"Бишкек шаары" Кыргызстандын борбору, өлкөнүн ири шаары. Өзгөчө административдик бирдикти түзөт. Шаар Кыргыз Республикасынын түндүк-батышындагы Чүй өрөөнүндө, Казахстан чек арасынынан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бишкек Кыргызстандагы туризмдин борбору болуп, көп учурда Ысык-Көл же Тянь-Шань тоолоруна аттанган туристтердин эс алуучу, токтоочу жайы.
1.Тарых2.Бишкектин кооз жерлери3.Транспорт4.Бишкек шаарынын калкы5.Улуттук курам6.Табигый шарттар7.Илим жана билим
ТарыхБишкек шаары 7-кылымдан тартып эле Джуль шаарчасы (Усталар сепили) деп таанымал болгон. 1825-жылы кокон хандыгы тарабынан Пишпек чеби негизделген, ал жерде Чүй өрөөнүнүн ири горнизону батып кетчү. Эки жолу (1860-жылдын 4-сентябры жана 1862-жылдын 24-октябры) орус аскерлери тарабынан алынган. 1862-жылдын ноябрь айында чеп кыйраган жана анын ордуна эки жылдан кийин казак пикети орнотулган. Андан соң ал жерде базар чогула баштаган. 1868-жылы Пишпек кыштагы негизделген. 1878-жылдын 29-апрелинде Пишпекке уезд борборун көчүрүү менен шаар статусун алган.
[ushka=seredina]1924-жылдын октябрь айынан тарта Кара-Кыргыз автономдук облусунун административдик борбору болот. 1925-жылдын май айында Кыргыз автономдук облусунун административдик борбору. 1926-жылы совет аскер башчысы Михаил Фрунзенин атынан Фрунзе болуп алмашат. 1936-жылы Фрунзе - Кыргыз ССРинин борбору. Ал эми 1991-жылы Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы кабыл алынгандан кийин, шаар Бишкек болуп өзгөргөн. Кээ бир айтымдарга караганда учурдагы шаардын аты шаар ордунда базарды ачкан Бишкек баатырдын атынан коюлган дешет, экичи версиясы болсо бул - мурдагы Пишпек шаарына окшоштуруп коюлган дешет, үчүнчү версиясы бул кымызды аралаштыруучу Бишкек аспабы.
Бишкектин кооз жерлериБорбор шаардын башкы жана негизги эс алуучу, сейилдөөчү жери бул Бишкектин борбордук аянты. Бул жерде көптөгөн музейлер, галереялар, дүкөндөр, парктар, гүлбактар, аянтчалар, ресторан-кафелер жайгашкан. Айтмакчы, Бишкек - Лениндин эстелиги бар Орто Азиядагы жападан жалгыз шаар. азыр ал эстелик борбордук аянтта эмес, анын артында жайгашкан. Бирок, ошондой болсо дагы бул - Орто Азия аймактарындагы шаарлардан өтө айырмалап турат.
Шаарда 20дай улуттук парктар, 4 жасалма көлмө, 10 чакты бассейндер, 10 театр, 5 ачык асмандагы мемориалдык музейлер, 8 музей, китепканалар, маданият үйлөрү жана башка маданий жана эс алуу мекемелери жана жерлеи бар.
Мындай объектилердин бири катары дуб паркы эсептелинет, ал жерде жайкысын, жыш жалбырактар астында дайыма салкындык сакталып, бак-дарактар арасында тыйын-чычкандар оюн салышат. Дуб паркы кандайдыр бир ачык асман алдындагы скульптуралар музейи сыяктуу. Таштан, металлдан жана жыгачтан жасалган скульптуралар бул жерде жалгыздан жана тобу менен парктын аллеяларында, кичинекей жолчолорунда, кээ бирлери жөн гана бак-дарактар арасында жайгашкан. Дуб паркына аталган "Бишкек вернисажы" - Эркиндик галереясы туташ жайгашкан, ал жерден аймактык усталардын жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен таанышса болот.
Галерея артынан Ала-Тоо аянты ачылат. Аянт өзүнө зор туристтик потенциалды камтыйт - бул жерде ак мрамордуу өкмөт үйү жайгашкан. Аянтты фонтандар көрккө бөлөп турат, ушул жерде чоң сахна орун алган, сахнада массалык иш-чаралар, концерттер өткөрүлөт. Дал ушул жерге элдин калың катмары маараке-майрамдарда чогулат. Ошондой эле аянтта аскер параддары дагы болот.
Шаардын кооз жерлерине искусство музейи дагы кирет, ал жерде кыргыз элинин искусствосунун, ошондой эле орус жана совет элдеринин заманбап искусствосунун экспонаттары жайгаштырылган. Кээ бир сүрөттөр жана экспонаттар кыргыз жана европа техникасынын образдарын кошууга аракет кылат. Кошумча бул жерде кыргыздын улуттук туш кийиз, шырдак жана башка кол өнөрчүлүк экзепплярлары бар.
Бишкек филармониясында классикалык жана заманбап батыш музыкасынын концерттери өткөрүлөт, албетте кыргыз улутту музыкасы дагы жок эмес. Филармония эки залдан турат, дагы көбүнчө чоң залында ар кандай концерттерди өткөрүү үчүн колдонулат.
Туристтерге борбордун дүкөндөрү ар кандай сувенирлерди, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарын тартуулай алышат.
Ошондой эле Бишкек шаарында туристтер боз үйлөрдө эс алып, көчмөн кыргыз элинин прикладдык исскусствосу менен таанышып, улуттук салттарды таанып билип, кыргыздын тамак-аштарынан даам сызып эле тынбастан, бүтүн республика боюнча өтүүчү туристтик маршруттардан маалымат ала алышат. Башка Орто Азия өлкөлөрүнүн шаарларындай эле Бишкекте бирден бир кызыктуу жерлердин бири чыгыш базары, ал жакта мезгилдин каалаган убагында ар кандай мөмө-жемиштер, жер-жемиштер кенен. Албетте мечиттер, православдык соборлор дагы бар, алардын кооздугу да ажайып бир көрктү берет.
ТранспортТемир жол транспорту анча чоң эмес бөлүктөр менен берилген - Луговая станциясы - Балыкчы шаары. Кытайга темир жол куруу пландары жарыяланган. Мурда Кыргызстандын Жалал-Абад шаарына Өзбекстан аймагы менен өтүүчү темир жол бар болчу. Бирок СССРдин кулашы менен жана Өзбекстандын виза режиминин жарыялоосу менен темир жол жүрүшү токтогон.
Шаардык транспорт катары тролейбустар, автобустар, маршуттук таксилер, жана жөнөкөй таксилер бар. Тролейбустар Бишкек жана Нарын шаарларында колдонулат. Бишкектин автобустук паркы өз убагында абдан чачылып, катарында бир нече гана унаалары бар эле. Шаар ичинде негизги жол жүрүү каражаты катары маршруттук таксилер (минивэндер, кичи бустар, жеңил унаалар) колдонулат. Шаар арасында автобустук жүрүүлөр бар, бирок көбүнчөсүн учурда кичи-бустар, таксилер ээлеп калышты. Алар борбордон Таласка, Нарынга, Ошко, Жалал-Абадга, Ысык-көлгө катташат. Ар бир жүргүнчү жүрүү төлөмүн бир орундук эсебинен төлөйт.
Бишкектен Ысык-Көлдү карай, өзгөчө жай мезгилинде автобус, маршруттук таксилердин чоң көлөмдөгү агымы байкалат. Мындай транспорттор менен Бишкектен Балыкчыга, Чолпон-атага, жана Каракол шаарына чейин жетсе болот. Баткен жана Талас жолдору чек арадан өтүү менен байланыштуу. Албетте ички жолдор дагы бар бирок алардын кээ бирлеринин абалы канаатандырбайт.
Бишкек шаарынын калкы бир миллионго жакындады, жана жеңил метро же шаардык электропоезд куруу пландаштырылууда.
Бишкек шаарынын калкы"Бишкек шаары" (мурдагы Фрунзе шаары) Кыргызстандын эң ири шаарларынын бири жана ошол эле мезгилде анын борбор шаары. Шаар татаал жана ар тараптуу демографиялык процесстер менен айырмаланат. Тарыхый жактан ири шаар калкы Кыргызстандын жана Чүй өрөөнүнүн Россия империясынын курамына киргенде 19-кылымдын акыркы 25 жылдыгында пайда болгон. Ошого карабастан Улуу Ата Мекендик согуштун башталышына чейин шаар орус жана украин эле бар казак станицасын элестеткен агрардык кыштак болгон. Совет бийлигинин жылдарында, өзгөчө бир нече жашоочуларды жана өндүрүштү фронттон тылга эвакуациялаганда шаар дүркүрөп өсүүнү башынан өткөрдү, муну Кыргызстандын көз каранды эмес жылдарына теңесе дагы болот.
Улуттук курамШаардын улуттук курамы дагы деле ар түрдүү мүнөзгө ээ, бирок кыргыздардын абсолюттук көбөйүүсү жана орус калкынын азаюуу тенденциясы көрүнүп эле турат. 1970-жылдагы эл каттоонун маалыматы боюнча шаардын калкы 431 миң адамды түзгөн, анын ичинен:
1999-жылдын эл каттоо маалыматы боюнча:
Шаарда 7 түрк элдеринин өкүлдөрү жашаганы көрүнүктүү алар: кыргыздар, казактар, татарлар, өзбектер, уйгурлар, түрктөр жана азербайжандар.
Табигый шарттарБишкек Чүй өрөөнүнүн борборунда, кыргыз Ала-Тоо кыркаларынын этегинде, деңиз деңгээлинен 760 метр бийиктикте жайгашкан. Климаттык шарттары боюнча орто кеңдик климат континенталдык аймагынын четки түштүк бөлүгүн ээлейт. Күндүн айлык тийишинин узактыгы июль айында болуп, 322 саатты түзөт, эң азы декабрь айында - 126 саат. Бишкектин климаты кескин контененталдуу, жылдын орточо температурасы +10,2 градус цельсий. Эң муздак ай январь айы (орточо -4,7 градус), эң жылуусу июль айы (орточо +24,5 градус). Орточо айылык салыштырмалуу нымдуулук 44 пайыз июнь жана июль айларында, 74 пайыз март айында, орточо жылдык нымдуулук 60 пайыз. Жылдагы орточо күндүн тийиши 322 күн. Шаар аркылуу Ала-Арча, Аламедин, Чоң Чүй Каналы аркылуу суулар өтөт.
Илим жана билимБишкек Кыргызстандын ири билим берүү борбору. Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет, Кыргыз-Орус славян университети, Америка борбордук азия университети, эл аралык Кыргызстан университети, Кыргыз-түрк Манас университети жана башкалар бар.
"Бишкек шаары" боюнча кыскача маалыматыбыз ушундай болду, эгер Силерде кошумча маалыматтар болсо пикир жазып койгула достор. Сайтыбыз Сиздер үчүн деп иштеп жатат.
Башка шаарлар:
![]() | Хадича Абдан сонун маалымат экен, ишиңиздерге ийгилик каалайм! |
![]() | Чыйбылов Абдан жакшы маалымат, Кыргыз тилин өнүктүрө бергиле. Рахмат чоң! Бир сунушум, маалымат качан чыгарылган болсо, ошол датаны да жазып чыгарып койсоңор жакшы болот эле. Рахмат!!! |