Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Апрель

Баш барак | Күндөр | Апрель

Апрель (латынча Aprīlis – «ачуучу», «күн тарабынан жылытылуучу», «Афродита айы») — юлиан жана григориан календарлары боюнча жылдын төртүнчү айы, Цезардын марттан башталган реформасына чейинки эски римдик жылдын экинчи айы. 30 күндүк узактыктагы төрт айдын бири.

Кыргызча аталышы — Чын Куран (К. Карасаев тарабынан туураланган. Кыргыз элдик календары макаласын караңыз). Кыргызстанда март менен майдын ортосундагы ай.

Жердин Түндүк жарым шарында жаздын экинчи айы, Түштүк жарым шарда — күздүн экинчи айы.

Заманбап доордо григориан календары боюнча 18-апрелге чейин Күн Балыктар топ жылдызында турат, 18-апрелден тарта — Кой топ жылдызында.

Апрель айындагы чөптөр (2024)
Апрель айындагы чөптөр (2024)

Баяндалышы

Кыргызстандагы апрель айынын орточо температурасы 17,8°С жана 7,5°С түзөт, күндүн тийүү нормасы — болжолдуу 163 саат.

Орточо суткалык температуранын нөлдөн жогорулашы 3-апрелдин айланасында, эң эртеси — 15—20-март, эң кечи — 20-апрелдин айланасында. Кар каптамы 1—5-апрелдин айланасында кетет, эртеси — 20-марттын айланасында, эң кечи орточо 20-апрелдерде. 10—15-апрелдерде топурак толугу менен тоңдон арылат, эртеси — 1—5-апрель, кечи — апрелдин аяктарында. Апрелде суу кире баштайт.

Апрель айындагы алма бүчүрү (2024)
Апрель айындагы алма бүчүрү (2024)

Ак кайыңдын ширесинин кыймылы апрель айында дагы жыла баштайт. Кар кеткенде өгөй эне (сары гүлдүү, көп жылдык өсүмдүк), жаңгак бадалы, кызыл тал, кайың ольхасы, лүтүк (ширээси ачуу же улуу, сары гүлдүү өсүмдүк) ж. б. гүлдөйт.

Түштүктөн ызгыттар жана турналар учуп келет. Айдын аягына жакын күндөрдө күкүктөр үн сала баштайт.

Дыйкандарга жана короочу кожоюндарга апрель айы эң ишмердүү айлардын бири. Бул айда жаздык эгиндер, жашылчалар эгилип, дарактар отургузулат, сугарылат. Айрыкча жер бетинен кар жана топурактан тоң кетип, тоборсуганда. Кыргызстанда топурактын тоңу апрелдин башында кээде ортолорунда кетет, сейрек учурларда аягына жакын. Апрель айында өсүмдүктөрдүн гүлдөшү менен аарылар дагы кыймылга келет. Элдин экономикалык жашоосунда маанилүү ролду ойногон апрель айы, көптөгөн элдик эрежелерде, макал-лакаптарда айтылган. Бул айдагы аба ырайынын тез-тез өзгөрүп турганына байланыштуу апрелди өзгөрмө же туруксуз ай деп дагы аташат.

Апрель айындагы өрүктүн бүчүрү (2024)
Апрель айындагы өрүктүн бүчүрү (2024)

Тарыхы

Апрелдин аталышы байыркы адамдар тааныгандай (мисалы, Макробий өзүнүн «Сатурналияларында», ал эми мында өз кезегинде андан дагы эрте авторлого көрсөтмөлөр берилет), балким латындын aperire (же aperio) этишинен («ачылуу») пайда болгон деп божомолдонот, анткени бул айда гүлдөр жана дарактар, деги эле өсүмдүктөр гүлдөгөн. Бул этимология заманбап гректин ἁνοιξις (anoixis) сөзүн колдонуудагы салыштыруусу менен колдоого алынган — «ачылуу» же «ачылыш» сөзүн жазды белгилөө үчүн. Башка версия боюнча айдын аталышы латындын apricus сөзүнөн чыгат дагы — «күн менен жылытылуучу» деп которулат.

Айрым римдик айлар кудайлардын урматына аталгандыктан, апрелди дагы Венера кудайына арнашкан (Festum Veneris). Fortunae Virilis айдын биринчи күнүндө өткөрүлгөндүктөн, Aprilis аталышы Aphrilis сөзүнөн келип чыккан деген божомолдор болгон, башкача айтканда гректердин Афродита (ἀφρός, aphrós — «көбүк»), кудайына шилтеме кылуу менен, ал эми Афродита болсо римдиктер тарабынан көбүктөн жаралган Венера менен ассоциацияланат, жана ушундан Aprilis аталышы, άφρός (көбүк) сөзүнөн калыптанып Aphrilis деп жазылышы мүмкүн делет. Якоб Гримм гипотезалык Апер (Aper) же Апрус (Aprus) кудайынын же баатырдын болгонун жоромолдогон.

Апрель айында 30 күн бар, бирок, Юлий Цезардын реформасына чейин 29 күн эле. Бул айда кудайларга арналган эң узак мезгил (19 күн) ачылып, мунун жүрүшүндө Байыркы Римде бардык сот мекемелери иштеген эмес. 65-жылдын апрель айында император Неронго багытталган Пизондун кутуму ачыкка чыкканда, чочулаган римдик Сенат апрель айын «нероний» деп атын алмаштырууну жарыялаган; бул аталыш 68-жылы Нерон өлгөндө колдонулбай калган.

Апрелдин тарыхый англисче аталыштары өзүнө англосаксондук Oster-monath же Eostur-monath белгиленишин камтыйт. «Беда Кадырдуу», бул айдын аталышы, өзүнүн тамырында Пасха майрамын (заманбап англисче — easter) камтыган деп ырастачу. Андан тышкары, айдын аталышы апрель айында урматташкан бутпарастык кудай Eostre урматына аталышы мүмкүн деген ойлорду дагы айткан. Улуу Карл апрель айына немистик Ostermonat («пасхалык ай») аталышын сактап калууну каалаган. Голландиялыктарда апрель айы Grasmonat («чөп айы») аталчу. Жаңы мезгилде Эшенбург немец коммунасында апрелди Wandelmonat же Wandelmond («өзгөрүүлөр айы») деп атын өзгөртүү аракеттери болгон. Орустардын байыркы календарында (христианчылык бекигенге чейин) апрель айы березозол аталган, элдик аталыштарында — кар айдагыч (снегогон), тукканаттар (ручейник), суу пери же суу куйгуч (водолей), эрте гүлдөө (первоцвет).

Башка тилдерде

Европанын көпчүлүк тилдеринде апрель аталышы латын салтына туура келет. Бирок, бир нече четтөөлөр бар.

Финдердин тилинде — huhtikuu, башкача айтканда «дарактарды өрттөө айы», себеби, бул айда жерди айыл чарбага бошотуу үчүн дарактарды кыйышып, өрттөшкөн. Чех тилинде — duben, эмен сөзүнөн. Украин тилинде — квітень, польшача — kwiecień, «гүлдөө» деген сөздөн. Белоруссча — красавік — «гүлдөөчү». Хорват тилинде — travanj — «чөптүү» Казак тилинде — Сәуір, түркчө аталышы — Nisan — байыркы жакынкы чыгыш салтына жакындап, тамырында nisag шумер сөзүнө ээ, а бул «биринчи мөмөлөр» дегенди билдирет. Литва тилинде — balandis, сөзмө-сөз — «көгүчкөн».

Заманбап кытай жана япон тилдеринде апрель «төртүнчү ай» катары белгиленген.

Майрамдар

Жайгаштыруу: 2024-04-10, Көрүүлөр: 208, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-10, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу