Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Литва мамлекети

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Литва мамлекети

"Литва мамлекети" жөнүндө мындай саптар бар: Чакан гана өлкөм бар - тамчысындай алтын акактын... - Өз Мекенинин ушундай эң сонун образын белгилүү литва акыны Саломея Нерис жараткан. Литва олкосу чынында эле акактуу чөлкөм деп аташат. Ал эми илгерки заманда жээгинде Литва жайгашкан Балтика деңизи Акак деңизи деп аталчу. Сары же кызгылт түстөгү жеңил таш - акактан жасалган шуру, билерик, медальон жана башка кооз буюмдарды көрсөңөр керек. Акак мындан көптөгөн миллиондогон жылдар мурун ийне жалбырактуу дарактардын катыган чайырынан пайда болгон.

Деңиз жээгиндеги Паланга шаарында байыркы доордон азыркы күндөргө чейинки мезгилде акактан жасалган көркөм буюмдар сакталуучу эң сонун музей бар. Бирок акак жалаң эле жасалга эмес, Литванын заводдору чыгаруучу татаал жана так электр машиналарынын, аппарат, приборлордун тетиктерин жасоо үчүн да керектелет. "Литва мамлекети" электр ширетүүчү машина, металл кесүүчү станок, зыгыр кездеме, кагаз жана башка буюмдары менен даңкталат. Республиканын айыл чарбасы жакшы өнүккөн. Эт, жууган май арбын өндүрүлөт. Литвалык балыкчылар жээкке берекелүү олжо менен кайтышат. Кармалган балык консерва заводдорунда иштетилет.

Жазуучу Константин Паустовский Литвадагы саякаты тууралуу мындайча баяндаган: Машина бийик ашууга чыккан сайын алдыбыздан ушунчалык сыйкырдуу өлкө, ажайып кооз токой мейкини көрүнүп, машинанын ачык терезесинен ушундай таза, салкын жел уруп турду дейсиң, тим эле делебең козголуп, жүрөгүң опколжуйт... Биз ушул жерди мекендегендердин бардыгына суктанып бараттык. Түгөнбөгөн адырлар менен калың токойду аралап суусу мол дарыялар жана аралчалары бар миңдеген көлдөр көгөрүп жатат. Дарыяларынын эң ириси - Неман. Литва олкосу кооз шаарларга бай, бытыранды чакан хуторлор абатталган шаарчаларга айланган. Литва олкосу, эли өз жеринде жигердүү эмгектенүүдө. Алар Электренай сыяктуу өнөр жайлуу жаңы шаарларды салып, байыркы шаарларды эң кооз жаңы кварталдар менен көркүнө чыгарып, дарыяларга плотина, суу сактагыч, гидростанцияларды куруп, ыңгайлуу, кенен автомобиль жолдорун салып, байыркы саздарды кургатып, күрдүү талааларга жана жайыттарга айландырууда. Литванын кышында тоңбоочу Клайпеда портунда жыл бою ар кайсы өлкөлөрдүн кемелерин көрүүгө болот. Алар түрдүү жүк жана жүргүнчүлөрдү ташып келип, кайра ташып кетишет.

Литванын балык кармоочу кубаттуу флоту ушул жерде жайгашкан. Эгер силер Литванын борбору - Вильнюста болсоңор жаңы курулган кең жана жарык турак жай райондорун, орто кылымда курулган сепилдердин мунараларын, кубаттуу өнөр жай ишканаларын, саябалуу парктарды, көрктүү Нярис дарыясын түбөлүк эстеп каласынар. Шар турпатынан Балтика боюндагы бул республиканын тарыхы жана бүгүнкү күнү тамчысы сууда чагылган күн нурундай болуп көрүнүп турат. "Литва мамлекети" ушундай сонун олко экен. Литвалыктар жөнүндө кеп башка.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1054, Өзгөртүлгөн: 2018-03-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу