгү от жагылуучу чоң жана кичине мештердин саны канча! Үй жылытуучу мештерди мындай коюп, өнөр жай мештерин — домна, мартен, кыш бышыруучу мештерди эле алалычы. Булар отун менен иштейт, ал эми отун кычкылтексиз күйбөйт. Өсүмдүктүн жашыл жалбырактары болбогондо, биз эбак эле кычкылтек жетпей думугуп жок болмокбуз. Жалбыракка күндүн жарыгы тийгенде ал абадагы көмүр кычкыл газды жутуп, кычкылтекти бөлүп чыгарат.
Жер атмосферасында кычкылтек мына ушул себептен жок болуп кетпей, дайыма толукталып турат. Кычкылтектин орду абада эле эмес. Ал башка бир газ — суутек менен биригип сууну пайда кылат. Жер кыртышындагы ар бир экинчи атом — кычкылтектин атому.
МазмунуМындан 200 жылдай мурда эле адамдар кычкылтектин бар экендигин билишчү эмес. 1770-жылы (XVIII кылым) гана химиктер кээ бир заттарды ысытканда бөлүнүп чыккан газда шам абада күйгөндөй эле чатырап күйө тургандыгын алгачкы ирет байкашкан. Официалдуу түрдө кычкылтек англис химиги Джозеф Пристли тарабынан 1774-жылдын 1-августунда ачылган делет. Бирок, ал алгач жаңы жөнөкөй затты ачканын түшүнгөн эмес, ал абанын түзүүчү бөлүктөрүнүн бири белгиледим деп санап, аны «дефлогистирленген аба» деп атаган. Өзүнүн байкоолорун белгилүү франциялык химик Антуан Лавуазьеге билдирген. Лавуазье бул газ жегич суюктуктардын — кислоталардын пайда болушуна активдүү катыша тургандыгын, абанын, кислоталардын түзүүчү бөлүгү экенин, жана көптөгөн заттарда болоорун тапкан. Ошондуктан, Лавуазье аны латынча оксигениум деп атаган. Бул болсо кислотаны пайда кылуучу, кислотанын теги дегенди билдирет.
Айткандай эле, кычкылтек өсүмдүктөрдөн пайда болот, бирок кышында өсүмдүктөр өспөйт да, анда кычкылтек эмне үчүн түгөнүп калбайт? Биринчиден жер шарынын бардык жеринде эле кыш боло бербейт, демек башка жылуу жерлерде сөзсүз кычкылтек бөлүнүп турат. Экинчиден кышкысын өскөн бак-дарактар дагы бар, мисалы, карагай сыяктуу ийне жалбырактуулар, булар кышкысын дагы кычкылтек бөлүп чыгарат. Үчүндөн океандарда, тоңуп турган деңиздердин, көлдөрдүн түбүндө баарыбир түрдүү өсүмдүктөр өсөт (мисалы, балырлар) булар дагы абанын пайда болуусунуна зор салымын кошот. Ал эми, жер планетасында аба массасы өтө тез алмашканына байланыштуу кычкылтек дайыма бардык жерде жетиштүү өлчөмдө. Бул газ жер атмосферасынын көлөмүнүн 20-21% түзөт жана бул көрсөткүч жердин кайсы бурчунда болбосун дайым туруктуу. Ал гана эмес кышкысын кычкылтек көбүрөөк да болушу мүмкүн анткени, муздакта аба кысылып тыгыздашат. Велосипед баарыбызда эле болсо керек? байкасаңар анын дөңгөлөгүндөгү жел муздактан тыгыз болгонуна байланыштуу дайыма кышкысын азайып калат.
Оттун күйүү процесси түрдүү заттардын кычкылтек менен кошулуусунда жүрөт. Кычкылтек активдүүлүгү боюнча фтордон кийинки экинчи метал эмес зат, ошондуктан ал каалаган зат менен өтө активдүү химиялык процесске өтөт. Эгер көптөгөн заттар кычкылтектин үлүшү 20-21% болгон жөнөкөй абада оңой эле тутанса, таза же каныккан 50-100% кычкылтекте кандай күйөт? Таза кычкылтекте начар күйгөн же таптакыр күйбөгөн заттар дагы тутанат, мисалы, темир дагы күйүп кетет. Ал эми суюк кычкылтекти колдонсок андан дагы бат күйөт. Эгер суюк кычкылтек менен күкүм сыяктуу заттарга кошуп (таарынды, мох, торф) күйгүзөк ал нерселер ушунчалык тез күйгөнүнө байланыштуу, кадимки бомбадай жарылып кетет.
Жер кыртышындагы кычкылтектин курамы (салмагы боюнча) дээрлик 50% түзөт. Ааламда кеңири таралгандыгы боюнча үчүнчү орунда, биринчи орунда суутек, экинчи орунда гелий. Ал эми адам баласынын денесинде кычкылтек 65% түзөт.
Адам организми атмосфералык басымдагы 20-21 пайыз каныккандыктагы кычкылтекке ылайыкташкан. Эгер каныккандык бир нече пайызга төмөндөсө, адам өзүн начар сезет. 17% каныккандыкта киши тез чарчап, башы айланат, 13% каныккандыкта эс-учун жоготуп коёт, ал эми 7% төмөндөсө өлүмгө учурайт.
Жогорку каныккан кычкылтек менен деп алса эмне болот? Кээ бир учурларда бул пайдалуу. Мисалы, медицинада астма, кургак учук, уулу газдар менен ууланганда жана ушул сыяктуу кээ бир ооруларды дарылоодо колдонушат. Ошого карабастан каныккандыгы жогору кычкылтек менен дем алуу зыян, ал эми өтө жогорку каныккандыкта кан басым көтөрүлүп, кычкылтек менен ууланууга алып келет. Мындай көйгөй менен биринчилерден болуп суучулдар жабыр тартышкан. Алар жогорку басымдагы кычкылтек баллондорунан дем алышып, колу-буту тырышып, кусуп кыйналышкан. Ошондон кийин суучулдардын дем алуу аппараттарында аба каныккандыгы төмөндөтүлгөн.