Аба ырайы — белгилүү бир убакыт учурунда тигил же бул мейкиндик чекитинде байкалуучу метеорологиялык элементтердин жана атмосфералык көрүнүштөрдүн маанилеринин жыйындысы.
Жөнөкөй сөз менен айтканда аба ырайы — бул курчап турган атмосферанын бардык абалы. «Аба ырайы» түшүнүгү атмосферанын учурдагы абалынан таандык, мунун карама-каршысы «климат», бул тескерисинче узак убакыт ичиндеги атмосферанын орточо абалына таандык. Көбүнчө аба ырайы термини алдында Жердеги аба ырайын түшүнөбүз. Аба ырайылык кубулуштар тропосферада (атмосферанын төмөнкү бөлүгүндө) жана стратосферада жүрөт — башкача айтканда 11 километрден 50 километр бийиктиктеги чейинки атмосфералык катмарда жүрөт. Аба ырайын абанын басымы, температурасы жана нымдуулугу, ошондой эле шамалдын күчү жана багыты, булуттуулук, атмосфералык жаан-чачындар, көрүүнүн мүмкүндүгүнүн алыс/жакындыгы, атмосфералык кубулуштар (туман, бороон, чагылган) жана башка метеорологиялык элементтер менен баяндоого болот.
Аба ырайы тынымсыз өзгөрүп турат, жана булар күн ичинде гана эмес, бир нече мүнөттөрдүн ичинде сезилиши мүмкүн. Өзгөрүүлөр мезгилдик жана мезгилсиз болот. Мезгилдик өзгөрүүлөр — бул мезгилдүү мүнөзгө ээ болгондор, анткени, Жердин өзүнүн огунда (суткалык өзгөрүүлөр) же Күндү айлануусу (жылдык өзгөрүүлөр) менен байланыштуу. Түздөн-түз жер бетиндеги суткалык өзгөрүүлөр көбүрөөк байкалат, буга байланыштуу алар жер бетинин температурасынын өзгөрүүлөрү менен аныкталат, ал эми абанын температурасы менен башка метеорологиялык элементтер байланышкан.
Жылдык өзгөрүүлөр жыл мезгилдеринин өзгөрүүсү менен белгиленет. Мезгилдик эмес өзгөрүүлөр тропиктен тышкаркы кеңдиктерде өзгөчө болуп, аба массаларынын алмашуусу менен шартталат.
Аба ырайы абанын өтө зор массасынын оошуп-жылышуусуна жана океан, дениз, кургак жерлердин үстүндөгү атмосфералык басымдын айырмасына байланыштуу болот. Мындай айырмачылыктар түндүк жана түштүктөгү, деңизге жакын жерлердеги жана материктердеги абаны күндүн бирдей жылыта албагандыгынан келип чыгат.
Мезгилдик өзгөрүүлөр фазасы менен мезгилдик эмес өзгөрүүлөрдүн мүнөзү менен туура келбеши, аба ырайынын кыйла чукул өзгөрүүлөрүнө алып келет. Жердин бир аймагынан экинчи аймагына өткөн аба массалары, өзүнө мүнөздүү аба ырайынын мүнөздөмөлөрүн мурда андай болбогон аймактарга алып келиши мүмкүн. Мындай мүнөздөмөлөр аба массасы кайдан келгендиги жана кандай касиеттерге ээ болгону менен аныкталат. Аба дайыма үзгүлтүксүз кыймылда болот, буга өзгөчө циклондор жана антициклондор көмөкчү болушат.
Бийиктеген сайын мезгилдүү эмес аба ырайынын өзгөрүү интенсивдүүлүгү жалпысынан төмөндөйт. Авиа учууларда шамалдын чукул күчөшүн жана турбуленттүүлүктү эсептөө маанилүү, анткени булар багыттуу агымдар менен байланыштуу жана учактарды түрдүү кырсыктардан сактайт.
Күндөлүк турмушта аба ырайын алдын ала билүүгө көмөктөшүүчү жөнөкөй приборлордун бири — барометр. Ал атмосфералык басымдын өзгөрүшүн көрсөтүү менен бизге аба ырайы тууралуу алдын ала кабарлайт.
Тоолор да аба ырайына таасир этет. Аба ырайын 1-2 эле күн эмес, бир жума, ал тургай бир нече ай мурда да алдын ала айтууга болот. Муну метеорология илими изилдейт. Аба ырайын иликтөө кызматы — көп сандаган метеорологиялык станциялар кургак жерлердин жана деңиздин үстүндө бир нече жүз метр бийиктиктеги шамалдын багытын жана ылдамдыгын аныктап, космостон жандоочтор аркылуу байкашат.
Метеорологдор атмосфера басымынын жогорку жана төмөнкү борборлору кандайча орун которуштуруп турганына көз салышат. Бул иште метеорологдорго аба ырайын иликтөө кызматынын учактары жана кемелери жардам берет. Жердин метеорологиялык спутниктери аба ырайына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүп, алынган маалыматтарды тв, радио, интернет аркылуу жерге кабарлап турушат. Аба ырайын алдын ала билүү кеме капитандарына да, учкучка да, айдоочуга да, темир жолчуга да, курулушчуга да, айыл чарба кызматкерлерине да керек, анткени, үрөн себүү, эгин жыйноо, чөп чабуу мезгили аба ырайына байланыштуу.