Жеринин аянты - 143100 чарчы чакырым. Калкы - 6579000 адам. Силер дүйнөнүн төбөсү деген атты уктуңар беле? Орто Азиянын түштүк-чыгышында Памирдин ак карлуу чокулары асман тиреп чалкаят. Бул өлкөбүздөгү эң бийик тоо. Айрым чокулардын - Коммунизм, Ленин атындагы чокуларынын бийиктиги 7 мин метрден ашат. Ошондуктан Памирди байыртан дүйнөнүн төбөсү деп бекеринен аташпаган.

Түндүгүрөөктө Тянь-шань тоолору асман мелжийт. Бул тоолуу аймакта Тажик Республикасы жайгашкан. Тажиктер - маданияты эзелтен өнүккөн эл. Алар байыртан эле тоо этектерин жана дарыя боюндагы жерлерди иштетип, бийик тоолордо кой-эчки багышкан. Бул өлкөдө көптөгөн таланттуу окумуштуулар, акындар, сүрөтчүлөр төрөлгөн. Көмүр, түстүү жана сейрек металлдар, тоо хрусталы, таш туз жана башка байлыктарды тоо түпкүрү адамдарга тартуулоодо. Ал эми шар аккан тоо суулары канча байлык алып келет! Суунун энергиясын пайдалануу үчүн плотиналар менен гидроэлектр станциялар курулуп, алардын жанында терең суу сактагычтар пайда болду. Вахш дарыясынын тар капчыгайын тосуп, дүйнөдөгү эң бийик Нурек ГЭСинин плотинасы курулду. Азыр Тажикстандын гидростанциялары өздөрүнө гана эмес, коңшу республикаларга да электр энергиясын берет.

Суу сактагычтардан сугат каналдары аркылуу түшүмдүү, бирок суусуз жерлерге суу агып келет. Пахта, күрүч, жашылча, жемиш өстүрүүдөө. Тажикстандан кооз килем жана жибек кездемелери, жашылча, жемиш консервалары жана башка өнөр жай товарлары чыгарылат.

Таджикстан


Жеринин аянты - 143100 чарчы чакырым. Калкы - 6579000 адам. Силер дүйнөнүн төбөсү деген атты уктуңар беле? Орто Азиянын түштүк-чыгышында Памирдин ак карлуу чокулары асман тиреп чалкаят. Бул өлкөбүздөгү эң бийик тоо. Айрым чокулардын - Коммунизм, Ленин атындагы чокуларынын бийиктиги 7 мин метрден ашат. Ошондуктан Памирди байыртан дүйнөнүн төбөсү деп бекеринен аташпаган. Түндүгүрөөктө Тянь-шань тоолору асман мелжийт. Бул тоолуу аймакта Тажик Республикасы жайгашкан. Тажиктер - маданияты эзелтен өнүккөн эл. Алар байыртан эле тоо этектерин жана дарыя боюндагы жерлерди иштетип, бийик тоолордо кой-эчки багышкан. Бул өлкөдө көптөгөн таланттуу окумуштуулар, акындар, сүрөтчүлөр төрөлгөн. Көмүр, түстүү жана сейрек металлдар, тоо хрусталы, таш туз жана башка байлыктарды тоо түпкүрү адамдарга тартуулоодо. Ал эми шар аккан тоо…
Макала көлөмү орточо: 1 барак (А4)

Макала менен таанышуу үчүн баалар, 24 саатка (1 суткага) мүмкүндүк - 100 сом, 1 жумага - 200сом, 30 күнгө - 500 сом. Мүмкүндүк бардык макалаларга ачылат. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз кириңиз. Катталбастан маалымат менен тез таанышуу үчүн 0704286361 вотсап номерине жазыңыз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 368, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22