Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Июнь

Баш барак | Күндөр | Июнь

Июнь (латынча Junius — «Юнона айы») — юлиан жана григориан календарларындагы алтынчы ай, Юлий Цезардын март айынан башталган эски римдик жылдын төртүнчү айы. Узактыгы 30 күндөн турган төрт айдын бири. Жердин Түндүк жарым шарында жай мезгилинин биринчи айы, Түштүк жарым шарда — кыштын биринчи айы. Май менен июль айынын ортосунда орун алган.

Мазмуну

Кыргызча аталышы — Кулжа (Кусеин Карасаев тарабынан туураланган Кыргыз элдик календарына ылайык).

Заманбап доордо григориан календары боюнча 21-июнга чейин Күн Букачар топ жылдызында турат, 21-июндан тарта — Эгиздер топ жылдызында.

Баяндама

Кыргызстанда июнь айынын орточо температурасы +20 °C түзөт. Айдын биринчи жарымы жаан-чачындардан турган туруксуз аба ырайы менен айырмаланат. Июндун биринчи декадасында (биринчи 10 күндүгүндө) апрель-май айынын температурасына чейин төмөндөгөн абанын салкын болуусу мүмкүн. Айдын экинчи жарымында эреже катары жайкы жылуулук орнойт, айрым жылдары июнь айындагы температура +30 °С... +35 °C жетип, андан дагы жогору болушу ыктымал. Мисалы, 2005-жылдын 23-июнунда Бишкек шаарынын температурасы +40,9 °C чейин көтөрүлгөн. Түнкү орточо температура +20 °С... +22 °С чейин төмөндөйт. Ысык-Көл ойдуңундагы орточо температура салкыныраак +18 °С...+19 °С. Жаан-чачындардын болжолдуу саны 35 мм чейин. Июнь айына жайкы күндүн турушу туура келет — 21(22)-июнь — жылдагы эң узак күн жана эң кыска түн. Бул күндөн тарта Жердин түндүк жарым шарында күн кыскарып, түн узара баштайт. Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Мисалы, Алай районунда 2024-жылдын 4-июнунда калыңдыгы 10 см жеткен кар жааган.

Жер шарынын башка аймактарында дагы июнь айында кар түшүшү мүмкүн, мисалы 1430-жылдын 5-июнунда Борбордук Европадагы Аутсбургда кар түшүп, жүзүмдөрдү үшүк алып кеткен, ал эми 1667-жылдын 7-июнунда Швейцарияны кар каптаган.

Тарыхы жана этимология

Рим акыны Овидий өзүнүн «Фасттар» аталган китебинде айдын аталыш этимологиясынын эки вариантын сунуштаган. Биринчи версия (бүгүнкү күндө көбүрөөк таанылганы) июнь аталышын Юпитер Кудайынын жары, байыркы грециялык Баатыр аял менен айкалыштырылуучу, римдик аял Кудай Юнонага чыгарат. Юнона нике жана үй-бүлөлүк жашоонун, аялдардын коргоочусу болуп, июнь айында нике куруу ийгиликтүү болот деп саналчу. Овидийдин экинчи версиясы июнь аталышы iuniores латын сөзүнөн чыккан деп жоромолдоп, ал «жаш адамдар» дегенди билдирет. Ошондой эле, июнь айынын аталышы биринчи римдик консул Луций Юний Бруттун ысымынан алынган деген ойлор дагы бар.

Июндун тарыхый европалык аталышы өзүнө байыркы германдык Brachmonat белгиленишин камтыйт, анткени, чарба жүргүзүүнүн үч талаалык системасына ылайык, бул айда шүдүгөр (бир жыл кысыр калтырган аңыз, дем берип айдалган жер) алдында жаткан жер (Brachfeld) иштетилчү. Орустардын байыркы календарында июнь айы «изок» аталчу (славяндыктарда «чегиртке» дегенди билдирет), ошондой эле, орустардын байыркы ай сөздөрүндө разноцвет, скопид, хлеборост, светозар деген аталыштарга ээ болчу.

Июнь аталышы (чиркөөлүк китептерде — иуний) орустарга Византиядан келген же өткөн.

Римдик-католикалык чиркөөдө июнь айы Куткаруучуга (Иисус, бизче Иса пайгамбар) арналган: мында Иисустун жүрөгүнө деп чиркөөлүк кызматтар аткарылчу же аткарылып келет.

Башка тилдерде

Европанын көпчүлүк тилдеринде июнь аталышы латын салтына туура келет. Бирок, бир нече өзгөчөлүктөр бар.

Фин тилинде kesäkuu аталат, сөзмө-сөз «жайкы ай» дегенди билдирет; аталыштын алгачкы мааниси kesanto фин сөзүнөн алынып, бир жыл кысыр калтырган аңыз, дем берип айдалган жерди (шүдүгөр) түшүндүрүп, аны июнь айында айдашчу. Июнь аталышы «жылуу мезгил» дегенди түшүндүргөн kesä сөзүнөн эмес, түштүк-батыш фин диалектериндеги шүдүгөр дегенди түшүндүргөн kesä сөзүнөн чыккан. Көптөн бери айдалбай жаткан жерди июнь айында айдашчу. Suvi сөзү түштүк-батыш диалектилеринде жылуу мезгил дегенди билдирет. Июндун Junius латын аталышы римдик аял Кудай Юнонанын ысымынан чыккан. Юпитердин жубайы Юнона нике, үй-бүлө, эне болуу жана аялдардын коргоочусу болгон.

Бул мезгилде кызыл боёктуу алуу үчүн чогултулуучу «червец» курту бир нече славян тилдеринде июнь айынын аталышын берген: украинче — червень, белорусча — чэрвень, польшача — czerwiec, чехче — červen.

Хорват тилинде — lipanj, башкача айтканда «липа айы».

Түркчө аталышы Haziran — сириялык hazıran сөзүнөн келип — «ысык» дегенди билдирет.

Литва тилинде birželis — «кайың» дегенди билдирген beržas сөзүнөн келген.

Заманбап кытай дана япон тилдеринде июнь айы «алтынчы ай» деп белгиленген.

Майрамдар

1-июнь

  • Эл аралык балдарды коргоо күнү (1949-жылдан бери, Кыргызстанда кайсы жылы майрамдала баштаганы белгисиз).
  • Багам аралдары — Эмгек күнү
  • Камбоджа — Дарак отургузуу күнү
  • Кения — Мадарака — Кениядагы Эркиндик күнү.
  • Кытай — Наристе күнү.
  • Монголия — Эне жана бала күнү.
  • Палау — Президент күнү.
  • Самоа — Эгемендүүлүк күнү.
  • АКШ, Теннесси — Мамлекеттүүлүк күнү.
  • Тунис — Конституция күнү.

2-июнь

  • Азербайжан — Жарандык авиация күнү.
  • Италия — Республика күнү (2000-жылдан бери).
  • Болгария — Христо Ботев күнү же Осмон кулчуларына каршы күрөштө өлкөнүн эркиндиги үчүн курман болгон күрөшчүлөрдү эскерүү күнү.
  • Таиланд — Ананас фестивалы.

3-июнь

  • Австралия — Мабо күнү.
  • Намибия — Намибиянын куралдуу күчтөрүнүн күнү.
  • АКШ — Конфедераттарды эскерүү күнү (Теннесси).
  • Уганда — Азапчылар күнү
  • Черногория — Көз карандысыздык күнү.

4-июнь

  • БУУ — Агрессиянын курмандыгы болгон бейкүнөө балдардын Эл аралык күнү.
  • Ботсвана — Шериктештик күнү.
  • Ингушетия — Республиканын калыптануу күнү (1992-жылдан бери).
  • Казакстан — Мамлекеттик символдор күнү.
  • Молдова — Банк кызматкерлеринин күнү.
  • АКШ — Үй-бүлө күнү.
  • АКШ, Алабама — Джефферсон Дэвис күнү.
  • Тонга — Көз карандысыздык күнү.
  • Финляндия — Коргоо күчтөрүнүн күнү.
  • Эстония — Желек күнү.

5-июнь

  • БУУ — Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрө күнү.
  • Азербайжан — Мелиорациячы күнү.
  • Дания — Конституция күнү (Улуттук күн).
  • Дания — Аталар күнү.
  • Ирландия — Июнь майрамы.
  • Колумбия — Ыраазычылык күнү.
  • Сейшель Аралдары — Бошотуу күнү.
  • Ямайка — Ямайка күнү.

6-июнь

7-июнь

  • Дания, Принц Йоахимдин туулган күнү.
  • Испания, Республика күнү.
  • Кыргызстан, Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү
  • Мальта, Азапчылар күнү.
  • Норвегия, Көз карандысыздыты жар салуу күнү.

8-июнь

  • Бүткүл дүйнөлүк океандар күнү (2009-жылдан бери).

9-июнь

  • Эл аралык аккредитация күнү.
  • Бразилия — Бразилиянын Апостолу Жозе ди Аншиеттин күнү.
  • Ирландия — Ирландиялык ыйык Колумдун күнү.
  • Италия — Байыркы Римдик Весталия майрамы.
  • АКШ, Оклахома — Карылар күнү.
  • Уганда — Баатырлар күнү.

10-июнь

11-июнь

  • АКШ, Гавай — Камехамеха күнү, Гавайдын биринчи королунун урматына майрам.
  • Австралия — Хан айымдын туулган күнү.
  • Дания — Принц Генриктин туулган күнү.

12-июнь

  • Россия күнү.
  • Бразилия — Сүйүшкөндөр күнү.
  • Парагвай — Тынчтык күнү.
  • Филиппиндер — Көз карандысыздык күнү.
  • Финляндия — Хельсинки күнү.
  • Украина — Фондулук базар кызматкерлердин күнү.

13-июнь

  • Кытай/Тибет — Бардык ыйыктар күнү.
  • Португалия — Ыйык Энтони күнү.

14-июнь

  • БУУ — Бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнү.
  • Афганстан — Энелер күнү.
  • Латвия, Эстония — Коммунисттик репрессиялар курмандыктарын эскерүү күнү.
  • Литва — Аза күтүү жана үмүт күнү.
  • Парагвай — Тынчтык күнү.
  • АКШ желегинин күнү.

15-июнь

  • Армения — Армениянын Улуттук туусунун күнү.
  • Азербайжан — Улуттук куткаруу күнү.
  • Дания — Король Вальдемар II жана Даниянын желегинин күнү.
  • Коста-Рика — Дарактарды отургузуу күнү
  • Кыргызстан — Өрткө каршы кызматкерлеринин күнү.
  • Корея Республикасы — Айыл чарба күнү.
  • Япония — Санно Мацуи фестивалы.

16-июнь

  • Африканын балдарды коргоо күнү (1991-жылдан бери).
  • Ирландия — «Блумсдэй» майрамы
  • Түштүк Африка Республикасы — Жаштар күнү.
  • Кыргызстан — Суу чарба кызматкерлеринин күнү.

17-июнь

  • БУУ — Бүткүл дүйнөлүк чөлдөнүүгө жана кургакчылыкка каршы күрөшүү күнү.
  • Армения — Авиация күнү.
  • Греция — Түгөйлөр күнү
  • Индонезия — Балдар күнү.
  • Исландия — Көз карандысыздык күнү (республиканын жарыяланган күнү).
  • Румыния — Улуттук авиация күнү.
  • АКШ — Банкер Хилл күнү (Массачусетс).
  • Япония — Гион Мацури, жыл сайын өтүүчү фестиваль (Киото)

18-июнь

  • Азербайжан — Адам укуктарынын күнү.
  • Аргентина — Желек күнү.
  • Египет — Эвакуация күнү. Байыркы Египеттик Нил майрамы менен айкалышат.
  • Сейшель аралдары — Конституция күнү.
  • Зороастризм — Хаурват.

19-июнь

  • Алжир, Революция күнү.
  • Кувейт, Эгемендүүлүк күнү.
  • АКШ, Кулдарды бошотуу күнү
  • АКШ, Техас, Эмансипация күнү.
  • Тринидад жана Тобаго, Эмгек күнү.
  • Уругвай, Хосе Артигастын туулган күнү.

20-июнь

  • БУУ — Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү
  • Бүткүл дүйнөлүк зоопарктардагы пилдерди коргоо күнү
  • Азербайжан, газ чарбасынын кызматкерлеринин күнү.
  • Аргентина, Улуттук желек күнү.
  • Сенегал, Көз карандысыздык күнү.
  • Өзбекстан, Эгемендүүлүк күнү.

21-июнь

  • Эл аралык скейтбординг күнү
  • Дания, Гренландия — Улуттук күн.
  • Канада — Улуттук аборигендердин күнү.
  • АКШ — Нью-Гэмпшир күнү.
  • Кытай Республикасы — кайыктар майрамы.
  • Татарстан — Сабантуй (жазгы талаа иштеринин аяктоо майрамы).
  • Франция — Музыка майрамы.

22-июнь

  • Конго Республикасы — Армия күнү.
  • Сальвадор — Мугалим күнү.
  • Гаити — Президент күнү.
  • Хорватия — антифашисттик күрөш күнү.
  • Зороастризм — Вайю.
  • Индуизм — Пандава Нирджала Экадаши.

23-июнь

  • Бириккен Улуттар Уюмунун Мамлекеттик кызмат күнү.
  • Эл аралык Олимпиада күнү.
  • Латвия, Лиго (Līgo) күнү.
  • Люксембург, Улуу Герцогдун (туулган) күнү.
  • Испания, Ыйык Хуан майрамы (кулминациясы — 24-июнга караган түн).
  • Казакстан полициясынын күнү.
  • Молдавия, эгемендүүлүктүн жарыяланган күнү.
  • Сингапур, Хари Рая Хажи (Hari Raya Haji).
  • Украина, Мамлекеттик кызматтын күнү.
  • Эстония, Жеңиш күнү.

24-июнь

  • Чувашия Республикасынын күнү (1995-жылдан бери).
  • Канада, Квебек — Квебектин улуттук майрамы жана ошол эле учурда француз-канадалыктардын майрамы.
  • Латвия, Эстония — Янов күнү
  • Перу, Боливия, Эквадор — Инти Райми жана индейлер күнү.
  • Финляндиянын желегинин күнү.
  • Шотландия — Эгемендүүлүк күнү.
  • Эквадор — Сан-Хуан Баутист жана Симон Боливар Бошотуучунун күнү.

25-июнь

  • Кытай — Ажыдаар фестивалы.
  • Мозамбик — Көз карандысыдык күнү.
  • Словения — Мамлекеттүүлүк күнү.
  • Украина — Бажы кызматынын күнү.
  • Филиппиндер — дарак отургузуу күнү
  • Хорватия — Эгемендүүлүк күнү.

26-июнь

  • БУУ, Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү (1997-жылдан бери).
  • БУУ, Баңгизатты кыянаттык менен пайдалануу жана мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү (1987-жылдан бери).
  • Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн күнү.
  • Беларуcсия — Прокуратура кызматкерлеринин күнү.
  • Мадагаскар — Эгемендүүлүк күнү.
  • Румыния — Улуттук желек күнү.
  • Таиланд — Азала Пуйя.
  • Түштүк Африка Республикасы (ТАР) — Түштүк Африканын Эркиндик үчүн күрөш күнү.

27-июнь

  • Бүткүл дүйнөлүк балык кармоо күнү
  • Россия — Жаштар күнү (1958-жылдан тарта).
  • Вьетнам — Тет Доаннго.
  • Джибути — Көз карандысыздык күнү.
  • Канада — Улуттук гимн күнү
  • Тажикстан — Улуттук ынтымакташуу күнү.
  • Өзбекстан — Басма сөз кызматкерлеринин күнү

28-июнь

  • Казакстан — Журналистика күнү.
  • Польша — 1956-жылдын июнь айынын Познандык күнү — польшалык мамлекеттик майрам.
  • Украина — Конституция күнү.

29-июнь

  • Венесуэла, Колумбия, Коста-Рика, Мальта, Перу, Чили, Испания, Рим, Сан-Паулу — Вино согушу.
  • Сейшель Аралдары — Көз карандысыздык күнү.

30-июнь

  • Беларуссия — Экономист күнү.
  • Өзбекстан — Жаштар күнү
  • Азербайжан — Сүйүшкөндөр күнү.
  • Гватемала — Армия күнү.
  • Дания — Принцесса Александранын туулган күнү.
  • Конго Демократиялык Республикасы — Көз карандысыздык күнү.
  • Сальвадор — Банктык майрам.
  • Судан — Революция күнү.
Жайгаштыруу: 2024-07-13, Көрүүлөр: 185, Өзгөртүлгөн: 2024-08-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу