Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз элдик календары

Баш барак | Башкалар | Кыргыз элдик календары

Кыргыз элдик календарыкыргыз эли байыртадан колдонуп келген жыл эсеби.

Кыргыздар мезгил убактысын дыкат эсептеп, аны күнүмдүк турмушунда жана чарба жумуштарына кеңири пайдаланган. XX кылымдын башына чейин өзүлөрүнүн он эки жылдык циклден турган, жаныбарлардын аттары менен аталган салттуу календарын колдонуп келишкен.

Календарь орто кылымдарда эле белгилүү болуп, Борбордук Азияны мекендеген түрк жана моңгол тилдүү көчмөн элдердин жыл сүрүү салттары менен байланышкандыктан, аны көчмөндөр календары деп да аташат. Орто кылымдарда кытай, япон, корей ж. б. түштүк-чыгыш элдерине тарап, алардан европалыктарга өткөн.

Кыргыз элдик календары

Бүгүнкү күндө дүйнө элдери көчмөндөр календарын «Чыгыш календары» деген ат менен билишет. Тарых булактарында «Чыгыш календары VII—VIII кылымдарга таандык, ал орто кылымдарда кыргыздардан жазылып алынган делет. Кытайлардын «Тан шу» (Тан династиясынын тарыхы) чыгармасында кытай өкүлдөрү енисей кыргыздарына келишип, алардын жашоо турмушу жөнүндө эскерген баяндамаларында кыргыздардын жыл сүрүү салтын өзгөчө белгилешкен. «Кыргыздар жыл айларын «ай», жылдын биринчи айын «Маоши ай» (ай башы) дешет. Үч ай биригип, жылдын чейреги же төрт мезгилди түзөт. Жылдар он эки белги менен эсептелет.

Кыргызча жыл аталыштары

Ошол эле замандарда Орхон-Енисей аймагындагы көрүстөндөргө коюлган таштарга жазылган жыл аттары, Кыргыз элдик календары байыртадан эле калыптанып, эл арасында колдонулуп келгендигин айгинелейт. Кыргыз элдик календарындагы жыл аттары төмөндөгүдөй аталган:

Жылдын башы «чычкан» жылы болуп эсептелип, ар бир он эки жыл аяктагандан кийин, жаңы циклдин биринчи жылы мүчөл жыл болгон. Кыргыздардын түшүнүгүндө жылдын башы болгон мүчөл жыл кандай болуп өтсө, ошол циклдеги он эки жыл да ошол сыяктуу өтөт деген пикир калыптанган. Ушуга байланыштуу элдик каада-салтта мүчөл жыл ар кандай ырым-жырымдар менен белгиленип, жакшылык тилеп, тосуп алуу салты келип чыккан. Адамдардын жашын эсептөөдө биринчи мүчөл 13 (он үч) жаштан башталат. Андан кийин он эки жыл кошулуп эсептелине берет. Себеби бала өзү туулган жылы эле бирге чыкпайт, кийинки жылы гана бирге толот (жыл эсептөөдө «нөл» саны колдонулбагандыгы үчүн). Ошондуктан адам өзү кайсыл жылы төрөлсө, дал ошол жылы он экиге чыгат.

Адамдын мүчөл жашы өзү туулган жылда эмес, андан кийинки жылы болот, «чычкан» жылы туулса, мүчөлү «уй» жылы, ал эми «жылкы» жылы туулса мүчөл «кой» жылына туура келет. Элдик ырым-жырымдарда адам туулган жыл ошол кишинин он эки жыл (бир цикл) жашаган жашынын жыйынтыктоочу жылы катары майрамдалган (мисалы, «кой» жылы туулган адам үчүн «кой» жылы жыйынтыктоочу жыл болот). Ал эми мүчөл жыл андан кийинки жылга туура келип, адамдар келе турган он эки жыл жакшылыктарды алып келсин деп тилешкен жана ошого жараша ырымдарды жасашкан (мисалы, «кой» жылы туулган адам «мечин» жылында мүчөл жаш ырымдарын өткөрүшөт).

Кыргызча айлардын аталышы

Кыргыздарда туулган күндү белгилөө салты жок болгондуктан, мүчөл чыгаруу ырымы боюнча бир жылда туулган адамдардын бардыгы мүчөл жылдын башында, б. а. кыргызча жыл жаңырганда (көбүнчө февраль айына туш келет) мүчөл ырымдарын жасашкан. Жыл ичиндеги айлар он экиге бөлүнүп, алар төмөнкүчө аталат: жалган куран, чын куран, бугу, кулжа, теке, баш оона, аяк оона, тогуздун айы, жетинин айы, бештин айы, үчтүн айы, бирдин айы.

Булардагы жети айдын аталышы кайберен-кийик жаныбарларга байланышат. Ал эми акыркы бешөө катар сандар менен белгиленип, алар ай менен үркөр жылдыздарынын тогошушуна карата аталган. Кыргыз айларын эсептөө айдын чыгышына карата саналгандыгына байланыштуу, ар бир айда 30 күн болот. Ошол себептен күн календарындагы айларга салыштырганда кыргызча айлар жылына 8—10 күнгө жылышып, артта калат.

Ай календары менен эсеп кылган араб элдеринде арабча айлар жыл өткөн боюнча тегеренип жылыша берет, кыргыздар алардан айырмаланып, бир жылда артта калган он күн үч жылда отуз күн болуп, бир айды түзөрүн эске алышып, ар бир үч жылда он эки айга он үчүнчү «арсар ай» деген айды кошуп эсептегендиктен, кыргыз айлары мезгилдик алкактан чыккан эмес. Кыргызча жылдын башы же жаңы жыл жалган курандан башталчу. Азыркы мезгилде кыргызча ай саноо колдонулбай калгандыгына байланыштуу, ошондой эле ай календары менен бүгүнкү пайдаланган күн календарынын ортосундагы айырмачылыктардан улам, кыргыз ай аттары менен Григорий айларын атоодо көптөгөн катачылыктар кетүүдө. Мындай каталар кыргызча жаңы жыл жалган куран айынан башталат деген маалымат менен, 21-мартта белгиленүүчү «Нооруз» майрамынын айкалышынан улам жаралып, бүгүнкү күндөгү көпчүлүк басылмаларда март айы кыргызча жалган куран айы деп берилүүдө (аталыштар төмөндө берилет).

Чындыгында 21-марттагы «Нооруз» жаңы жылы кыргыз элдик календары менен эч кандай байланышы жок. «Нооруз» майрамы кыргыз элине Жакынкы Чыгыш башкача айтканда иран элдеринен келген жана элдик майрам катары майрамдалат. Кыргызча жыл сүрүү салты байыртадан бери калыптанып келгендиктен, жалган куран айындагы жыл жаңыруу «ноорузга» эч качан дал келбейт.

Кыргызча жаңы жыл жалган куран айы жаңырган биринчи күнгө же «ай башына» туура келет. Бул айдын жаңырышы көпчүлүк мезгилде, азыркы февраль айына тушташат жана айдын жаңырышына байланыштуу 10-15 күнгө жылышат. Кыргыз календарын азыркы календарга салыштырып оодаруу боюнча XIX кылымдын 2-жарымында — XX кылымдын башында жашап өткөн Тоголок Молдо, Белек Солтоноев, Ыбрайым Абдырахманов, Муса Байгаринов ж. б. көптөгөн фольклорчулар жалган куран айын азыркы февраль айы менен дал келтиришет.

Мезгилдик убакыт алкагынан алганда да кыргыз элдик календарында жыл башы болгон жалган куран айы, Григорий календарындагы февраль айына жакындашат (февралдын ичи жана марттын башындагы күндөрдөгү жаңырган ай). Эл ичинде «жалган куранда жалама айран ичилет» деген сөздүн мааниси, кыштын аягында эрте туулган малдын сүтүн пайдалана баштаган мезгилди көрсөтөт. Ал эми жалган курандан кийинки «чын куранда чыңыртып кулун байланат» дегени, бээнин тууту жаздын башы марттан башталгандыгын кабарлайт, ошондой эле «бештин айында белдик чечилет» деген сөздө, кой кууту күздүн аягында баштала тургандыгы жөнүндө айтылат.

Көчмөн кыргыздар кой туутун ызгаардуу кышта эмес, жазында өткөрүш үчүн кочкорлорго белдик тартып коюшкан. Октябрдын аягы, ноябрдын башында белдикти чечип, куутту башташкан. Койлор апрель, май айларында төлдөгөн. Эгерде жалган куранды март айы деп эсептей турган болсок, анда кой жайында төлдөмөк. Демек, бул фактылар кыргыз жыл эсебинде жыл башы — жалган куран айына, кыштын аягы февраль айына туура келе тургандыгын көрсөтөт. Кыргызча ай аттары менен Григорий айларын атай турган болсок анда мындай болот:

Берилген аталыштар европалык календарга тууралоо максатында Кусеин Карасаев тарабынан ишке ашырылган.

Кыргызча күндөрдүн аталышы

Кыргыз элдик календары боюнча бир жыл он эки айга, ар бир ай отуз күнгө бөлүнүп, төрт жумадан турган. Жуманы апта деп аташкан. Бир жума жети күндөн болуп, ар бир күн төмөнкүчө аталат:

Кыргыздардын салттуу жыл санагында жылдын кайсыл мезгилинде кандай аба ырайы жана табият кубулуштары боло тургандыгы жөнүндө асмандагы жылдыздарга, айдын жаңырышына жана Ай менен үркөр топ жылдызынын тогошуна карата божомолдонот. Кыргыз элдик календары бүгүнкү күндө да өз маанисин жоготпой, эл ичинде колдонулуп келет.

Дагы караңыз

Сайтка жарнама жайгаштыруу