Филиппин


Жеринин аянты - 300000 чарчы чакырым. Калкы - 82842000 адам. Тынч океандын Түштүк-Чыгыш Азия жээгинде Филиппин архипелагында жайгашкан бул өлкөнү жети миң аралдын өлкөсү деп аташат. Алардын ичинде эң ирилери - Лусон жана Минданао өңдүү ири аралдар. Бирок басымдуу көпчүлүгү майда аралчалар, кээ биринде эл жашабайт. Филиппин аралдарында тоолор көп, аларды жашыл чытырман тропик токойлор каптап жатат. Бул жерде аракеттеги жанар тоолор көп, жер титирөөлөр да болуп турат. Океан тараптан соккон кыйраткыч катуу шамал - тайфундар көпчүлүк убакта Филиппин жерин каптап өтүп, турак жайларды талкалап, эгин талааларын бүлдүрүп, кокос пальма токойлорун зыянга учуратат.

Аралдардын айбанаттар дүйнөсү бай. Бул жерден крокодил, жылан, ташбака, какаду тоту кушун, бырындычыл тоокторду кезиктирүүгө болот. Маймылга окшогон кичинекей жаныбарлар - узун согончоктор да жашайт. Аларды тирүү сакталып калган казылма жаныбар деп эсептешет. Көпчүлүк учурда маймылдар үйүр-үйүрү менен эгин, жашылча-жемиш айдалган талааларды талкалап кетишет. Маймылдардын эң коркунучтуу душманы - маймылчыл жырткыч буудайык кушу. Деңиздери балыкка бай. Калкынын көпчүлүгү балык кармоо менен кесип кылышат. Балыктарды күнгө кургатып сүрсүтүшөт же туздашат. Филиппин - айыл чарбалуу өлкө. Мында шалы, кант камышы, тамеки өстүрүлөт.

Абак деген өсүмдүктүн жалбырагынан жергиликтүү калк кендир буласын алышат. Андан деңиз суусунда чирибей турган дүйнөдөгү эң бышык аркан жасалат. Негизги өнөр жай тармактары - тоо кен жана кайра иштетүү өнөр жайлары. Өлкөдө жез, темир рудасы, алтын, күмүш, цинк казылып алынат. Манила өлкөдөгү ири шаар, сырткы соода жүргүүзүлүчү негизги порт. Чоң Маниланын курамында башка шаар-жандоочтор менен бирге Кесон-Сити шаары да кирет.

Филиппинде аз жана көп сандагы ондогон ар түрдүү элдер жана улуттар жашайт. Барууга жолу кыйын болгондуктан, сырткы дүйнө менен байланышы таптакыр үзүлүп калган райондорунда окумуштуулар үчүн ушул күнгө чейин белгисиз болгон уруулар сакталып калган. 14-16-кылымдарда Филиппин аралдарында бир нече княздыктар болгон, аларды 1565-1571-жылдары Испания басып алат. Баскынчылар филиппиндиктерди аёосуз эзип, бул аралдардан татымалдарды, тамеки, кант, кендир буласын жана башка байлыктарды ташып кетип турушкан. 19-кылымдын аягында көрүнүктүү жазуучу Хосе Рисаль жетекчилик кылган бүткүл элдик көтөрүлүш чыгат.

Көтөрүлгөн эл жеңишке жетишип, 1898-жылы өлкө республика болуп жарыяланат. Бирок Филиппин эли өз жеңишинин убайын көрө алган жок. Испания менен АКШнын түзгөн келишими боюнча Филиппин Америка Кошмо Штаттарына өткөрүлүп берилет. Филиппин эли көп жылдар бою жаңы колонизаторлорго каршы күрөшүп келди. Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин гана өлкө көз карандысыздыкка жетишкен.

2016-05-22 551 Бул ким, ал эмне Жыргалбекова С. 2016-05-22