Биосфера — (байыркы грекче βιος — жашоо жана σφαῖρα — сфера, шар) атмосфера, гидросфера жана литосферанын активдүү тиричилик өтүүчү бөлүгү.
Бул макала жаңыртылууга муктаж
Биосферада тирүү организмдер менен алардын жашоо чөйрөсү органикалык байланышта болуп, бүтүндөй системаны түзөт. «Биосфера» терминин австралиялык геолог Э. Зюсс киргизген. Биосфера жөнүндөгү толук түшүнүктү орус геохимиги В. И. Вернадский иштеп чыккан. Ал боюнча Жер планетасындагы тирүү организмдердин тиричилик аракетинин натыйжасында пайда болгон жана өзүн-өзү теңсалмактуулукта сактап туруучу мейкиндик системасы, башкача айтканда жандуу жана жансыз заттардын бири-бири менен болгон аракеттеринин натыйжасында пайда болгон биостук система.
Биоcфера - бул жашоо аймагы. Ал географиялык катмардын төртүнчү компоненти. "Биосфера жонундо тушунук" австриялык географ Эдуард Зюсс тарабынан 1875-жылы киргизилген. Ал биздин планетанын бардык катмарларын атап чыккан, анын ичинде биосфера дагы бар болчу. Бирок биосфера жонундогу тушунукту Зюсс ачкан эмес. Биосфера тушунугу 20-кылымдын 20-жылдарында академик Вернадский тарабынан иштелип чыккан. Ал планетанын төртүнчү катмарына аныктама берип, анын маанисин көрсөткөн. 1926-жылы Вернадскийдин "Биосфера" аталган китеби жарык көргөн. Китепте өтө чакан, бирок так маалыматтар берилген.
Биосфера — бул планетадагы тирүү организмдер жайгашкан мейкиндик же аймак.
Жердин бул катмары абдан ар түрдүү, жана ар кандай аймактардын болуусу менен аныкталат: аба, жер, суу. Биосферанын түзүмү дагы түрдүү келип төмөнкүлөрдү камтыйт:
Биосферанын 3 чеги бар, алар:
Окумуштуулар негизги 5 функциясын белгилешкен:
Биосферанын орточо жашы 3-3,8 миллиард жыл. Биосфера өзүнө 3 катмарды (биосфера элементи менен алмаштырбайлы) камтыйт: Аэросфера, Геосфера, Гидросфера. Биосфера жөнүндөгү илимди Владимир Иванович Вернадский түзгөн. Биосферанын элементтери 7, негизги элементтери 3 алар: гидросфера, атмосфера, литосфера. Жасалма биосфера жасоо мүмкүн эмес.