Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Монголия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Монголия

Жеринин аянты - 1565500 чарчы/чакырым. Калкы - 3000000дой адам. Учу кыйырына көз жетпеген монгол талаасы. Анын мелтиреген түз - койлор өскөн тоолор башталат, тоолордун ортосундагы ойдуңдарда көгүлтүр көлдөр бар. Өлкөнүн дал түштүгүндө Гоби аттуу ири чөл жатат. Талааларда короо-короо кой, эчки, уйлар, үйүр-үйүр жылкылар, Гобиде төөлөр жайылып жүрөт. Ар кайсы жерден араттардын (мында малчыларды ушинтип аташат) боз-үйлөрү карарып көрүнөт. Мал чарбачылыгы - бул өлкөдө жашагандардын байыркы замандан берки негизги кесиби. Мал бир жайыттын чөбүн оттоп бүткөн соң, малчылар конуш алмаштырып, аны башка жайытка которушат. Кардуу борошо менен карандай шамал, кыштын кычыраган суугу мал үчүн оор болот.

Калын карды тээп, чөп таап оттоо оңой-олтоң иш эмес. Кышында чөп бербесе мал кырылып калышы ыктымал. Балдар чоңдорго козу, музоо жана кулундарды өстүрүүгө жардам беришет. Көпчүлүк айылдык мектептерде балдарга жайкы каникулда кунан-тайларды минип үйрөтүү иши тапшырылат. Майрам күндөрдө ат чабыш оюну өткөрүлүп турат.

Буга уландар менен бирге 8-12 жаштагы кыздар да катышат. Мал - Монголиянын негизги байлыгы. Республиканын гербине ат чаап бара жаткан адамдын сүрөтү бекеринен тартылган эмес, мурда өлкөнүн башка байлыктары таптакыр пайдаланылган эмес. Байыркы диндин салты боюнча жер казып, жаратылыштын алгачкы көрүнүшүн бузууга тыюу салынган. Ошондуктан моңголдор мурда эч качан эгин эккен эмес? ал тургай нандын даамын да билишпей турган.

Азыр трактордун жардамы менен талаанын дың жерлерин, ири аянттарын айдап жатышат. Эгин талаалары саргарып, жашылча бышат. Геологдор жер койнун аңтарып, андан көмүр, нефть, темир руд асы, жез, вольфрам, молибден, калай өңдүү кен байлыктарын табышты. Советтер Союзу жана башка бир катар өнүккөн өлкөлөр жаңы турмуш куруп жаткан моңголдорго таш-көмүр шахтасын, рудникти, нефть ажыратуу ишканасын, завод-фабрикаларды курууга жардам көрсөткөн. Көпчүлүк өнөр жай ишканалары жүн, тери өңдүү мал чарба продукциясын кайра иштетип, эң мыкты кездеме, кийим, жууркан жана бут кийимдерди жасап чыгарышат. Жаңы ишканалардын тегерегинде айыл-кыштактар, шаарча жана шаарлар өсүп чыкты.

Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө таш-көмүр чыккан жерге Дархан деген чоң шаар салынган. Дархан темир уста дегенди билдирет. Монголиянын борбору - Улан-Батор азыр таптакыр өзгөрүлгөн. Мурда ал боз үйлөр менен бир кабаттуу жепирейген үйлөрдөн турган. Азыр шаарда көп кабаттуу үйлөр, гүлзарлар, асфальт төшөлгөн кең көчөлөр бар. Көчөлөрүнөн троллейбустар жүрө баштады.

Улан-Батор башка өлкөлөр менен темиржол аркылуу байланышып турат. Малчылардын кыштактарынын сырткы көрүнүшү да өзгөрдү. Боз үйлөр менен катар мектеп, клуб, медициналык пункттар ж. б. тейлөөлөрү бар шаарлар курулган. Монголия кийинки жылдарда айыл чарбасын, өнөр жайын жана маданиятын өнүктүрүү боюнча бир кыйла ийгиликтерге жетишип, көп өлкөлөр менен мамиле түзүүдө.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 5599, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо