Ошол пау-бразил жыгачынын атынан улам бул өлкө Бразилия деп аталып калган. 18-кылымдын башында Бразилия португалиялыктардын эзүүсүнөн бошонуп, эркиндикке чыккан. 1891-жылы Бразилия Федеративдүү республика болуп жарыяланган. Бразилиянын аба ырайы жыл бою өтө жылуу болуп турат. Ал жерде жамгыр көп жаабайт, абасы өтө нымдуу. Калкынын көпчүлүгү Атлантика океанынын жээктеринде жашайт.
Бул жерлерде чоң шаарлар, анын ичинде Түштүк Америкадагы эң кооз Рио-де-Жанейро шаары, ошондой эле завод-фабрикалар курулган. Кофе плантациялары да негизинен ошол жерден орун алган. Дүйнө жүзүндө керектелүүчү кофенин көпчүлүк бөлүгү Бразилияда өстүрүлөт. Бул жерде мындан башка какао, пахта жана бал камыш эгилет. Дүйнөдөгү эң чоң, кооз дарыялардын бири - Амазонка Бразилияда.
Ал тропиктик чытырман токойлорду аралап агып өтөт. Амазонка дарыясында кайык менен бир нече күн сүзүп жүрүүгө болот, бирок жээк бойлой жайгашкан бир да кыштак жолукпайт. Дарыянын үстү менен кичинекей жашыл тотукуштар топ-топ болуп жапыз учуп жүрүшөт, кээде кайкып учкан колибри чымчыктары кездешет. Калың дарактардын арасында бутактан бутакка секирген маймылдар оюн салып жүрүшөт. Дарыянын тайыз жерлеринде күнгө кактанып жаткан крокодилдер көрүнөт. Кээде гана токой арасынан чыккан түтүн көзгө чалдыгат, демек ал жерде индейлердин конушу бар. Португалиялыктар келгенге чейин индейлер өз өлкөсүнүн кожоюну болуп турган кезде алардын саны бир нече миллиондой болгон.
Ал эми азыр алар өтө аз. Көпчүлүгү баскынчылардын ырайымсыздыгынан, оор жумуштан, ачарчылыктан жана оорудан кырылып жок болгон. Кийин бал камыш плантацияларына иштетүү үчүн Африкадан элдерди алып келишкен. 19-кылымдын аягында Европадан жана Япониядан элдер жапырт көчүп келе башташкан. Натыйжада, учурда Бразилиянын калкынын көпчүлүк бөлүгүн европалыктар (54,7%) түзөт.
Бразилия жонундо маалыматты кыргызча дайындаган: Сартов М. Бразилия тууралуу маалымат болсо бизги билдирип койгула.