Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ак кайың

Баш барак | Өсүмдүктөр | Ак кайың

Ак кайың же жөн гана кайың (латынча Betula) — кайың (Betulaceae) түркүмүндөгү жалбырагы күбүлмө дарактардын жана бадалдардын түрү.

Кайың
Кайың
Илимий классификациясы
ДоменЭукариоттор
ПадышалыкӨсүмдүктөр
Ирет/ТартипБук гүлдүүлөр
ТүркүмКайыңдар
ТүрКайың
Эл аралык илимий аталышы
Betula, 1753

Кайың Түндүк жарым шарда кеңири жайылган; болжолдуу жүздөй түрү бар. Кайыңдын көптөгөн түрлөрү — кеңири жайылган жана маанилүү токой калыптандыруучу порода деп саналат, кыйла деңгээлде Евразиянын жана Түндүк Американын мелүүн жана муздак бөлүгүндө жалбырактуу жана ийне жалбырактуу (аралаш) токойлордун көрүнүшүн жана түркүмдүк курамын аныктайт.

Кайыңдын көпчүлүк бөлүктөрү чарбада пайдаланылат: жыгачы, кабыгы, кабыгынын жукасы (орусча берёста), ширеси. Шагынан шыпыргы жасалат, өзгөчө орустардын мончо шыпыргысы. Бүчүрлөрү жана жалбырактары медицинада колдонулат: бүчүр жана жалбырактарынан жасалган тунмалар — зара чыгаруучу, бактерициддик, жарат айыктыруучу жана температураны түшүрүүчү каражаттар, ал эми май маңызын дерматологиялык каражат катары пайдаланылат. Кагаздай жука кабыгынан чеберлер мөмө-жемиш чогултуу үчүн чабыра жана себет согушат. Отун катары жыгачы таптуу келет. Кээ бир түрлөрү талааны коргоочу сызыкча түрүндө, ошондой эле декоративдик максаттарда иштетилет.

Ак кайың жалбырагы

Сөңгөгүнөн фанера, эмерек жасалат, скипидар, жыгач спирти, ачык суу алынат. Карелия, Белоруссия, Латвия, ошондой эле Скандинавия өлкөлөрүндө сөңгөгүнүн түбү жоон, катуу кайыңдар өсөт. Ага балта да өтпөйт. Ал Карелия ак кайыңы деп аталат. Андан кооз эмерек, сандыкча жана түрдүү жасалга буюмдарды даярдашат. Карелия ак кайыңы аз өсөт, ошондуктан азыр (2023) аны көбөйтүүгө аракет жүргүзүлүүдө.

Кайың скандинавдардын, финн-угор, орустардын жана башка элдердин маданияттарында маанилүү орунга ээ.

Ак кайың жөнүндө көптөгөн ырлар да жазылган (мисалы, 1-ак кайың, 2-ак кайың). Кыргызстандын мыкты сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларында дагы анын сүрөтүн көп кездештирүүгө болот. Жашыл шибер менен кызыл-тазыл гүлдөрдүн ортосунда өскөн шыңкыйган аппак кайың не деген керемет көрүнүш! Жайында кайың токоюн аралап, таза абасында дем алып, сейилдеп жүрүү да пайдалуу.

Ботаникалык баяндалышы

Ак кайың — жогору карай бутактап өсүүчү, сымбаттуу дарак. Карт дарактардын өйдөңкү шагы коюу болгондуктан, мажүрүм тал сымал салаңдап турат. Кээде жалгыздап өсөт, бирок көп учурда ал токойго айланат.

Ак кайың апрелдин акыркы же майдын алгачкы күндөрүндө, жаңгак менен талдан кийин гүлдөйт. Анын гүлү жупуну, чачы гүл деп аталат. Ал эми ак кайыңдын жалбырагынын саргая баштаганы — күздүн келгенин билдирет. Уругу шамал менен тез тарайт. Ал кыйылган токойдун ордуна башка дарактар өсө электе эле өсө баштайт. Ошондуктан ак кайың «токой пионери» деп аталат.

Өсүүсү тез, чейрек кылымда, өзгөчө ным жерде ал беш кабат үйдөй узарат. Жайында кыртыштан суткасына 40 чакадай ным соруп алат.

Кайыңдын түрлөрүнүн көпчүлүгү — бийиктиги 30—45 метрге чейинки дарактар, сөңгөгүнүн кучак өлчөмү 120—150 см, кээ бир түрлөрү — чоң жана кичине болгон бадалдар. Түркүмдүн бардык өкүлдөрү — бир үйлүү (аталык менен энелиги бир башта, бир гүлдө), өзүнчө жыныстуу, шамал аркылуу чаңдашуучу (анемофилдик) өсүмдүктөр.

Кайыңдардын тамыр системасы кубаттуу, түрүнө жана өсүү шарттарына жараша жайылма (орусча поверхностный), же кыйгач тереңдикти карай кетет. Өзөктүк тамыр тез эле өлүп, каптал тамырлар кубаттуу өнүгүп, ичке чачыла сымал тамырчаларга бай. Биринчи жылдары кайың жай өсөт. Андан кийин тескерисинче тез өсө баштайт дагы, атаандаштык жараткан чөптүү өсүмдүктөрдү жеңүүнү камсыз кылат.

Көпчүлүк кайыңдардын тамыры ак, саргыч, кызгылт же кызыл-күрөң түстө, кээ бир түрлөрүнүкү боз, күрөң же кара дагы болушу мүмкүн. Сөңгөктөрүндөгү тыгындык ткандын клеткалар көңдөйү ак чайырлуу зат — бетулин менен толтурулган, бул кайыңдын кабыгына ак түстү берет. Тышкы бөлүгү — жука кабык — лента түрүндө оңой ажырайт. Картаң дарактардын сөңгөгүнүн төмөнкү бөлүгү каралжын түстөгү жана жаракалуу кабык менен капталуусу сейрек эмес.

Жалбырактары кезектүү, бүтүн, кырлары тиштүү, формасы жумуртка-ромб же үч бурчтуу-жумуртка сымал, моносимметриялуу, жазы шынаа сымал негиздүү же дээрлик кесилген, жылмакай. Узундугу 7 см жана жазылыгы 4 см чейин. Түшүү алдында саргаят. Жаш жалбырактар жабышчак. Жалбырак пластинасынын тамырчаланышы же тарамыштанышы куш канаты же нерв сымал: каптал тарамыштар кырындагы тишчелеринен аяктайт.

Бүчүрлөрү кезектешме, отурма, спирал түрүндө жайгашкан жана көп учурда жабышкак кабырчыктар менен капталган. Каптал бүчүрлөр кичине алысыраак орун алат.

Эркек гүлдөрү татаал топ гүлдөрдөн турат — иймек сымал жыгач бөлүктөрдөн (таарынды өңдүү) — жайында эле узунураак жаш бутактарда пайда болот, негизинен 2—3 даана. Алгач, булар турган абалда жана жашыл түстө, андан кийин акырындык менен күрөң түскө өзгөрөт. Узундугу 2—4 см. Эркек иймекчелер борбордук гүл өзөкчөсү менен биригип өскөн көптөгөн калканчалуу сабактуу каптоочу кабырчыктардан турат. Булар уч жагы жазы, ылдый жагынан эки кичи кабырчык менен жабдылып, ички бетинде үч гүлчө бар. Ар бир гүл кабырчык өңдүү гүл кабыгы менен капталган, мында уруктандыруу органдары — аталыктар жайгашат.

Сыртынан иймекче суу өтпөгөн чайырлуу зат менен капталган. Ушундай түрдө иймекчелер кыштайт. Жазында, март-май айларында (климатка жараша), эркек иймектин өзөгү узарат, гүлдү курчаган кабырчыктар ачылып, алардын арасынан гүл чаңчасын чачкан сары аталыктар байкалат. Бул убакта мурда түз турган иймектер ийилип, салаңдап калат.

Ургаачы иймектер кыскартылган жаш бутактардын (брахибласттардын) чокуларында өсүп чыгат. Булар каптал бүчүрлөрдүн өткөн жылкы жаш бутактарында өнүгүп, ушуга байланыштуу дайыма бутактын капталында отурат.

Эркек иймечелердин гүлдөшү менен жалбырак бүчүрлөрү жана ургаачы иймекчелер ачылат. Ургаачы иймекчелер гүлдөө мезгилинде алар дайыма эркектерине караганда ичкерээк, булар чаңдашаары менен дароо түшөт. Ургаачы иймекчелердин мөмө кабырчыктары терең үч калактуу; каптал калакчалар ортоңкусунан кыскараак.

Ургаачы гүлдөр (башкача айтканда бир гана мөмө байлагыч) ар бир гүл алдындагы кабырчыкта үчтөн отурат; ар бир мөмө байлагычта эки миң урук-бүчүр болот. Булардын (үчөөнүн) чаңдашуусунда бирөөсү кургап калат, экинчиси мөмө байлагычтын бардык көңдөйүн ээлеп өсөт.

Ургаачы уруктандырылган иймек узарып, бутча өсүп чыкканы сейрек эмес, өзү болсо кабырчыктардын көлөмү чоңойгонуна байланыштуу жооноюп, акырындык менен сүйрү тобурчакка айланат. Мөмөлөр жетилгенде, а мөмөлөрү климатка жараша өтө тез жетилет, июль — сентябрда мөмөлүү иймек (тобурчак) жерге күбүлүп түшүп, сөңгөгү гана калат.

Мөмөсү — жалпагай, жасмык өңдүү (орусча чечевица), үстүндө эки кургап калган түркүкчөнү алып жүрөт жана аздыр-көптүр жазы ичке буттуу, жаргактуу канатча менен курчалган. Мөмөлөр, үч калакчалуу мөмө кабырчык көңдөйлөрүндө үчтөн отурат. Уруктары өтө жеңил — бир граммда 5000дей урук болот. Шамал менен оңой жайылат (энелик өсүмдүктөн 100 метрге чейин), мөмөлөрү ачылбайт.

Химиялык курамы

Кайыңдын көпчүлүк түрүнүн кабыгында көп кездешпеген ак органикалык пигменттердин бири тритерпеноид бетулин камтылат. Кабыргалуу кайыңдын (латынча Betula costata) кабыгында айтылган заттын камтылышы 5%дан ашат. Самсаалама кайыңдын (латынча Betula pendula) кабыгында 14% чейин, ал эми маньчжур кайыңынын (латынча Betula mandshurica) кабыгында — 27% чейин.

Самсаалама жана үлпүлдөк кайыңдын бүчүрлөрүндө орточо 3—5% эфир майы камтылган, булардын негизги компоненти — бициклдик сесквитерпеноиддер. Ошондой эле, бүчүрлөр чайырлуу заттарды, алкалоиддерди, аскорбин кислотасын, флавоноиддерди жана жогорку май кислоталарын камтыйт.

Жалбырактарында — эфир майы, даммаран туундулары, кумариндер, ийлөө заттары жана флавоноиддер бар.

Сайтка жарнама жайгаштыруу