Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

5-июнь айлана чойрону коргоо куну

Баш барак | Күндөр | 5-июнь айлана чойрону коргоо куну

Бүткүл дүйнөлүк "айлана чойрону коргоо куну" БУУ тарабынан кабыл алынып жыл сайын 5-июнда белгиленет. Бул күн экологдор, табиятты коргоочу уюмдар үчүн дүйнө коомчулугунун көңүлүн табият көйгөлөрүнө буруу үчүн эң жакшы күн.

Адам табияттын баласы ошол эле мезгилде, адам айлана чөйрөнүн куруучуларынын бири. Бирок тилекке каршы адамдар куруучу болбой, көбүн эсе табият кыйратуучусу болууда. Табият адам баласын тамак-аш, кийим кечек, деги эле бардык нерсе менен камсыз кылып келүүдө. Жылдар өтүп, илимдин, техниканын өнүгүүсү менен адамдар табиятты эбегейсиз зор масштабта кебетесин таанылгыс кылып өзгөртүүдө. Албетте, мунун баары жакшылыкка алып келбейт. Ушуга байланыштуу табият көйгөйлөрүнө адам баласынын көңүлүн буруу максатында 1972-жылы БУУнун генералдык ассамблеясынын 27-сессиясында (1972-жылдын 15-декабрындагы № A/RES/2994 резолюциясы) айлана чойро куну кабыл алынып, 5-июнда белгилөө жарыяланган.

Бул күндү белгилөө ар бир адамдын табиятка аяр мамиле дасоо сезимин ойготуу жана планетанын жашоо камсыздандыруу системасын критикалык чекке жеткирбөөгө арналган.

Бүгүнкү күндө айлана чойрону коргоо куну негизинен түрдүү жөө жүрүштөр, вело жарыштар, жашыл концерттер, мектептерде дилбаян сынактары, плакаттар менен, ошондой эле жаш көчөттөрдү отургузуу, ишембиликтерди өткөрүү жана башка иш-чаралар менен коштолот.

Ал эми бул куну ар бир адам табиятка кандай салым кошо алат? Көптөгөн экологдор төмөндөгүлөрдү сунушташат:

Айтмакчы, жыл сайын "айлана чойронуу коргоо куну" түрдүү девиз аркылуу өтүп, темасы жана өткөрүлүүчү жайы БУУнун өкүлдөрү тарабынан аныкталат. Мисал катары мурдагы темаларын айта кетсек: "Бир гана жер", "Суу - жашоонун негизги булагы", "Балдарыбыз үчүн бир гана келечек - кыйратуусуз өнүгүү", "Коркунучтуу таштандыларды чогултуу, жок кылууну уюштуруу: кислота жаандары жана энергия", "Дүйнө үчүн бак-дарак", "Жаштар: калк жана айлана чөйрө", "Климаттын өзгөрүүсү: глобалдык өнөктөштүктүн зарылдыгы", "Жакырлык жана айлана чөйрө: жакырлыктан арылуу", "Бир жер - бир бүлө", "Жердеги жашоо үчүн - деңиздерди сактайлы", "Дүйнөлүк жашоо желесине кирүү", "Жашыл шаарлар: планетанын планы!", "Деңиздер жана океандар өлүк эмес тирүү керек", "Токойлор: табияттын сунуштарын колдонуу", "Ойлон. Тамактан. Сакта", "Деңиз деңгээлин эмес, үнүңдү көтөр", "Жапайы табият үчүн күрөш!", "Жети миллиард түш. Бир планета. Абайлап керекте.", "Чыдамсыздык аркылуу жапайы жаныбарлар менен мыйзамсыз соода кылуунун саясаты", "Пластик менен булгоого салгылашуу", "Абаны булгоого салгылашуу" жана башкалар.

[ushka=reklama]

Өнөр жай өндүрүшү ыкчам өнүккөн шарттарда курчап турган чөйрөнү коргоо жана анын ресурстарын рационалдуу пайдалануу замандын актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири болуп калды. Экологиялык көйгөйлөр транспорт чөйрөсүнө, чарба жүргүзүүчү субъектилерге, жаратылыштык, антропогендик аварияларга, кыйроолорго ж.б. себептерге да байланыштуу.

Экология маселеси боюнча иште өзгөчө маани курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдык камсыздоого берилет. Курчап турган чөйрөнү коргоо маселесин жөнгө салуу үчүн 12-мыйзам, анын ичинде Токой жана Жер кодекстери, Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун концепциясы кабыл алынган.

Өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндө ар кандай ченемдик-укуктук актылар колдонууга берилди.

Эларалык кызматташуу тармагында Кыргызстан "Курчап турган чөйрө боюнча БУУнун ирограммасынын" (ЮНЕП) чегинде Европанын экологиялык бирлиги (ЕЭС) менен терең кызматташууда, Кыргызстан курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча 11-эларалык конвенцияга кошулган.

Кыргызстандын аймагында экологиялык коркунучтуу зоналарга ири шаарлардын, өнөр жай борборлорунун райондорунун, радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн зоналары, токой жана айыл-чарба жерлеринде зыянкечтер тараган жерлер, антропогендик таасирге кабылдай турган зоналар кирет.

Курчап турган чөйрө үчүн уу, химиялык калдыктар эң зор коркунуч келтирег. Республиканын аймагы боюнча уу загтардын калдыктары жайгаштырылган жерлердин саны 42. Алардын теңинен көбү Бишкекте жайгашкан.

Кыргызстанда топтолгон уу заттардын 75 пайызы өтө коркунучтуу деп эсептелет. Алардын көпчүлүгү түстүү металл ишканаларында, Баткен (52,9 %), Ысыккөл (30,6 %), Чүй областарында топтолгон.

Айыл чарбасында пестициддерге байланыштуу көйгөйлөр бар, айлана чөйрөнү булгоочу коркунучтуу нерсе - мал чарбасынын калдыктары, биологиялык калдыктар болуп саналат.

Атмосферанын абалына автотранспорттун көбөйүшү, бузук автомобилдерди, сапатсыз майды пайдалануу таасир берет. Бул өтө көйгөйлүү маселе, анткени Кыргызстанда унаанын негизги түрү - автомобилъ унаасы, анын үлүшүнө 97% жүк ташуу кирет.

Кыргызстанда жер көчкүлөр өтө коркунучтуу, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири, жер алдындагы жана агын суулардын нитраттар, нефти, уу химикаттар менен булгануусу тынчсыздандырат.

Табият илимдер тармагындагы алдыңкы окумуштуулардын пикири боюнча экологиялык изилдөөлөр жаратылыштын пайдалануу стратегиясын өзгөртүүгө, аны өркүндөтүүгө багытгалышы керек.

Достор, "айлана чойрону коргоо куну" макаласына суроолор болсо тартынбай жазгыла. Даярдаган: Жалилов К.

Жайгаштыруу: 2019-06-08, Көрүүлөр: 2581, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-06-08
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу